Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

30-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Чындык жолунан чыкпагыла

Чындык жолунан чыкпагыла

«Мен үчүн балдарымдын чындык жолунда жүргөнүн уккандан өткөн кубаныч жок» (3 ЖКН. 4).

54-ЫР: «Мына жол»

БУЛ МАКАЛАДА *

1. 3 Жакан 3, 4тө айтылгандай, бизди эмне сүйүнтөт?

ЭЛЧИ ЖАКАН чындык жолуна түшкөнгө ал өзү жардам берген кишилердин Жахаба Кудайга ишенимдүү болуп, кызмат кылып жатканын укканда канчалык сүйүнгөнүн элестетсеңер. Алар көп кыйынчылыкка тушуккан. Ошондуктан Жакан балдарындай көргөн Исанын ал жолдоочуларынын ишенимин чыңдаш үчүн көп күч жумшаган. Ошол өңдүү эле, биз да, өзүбүздүн балдарыбыз болобу, же рухий балдарыбызбы, өмүрүн Жахабага арнап, ага талыкпай кызмат кылып жатканына абдан сүйүнөбүз. (Окугула: 3 Жакан 3, 4.)

2. Жакан каттарын кандай максатта жазган?

2 Б.з. 98-жылы Жакан Эфес шаарында же анын тегерегинде жашаган көрүнөт. Ал жакка, кыязы, Патмос аралында сүргүндө жүрүп кайтып келгенден кийин көчүп барса керек. Ошол убактарда Жахабанын ыйык руху ага үч кат жазганга түрткү берген. Ал каттар Исанын жолдоочуларына Исага болгон ишениминен тайбай, чындык жолунан чыкпаганга жардам берүү максатында жазылган.

3. Кайсы суроолорго жооп алабыз?

3 Ошол кезде элчилерден Жакандын эле көзү тирүү болчу. Ал жалган устаттардын жыйналыштагыларга тийгизген таасирине сарсанаа болгон * (1 Жкн. 2:18, 19, 26). Чындык жолунан четтеп кеткен ал кишилер Жахабаны тааныйбыз дегени менен, чынында анын буйруктарына баш ийген эмес. Анда Жакандын жыйналыштарга Кудайдын жетеги алдында кандай кеп-кеңеш айтканына токтололу. Ошондо: «Чындык жолунда жүрүү деген эмнени билдирет? Кандай тоскоолдуктарга учурашыбыз мүмкүн? Чындык жолунан чыкпаганга бири-бирибизге кантип жардам бере алабыз?» — деген үч суроого жооп алабыз.

ЧЫНДЫК ЖОЛУНДА ЖҮРҮҮ ДЕГЕН ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ?

4. 1 Жакан 2:3—6 жана 2 Жакан 4, 6га ылайык, чындык жолунда жүрүү деген эмнени билдирет?

4 Чындык жолунда жүрүш үчүн Жахаба Кудайдын Сөзү болгон Ыйык Китепте жазылган чындыкты билишибиз керек. Андан сырткары, Жахабанын «осуяттарын аткарышыбыз» зарыл. (Окугула: 1 Жакан 2:3—6; 2 Жакан 4, 6.) Жахабага баш ийүү жагынан Иса мыкты үлгү калтырган. Андыктан Жахабага баш ийүүнүн бир жолу — Исанын үлгүсүнө мүмкүн болушунча тыгыз кармануу (Жкн. 8:29; 1 Пет. 2:21).

5. Эмнеге көзүбүз толук жетиши керек?

5 Чындык жолунан чыкпаш үчүн бизде Жахабанын чындыктын Кудайы экенине, анын Сөзүндө жазылгандардын баары чын экенине кымындай да шек болбошу керек. Исанын Кудай убада кылган Машаяк экенине да толук ишенишибиз абзел. Азыркы учурда көптөр Кудай Исаны өзүнүн Падышалыгынын Падышасы кылып дайындаганына ишенишпейт. Жакан эскерткендей, ушу тапта Жахаба менен Иса жөнүндөгү чындыкка бекем ишенбегендерди адаштырып кете турган «жалганчылар» арбын (2 Жкн. 7—11). Жакан: «Исанын Машаяк экенин четке каккан киши жалганчы болбогондо, ким жалганчы?» — деп жазган (1 Жкн. 2:22). Андайларга алданып калбаштын жападан жалгыз жолу — Кудайдын Сөзүн окуп-изилдөө. Ошенткенде гана Жахаба менен Исаны таанып-билебиз (Жкн. 17:3). Ошенткенде гана чындык жолунда жүргөнүбүзгө көзүбүз толук жетет.

КАНДАЙ ТОСКООЛДУКТАРГА УЧУРАШЫБЫЗ МҮМКҮН?

