Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

15-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Машаяктан үлгү алып, жан дүйнө тынчтыгын сактагыла

Машаяктан үлгү алып, жан дүйнө тынчтыгын сактагыла

«Кудайдын ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыгы жүрөгүңөр[дү]... сактайт» (ФЛП. 4:7).

113-ЫР: Кудайдын элинин арасындагы тынчтык

БУЛ МАКАЛАДА *

1, 2. Иса эмнелерди ойлоп бушайман болгон?

ЖЕРДЕГИ жашоосунун акыркы күнү Иса Машаяк көп нерсени ойлоп бушайман болгон. Бир нече убакыттан кийин аны ыймансыз кишилер мыкаачылык менен өлтүрүшмөк. Бирок анын жүрөгүн дагы башка нерселер түпөйүл кылган. Алсак, Иса асмандагы Атасын аябай жакшы көргөн жана дайыма ага жагууну каалаган. Ал алдыдагы оор сыноодо ишенимдүүлүгүн сактаса, Жахабанын ысмынын акталышына салым кошорун билген. Иса адамдарды да жакшы көргөн жана өмүрүнүн аягына чейин Жахабага болгон берилгендигин сактаар-сактабасынан адамзаттын түбөлүк өмүргө болгон үмүтү көз каранды экенин жакшы билген.

2 Бирок ошондой кыйын учурда да дүрбөлөңгө түшкөн эмес. Ал элчилерине: «Мен силерге... өзүмдүн тынчтыгымды берип жатам»,— деген (Жкн. 14:27). Иса Кудайдын тынчтыгына ээ болгон. Андай бейкуттукка адам Жахаба менен ынак мамиле өрчүтүүнүн аркасында гана ээ боло алат. Ошол тынчтык Исанын жүрөгү менен акылын сактаган (Флп. 4:6, 7).

3. Бул макалада эмнени талкуулайбыз?

3 Эч кимибиз Исаныкындай сыноого эч качан кабылбайбыз. Бирок аны жолдогондордун баары кыйынчылыктарга туш болушат (Мт. 16:24, 25; Жкн. 15:20). Ошондуктан биз да, ага окшоп, кээде бушайман болушубуз мүмкүн. Андайда өтө эле тынчсыздана бербегенге, жан дүйнө бейкуттугун сактаганга эмне көмөк кылат? Анда эмесе, жерде кызмат кылып жүргөндө Исага кайсы үч нерсе жардам бергенин жана кыйынчылыкка кабылганда андан кандай үлгү алсак болорун талкуулайлы.

УЛАМ-УЛАМ ТИЛЕНГЕН

Тиленсек, жүрөгүбүз тынч болот (4—7-абзацтарды карагыла)

4. Исанын жердеги жашоосунун акыркы күнү, 1 Тесалоникалыктар 5:17де кеңеш кылынгандай, көп жолу тиленгенине мисал келтиргиле.

4 Окугула: 1 Тесалоникалыктар 5:17. Өлүм жазасына тартылардын алдындагы күнү Иса көп жолу тиленген. Мисалы, өзүнүн өлүмүн эскерүү кечесин негиздеп жатканда нанды, анан шарапты алып тиленген (1 Кор. 11:23—25). Пасах тамагын жегенден кийин ал жерден кетерде шакирттери менен тиленген (Жкн. 17:1—26). Ошол түнү алар менен чогуу Зайтун тоосуна барганда да бир нече жолу тиленген (Мт. 26:36—39, 42, 44). Ошондой эле так өлөр алдындагы акыркы сөздөрү да Жахабага айткан тиленүүсү болгон (Лк. 23:46). Ооба, жердеги өмүрүнүн акыркы күнү Иса ар бир маанилүү учурда Жахабадан тиленген.

5. Элчилер эмне үчүн кайратын жоготуп коюшкан?

5 Исанын сыноого сынбаганынын бир себеби ал Атасына таянып, кайра-кайра тиленген. Ал эми элчилери ошол түнү тиленүүгө анча олуттуу маани беришкен эмес. Ошондон улам сыноо учурунда кайратын жоготуп коюшкан (Мт. 26:40, 41, 43, 45, 56). Кыйынчылыкка кабылганда, Исадай болуп, «үзгүлтүксүз тиленгенде» гана ишенимдүү бойдон кала алабыз. Анда эмне жөнүндө тиленсек болот?

6. Жан дүйнө тынчтыгын жоготпогонго ишеним кандайча жардам берет?

