Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

17-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Жахабага таянып, каардуу рухтарга каршы тургула

Жахабага таянып, каардуу рухтарга каршы тургула

«Биз... асман чөйрөсүндөгү каардуу рухий күчтөр... менен күрөшүп жатабыз» (ЭФ. 6:12).

55-ЫР: Алардан коркпогула!

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Эфестиктер 6:10—13-аяттарда жазылгандай, Жахабанын бизге кам көрөрүн көрсөткөн эң күчтүү далилдердин бири кайсы? Түшүндүргүлө.

ЖАХАБАНЫН душмандарыбызга каршы турууга жардам берип келатканы — анын бизге кам көрөрүн көрсөткөн эң күчтүү далилдердин бири. Бул жүрөгүбүздү козгобой койбойт. Биздин башкы душмандарыбыз — Шайтан менен анын жин-перилери. Жахаба алар тууралуу бизге көп нерсени ачып берип, аларга каршы туруш үчүн эмне кылышыбыз керектигин үйрөтүп келет. (Окугула: Эфестиктер 6:10—13.) Эгер Жахабанын жардамын кабыл алып, ага толугу менен таянсак, Ибилиске каршы тура алабыз. Ошонун аркасында элчи Пабылдай болуп: «Кудай биз тарапта болсо, бизге ким каршы тура алат?» — деп ишенимдүү түрдө айта алабыз (Рим. 8:31).

2. Бул макалада эмнелер каралат?

2 Кудайдын чыныгы кызматчылары катары биз Шайтан менен жин-перилерге өтө көп кызыга бербейбиз. Анын ордуна, бүт көңүлүбүздү Жахаба жөнүндө билүүгө жана ага кызмат кылууга топтойбуз (Заб. 25:5). Ошентсе да Шайтандын көбүнчө кандай айла-амалдарды колдонорун билип алышыбыз керек. Эмне үчүн? Анткени ага алданып калууну каалабайбыз (2 Кор. 2:11). Бул макаладан Шайтан менен жиндердин адамдарды адаштырууда колдонгон негизги тузагы тууралуу кененирээк билебиз. Ошондой эле канткенде аларга каршы тура аларыбызды карап чыгабыз.

КААРДУУ РУХТАР КАНТИП АДАШТЫРАТ?

3, 4. а) Спиритизм деген эмне? б) Спиритизмге ишенүү канчалык кеңири таралган?

3 Шайтан менен жин-перилердин адамдарды адаштырууда колдонгон негизги куралы — спиритизм. Спиритизм менен алектенгендер адатта адамдар билбеген же көзөмөлдөй албаган нерселерди биле аларын, көзөмөлдөй аларын айтышат. Мисалы, айрымдары төлгө салып же жылдыздарды карап келечекти биле аларын айтса, башкалары өлгөндөр менен сүйлөшүп жаткандай иш-аракеттерди кылышы мүмкүн. Кээ бирлери болсо кимдир бирөөлөрдү сыйкырлап, дубалаганга аракет кылышат *.

4 Спиритизмге ишенүү канчалык кеңири таралган? Латын Америкасында жана Кариб аралдарында жайгашкан 18 өлкөдө сурамжылоо жүргүзүлүп, ага катышкандардын болжол менен ар бир үчүнчү кишиси сыйкырчылыкка, дубалоого, көз байлоочулукка ишенери жана дээрлик ошончо адам рухтар менен байланышуу мүмкүн экенине кошулары айкын болгон. Ушул сыяктуу сурамжылоо Африканын 18 өлкөсүндө жүргүзүлгөн. Ага катышкандардын орто эсеп менен жарымынан көбү сыйкырчылыкка ишенерин айткан. Ооба, кайсы жерде жашабайлы, спиритизмге аралашып кетпеш үчүн сак болушубуз керек. Анткени Шайтан «бүт жер жүзүн адаштырып» келет (Аян 12:9).

5. Жахаба спиритизмге кандай карайт?

