Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

14-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Кызматыңарды толугу менен аткарып жатасыңарбы?

Кызматыңарды толугу менен аткарып жатасыңарбы?

«Жакшы кабар айтуу ишине катыш, кызматыңды толугу менен аткар» (2 ТИМ. 4:5).

57-ЫР: Бардык адамдарга кабар айталы

БУЛ МАКАЛАДА *

Иса тирилгенден кийин жолдоочуларына жолугуп: «Баргыла да, бардык элдерден шакирт даярдагыла»,— деп буйруган (1-абзацты карагыла)

1. Кудайдын кызматчыларынын баары эмнеге умтулат жана эмне үчүн? (Мукабадагы сүрөттү карагыла.)

МАШАЯК ИСА жолдоочуларына: «Баргыла да, бардык элдерден шакирт даярдагыла»,— деп буйруган (Мт. 28:19). Кудайдын ишенимдүү кызматчыларынын баары өздөрүнө тапшырылган ал кызматын канткенде «толугу менен аткара» аларын билүүнү каалайт (2 Тим. 4:5). Анткени ал — жашоодогу эң эле маанилүү, эң эле арзырлык жана эң эле шашылыш иш. Бирок кээде ага өзүбүз каалагандай деңгээлде убакыт арнай албай калышыбыз мүмкүн.

2. Кызматыбызды аткарууда кандай кыйынчылыктарга туш болушубуз мүмкүн?

2 Баарыбыздын эле убактыбызды, күчүбүздү алган башка маанилүү иштерибиз да бар. Айрымдарыбызга өзүбүздү же үй-бүлөбүздү багыш үчүн көп саат иштегенге туура келүүдө. Кээ бирөөлөр болсо өздөрү же жакындары оорудан, депрессиядан же карылыктан улам кыйналып, ошону менен алпурушуп жатышат. Канткенде ушундай тоскоолдуктарга карабай кызматыбызды толугу менен аткара алабыз?

3. Исанын Матай 13:23төгү сөздөрүнөн эмнени биле алабыз?

3 Жахабага көбүрөөк кызмат кылууга жагдай-шартыбыз жол бербей жатса, көңүлүбүздү чөгөрбөшүбүз керек. Иса Машаяк Падышалыктын жемишин ар бирибиз бирдей өлчөмдө алып келе албай турганыбызды билген. (Окугула: Матай 13:23.) Жахаба ага кызмат кылуу үчүн колубуздан келишинче жасаган ар бир аракетибизди жогору баалайт (Евр. 6:10—12). Кээде жагдай-шартыбыз көбүрөөк кызмат кылганга жол берерин байкашыбыз мүмкүн. Бул макалада канткенде кызматыбызды биринчи орунга коё аларыбызды, жашообузду кантип жөнөкөйлөтсөк болорун, ошондой эле кабар айтуу жана окутуу жөндөмүбүздү кантип жакшырта аларыбызды талкуулайбыз. Анда эмесе, адегенде кызматыбызды толугу менен аткаруу эмнени билдирерин карап чыгалы.

4. Кызматыбызды толугу менен аткаруу деген эмнени билдирет?

4 Бир сөз менен айтканда, кызматыбызды толугу менен аткарыш үчүн кабар айтуу жана окутуу ишине колубуздан келишинче көбүрөөк катышышыбыз зарыл. Бул өз ичине кызматка жумшаган сааттарыбызды эле камтыбайт. Жахаба үчүн биздин ниетибиз маанилүү. Андыктан бизге жан-дилден кызмат * кылууга Жахабага жана адамдарга болгон сүйүү түрткү бериши керек (Мр. 12:30, 31; Кол. 3:23). Кудайга жан-дилден кызмат кылуу деген ал тапшырган кызматка өзүбүздү толугу менен арноону, башкача айтканда, бүт күчүбүздү жумшоону билдирет. Кабар айтуу ишине катышуу канчалык чоң сыймык экенин түшүнгөнүбүздө жакшы кабарды мүмкүн болушунча көп кишиге айтууга аракет кылабыз.