6 Жахабадан «ишенимибизди арттырышын» сурансак болот (Лк. 17:5; Жкн. 14:1). Шайтан Исанын жолун жолдогондордун ар бирине сокку ургандыктан, ишеним өрчүткөнүбүз абдан маанилүү (Лк. 22:31). Үстөкө-босток кыйынчылыкка туш болгондо, ишенимибиз жан дүйнө тынчтыгын жоготпогонго кандайча жардам берет? Ал бизге көйгөйдү чечүү үчүн колубуздан келгендин баарын кылгандан кийин калганын Жахабага тапшырып коюуга түрткү берет. Анын көйгөйлөрдү бизге караганда алда канча жакшы чечерине толук ишенгендиктен жан дүйнөбүз тынч болот (1 Пет. 5:6, 7).

7. Роберт бир туугандын айткандарынан эмнеге үйрөндүңөр?

7 Тиленүү бизге, кандай кыйынчылыкка дуушар болбойлу, өтө эле тынчсыздана бербегенге көмөк кылат. Мисалга 80 жаштардагы Роберт деген ишенимдүү аксакалды алалы. Ал: «Филипиликтер 4:6, 7де жазылган кеңеш мага көп сыноолорду көтөрүп кеткенге жардам берди. Бир кезде акча жагынан кыйналгам. Анан бир канча убакка чейин аксакал болбой калгам»,— дейт. Ага санаага батып кетпегенге эмне көмөк кылган? Ал: «Тынчсыздана баштаганда дароо тиленем. Тез-тезден жана жалындуу тиленсем, жүрөгүм кадимкидей тынч болуп каларын билем»,— деп бөлүшөт.

ЫНТАЛУУЛУК МЕНЕН КАБАР АЙТКАН

Кабар айтуу ишине катышуу менен жан дүйнө тынчтыгын сактай алабыз (8—10-абзацтарды карагыла)

8. Жакан 8:29га ылайык, дагы кайсы себептен улам Исанын жан дүйнөсү тынч болгон?

8 Окугула: Жакан 8:29. Каршылаштарынын жаман мамилесине карабай, Исанын жан дүйнөсү тынч болгон, себеби ал асмандагы Атасынын жүрөгүн кубантып жатканын билген. Ал кыйын учурларда да ага баш ийген. Иса Атасын жакшы көргөн жана ага кызмат кылууну биринчи орунга койгон. Жерге келгенге чейин ал Атасынын «чебер устасы» болгон (Накыл 8:30). Жерде жүргөндө болсо Атасы жөнүндө башкаларга күйүп-жанып айтып берчү (Мт. 6:9; Жкн. 5:17). Бул ага зор кубаныч тартуулай турган (Жкн. 4:34—36).

9. Кабар айтуу ишине өзүбүздү толугу менен арноо жан дүйнөбүздүн тынч болушуна кандайча өбөлгө түзөт?

9 Жахабага баш ийип, анын «ишин аткаруу үчүн дайыма көп эмгектенсек», Исадан үлгү алган болобуз (1 Кор. 15:58). Кабар айтуу ишине өзүбүздү толугу менен арнаганыбыз көйгөйлөрүбүзгө карата туура көз карашта болууга жардам берет (Элч. 18:5). Мисалы, биз кабар айткан адамдардын көбүнүн кыйынчылыктары биздикинен алда канча оор. Бирок Жахабага болгон сүйүүсү өсүп, анын кеңештерин колдоно баштаганда, жашоосу жакшы жакка өзгөрүп, өздөрүн бактылуураак сезе башташат. Ушундай өзгөрүүлөргө күбө болгон сайын, Жахабанын бизге да кам көрөрүнө ого бетер ынана беребиз. Бул болсо жан дүйнө бейкуттугун сактаганга көмөк кылат. Өмүр бою өзүн эч нерсеге татыксыз сезип, депрессия менен күрөшүп келаткан бир ишенимдешибиз кабар айтуу ишине ынталуу катышуу өтө тынчсызданбаганга жардам берерине ынанган. Ал мындай дейт: «Кызматка көп чыкканда сезимдеримди башкаруу оңоюраак болот жана өзүмдү бактылуураак сезем. Мунун себеби кабар айтып жүргөндө өзүмдү Жахабага жакыныраак сезгенимде болуш керек деп ойлойм».

10. Брэнда бир туугандын айткандарынан эмнеге үйрөндүңөр?

10 Брэнда деген бир туугандын да үлгүсүнө токтололу. Ал кызы экөө тең жайылма склероздон азап чегип келишет. Брэнда баса албагандыктан майыптар коляскасында отурат; күчү да аз. Ошого карабай ал мүмкүнчүлүгүнө жараша кээде үймө-үй кабар айтат, бирок негизинен кат аркылуу күбөлөндүрөт. Брэнда мындай деп бөлүшөт: «Оорумдан азыркы заманда арыла албай турганымды түшүнгөндө көңүлүмдүн баарын кызматка топтоо жеңилирээк болуп калды. Кабар айтканда көйгөйлөрүмдү көп ойлобой калам. Анын ордуна, жыйналыштын аймагында жашаган жана өзүм кабар айткан адамдарга жардам берүүнүн жолдору жөнүндө ойлоном. Ошондой эле кабар айтканымда дайыма келечекке болгон үмүтүмдү эсиме салып турам».

