Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ӨМҮР БАЯН

Аткарышым керек болгон нерсени гана аткардым

Аткарышым керек болгон нерсени гана аткардым

ДОНАЛД РИДЛИ 30 жылдан ашуун убакыт бою сот майданында Жахабанын Күбөлөрүнүн таламын талашып келген. Ал бейтаптардын кан куйдургандан баш тартканга укуктуу экенин доктурлардын, соттордун түшүнүшүнө зор салым кошкон. Жахабанын элине АКШнын сотунда көп жолу жеңишке жеткенге да жардам берген. Жоро-жолдоштору аны Дон деп коюшчу. Ал тырышчаак, момун, ишти майын чыгара аткарган, жанын аябаган киши болгон.

2019-жылы анын сейрек кездешүүчү неврологиялык айыккыс ооруга чалдыкканы аныкталган. Ал оорусу тез эле күч алып, ошондон өйдө болбой 2019-жылдын 16-августунда көз жумган. Бул — анын өмүр баяны.

Мен 1954-жылы АКШнын Миннесота штатынын Сент-Пол шаарында рим-католик динин туткан орто жашаган үй-бүлөдө төрөлгөм. Беш баланын экинчиси болчумун. Кичинекей кезимде католик мектебинде окуп, чиркөөдө дин кызматчы майда-чүйдө ишке жумшаган бала болчумун. Ошентсе да Ыйык Китеп жөнүндө кыпындай да билимим жок эле. Ай-ааламды жараткан Кудай бар экенине ишенсем да, чиркөөдөн биротоло көңүлүм калган.

ЧЫНДЫК ЖОЛУН ТАБЫШЫМ

Уильям Митчел атындагы юридикалык окуу жайына тапшырып, биринчи курста окуп жүргөнүмдө Жахабанын Күбөлөрү кабар айтып үйүмө келип калышты. Кир жууп жаткам. Алар колум бошобой жатканын көрүп, башка күнү келерин айтышты. Кийинчерээк кайра келишкенде: «Бул заманда эмне үчүн жакшы адамдар жарыбайт? Бактылуу болуш үчүн эмне кылыш керек?» — деп сурадым. Алар «Түбөлүк өмүргө алпаруучу чындык» деген китеп менен шак эле көзгө урунган жашыл түстөгү Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосун» беришти. Алар менен Ыйык Китепти изилдегенге да макул болдум. Анан изилдей баштаганда көзүм ачыла түштү. Кудайдын Падышалыгынын жер бетин башкара турган, адамзат көксөгөн өкмөт экенин билгенде кубанычым койнума батпай сүйүндүм. Анткени адам баласынын өзүн өзү башкарганы түк да жакшылыкка алып барбай турганына, тескерисинче, азап-кайгыга, адилетсиздикке, жамандыкка белчесинен батырарына көзүм жеткен.

Ошентип, 1982-жылдын башында өмүрүмдү Жахабага арнап, кийинчерээк ошол эле жылы Сент-Пол шаардык административдик борборунда өткөрүлгөн «Падышалык жөнүндөгү чындык» деген жыйында чөмүлдүм. Кийинки жумада ошол эле борбордо жактоочунун күбөлүгүн алыш үчүн сынак тапшырып, октябрдын башында сынактан өткөнүм билинди. Ошентип, юрист болуп иштемей болдум.

«Падышалык жөнүндөгү чындык» деген жыйында Бруклиндеги Бейтелде кызмат кылган Майк Ричардсон менен таанышып калдым. Ал башкы башкармалыкта юридикалык бөлүм уюшулганын кеп кылып калды. Ошондо оюма Элчилер 8:36да жазылган эфиопиялык төрө кылт дей түштү. Ичимен: «Юридикалык бөлүмдө кызмат кылганга кандай тоскоолдук бар?» — дедим. Анан бейтелдик кызматка арыз толтурдум.

