Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

28-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Ишенген нерселериңерден шектенбегидей болгула

Ишенген нерселериңерден шектенбегидей болгула

«Эмнени үйрөнүп, эмнеге ынансаң, ошого бек карман» (2 ТИМ. 3:14).

56-ЫР: Чындык жолунда бекем бол

БУЛ МАКАЛАДА *

1. «Чындык» деп биз эмнени айтабыз?

«ЧЫНДЫКТЫ кантип таптың эле? Бала кезиңен эле чындык жолундасыңбы? Чындык жолуна түшкөнүңө канча болду?» Ушу сыяктуу суроолорду силерге көп эле жолу беришкендир же өзүңөр башкаларга бергендирсиңер. «Чындык» деп биз эмнени айтабыз? Негизинен, бул сөз өз ичине ишенген нерселерибизди, Кудайга кантип сыйынарыбызды жана жашоо мүнөзүбүздү камтыйт. «Чындык жолунда» жүргөндөр Ыйык Китептеги окууларды жакшы билишет жана андагы принциптер боюнча жашашат. Ошол себептен мурункудай болуп жалган диний окууларга ишенишпейт жана Шайтан бийлеген азыркы дүйнөдө жашап жатышса да бактылуу (Жкн. 8:32).

2. Жакан 13:34, 35ке ылайык, адам чындыкка башында эмнеден улам кызыгып калышы мүмкүн?

2 Чындык жолуна башында эмне себептен кызыгып калдыңар эле? Балким, Жахабага сыйынгандардын жүрүм-туруму жаккандыр (1 Пет. 2:12). Же башкаларга кылган мамилесин байкагандырсыңар. Көптөргө жыйналышка алгач барганда айтылган сөздөргө караганда, ал жактагы сүйүү күчтүү таасир эткен. Бул таң калыштуу деле эмес, себеби Иса шакирттеринин башкалардан бири-бирине болгон сүйүүсү менен айырмаланарын айткан. (Окугула: Жакан 13:34, 35.) Бирок ишенимибиз күчтүү болушу үчүн бул жетиштүү эмес.

3. Кудайга болгон ишенимиңер анын элинин арасындагы сүйүүгө эле негизделсе, эмне болушу мүмкүн?

3 Ишенимибиз Кудайдын элинин арасындагы сүйүүгө эле негизделбеши керек. Эмне үчүн? Себеби жыйналыштагы бирөө, ал тургай аксакал же пионер, олуттуу күнөө кылып алды деп коёлу. Же ишенимдешиңердин бири силерди капа кылып койду дейли. Же болбосо кимдир бирөө чындык жолунан четтеп, туура эмес жолдо баратасыңар деп ынандырганга аракет кылып жатат. Эгер ошондой болсо, Жахабага кызмат кылганыңарды токтотуп коёт белеңер? Албетте жок. Мындан кандай жыйынтык чыгарсак болот? Эгер Жахабага болгон ишенимиңер аны менен болгон мамилеңерге эмес, башкалардын кылган ишине эле негизделсе, бекем болбойт. Ишенимиңерди жалаң эле сезим, эмоция сыяктуу жумшак, жеңил материалдардан эмес, катуу, бекем материалдардан да, тактап айтканда, төгүндөлгүс далилден, бекем логикадан курушуңар керек. Ыйык Китепте Жахаба жөнүндө жазылгандар чындык экенине түк да шектенбегендей болушуңар керек (Рим. 12:2).

4. Матай 13:3—6 жана 20, 21-аяттарда жазылгандай, айрымдар кыйынчылыкка туш болгондо ишеними эмне болот?

4 Иса айрымдардын чындыкты «кубанып» кабыл аларын, бирок кыйынчылык болгондо ишеними «куурап каларын» айткан. (Окугула: Матай 13:3—6, 20, 21.) Балким, алар Исанын жолун жолдой турган болсо, кыйынчылыкка туш болорун түшүнгөн эместир (Мт. 16:24). Же ушул жолго түшсөм, телегейим тегиз болуп, кайгы-касиреттен тыш болом деп ойлогондур. Бирок азыркы дүйнөдө кыйынчылык эч кимден кыя өтпөйт. Жашоонун оош-кыйышынан улам көңүлүбүз чөгүшү мүмкүн (Заб. 6:6; Нас. 9:11).