5, 6. Убактысы чектелүү болгондор кантип кызматты жашоосунда биринчи орунга коё аларын мисал менен түшүндүргүлө.

5 Гитарада ойногонду жакшы көргөн бир жигитти мисалга алалы. Ал мүмкүнчүлүгү боло калганда эле гитарасын чертип турат. Ошентип жүрүп, бир кафеде дем алыш күндөрү гитара ойноп иштей баштайт. Бирок тапкан акчасы баскан-турганына жетпегендиктен, ага бир дүкөнгө сатуучу болуп орношуп, дүйшөмбүдөн жумага чейин иштегенге туура келет. Убактысынын көбүн дүкөндөгү жумушуна бөлсө да, анын жүрөгү музыка деп согот. Ал гитарада ойноо чеберчилигин андан ары да арттырып, бара-бара дасыккан музыкант болууну самайт. Ага чейин ал ар бир мүмкүнчүлүктү колдонуп, бир аз болсо да, гитарасында ойной берет.

6 Ушу сыңары, силердин да кабар айтууга жумшай турган убактыңар чектелүү болушу мүмкүн. Бирок силер ал ишти абдан жакшы көрөсүңөр. Ошондуктан Падышалык жөнүндөгү кабарды адамдардын жүрөгүнө жеткире айтуу жагынан жакшырууга умтуласыңар. Убактыңарды дагы башка көптөгөн иштерге жумшаш керек болгондуктан: «Кызматты жашоомдо биринчи орунга кантип коё алам?» — деп ойлонуп жүрүшүңөр мүмкүн.

КАНТКЕНДЕ КЫЗМАТТЫ БИРИНЧИ ОРУНГА КОЁ АЛАСЫҢАР?

7, 8. Кызматты жашоодо биринчи орунга коюу жагынан Исадан кандай үлгү алсак болот?

7 Кызматты жашоодо башкы орунга коюу жагынан Иса мыкты үлгү калтырган. Ал бүт көңүлүн Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кабар айтуу ишине топтогон (Жкн. 4:34, 35). Мүмкүн болушунча көп кишиге кабар айтыш үчүн ал жүздөгөн чакырым жолду басып өткөн. Адамдар менен, алардын үйүндө болобу, башка жерлердеби, сүйлөшүүгө дайыма мүмкүнчүлүк издеген. Анын бүт жашоосу кызмат менен байланышта болгон.

8 Кайсы жерде жүрбөйлү, кайсы учурда болбосун, жакшы кабарды айтуунун жолдорун издөө менен Исадан үлгү алган болобуз. Биз кабар айтуу ишине катышуу үчүн өз ыңгайыбыздан баш тартууга даярбыз (Мр. 6:31—34; 1 Пет. 2:21). Мисалы, айрымдар атайын пионер, үзгүлтүксүз же көмөкчү пионер болуп кызмат кылышат. Дагы башкалары бөтөн тилди үйрөнүүдө же жарчыларга муктаждык чоң жерге көчүп барууда. Анткен менен иштин көбүн кабар айтуу кызматына колунан келишинче үзгүлтүксүз катышып жаткан жарчылар бүтүрүүдө. Кызматта көп кылабызбы же азбы, кандай болбосун, Жахаба алыбыз жетпей турган нерсени талап кылбайт. Эң негизгиси, ал баарыбыздын ыйык кызматтан кубаныч алышыбызды каалайт. Анткени биз «бактылуу Кудайдын... даңктуу жакшы кабарын» жарыялап жатабыз (1 Тим. 1:11; Мыйз. 30:11).

9. а) Өзүн камсыз кылыш үчүн иштегенге туура келсе да, Пабыл кантип кызматын биринчи орунга койгон? б) Элчилер 28:16, 30, 31ден Пабылдын кызматка болгон көз карашы тууралуу эмнени билүүгө болот?