Ата-энем Жахабанын Күбөсү болгонумду туура көргөн жок. Атам «Күзөт мунарасы» коому үчүн иштесем, юрист катары өркүндөп-өсүшүмө пайдасы тиер-тийбесин сурады. Мен ыктыярчы катары иштей турганымды, бейтелдик катары чакан гана жөлөк пул ала турганымды айттым.

Юридикалык фирмада келишим боюнча иштеп бүткөндөн кийин 1984-жылы Бруклиндеги Бейтелде кызмат кылууга кириштим. Мени юридикалык бөлүмгө дайындашты. Мурун иштеп, тажрыйба топтоп алганым жакшы болуптур. Мунун кызматыма пайдасы тийди.

«СТЭНЛИ» ТЕАТРЫН ОҢДОП-ТҮЗӨӨ

Жаңы сатылып алынгандагы «Стэнли» театры

1983-жылдын ноябрында уюмубуз Нью-Жерси штатындагы Жерси-Сити шаарынан орун алган «Стэнли» театрын сатып алды. Анан имараттын электр жана суу түтүк системасын оңдоп-түзөгөнгө уруксат алыш үчүн бийликтегилерге кайрылды. Уюмдун өкүлдөрү жергиликтүү бийликтегилер менен жолукканда театрды Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйын залы катары колдоно турганын айтышты. Көйгөй ошондо башталды. Шаар өкмөтүнүн мыйзамы боюнча, сыйынууга арналган имараттар турак жайлар орун алган аймакта гана жайгашышы керек экен. Ал эми «Стэнли» театры шаардын бизнестин чордону болгон жеринде жайгашкандыктан, шаар өкмөтү уруксат бербей койду. Уюмдун өкүлдөрү дагы бир ирет кайрылышты. Бирок өтүнүчү четке кагылды.

Бейтелдеги кызматымдын алгачкы жумасында уюмубуз биринчи баскычтагы федералдык сотко шаар өкмөтүнүн чечимине каршы арыз менен кайрылды. Миннесота штатынын Сент-Пол федералдык сотунда эки жыл иштеген элем. Ошондон көп өтө элек болгондуктан ушу сыяктуу иштер менен жакшы тааныш болчумун. Уюмдун жактоочуларынын бири сотто «Стэнли» театрынын кино тасмалардан баштап рок-концерттерге чейин ар кандай коомдук иш-чаралар үчүн колдонулганын айтты. Анан: «Анда ал имаратты диний максатта колдонуу эмне үчүн болбосун?!» — деп сурады. Сот иштин чоо-жайын билгенден кийин Жерси-Ситинин шаардык өкмөтү дин тутуу эркиндигибизди чектеп жатканын айтып, бизге уруксат бергенге милдеттендирди. Ошондо Жахабанын өз ишин алдыга жылдырыш үчүн уюмдун мыйзамды колдонгонуна батасын берип жатканын даана көрө баштадым. Буга салым кошо алганыма аябай сүйүндүм.

Ишенимдештерибиз оңдоп-түзөө ишине жапырт киришип, ылдам эле бүтүрүп коюшту. Иш башталганынан бир жыл өтүп-өтпөй эле «Жерси-Сити жыйын залы» деп аталган ал имаратта 1985-жылы 8-сентябрда Гилат мектебинин 79-классынын бүтүрүү аземи өткөрүлдү. Юридикалык бөлүмдүн мүчөсү катары Падышалыктын ишин илгерилеткенге өбөлгө түзө алганымды чоң сыймык деп эсептейм. Ошондогу сезимим Бейтелге келгенге чейин юридикалык жаатта жеңишке жеткен учурлардагы кубанычымдан миң эсе ашып түшкөн. Ошондон кийин Жахабанын мени дагы далай жолу керегине жаратары үч уктасам да түшүмө кирген эмес.