5. Жахабанын Күбөлөрүнүн дээрлик баары чындык жолунда жүргөнүнө шектенбей турганын кантип көрсөтөт?

5 Жахабанын Күбөлөрүнүн дээрлик баары чындык жолунда жүргөнүнө эч шектенбейт. Алардын ишенимине жыйналыштагылардын жүрөктү ооруткан сөзү же кылган иши, же болбосо Кудайга жакпаган жүрүм-туруму таасир этпейт (Заб. 119:165). Алардын ишеними сыналган сайын солгундабай эле, чыңдалат (Жкп. 1:2—4). Силердин да ишенимиңер ошондой күчтүү болуш үчүн эмне кылсаңар болот?

«КУДАЙДЫ ТАК ТААНЫП-БИЛГИЛЕ»

6. Исанын 1-кылымдагы шакирттеринин ишеними эмнеге негизделген?

6 Исанын 1-кылымдагы шакирттеринин ишеними Ыйык Китептен билгендерине жана Иса Машаяктын окууларына, башкача айтканда, «жакшы кабарда камтылган чындыкка» негизделген (Гал. 2:5). Ал чындык Исанын жолдоочулары ишенген нерселердин баарын, анын ичинде Исанын куткарылышыбызга жол ачкан курмандыгын жана тирилгенин камтыйт. Элчи Пабыл ушул окуулардын чындык экенине бекем ишенген. Эмне үчүн? Анткени ал «Машаяктын азап чегиши жана өлүп, кайра тирилиши керек болгонун түшүндүрүп, Ыйык Жазмадан далилдерди келтирген» (Элч. 17:2, 3). Исанын алгачкы жолдоочулары ошол окууларды кабыл алып, Кудай Ыйык Китепти түшүнгөнгө ыйык руху аркылуу жардам берерине ишенишкен. Ошондой эле ал окуулардын Ыйык Китепке негизделерине ынаныш үчүн аны кылдат изилдешкен (Элч. 17:11, 12; Евр. 5:14). Алар тек гана сезимдерге жетеленген эмес жана Жахабага анын элинин арасында жүргөнү жагымдуу болгону үчүн эле кызмат кылышкан эмес. Алар Жахабага аны «так таанып-билгендиктен» ишенишкен (Кол. 1:9, 10).

7. Ыйык Китепте жазылган чындыкка ишенгенибиздин сыноо учурунда пайдасы кандай?

7 Кудайдын Сөзүндө жазылган чындыктар эч качан өзгөрбөйт (Заб. 119:160). Ишенимдешибиз бизди таарынтып койсо эле же олуттуу күнөө кылып койсо эле, ал чындыктар жокко чыгып калбайт. Кыйынчылыктарга туш болгонубузда да өзгөрүп кетпейт. Ошондуктан Ыйык Китептеги окууларды абдан жакшы билгенибиз жана алардын тууралыгына бекем ишенгенибиз маанилүү. Ыйык Китепте жазылган чындыкка негизделген андай ишеним, деңиздеги алай-дүлөйдө кайыкты жылдырбай кармап турган казык сыңары, сыноо учурунда бизди да бекем кармап турат. Анда ишенген нерселериңердин чындык экенине канткенде дагы да көбүрөөк ынана аласыңар?

ЫНАНГАНДАЙ БОЛГУЛА

8. 2 Тиметей 3:14, 15ке ылайык, ишенген нерселери чындык экенине Тиметей кантип ынанган?