5 Жахаба — «чындыктын Кудайы» (Заб. 31:5). Ал спиритизмге кандай карайт? Ал аны жек көрөт. Ошол себептен ысрайылдыктарга мындай деген: «Элиңдин арасында уулун же кызын отко салгандар, төлгө ачкандар, сыйкырчылык кылгандар, белгилерди карап көзү ачыктык кылгандар, бирөөлөрдү дубалагандар, өлгөндөрдү чакыргандарга кайрылгандар, келечекти алдын ала айткандар, өлгөндөр менен сүйлөшкөндөр болбосун. Анткени буларды кылгандардын баары Жахаба үчүн жийиркеничтүү» (Мыйз. 18:10—12). Кудайдын азыркы күндөгү кызматчыларынан ысрайылдыктарга берилген Мыйзамга кармануу талап кылынбайт. Бирок Жахабанын спиритизмге болгон көз карашы андан бери эч өзгөргөн жок (Мал. 3:6).

6. а) Адамдарга зыян келтириш үчүн Шайтан спиритизмди кантип колдонот? б) Насаатчы 9:5те жазылгандай, өлгөндөр кандай абалда болот?

6 Жахаба бизге спиритизмден сак болушубуз керектигин эскертет. Анткени Шайтандын ал аркылуу адамдарга зыян келтирерин жакшы билет. Шайтан спиритизмди колдонуп, ар кандай жалган окууларды, анын ичинде өлгөндөр тиги дүйнөдө андан ары жашай берет деген түшүнүктү жайылтып келет. (Окугула: Насаатчы 9:5.) Ошондой эле аны адамдарды коркутуп алыш үчүн жана Жахабага жакындоого тоскоолдук кылыш үчүн колдонот. Ал спиритизм менен алектенгендердин Жахабага эмес, каардуу рухтарга таянышын каалайт.

КААРДУУ РУХТАРГА КАНТИП КАРШЫ ТУРА АЛАБЫЗ?

7. Жахаба эмнени эскертет?

7 Жогоруда кеп кылынгандай, Жахаба бизге Шайтан менен жиндерге алданып калбаш үчүн эмнелерди билишибиз керектигин эскертет. Анда эмесе, аларга каршы турууга жардам берген айрым кеңештерге токтололу.

8. а) Каардуу рухтарга каршы туруунун негизги жолу кайсы? б) Забур 146:4тө жазылгандар Шайтандын өлгөндөр жөнүндө айткандары калп экенин кандайча көрсөтүп турат?

8 Кудайдын Сөзүн окуп, ой жүгүрткүлө. Бул — каардуу рухтар жайылтып жаткан жалган окууларды четке кагуунун эң негизги жолу. Кудайдын Сөзү Шайтандын жалган окууларын кыя чапкан курч кылычка окшош (Эф. 6:17). Мисалы, анда өлгөндөр тирүүлөр менен сүйлөшө алат деген ойдун жалган экени айкын көрсөтүлгөн. (Окугула: Забур 146:4.) Ошондой эле келечекти Жахаба гана так айта алары жазылган (Ыш. 45:21; 46:10). Кудайдын Сөзүн дайыма окуп, ой жүгүртсөк, каардуу рухтар ишендиргиси келген жалган окууларды четке кагып, аларды жек көрүүгө үйрөнөбүз.

9. Спиритизмге кирген кайсы нерселерден оолак болушубуз керек?

9 Спиритизмге кирген нерселердин баарынан оолак болгула. Жахабага сыйынгандыктан биз спиритизмдин эч бир түрүнө аралашпайбыз. Маселен, көзү ачыктарга барбайбыз же өлгөндөр менен дагы башка жолдор аркылуу байланышууга аракет кылбайбыз. Ошондой эле, буга чейинки макаладан окуганыбыздай, өлгөн адамдын жаны көзгө көрүнбөгөн чөйрөдө жашай берет деген ишенимге негизделген каадаларга катышпайбыз. Астрология же төлгө ачуу сыяктуу жолдор менен келечекти билүүгө да умтулбайбыз (Ыш. 8:19). Себеби мындай иштердин баары абдан кооптуу экенин, мунун кесепетинде Шайтан жана жиндер менен байланышып каларыбызды билебиз.