6. Исанын жолун жолдогон жаштарга эмне тоскоол болушу мүмкүн?

6 Исанын бардык жолдоочулары адамдык окууларга ишенип адашып калгандан сак болушу кажет (1 Жкн. 2:26). Андай тузактан өзгөчө жаштар абайлашы керек. 25 жаштагы франциялык Алексия * мындай дейт: «Жашыраак кезде бул дүйнөнүн эволюция теориясынын жана башка адамдык окуулардын айынан чындык жолунда жүргөнүмө шектене баштагам. Кээде ал нерселерге кызыгып кетчүмүн. Бирок Жахабага сөз бербей эле, мектептен айтылгандардын баарына эле ишене бергеним туура эмес болуп каларын да түшүндүм». Ал «Жашоо кантип пайда болгон? Эволюция жолу мененби же жаратуу жолу мененби?» (ор.) деген китепти изилдеп чыккан. Ошондон бир нече жума өтүп-өтпөй баягы шеги буудай тарап жок болгон. «Ыйык Китепте жазылгандар чындык экенине толук ынандым. Андагы талаптар боюнча жашасам, көңүлүм жайдары, жаным тынч болорун түшүндүм»,— дейт Алексия.

7. Эмнеден жаа бою качышыбыз керек?

7 Адамдык окууларга ишенгендин таасири болбой койбойт. Алардын бири — эки жүздүүлүк. Исанын жолдоочуларынын баары: жашы да, карысы да эки жүздүүлүктөн жаа бою качышы керек. Жакан чындык жолунда жүрүп, ошол эле учурда күнөөгө жаткан иштерди кылып жүргөнүбүз жарабай турганын баса белгилеген (1 Жкн. 1:6). Эгер Кудайга азыр да, келечекте да жаккыбыз келсе, алаканга салынгандай жашашыбыз керек. Негизи, жашыруун күнөө болбойт, себеби эмне кылбайлы, Жахаба баарын көрүп турат (Евр. 4:13).

8. Кандай көз карашты өзүбүзгө жакын жуутпашыбыз керек?

8 Биз азыркы дүйнөнүн күнөөгө карата көз карашын өзүбүзгө жакын жуутпашыбыз керек. Жакан: «Эгер: „Күнөөбүз жок“,— деп айтсак, анда өзүбүздү өзүбүз алдап жатабыз»,— деп жазган (1 Жкн. 1:8). Ал жашаган кезде чындыктан четтегендер, киши атайлап күнөө кыла берсе деле, Кудай кечире берет деген ойдо болушкан. Бүгүнкү күндө биз да кудум эле ошондой көз караштагы адамдардын арасында жашап жатабыз. Көптөр Кудайга ишенебиз дегени менен, анын күнөөгө карата, өзгөчө жыныстык мамилеге карата оюн баркка албайт. Кудай күнөө деп эсептеген иштерди ар ким каалоосуна жараша өзү чече турган нерсе катары көрүшөт.

Жаштар, Жахаба кайсы бир нерсени эмне үчүн туура же туура эмес деп эсептээрин түшүнгөнгө аракеттенгиле. Ошондо ишенген нерселериңерди жактай аласыңар (9-абзацты карагыла) *

9. Ыйык Китепке негизделген көз карашына бек карманганынын жаштарга кандай пайдасы бар?

9 Бул жагынан, бөтөнчө, жаштарга классташтары же жумуштагылары кысым көрсөтүшөт. Александрдын жагдайы так ошондой болгон. Ал мындай дейт: «Мектептеги кээ бир кыздар ачык эле жаман ишке азгырып, жабыша берчү. Аларды четке кагып салчумун, ошондо: „Кыздарга кызыкпасаң, анда эркектерге кызыгат окшойсуң“,— дешчү». Эгер ушундай сыноого туш болгондо Ыйык Китепке негизделген көз карашыңарга бек кармансаңар, өзүңөрдүн алдыңарда өз кадырыңарды, ден соолугуңарды, жан дүйнөңөрдүн тынчтыгын жана Жахаба менен болгон мамилеңерди сактап каларыңарды эстен чыгарбагыла. Анын үстүнө, азгырыкка туруштук берген сайын, туура иш кылуу да оңоюраак боло берет. Бул дүйнөнүн жыныстык мамилеге карата бузулган көз карашы, чынында, Шайтандан экенин да унутпагыла. Ошондуктан андай көз карашка каршы турганыңарда «кара өзгөйдү жеңген» болосуңар (1 Жкн. 2:14).

10. 1 Жакан 1:9да жазылгандар Жахабанын алдында жүзүбүз жарык болгонго кантип жардам берет?