9 Кызматты жашоосунда негизги орунга коюу жагынан элчи Пабыл да жакшы үлгү калтырган. Экинчи миссионердик сапарында Корунт шаарында жүргөндө, акчасы тартыш болгондуктан, ага бир нече убакыт чатыр тигип иштегенге туура келген. Ошентсе да жумушка баш-оту менен кирип кеткен эмес. Пабыл кызматын улантууга каражаты болуш үчүн гана иштеген. Ошонун аркасында эч кимге жүк болбой, корунттуктарга жакшы кабарды жарыялай алган (2 Кор. 11:7). Жан багыш үчүн иштөөгө туура келсе да, Пабыл андан ары да кызматты биринчи орунга коюп, Ишемби сайын кабар айткан. Ал эми жагдайы жакшыргандан кийин, мурдагыдан да көбүрөөк кызмат кыла баштаган. Ал «өзүн толугу менен Кудайдын сөзүн жарыялоого арнап», «жүйүттөргө Исанын Машаяк экенин күбөлөндүрүп, далилдеген» (Элч. 18:3—5; 2 Кор. 11:9). Кийинчерээк Римде 2 жыл бою үй камакта отурганда ал өзүнө келгендердин баарына күбөлөндүргөн. Андан тышкары, бир нече кат жазган. (Окугула: Элчилер 28:16, 30, 31.) Ал эч бир нерсенин аны кызматынан алаксытышына жол берген эмес. Ошондуктан: «Ушундай кызматка ээ болгондуктан биз багынбайбыз»,— деп жазган (2 Кор. 4:1). Жумушубуз убактыбыздын көбүн алып жатса да, Пабылдай болуп, Падышалыктын ишин жашообузда биринчи орунга коё алабыз.

Кызматыбызды толугу менен аткаруунун көп жолдору бар (10, 11-абзацтарды карагыла)

10, 11. Ден соолугуңар начар болсо да, канткенде кызматыңарды толугу менен аткара аласыңар?

10 Карылыктан же ден соолугуңардын начардыгынан улам үймө-үй кабар айта албай жатсаңар, кызматтын башка түрлөрүнө катышсаңар болот. Исанын 1-кылымдагы жолдоочулары, кишилерди кайсы жерден кезиктирбесин, жакшы кабарды жарыялоого дилгир болушкан. Алар үймө-үй жүргөндө да, эл алдында да, расмий эмес да, айтор, ар бир мүмкүнчүлүктү колдонуп, чындык жөнүндө күбөлөндүрүшкөн (Элч. 17:17; 20:20). Силер да ушинте аласыңар. Эгер көпкө баса албасаңар, анда киши көп жерлерде отуруп алып ары-бери өткөндөргө кабар айтсаңар болот. Же болбосо расмий эмес жол менен, телефон аркылуу кабар айтсаңар же кат жазсаңар болот. Мүмкүнчүлүгү чектелүү болгон көптөгөн жарчылар кызматтын ушул сыяктуу түрлөрүнө катышуунун аркасында зор кубаныч алышууда.

11 Силер да ден соолугуңардын начардыгына карабай кызматыңарды толугу менен аткара аласыңар. Элчи Пабылдын үлгүсүнө дагы бир ирет токтололу. Бир жолу ал: «Мага күч-кубат бергендин жардамы менен баарын кыла алам»,— деп айткан (Флп. 4:13). Миссионердик сапарларынын биринде катуу ооруп калгандыктан ал Кудайдын күч беришине муктаж болгон. Галатиялыктарга жазган катында: «Биринчи жолу силерге жакшы кабар айтышыма оорум себеп болгонун билесиңер»,— деген (Гал. 4:13). Анын сыңарындай, ден соолугуңардын начардыгынан улам доктурларга, медайымдарга жана силерге кам көргөн башка адамдарга кабар айтышыңарга шарт түзүлүшү мүмкүн. Андай кызматтарда иштегендердин көбү, жарчылар алардын үйүнө кабар айтып барганда, жумушта болуп калышат.