1-кылымдагы ишенимдештерибизден үлгү алып, спиритизмге байланышы бар буюм-тайымдардан арылышыбыз жана ошондой көңүл ачуудан баш тартышыбыз керек (10—12-абзацтарды карагыла)

10, 11. а) 1-кылымда жашаган айрым адамдар чындыкты таанып-билгенден кийин эмне кылышкан? б) 1 Корунттуктар 10:21ге ылайык, эмне үчүн 1-кылымдагы ошол ишенимдештерибизден үлгү алышыбыз керек жана аны кантип кылсак болот?

10 Спиритизмге байланышы бар буюм-тайымдардан арылгыла. 1-кылымда Эфесте жашаган айрым адамдар спиритизм менен алектенишкен. Бирок чындыкты таанып-билгенден кийин алар чечкиндүү иш-аракет кылышкан. Бул тууралуу Ыйык Китепте: «Сыйкырчылык кылгандардын бир тобу китептерин чогултуп, баарынын көзүнчө өрттөп жиберишти»,— деп жазылган (Элч. 19:19). Ал адамдар каардуу рухтарга каршы турууга бүт күчүн жумшаган. Алардын сыйкырчылыкка байланыштуу китептери абдан кымбат болгон. Ошентсе да аларды башкаларга берүүгө же сатып пайда көрүүгө умтулбай, баарын өрттөп жок кылышкан. Алар китептерине кеткен акчасын эмес, Жахабага жагууну ойлошкон.

11 1-кылымдагы ошол ишенимдештерибизден кандай үлгү алсак болот? Спиритизмге байланышы бар буюм-тайымдардын баарынан арылганыбыз акылдуулукка жатат. Аларга тумарлар, көз мончоктор, дубалга илине турган дубалар жана адамдар өздөрүн кырсыктан, жаман рухтардан коргош үчүн тагынып же жанына алып жүргөн башка буюм-тайымдар кирет. (Окугула: 1 Корунттуктар 10:21.)

12. Көңүл ачууга байланыштуу эмнелер тууралуу ойлонуп көргөнүбүз кажет?

12 Көңүл ачуунун кандай түрүн тандап жатканыңарга олуттуу маани бергиле. Ар бирибиз мындай деп ойлонуп көрүшүбүз керек: «Спиритизмге байланыштуу китептерди, журналдарды, Интернеттеги макалаларды окубаймбы? Мен уккан музыка, көргөн тасмалар, телеберүүлөр же ойногон видеооюндар тууралуу эмне айтууга болот? Мен тандаган көңүл ачууда кан соргучтар, көрдөн туруп келген өлүктөр, рухтардан күч алган адамдар сыяктуу спиритизмге байланышы бар нерселер жокпу? Дуба окуу, кимдир бирөөнүн жолун буу же сыйкырчылык кылуу зыяны жок, кызыктуу нерседей көрсөтүлбөйбү?» Албетте, фантастиканын же жомоктордун баарында эле спиритизм камтыла бербейт. Бирок, кандай болбосун, көңүл ачуунун түрүн тандап жатканда Жахаба жек көргөн нерселерден жаа бою качканга чечкиндүү бололу. Биз Кудайыбыздын алдында абийирибизди «таза сактаганга» колубуздан келишинче аракет кылгыбыз келет (Элч. 24:16) *.

13. Эмнеден качканыбыз жакшы?

13 Жиндер жөнүндөгү окуяларды айтуудан качкыла. Биз бул жагынан Иса Машаякты туурагыбыз келет (1 Пет. 2:21). Ал жерге келгенге чейин асманда жашагандыктан Шайтан жана ага кошулуп кеткен жин-перилер жөнүндө көп нерсе билген. Ошентсе да алардын кандай иштерди кылганын айта берчү эмес. Иса Шайтандын жарчысы эмес, Жахабанын күбөсү болууну каалаган. Биз да андан үлгү алып, жиндер жөнүндөгү окуяларды айтуудан качабыз. Анын ордуна, жүрөгүбүздүн «жагымдуу сөздөрдөн» — чындыктан — улам толкуп жатканын айгинелеген сөздөрдү гана сүйлөөгө умтулабыз (Заб. 45:1).

Бизге каардуу рухтардан коркуунун зарылдыгы жок. Жахаба, Иса жана периштелер алардан алда канча күчтүү (14, 15-абзацтарды карагыла) *

14, 15. а) Эмне үчүн каардуу рухтардан корко бербешибиз керек? б) Жахабанын бүгүнкү күндө өз элин коргоп жатканына кандай далилдер бар?