КАНСЫЗ ДАРЫЛАНУУ УКУГУН КОРГОО

1980-жылдары доктурлар жашы жеткен Жахабанын Күбөлөрүнүн кансыз дарыланганга болгон укугун жалпы жонунан көп деле сыйлашчу эмес. Бул жагынан боюнда бар аялдарга өзгөчө кыйын эле, себеби соттор алардын кан куйдуруудан баш тартканга укугу жок деп эсептешчү. Анткени, эгер кан куюлбаса, эне төрөттөн каза болуп калып, ымыркай энесиз калат дешчү.

1988-жылы 29-декабрда Дениса Никалеу деген ишенимдешибиз тун баласын төрөгөндө көп кан кеткен. Анын гемоглобини 5тен ылдый түшүп кеткенде доктуру кан куйдурууну сунуштаган. Дениса макул болбой койгон. Эртеси доктурлар өздөрү зарыл деп эсептегендиктен кан куйганга уруксат беришин суранып сотко кайрылышкан. Сот эч кандай сот отурумун өткөрбөй эле, атүгүл Денисага да, жолдошуна да бир ооз айтып койбой эле, доктурларга кан куйганга уруксат берип койгон.

30-декабрда, жума күнү, доктурлар жолдошунун жана ооруканага келген жакын туугандарынын каршы болгонуна карабай, күчкө салып Денисага кан куюп салышкан. Доктурларды Денисага жолотпой, жолун торогонго аракет кылды деген жалган айып менен бир нече тууганы жана айрым аксакалдар ошол эле күнү кечинде камакка алынган. 31-декабрда, ишемби күнү эртең менен, Нью-Йорк шаары менен Лонг-Айленд аралындагы жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу бул жаңылык элге желдей тараган.

Жаш кезде Филип Брамли менен

Биз сотко доо арыз менен кайрылдык. Дүйшөмбү күнү эртең менен Жогорку соттун мүчөсү Милтон Моллен менен сүйлөштүм. Иштин жайын төкпөй-чачып айтып берип, сот отурумусуз эле чечим чыгарылып калганын баса белгиледим. Милтон Моллен далилдер менен ишке тиешелүү мыйзамдарды талкуулаш үчүн кеңсесине түштөн кийин келип кетишимди суранды. Мени Бейтелдеги юридикалык бөлүмдүн көзөмөлчүсү Филип Брамли коштоп барды. Сот оорукананын жактоочусун да чакырып коюптур. Талкуубуз кызып чыкты. Бир убакта Филип дептерине «аша чаап баратасың» деп жазып, мага көрсөттү.

Солдон оңго: уюмубуздун жактоочулары — Ричард Мок, Грегори Олдс, Пол Полидоро, Филип Брамли, мен жана Марио Морэно. «„Күзөт мунарасы“, Ыйык Китеп жана баракчалар коому Страттон айылына каршы» деген иш АКШнын Жогорку сотунда каралып жаткан учур («Ойгонгула!», 2003-жыл, 8-январь, ор.)

Бир сааттай өткөн соң Милтон Моллен эртеси күнү эртең менен биринчи кезекте биздин ишибиз караларын айтты. Анан кеңседен чыгып баратканыбызда оорукананын жактоочусу эртең жакшы эле «тердеп-кургайт го» деп койду. Муну менен жактоочуга коргонуу оңой болбой турганын айткысы келди. Ошондо мага Жахаба жеңишке жетерибизге ынандырып жаткандай сезилди. Жахаба өз эркин аткарыш үчүн бизге окшогон пенделерин колдонуп жатканын көрүп тан бердим.

Эртең мененки ишке түнү бою кирпик какпай даярдандык. Соттун имараты Бруклин Бейтелинин жанында эле жайгашкандыктан чакан юридикалык бөлүмдөгүлөр менен жөө эле барып калдык. Төрт мүчөдөн турган сот коллегиясы жүйөлөрүбүздү уккандан кийин соттун кан куюуга берген буйругун жокко чыгарды. Жогорку сот Дениса Никалеунун пайдасына чечим чыгарып, бейтаптын оюн эске албай туруп соттон уруксат алуу же сот отурумун өткөрүү адамдын Конституция боюнча кепилденген негизги укуктарын бузгандыкка жатат деп тапкан.