10 Күнөө деп эмнени эсептешти чечкенге Жахаба гана акылуу экенин биз жакшы билебиз. Андыктан күнөө кылбаганга аракет кылабыз. Ал эми кылып алсак, Жахабага айтып, моюнга алабыз. (Окугула: 1 Жакан 1:9.) Олуттуу күнөө кылып алган учурларда болсо Жахаба бизге кам көргөнгө дайындаган аксакалдарга кайрылып жардам сурайбыз (Жкп. 5:14—16). Бирок мурун кылгандарыбызды эстеп, өзүбүздү жей бербешибиз керек. Себеби күнөөлөрүбүз кечирилиши үчүн, боорукер Атабыз биздин кунубузга өз Уулунун өмүрүн берген. Кылган ишине өкүнгөндөрдү ал чынында эле кечирет. Ошондуктан анын алдында жүзүбүз жарык, көңүлүбүз тынч болуп, кызматыбызды уланта беребиз (1 Жкн. 2:1, 2, 12; 3:19, 20).

11. Ишенимибизди солгундата турган ой-пикирлерден акылыбызды кантип сактай алабыз?

11 Биз чындык жолунан четтеп кеткендердин ой-пикирин да жолотпошубуз керек. Исанын жолдоочуларынын жыйналышы түптөлгөндөн бери эле алардын оюн бузуп, шек санатыш үчүн, Ибилис далай алдамчыларды колдонуп келет. Анын кылтагына илинбеш үчүн чынды калптан ажырата билишибиз керек *. Жахабага болгон ишенимибизди жана ишенимдештерибизге болгон сүйүүбүздү солгундатыш үчүн душмандарыбыз интернетти же жалпыга маалымдоо каражаттарын колдонушу мүмкүн. Андай үгүттүн артында ким турганын аңдай билип, аны четке каккыла! (1 Жкн. 4:1, 6; Аян 12:9).

12. Таанып-билген чындыктарга болгон ишенимибизди эмне үчүн чыңдашыбыз керек?

12 Шайтандын соккуларына туруштук бериш үчүн Исага жана анын Кудайдын ой-ниетинде маанилүү орунду ээлей турганына ишенимибизди арттырышыбыз керек. Ошондой эле ишенимдүү жана акылдуу кулга, Жахаба өз уюмуна ошол кулду гана колдонуп багыт берип жатканына толук ишенгенибиз маанилүү (Мт. 24:45—47). Ан үчүн Кудайдын Сөзүн үзбөй окуп-изилдешибиз керек. Ошондо ишенимибиз терең тамырлаган бакка окшош болот. Колосадагы жыйналышка кат жазганда элчи Пабыл ушу сыяктуу нерсени айткан. Ал: «Мырзабыз Машаяк Исаны кабыл алгандыктан аны менен мындан ары да биримдикте болгула... Анда тамырлап, бекемделе бергиле, ишенимиңерди бекем сактагыла»,— деп жазган (Кол. 2:6, 7). Адамдын чыңдалып-бекемделген ишенимин Шайтан да, анын таасиринин алдындагы адамдар да ордунан эч козгой албайт (2 Жкн. 8, 9).

13. Эмнени күтсөк болот жана эмне үчүн?

13 Азыркы дүйнөнүн бизди жек көрөрү турган иш (1 Жкн. 3:13). Анткени Жакан «бүт дүйнөнүн Шайтандын бийлиги астында экенин» айткан (1 Жкн. 5:19). Дүйнөнүн соңуна аз калган сайын, Шайтандын каары күчөгөндөн күчөйт (Аян 12:12). Ал адеп-ахлаксыздыкты же чындыктан четтегендерди колдонуп тымызын кол салып эле тим болбой, ачыктан-ачык атырылып, күч колдонот. Шайтан кабар айтуу ишин токтотконго жана ишенимибизден тайдырганга күндөн күнгө убактысы тарып баратканын жакшы билет. Ошондуктан айрым өлкөлөрдө ишибизге чек коюлуп же тыюу салынып жатканы таң калыштуу эмес. Ошого карабай ал жактагы бир туугандарыбыз багынбай келет. Алар, Шайтан кандай курал колдонбосун, аны жеңе аларыбызды далилдеп жатышат!

ЧЫНДЫК ЖОЛУНАН ЧЫКПАГАНГА БИРИ-БИРИБИЗГЕ КАНТИП ЖАРДАМ БЕРЕ АЛАБЫЗ?

14. Ишенимдештерибизге чындык жолунан чыкпаганга жардам берүүнүн бир жолу кайсы?