ЖАШООҢОРДУ КАНТИП ЖӨНӨКӨЙЛӨТСӨҢӨР БОЛОТ?

12. Көздү «бир эле нерсеге багыттоо» деген эмнени билдирет?

12 Иса Машаяк: «Дененин чырагы — көз. Эгер көзүң бир эле нерсеге багытталса [«жөнөкөй болсо», шилтеме], бүт денең жарык болот»,— деген (Мт. 6:22). Ал эмнени айткысы келген? Ал жашообузду жөнөкөйлөтүп, көңүлүбүздү бир эле нерсеге же бир эле максатка багытташыбыз жана башка нерселерге алаксыбашыбыз керектигин айткан. Иса өзү да бүт жашоосун кызматка арнап, мыкты үлгү калтырган, ошондой эле шакирттерин Жахабаны жана анын Падышалыгын жашоосунда биринчи орунга коюуга үйрөткөн. «Биринчи кезекте Кудайдын Падышалыгын жана адилдигин издеп», кабар айтуу ишин көңүлүбүздүн борборунда сактоо менен Исаны туурайбыз (Мт. 6:33).

13. Кызматка бүт көңүлүбүздү топтоого эмне жардам берет?

13 Кызматка бүт көңүлүбүздү топтоонун бир жолу — анча маанилүү эмес иштерден баш тартып, көбүрөөк убактыбызды башкаларга Жахабаны таанып-билүүгө жана аны сүйүүгө жардам берүүгө арноо *. Балким, жуманын ичинде көбүрөөк кабар айта алыш үчүн жумушубуздун графигин өзгөртүүнү ойлонуп көрөттүрбүз. Же убактыбызды уурдап жаткан көңүл ачууларды азайтаттырбыз.

14. Бир жубайлар кызматка көбүрөөк катышыш үчүн кандай өзгөрүүлөрдү кылышкан?

14 Кызматка көбүрөөк катышыш үчүн Илайэс деген аксакалдын жана анын жубайынын эмнелерди кылганына көңүл бурсаңар. Илайэс мындай дейт: «Пионердик кызматка дароо киришпесек да, кабар айтуу ишине көбүрөөк катышууга аракет кыла баштадык. Ан үчүн алдыбызга кичинекей максаттарды койдук. Мисалы, ашыкча чыгымдарды азайттык, көңүл ачууга кеткен убактыбызды кыскарттык жана жумуш берүүчүбүздөн графигибизди өзгөртүп беришин сурандык. Натыйжада кызматка кечкисин чыгууга шарт түзүлдү, Ыйык Китепти көбүрөөк киши менен изилдей баштадык, атүгүл айына эки жолу иш күндөрү кабарга чыгууга мүмкүнчүлүгүбүз болуп калды. Бул бизге чоң кубаныч тартуулады».

КАБАР АЙТУУ ЖАНА ОКУТУУ ЖӨНДӨМҮН КАНТИП ЖАКШЫРТА АЛАСЫҢАР?

Иш күндөрүндөгү жолугушуудан билгендерибизди колдонсок, кабар айтуу жана окутуу ишинде жакшыра беребиз (15, 16-абзацтарды карагыла) *

15, 16. 1 Тиметей 4:13, 15ке ылайык, канткенде кабарды чебердик менен айтууга үйрөнө алабыз? (« Кызматымды толугу менен аткарууга жардам берген максаттар» деген кутучаны карагыла.)

15 Кызматыбызды толук аткаруунун дагы бир жолу — кабар айтуу жана окутуу жөндөмүн жакшыртуу. Кээ бир кесиптин ээлеринен билимин арттырып, жөндөмүн өрчүтүш үчүн дайыма окуп-үйрөнүп туруу талап кылынат. Падышалыктын жарчылары тууралуу да ушуну айтууга болот. Биз кызматыбызды натыйжалуу аткарганды мындан ары да үйрөнө беришибиз керек (Накыл 1:5; окугула: 1 Тиметей 4:13, 15).