14 Каардуу рухтардан өтө корко бербегиле. Азыркы бузулган дүйнөдө башыбызга ар кандай жамандык түшүшү мүмкүн. Кырсык, оору же өлүм көбүнчө айтпай келет. Бирок ошондой нерселерге дайыма эле Шайтан же жиндер жооптуу деп ойлобошубуз керек. Анткени Ыйык Китепте: «Баары күтүлбөгөн убакта күтүлбөгөн жагдайга кабылат»,— деп айтылган (Нас. 9:11). Андан тышкары, Жахаба каардуу рухтардан алда канча күчтүү экенин көп жолу далилдеген. Алсак, ал Шайтанга Аюпту өлтүрүүгө жол берген эмес (Аюп 2:6). Ал эми Муса пайгамбардын күндөрүндө Жахаба Мисирдеги сыйкырчылык кылган дин кызматчылардан канчалык кубаттуу экенин көрсөткөн (Чыг. 8:18; 9:11). Кийинчерээк Жахаба Исага бийлик бергендиктен, ал Шайтан менен анын жин-перилерин асмандан жерге кууп түшүргөн. Мындан Исанын алардын үстүнөн бийлиги бар экени айкын болгон. Келечекте болсо алар түпсүз туңгуюкка ыргытылып, эч кимге зыян келтире албай калышат (Аян 12:9; 20:2, 3).

15 Жахабанын бүгүнкү күндө өз элин каардуу рухтардан коргоп жатканын тастыктаган далилдер арбын. Бул тууралуу ойлонуп көрсөңөр: биз чындыкты дүйнөнүн булуң-бурчуна жарыялап, башкаларга аны таанып-билүүгө жардам берүүдөбүз (Мт. 28:19, 20). Мунун аркасында Шайтандын бетин ачып, жаман иштерин ашкерелеп жатабыз. Колунан келсе, Шайтан биздин ишибизди толугу менен токтотуп коймок. Бирок бул анын колунан келбейт. Ошол себептен каардуу рухтардан өтө эле корко берүүнүн зарылдыгы жок. Биз билгендей, «Жахаба өзүнүн күчүн ага бүт жүрөгү менен берилген адамдарга жардам бергенге колдонуш үчүн бүт жер жүзүн карап турат» (2 Жылн. 16:9). Ага ишенимдүү болсок, жиндер бизди орду толгус зыянга учурата албайт.

ЖАХАБАГА ТАЯНГАНДАР КАНДАЙ БАТА АЛАТ?

16, 17. Каардуу рухтарга каршы туруш үчүн кайраттуулук талап кылынарын көрсөткөн мисал келтиргиле.

16 Каардуу рухтарга туруштук бериш үчүн кайраттуу болушубуз зарыл. Бул, өзгөчө, досторубуз же туугандарыбыз алар менен чогуу кайсы бир каада-салтка катышпаганыбыз үчүн жамандыкка кабыларыбызды айтып, кысым көрсөткөндө маанилүү. Бирок Жахаба кайраттуу болгонубуз үчүн батасын берет. Ганада жашаган Эрика деген бир тууганыбызды мисалга алалы. Ыйык Китепти изилдей баштаганда ал 21 жашта болчу. Атасы сыйкырчылык кылган дин кызматчы болгондуктан, Эрикадан спиритизм менен байланышы бар каадага катышуу талап кылынган. Ага ылайык, ал туугандарына кошулуп ата-бабаларынын арбактарына багышталган этти жеши керек болгон. Бирок Эрика баш тарткан. Үйүндөгүлөр муну арбактарды сыйлабагандыкка жатат деп эсептеп, ошонун айынан арбактар алардын үй-бүлөсүн психикалык ооруга жана башка илдеттерге чалдыктырат деп ишенишкен.