14 Ишенимдештерибизге чындык жолунан чыкпаганга жардам бериш үчүн боорукер болушубуз керек (1 Жкн. 3:10, 11, 16—18). Бири-бирибизди жакшы көрөрүбүз баары жайында болуп турганда эле эмес, кыйын-кысталышта да айкын болуп турушу керек. Маселен, араңарда жакын адамынан айрылып күйүтү күч болуп, жылуу сөзгө же жардамга зар болуп жаткандар барбы? Же балким, табият кырсыгынын айынан баарынан кол жууп, Падышалык залын же үйлөрүн оңдогонго муктаж болуп жаткандарды билеттирсиңер? Биз ишенимдештерибизди канчалык жакшы көрөрүбүздү, аларга канчалык боор ооруй турганыбызды тилибиз менен эле эмес, ишибиз менен көрсөткүбүз келет.

15. 1 Жакан 4:7, 8де жазылганга ылайык, эмне кылышыбыз керек?

15 Бири-бирибизди жакшы көргөнүбүздө асмандагы мээримдүү Атабыздан үлгү алган болобуз. (Окугула: 1 Жакан 4:7, 8.) Аларды жакшы көрөрүбүздү көрсөтүүнүн бир жолу — кечиримдүү болуу. Алсак, бирөө жарым көңүлүбүздү оорутуп койгондо аны кечирип, кылганына көз жумуп койсок — бул сүйгөндүктүн белгиси (Кол. 3:13). Алдо деген бир тууганыбызды мисалга алалы. Ал бир жолу өзү сыйлап жүргөн бир ишенимдешинин анын элин жамандап жатканын кулагы чалып калган. «Аны жаман көрүп калбайынчы деп Жахабадан тынбай суранып жаттым»,— дейт ал. Бирок ошону менен эле тим болбой, аны чогуу кызмат кылганга да чакырган. Анан сөзү көңүлүнө катуу тийгенин айткан. Алдо мындай дейт: «Ал кечирим сурады. Өкүнүп жатканы үнүнөн даана сезилип турду. Ошондон кийин мамилебиз мурункудай эле жакшы болуп калды».

16, 17. Эмне кылганга чымырканышыбыз керек?

16 Жакан ишенимдештеринин рухий жыргалчылыгын ойлоп, чындап күйүп-бышкан. Бул анын ыйык рухтун жетеги менен жазган үч катындагы кеп-кеңештеринен сезилип турат. Ага окшогон эркек-аялдардын Машаяк менен бирге башкарганга дайындалганы кандай гана жакшы! (1 Жкн. 2:27).

17 Эмесе, жогоруда айтылгандардын баарын эсибизге бек туталы. Чымырканып чындык жолунан чыкпай, жашообуздун бардык тармагында Жахабага баш иели. Анын Сөзүн изилдеп, бүт дилибиз менен ишенели. Исага болгон ишенимибиз бекем болсун. Адамдык окуулар менен чындыктан четтегендердин ой-пикирин четке кагалы. Эки жүздүүлүктөн качалы жана күнөө кылганга азгыргандардын таасирине алдырбайлы. Жахабанын бийик адеп-ахлак нормалары боюнча жашайлы. Көңүлүбүздү ооруткандарын кечирип, муктаж болгондоруна жардам берип ишенимдештерибизге бел боло берели. Ошондо, кандай кыйынчылык менен алышпайлы, чындык жолунан чыкпайбыз.

49-ЫР: Жахабанын жүрөгүн кубанталы

^ 5-абз. Биз азыр калптын атасы Шайтан бийлеп турган дүйнөдө жашап жатабыз. Ошондуктан чындык жолунан чыкпаш үчүн көп күч-аракет жумшашыбыз керек. Бул б.з. 1-кылымындагы Исанын жолдоочулары үчүн да оңой болгон эмес. Аларга да, учурда бизге да жардам бериш үчүн Жахаба элчи Жаканга ыйык рухтун жетеги менен үч кат жаздырган. Аларда жазылгандардан чындык жолунда жүргөнгө бизге эмнелер тоскоолдук кыларын жана аларды кантип жеңе аларыбызды билебиз.

^ 6-абз. Айрым ысымдар өзгөртүлдү.

^ 11-абз. 2018-жылдын «Күзөт мунарасынын» август айындагы санындагы «Сенде жетиштүү далил барбы?» деген макаланы карагыла.

^ 59-абз. СҮРӨТ. Күнүгө мектептен гомосексуализмди кадимки нерседей көрсөткөн үгүткө туш болуп жаткан жаш ишенимдешибиз. (Айрым маданияттарда асан-үсөндүн түстөрү гомосексуализмди билдирет.) Ал Ыйык Китепке негизделген көз карашын дагы да бекемдеш үчүн кийинчерээк атайын убакыт бөлүп аны окуп-изилдейт. Бул ага туура чечим чыгарганга жардам берет.