8 Тиметей ишенген нерселери чындык экенине толук көзү жеткен. (Окугула: 2 Тиметей 3:14, 15.) Ага «ыйык жазмаларда» жазылгандарды бала чагынан үйрөткөндөр апасы менен таенеси болчу. Бирок ал өзү да убакыт бөлүп окуп-изилдегени күмөнсүз. Ошентип, билген нерселери чындык экендигине «ынанган». Кийинчерээк Тиметей апасы, таенеси болуп Исанын жолун жолдоп калышкан. Исанын жолдоочуларынын көрсөткөн сүйүүсү ага бир топ эле таасир эткени күмөнсүз. Тиметей алардын арасында болуп, аларга кам көргөндү да жакшы көрсө керек (Флп. 2:19, 20). Анткен менен ишеними адамдарга болгон сезимдерге эмес, жүйөлүү далилдерге негизделген. Аны Жахабага так ушул нерсе жакындаткан. Силер да Ыйык Китептен Жахаба жөнүндө билгендериңерди акылга салып, ой жүгүртө билишиңер керек.

9. Кайсы маанилүү үч нерсеге бек ишенишиңер керек?

9 Эң оболу силерде, жок эле дегенде, негизги үч окуунун тууралыгына кымындай да шек болбошу зарыл. Биринчиден, Жахабанын бардык нерсени жаратканына ишенишиңер керек (Чыг. 3:14, 15; Евр. 3:4; Аян 4:11). Экинчиден, Ыйык Китептин Кудайдын рухунун жетеги менен адам баласына арналып жазылган китеп экенине ишенишиңер керек (2 Тим. 3:16, 17). Үчүнчүдөн, учурда жер бетинде Жахабанын Иса Машаяк жетектеген эли бар экенине жана ошол эл Жахабанын Күбөлөрү экенине ишенишиңер керек (Ыш. 43:10—12; Жкн. 14:6; Элч. 15:14). Ушул нерселерге ынаныш үчүн сөзсүз эле Ыйык Китептин баарын баштан-аяк билүүнүн зарылдыгы жок. Ал үчүн тек гана «акыл жөндөмүңөрдү колдонуп» ишенген нерселериңердин чындык экенине көбүрөөк ынанышыңар керек (Рим. 12:1).

БАШКАЛАРДЫ ДА ЫНАНДЫРА БИЛГИЛЕ

10. Чындыкты өзүбүз билгенден сырткары, эмне кылганга дилгир болушубуз керек?

10 Кудайга, Ыйык Китепке жана Кудайдын элине байланышкан негизги үч окуунун чындык экенине ынанган соң Ыйык Китептин жардамы менен башкаларды да ушуга ынандыра алгыдай болушуңар керек. Анткени Исанын жолдоочулары катары биз өзүбүз билген чындыкты уга тургандарга айтып, аларды окутканга милдеттүүбүз * (1 Тим. 4:16). Башкаларды ынандырып жатып өзүбүздүн ишенимибиз бекемделет.

11. Окутуу жагынан элчи Пабылдан эмнени үйрөнсөк болот?

11 Элчи Пабыл элди окутканда «Мусанын мыйзамында жана пайгамбарлардын китептеринде Иса жөнүндө айтылгандарга ынандырган» (Элч. 28:23). Биз андан эмнени үйрөнсөк болот? Башкаларды окутканда Ыйык Китепте жазылгандарды айтып берип эле тим болбошубуз керек. Адам Жахабага жакындаш үчүн, Ыйык Китепти изилдеп, жакшылап ой жүгүрткөнгө жардам беришибиз керек. Биз алардын чындыкты бизди сыйлагандыктан эмес, мээримдүү Кудайыбыз тууралуу окуп-билгендери чын экенине көзү жеткендиктен кабыл алышын каалайбыз.

12, 13. Ата-энелер балдарына чындык жолунда жүргөнгө кантип жардам бере алышат?

12 Ата-энелер, албетте, силер балдарыңардын чындык жолунда жүрүшүн каалайсыңар. Кудайдын элинин арасында жакшы достору болсо, рухий жактан ийгиликке жетет деп ойлошуңар мүмкүн. Бирок Ыйык Китепте жазылгандардын чындык экенине ишениши үчүн, бул жетиштүү эмес. Алардын Кудай менен жеке мамилеси болушу жана Ыйык Китептин окууларынын тууралыгына өздөрү ынанышы зарыл.

