Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Иса качан Башкы дин кызматчы болгон жана жаңы келишим качан бекитилип, күчүнө кирген?

Иса б.з. 29-жылы чөмүлгөндө Башкы дин кызматчы катары дайындалган. Ушинтип айтканга кандай негиз бар? Чөмүлгөндө Иса өз өмүрүн каймана маанидеги курмандык жайында курмандыкка чалганга даяр экенин көрсөткөн. Ал курмандык жайы Кудайдын «эркин» билдирген (Гал. 1:4; Евр. 10:5—10). Каймана маанидеги ошол курмандык жайы Иса чөмүлгөндө пайда болгон. Андыктан улуу рухий ибадаткана да — Жахабанын куткаруу курмандыгынын негизинде таза сыйынуу үчүн көргөн чарасы да — ошол учурда пайда болгон көрүнөт. Курмандык жайы рухий ибадаткананын маанилүү бөлүгү болуп эсептелет (Мт. 3:16, 17; Евр. 5:4—6).

Улуу рухий ибадаткана пайда болгон соң, ал жакта кызмат кыла турган башкы дин кызматчы да болушу керек болгон. Ал кызматка Кудай өзүнүн «ыйык руху, күчү менен» Исаны майлаган (Элч. 10:37, 38; Мр. 1:9—11). Бирок Иса өлүп, кайра тирилгенге чейин эле Башкы дин кызматчы катары дайындалган деп эмне үчүн ишенимдүү түрдө айта алабыз? Буга жүйөлүү себеп бар экенин түшүнүш үчүн Муса пайгамбар аркылуу берилген мыйзам боюнча башкы дин кызматчы болуп кызмат кылган Арунду жана башкаларды мисалга алалы.

Мыйзамга ылайык, ыйык чатырдагы, ал эми кийинчерээк ибадатканадагы Ыйыктын ыйыгына башкы дин кызматчы гана кире алган. Ыйыктын ыйыгын Ыйык жайдан көшөгө бөлүп турган. Көшөгөнүн артындагы ал жакка башкы дин кызматчы Күнөөдөн арылуу күнү гана кирчү (Евр. 9:1—3, 6, 7). Арун жана башкалар ыйык чатырдын көшөгөсүн ачканга чейин эле башкы дин кызматчы катары дайындалган сыңары, Иса да өлүп, андан кийин «көшөгө» аркылуу, башкача айтканда, денеси аркылуу асмандагы жашоого өткөнгө чейин эле Жахабанын улуу рухий ибадатканасынын Башкы дин кызматчысы катары дайындалышы керек болгон (Евр. 10:20). Ошол себептен элчи Пабыл Исанын «башкы дин кызматчы» катары келип, андан соң «адам баласынын колу менен курулбаган,.. алда канча улуу, жеткилең чатырга» жана «асмандын өзүнө» киргенин айткан (Евр. 9:11, 24).

Эми жаңы келишимге токтололу. Ал качан бекитилген? Иса асманга көтөрүлүп, биз үчүн берген жеткилең адамдык өмүрүнүн баасын Кудайга тартуу кылганда, жаңы келишимди бекитип, күчүнө киргизе турган үч кадамдын алгачкы эки кадамы жасалган. Ал эмне болгон кадамдар?

Биринчиден, Иса Жахабанын алдына барган; андан соң курмандыгынын баасын Жахабага тартуулаган; акырында, Жахаба Исанын төгүлгөн канынын баасын кабыл алган. Ушул кадамдар жасалгандан кийин гана жаңы келишим күчүнө кирген.

Ыйык Китепте Жахаба Исанын курмандыгынын баасын качан кабыл алганы айтылган эмес. Ошондуктан так убактысын айта албайбыз. Анткен менен Исанын асманга Элүүнчү күн майрамынан он күн мурун кеткенин билебиз (Элч. 1:3). Ошол кыска убакыттын кайсы бир аралыгында ал өзүнүн курмандыгынын баасын Жахабага тапшырып, ал аны кабыл алган (Евр. 9:12). Жаңы келишимдин күчүнө киргенин Элүүнчү күн майрамында болгон окуялар айкындаган (Элч. 2:1—4, 32, 33).

Жыйынтыктай турган болсок, жаңы келишим Жахаба Исанын төгүлгөн канынын баасын кабыл алгандан кийин жана майлангандарды жаңы келишимге киргизгенден кийин бекитилип, күчүнө кирген. Ошондо Башкы дин кызматчынын — Исанын — жаңы келишимдин арачысы катары аткарган кызматы да башталган (Евр. 7:25; 8:1—3, 6; 9:13—15).