Акыры, Нью-Йорктун Жогорку соту Денисанын кансыз дарыланганга укуктуу болгонун тастыктады. Анын иши кансыз дарылануу менен байланышы бар Жогорку сотто каралган жана мен катышкан төрт иштин алгачкысы болчу (« Штаттын Жогорку сотунда ээ болгон жеңиштерибиз» деген кутучаны карагыла). Мен Бейтелдеги башка жактоочулар менен бирге балага камкорчу болууга, ажырашууга, кыймылсыз мүлккө жана жерге байланыштуу сот иштерине да катышкам.

ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЖАШООМ

Аялым Дона менен

Бир жолу үч баласы бар Дона деген жалгыз бой келин менен таанышып калдым. Ал балдарын да багып, пионер да болуп кызмат кылчу. Анын турмушу кыйын болуптур. Тырышып-тырмышып Жахабага бүт жаны менен кызмат кылганга умтулуп жатканын көрүп аябай суктангам. 1992-жылы экөөбүз тең «Жарыкты чагылдыргандар» деп аталган Нью-Йоркто өткөрүлгөн облустук жыйынга барганбыз. Ошол жыйында ага сөз айткам. Бир жылдан кийин үйлөндүк. Бирок бейтелдик кызматымды уланта бердим. Дона мен үчүн Жахабанын белеги болду. Анткени ал рухийликти баалачу, жайдары мүнөз, тамашакөй болчу. Экөөбүз баш кошкон күндөн тартып анын жакшылыгын гана көрүп келатам (Накыл 31:12).

Биз үйлөнгөндө балдар 16, 13, 11 жашта болчу. Мен аларга жакшы ата болгум келчү, ошон үчүн адабияттарыбызда өгөй ата-энелер жөнүндө жазылган макалалардын баарын окуп, андагы кеңештерди колдонгонго аракет кылчумун. Албетте, кыйынчылыктар болбой койгон жок. Бирок балдардын мени ишенген досу, мээримдүү атасы катары көрүп калганын ойлогондо жүрөгүм эзиле түшөт. Балдарыбыздын достору үчүн эшигибиз дайым ачык эле. Үйүбүз толо балдар болуп, бака-шака түшүп эле жатып калчубуз.

2013-жылы Дона экөөбүз атама жана кайненем, кайнатама каралашыш үчүн Висконсин штатына көчүп бардык. Таң калыштуусу, Бейтелдеги кызматым дагы деле улана берди. Убактылуу ыктыярчы катары уюмдун юридикалык иштерине андан ары да жардам бере бермей болдум.

ЧУКУЛ ӨЗГӨРҮҮ

2018-жылдын сентябрында кечке эле тамагымды кырына береримди байкадым. Доктурга көрүнсөм, себебин аныктай албай койду. Башка доктурга көрүнсөм, неврологго жиберди. 2019-жылдын январында невролог сейрек кездешкен жана улам күчөй берчү неврологиялык ооруга чалдыкканымды божомолдоду.

Үч күндөн кийин коньки тээп жатып оң билегимди сындырым алдым. Өмүр бою эле тээп келгем, эч нерсе болгон эмесмин. Ошондо кыймылым начар болуп калганын байкадым. Оорумдун күндөн күнгө күч алып жатканы аябай таң калыштуу болду. Сүйлөгөнүм, кыймылдаганым, жутканым барган сайын кыйындай берди.

Жактоочу катары Падышалыктын ишине кенедей болсо да салымымды кошо алганыма абдан сыймыктанам. Ошондой эле Жахабанын элинин кансыз дарыланганга жана операция кылынышына болгон укугун коргоп доктурларга, юристтерге, сотторго арналган көптөгөн илимий журналдарга макала жаздым, дүйнө жүзү боюнча өткөрүлгөн семинарларда сөз сүйлөдүм. Бирок, Лука 17:10до жазылгандай, мен — «эч нерсеге татыбаган кулмун». Аткарышым керек болгон нерсени гана аткардым.