17 Үй-бүлөсү аны ошол каадага катышууга аябай мажбурлаган. Катышпаганы үчүн үйдөн кетүүгө туура келсе да, Эрика багынган эмес. Айрым ишенимдештери ал үчүн үйүнүн эшигин кенен ачышкан. Ошентип, Жахаба батасын бергендиктен, Эрика жаңы үй-бүлөгө — бир туугандарындай болгон ишенимдештерине — ээ болгон (Мр. 10:29, 30). Туугандары андан кечип, атүгүл буюм-тайымдарынын баарын өрттөп салышса да, Эрика Жахабага болгон берилгендигинен жазган эмес. Кийинчерээк ал чөмүлгөн, азыр болсо үзгүлтүксүз пионер болуп кызмат кылууда. Эрика жин-перилерден корккон эмес. Үй-бүлөсү тууралуу ал мындай дейт: «Үй-бүлөмдүн да мээримдүү Кудайыбыз Жахабаны таанып-билгендер алган баталарга жана ага кызмат кылгандар жеткен эркиндикке ээ болушун сурап, алар үчүн күн сайын тиленем».

18. Жахабага таянсак, кандай баталарга ээ болобуз?

18 Албетте, баарыбыздын эле ишенимибиз ушундай жол менен сыналбашы мүмкүн. Анткен менен баарыбыз каардуу рухтарга каршы туруп, Жахабага таянышыбыз керек. Эгер ошондой кылсак, андан мол бата алабыз жана Шайтандын калпына алданып калбайбыз. Ошондой эле жин-перилерден коркуп, кызматыбызды токтотуп койбойбуз. Андан сырткары, Жахаба менен болгон достугубузду бекемдейбиз. Шакирт Жакып мындай деп жазган: «Кудайга баш ийгиле да, Ибилиске каршы тургула, ошондо ал силерден качат. Кудайга жакындагыла, ошондо ал силерге жакындайт» (Жкп. 4:7, 8).

150-ЫР: Куткаруучу Кудайды издейли

^ 5-абз. Жахаба сүйүүсүнөн улам бизге каардуу рухтар жана алардын кандай зыян келтирери тууралуу эскертип келет. Каардуу рухтар адамдарды кантип адаштырат? Аларга каршы туруш үчүн эмне кылышыбыз керек? Бул макалада Жахабанын бизге алардын таасиринен коргонууга кантип жардам берери талкууланат.

^ 3-абз. ТҮШҮНДҮРМӨ. «Спиритизм» деген сөз жиндерге байланышы бар ар кандай ишенимге жана иштерге карата колдонулат. Ага адам өлгөндөн кийин арбагы андан ары жашай берет жана ал тирүүлөр менен түзмө-түз же көзү ачык, бүбү-бакшы же дагы башка бирөө аркылуу байланышат деген ишеним кирет. Спиритизм өз ичине көз байлоо, төлгө салуу сыяктуу иштерди да камтыйт. Бул макалада колдонулган «сыйкырчылык» деген сөз табияттан тыш күчтөр менен байланышууну камтыган иштерди билдирет. Аларга дубалоо, дубаны жандыруу, ысытма-суутма кылуу, дем салуу жана башка ушул сыяктуу нерселер да кирет. Бирок буга циркте жана башка жерлерде оюн-зоок койгондордун шамдагайлык менен колдорун кыймылдатып, элдин көңүлүн ачыш үчүн көрсөткөн фокустары кирбейт.

^ 12-абз. Аксакалдардын көңүл ачууга байланыштуу эрежелерди чыгарууга укугу жок. Кудайдын ар бир кызматчысы эмнени окуп, эмнени көрөрүн жана кандай оюндарды ойноорун Ыйык Китептин негизинде тарбияланган абийирине жараша чечиши керек. Акыл-эстүү үй-бүлө башчысы үй-бүлөсү тандаган көңүл ачуунун Ыйык Китептеги принциптерге ылайык келер-келбесине сөзсүз көңүл бурат. (jw.org® сайтындагы «Жахабанын Күбөлөрүндө кайсы бир кинотасмаларга, китептерге жана ырларга тыюу салынабы?» деген макаланы карагыла. Жолу: БИЗ ЖӨНҮНДӨ > КӨПТӨРДҮ КЫЗЫКТЫРГАН СУРООЛОР.)

^ 54-абз. СҮРӨТ. Асмандагы кубаттуу Падышабыз Иса периштелерден турган аскерин жетектеп келатат. Жогорудан Жахабанын даңкы көрүнүүдө.