13 Балдары Кудай жөнүндөгү чындыкты таанып-билишин каалашса, ата-энелер өздөрү Ыйык Китепти кылдат изилдегени жакшы. Окугандары жөнүндө терең ойлонушу да керек. Ошондо балдарын да үйрөтө алышат. Алар балдарына, Ыйык Китепти изилдеп жаткандарга жардам бергендей эле, изилдөөгө арналган куралдарды колдонгонду үйрөтүшү керек. Ошонун аркасында балдарынын Жахабага, рухий тамак менен камсыз кылыш үчүн ал колдонуп жаткан «ишенимдүү жана акылдуу кулга» ыраазычылыгын арттыра алышат (Мт. 24:45—47). Ата-энелер, балдарыңарга Ыйык Китептин негизги окууларын үйрөтүп эле чектелбегиле. Курагына, түшүнүгүнө жараша «Кудайдын терең сырларын» түшүндүрүп, ишенимин бекемдегенге көмөк кылгыла (1 Кор. 2:10).

ПАЙГАМБАРЛЫК СӨЗДӨРДҮ ИЗИЛДЕГИЛЕ

14. Пайгамбарлык сөздөрдү эмне үчүн изилдешибиз керек? (« Бул пайгамбарлык сөздөрдү кантип түшүндүрөт элеңер?» деген кутучаны да карагыла.)

14 Пайгамбарлык сөздөр — Ыйык Китептин маанилүү бөлүгү. Алар Жахабага болгон ишенимибиздин күчтүү болушуна өбөлгө түзөт. Силердин ишенимиңерди алардын кайсылары бекемдеди эле? Балким, дароо эле «акыркы күндөр» жөнүндөгү алдын ала айтылгандарды эстейттирсиңер (2 Тим. 3:1—5; Мт. 24:3, 7). Дагы кайсылары ишенимиңерди чыңдай алат? Мисалга Даниел китебинин 2- же 11-бөлүмүндө жазылгандарды алалы. Алар мурун кантип аткарылган жана аткарылып жатат? * Эгер ишенимиңер Ыйык Китепке бекем негизделсе, козголгус болот. Келгиле, Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Германияда катуу куугунтук көргөн бир туугандарыбыздын окуяларын карап чыгалы. Ал кезде Ыйык Китептеги акыркы күндөргө карата алдын ала айтылгандар толук түшүндүрүлө элек болсо да, алардын Кудайдын Сөзүнө болгон ишеними бек болгон.

Ыйык Китепти, анын ичинде андагы пайгамбарлык сөздөрдү да, изилдегенибиз сыноо учурунда кайрат берет (15—17-абзацтарды карагыла) *

15—17. Нацисттер куугунтуктаганда, Ыйык Китепти изилдегени ишенимдештерибизге кантип күч берген?

15 Нацисттик Германиянын учурунда миңдеген ишенимдештерибиз концлагерлерге жөнөтүлгөн. Гитлер менен ССтин (фашисттик уюмдун) башчысы Генрих Гиммлер Жахабанын Күбөлөрүн жек көрчү. Бир концлагерде болгон окуяга токтололу. Бир ишенимдешибиздин айтымында, Гиммлер Жахабанын Күбөсү болгон аялдардын бир тобуна мындай дептир: «Силердин Жахабаңар, башкарса, асманды башкараттыр! Жерди болсо биз башкарабыз! Көрөбүз, ким калып, ким жок болот, силерби же бизби?!» Ошол кыйын кезеңде Жахабанын элине ага берилгендигинен жазбаганга эмне жардам берген?

16 Ал кездеги Жахабанын Күбөлөрү — Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр — Кудайдын Падышалыгы 1914-жылы башкара баштаганын билишкен. Ошондуктан Шайтан бийлеген дүйнө аларга каршы чыкканына таң калышкан эмес. Алар адамдык бийлик Кудайдын ой-ниетинин аткарылышына бөгөт коё албай турганына кымындай да шектенишкен эмес. Аларга Гитлердин таза сыйынууну жок кыла албасы да, Кудайдын Падышалыгынан күчтүү өкмөт түзө албасы да бештен белгилүү болгон. Кандай болбосун, Гитлердин бийлиги акыры ойрон болорун билишкен.