16 Ан үчүн эмне кылышыбыз зарыл? Жума сайын өткөрүлгөн Ыйык кызматыбыз жана жашообуз жолугушуусунда берилип жаткан көрсөтмөлөргө көңүл бурушубуз талап. Ал жолугушуудан кабар айтуу жөндөмүбүздү өрчүтүүгө байланыштуу баалуу кеңештер берилип турат. Алсак, төрага тапшырмасын аткарган бир тууганга кеңеш берип жатканда, анын айткандарын кунт коюп угуу менен кызматыбызды жакшыртканга жардам берген ойлорду таба алабыз. Анан аларды кабарга чыкканда колдонсок болот. Ошондой эле кабар айтуу тобунун көзөмөлчүсүнөн кеңеш сурасак же аны менен кызматка жазылсак болот. Башка тажрыйбалуу жарчы, пионер же райондук көзөмөлчү менен кызматташып да көп нерсени үйрөнө алабыз. Негизги окутуу куралдарына кирген ар бир куралды чебердик менен колдонууну үйрөнгөндүн аркасында кабар айтуу жана окутуу ишинен көбүрөөк кубаныч аларыбыз шексиз.

17. Кызматыңарды толугу менен аткарганда кандай сезимде болосуңар?

17 Жахабанын бизге анын «кызматташтары» болууга мүмкүнчүлүк берип жатканы кандай гана чоң сыймык! (1 Кор. 3:9). «Эмне маанилүүрөөк экенин баамдап», бүт көңүлүңөрдү кызматка топтосоңор, «Жахабага кубаныч менен кызмат кыласыңар» (Флп. 1:10; Заб. 100:2). Кандай кыйынчылык, кандай тоскоолдук болбосун, кызматыңарды аягына чейин аткара алышыңар үчүн, Кудайдын силерге зарыл күч берерине шектенбесеңер болот (2 Кор. 4:1, 7; 6:4). Аз болобу же көппү, жагдай-шартыңарга жараша кызматка мүмкүн болушунча бүт күчүңөр менен катыша берсеңер, кубаныч аласыңар (Гал. 6:4). Кызматыңарды толугу менен аткаруунун аркасында Жахабага жана жакындарыңарга болгон сүйүүңөрдү көрсөтөсүңөр. Ошентүү менен өзүңөрдүн эле эмес, силерди уккандардын да куткарылышына шарт түзөсүңөр (1 Тим. 4:16).

58-ЫР: Тынчтыкты эңсегендерди издейли

^ 5-абз. Бизге Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды айтуу жана шакирт даярдоо иши тапшырылган. Бул макалада кызматыбызды дайыма, атүгүл кандайдыр бир жеке кыйынчылыктар тоскоолдук кылса да, кантип толугу менен аткара аларыбызды карап чыгабыз. Ошондой эле кабар айтуу ишинде канткенде көбүрөөк натыйжага жетип, кубанычыбызды арттыра аларыбызга токтолобуз.

^ 4-абз. ТҮШҮНДҮРМӨ. Кызматыбызга кабар айтуу жана окутуу ишинин ар кандай түрлөрү, теократиялык имараттарды куруу, аларды жакшы абалда күтө билүү, ошондой эле табигый кырсыктан жапа чеккендерге көмөк кылуу кирет (2 Кор. 5:18, 19; 8:4).

^ 13-абз. 2016-жылдын июль айындагы «Күзөт мунарасынын» 10-бетине чыккан «Жашооңду кантип жөнөкөйлөтсөң болот?» деген кутучадагы 7 кеңешти карагыла.

^ 62-абз. СҮРӨТТӨР. Иш күндөрүндөгү жолугушууда жарчы кайра жолугууну көрсөтүп берип жатат. Анан төрага кеңеш берип жатканда, ал «Үйрөтүү» китепчесинен керектүү ойлорду белгилеп алууда. Андан соң дем алыш күндөрү кабарга чыгып, жыйналыштан үйрөнгөндөрүн колдонууда.