17 Алар жаңылган эмес. Көп өтпөй нацисттердин бийлиги кыйраган, ал эми «жерди... биз башкарабыз» деген Гиммлер качканга аргасыз болгон. Качып баратып Жахабанын Күбөсү болгону үчүн мурун түрмөдө отурган Любкени таанып калып, андан: «Кана, Ыйык Китепти изилдөөчү, айтчы эми эмне болот?» — деп сураган. Любке ага Жахабанын Күбөлөрү нацисттик бийликтин кулай турганына, өздөрү болсо эркиндикке чыгарына башынан эле түк да шектенбегенин түшүндүргөн. Ага чейин Жахабанын Күбөлөрү тууралуу далай нерсени айткан Гиммлер үн катпай туруп калган. Анан көп узабай эле өз жанын кыйган. Мындан кандай жыйынтык чыгарсак болот? Ыйык Китепти, анын ичинде алдын ала айтылган нерселерди да, окуп-изилдегенибиз таштай бекем ишеним түптөгөнгө жана куугунтукталганда сынбай, бек турганга жардам берет (2 Пет. 1:19—21).

18. Жакан 6:67, 68ден билгенибиздей, эмне үчүн Пабыл жазган «так билимге ээ болуп,.. Кудайдын эркин толук түшүнүшүбүз» керек?

18 Исанын жолдоочулары экенибиз айкын болушу үчүн арабызда сүйүү болушу керек. Бирок «так билимге ээ болуп,.. Кудайдын эркин толук түшүнүшүбүз» да абзел (Флп. 1:9). Болбосо «адамдардын митаамдыгы, айла-амал аркылуу ар кандай окуулардын», анын ичинде чындык жолунан четтеп кеткендердин да, таасирине алдырып коюшубуз ыктымал (Эф. 4:14). 1-кылымда көптөр Исанын жолун жолдобой калышканда, элчи Петир «түбөлүк өмүргө алып баруучу сөздөр» Исада экенине бекем ишенерин айткан. (Окугула: Жакан 6:67, 68.) Ал Иса окуткан нерселердин баарын майда-чүйдөсүнө чейин түшүнбөсө да Исаны Кудай жибергенине ишенгендиктен берилгендигинен жазган эмес. Силер да Ыйык Китептеги окуулардын чындык экенине болгон ишенимиңерди бекемдей аласыңар. Ошентсеңер, ишенимиңер убакыт сынагынан өтөт, башкаларга да ишенимин бекемдегенге жардам бересиңер (2 Жкн. 1, 2).

72-ЫР: Падышалык кабарын жарыялайлы

^ 5-абз. Бул макаладагы ойлор Кудайдын Сөзүндөгү окууларга — чындыкка — болгон ыраазычылыгыбызды арттырат. Андан тышкары, ишенген нерселерибиздин чындык экенине канткенде ого бетер ынана аларыбызды талдап чыгабыз.

^ 10-абз. Башкаларга Ыйык Китептеги окууларды түшүнгөнгө жардам бериш үчүн «Күзөт мунарасынын» 2010—2015-жылдардагы «Үй ээси менен маектешүү» деген рубрикасын карагыла. Ал жакта төмөнкүдөй суроолор каралган: «Кудай азап-кайгыга эмне үчүн жол берип жатат?», «Кудайдын Падышалыгы качан башкара баштаган?», «Кудай адамдарды тозокто кыйнайбы?»

^ 14-абз. Ушул пайгамбарлык сөздөр тууралуу кененирээк маалымат алыш үчүн «Күзөт мунарасынын» бул сандарын карагыла: 2012-жыл, 15-июнь; 2020-жыл, май.

[Шилтеме]

^ 60-абз. СҮРӨТ. Үй-бүлөлүк сыйынуу учурунда ата-энеси балдары менен Ыйык Китепте улуу алаамат жөнүндө алдын ала айтылгандарды изилдеп жатат.

^ 62-абз. СҮРӨТ. Улуу алаамат учурунда алар болуп жаткан нерселерге таң калышкан жок.