ДОСТОРУНУН ЖАРДАМЫН КАБЫЛ АЛГАН

Жакшы достор менен пикирлешүү жан дүйнөбүздүн тынч болушуна өбөлгө түзөт (11—15-абзацтарды карагыла)

11—13. а) Элчилер жана башкалар Исанын чыныгы досу экенин кантип көрсөтүшкөн? б) Досторунун колдоосунан улам Иса кандай сезимде болгон?

11 Иса Машаяк жерде кызмат кылып жүргөндө, ишенимдүү элчилери дайыма ага колдоо көрсөтүп, чыныгы дос экенин далилдешкен. Алар Ыйык Китептеги: «Бир туугандан да жакын дос болот»,— деген сөздөрдүн калетсиз экенин иш жүзүндө көрсөтүшкөн (Накыл 18:24). Иса андай досторун жогору баалаган. Ал кызмат кылып жүргөн жылдары уялаш бир туугандарынын эч кимиси ага ишенген эмес (Жкн. 7:3—5). Атүгүл алар бир жолу аны акылынан айнып калды деп ойлошкон (Мр. 3:21). Ал эми ишенимдүү элчилери Исанын чыныгы досторунан болушкан. Ошондуктан ал өлөрүнүн алдындагы түнү аларга: «Силер, сыноолорго кабылганымда, жанымда болдуңар»,— деген (Лк. 22:28).

12 Албетте, элчилердин деле ката кетирип, Исаны капаланткан учурлары болгон. Бирок Иса алардын кемчиликтерине эмес, ага ишеним артышканына көңүл топтогон (Мт. 26:40; Мр. 10:13, 14; Жкн. 6:66—69). Өлүм жазасына тартылардын алдында ишенимдүү элчилери менен өткөргөн акыркы түнү Иса аларга: «Мен силерди досторум деп атадым, себеби силерге Атамдан уккандарымдын баарын ачып бердим»,— деген (Жкн. 15:15). Досторунун Исага дем-күч берип турганы шексиз. Алардын кызматта көрсөткөн жардамы анын жүрөгүн кубанычка бөлөгөн (Лк. 10:17, 21).

13 Исанын элчилерден башка да көптөгөн достору болгон. Алардын арасында эркектер да, аялдар да бар болчу. Алар Исага кабар айтуу ишинде жана башка жолдор менен көмөк көрсөтүшкөн. Айрымдары аны үйүнө конокко чакырышкан (Лк. 10:38—42; Жкн. 12:1, 2). Башкалары аны сапарларында коштоп жүрүшкөн жана ага колунда болгон нерселери менен кызмат кылышкан (Лк. 8:3). Чынында эле, Иса жакшы досторго бай болгон, анткени ал өзү да жакшы дос болгон. Ал досторуна көп жакшылык кылган жана алардан колунан келбеген нерсени талап кылган эмес. Иса жеткилең болсо да, жеткилең эмес досторунун жардамын ыраазычылык менен кабыл ала билген. Досторунун ага жан дүйнө тынчтыгын сактоого жардам бергени күмөнсүз.

14, 15. Жакшы досторду табуу үчүн эмне кылышыбыз керек жана алар бизге кантип жардам беришет?

14 Жакшы досторубуз Жахабага болгон берилгендигибизден жазбаганга күч берип турат. Ал эми андай дос күтүш үчүн өзүбүз жакшы дос болушубуз керек (Мт. 7:12). Ыйык Китепте баарыбыз башкалардан, өзгөчө, «муктаж болгондордон» убактыбыз менен күчүбүздү аябаганга чакырылабыз (Эф. 4:28). Мисалы, силер жыйналышыңардагы кайсы ишенимдешиңерге көмөк көрсөтсөңөр болот? Карылыктан же оорудан улам үйүнөн чыга албаган бир тууганга керектүү нерсесин сатып келип бере аласыңарбы? Балким, тыйын-тыпырдан кыйналып жаткан үй-бүлөгө тамак-аш жагынан жардам бере алаттырсыңар. Же jw.org сайтын, JW Library тиркемесин колдонгонду билсеңер, жыйналыштагы башка жарчыларга аларды колдонгонду үйрөтөттүрсүңөр. Башкаларга жардам берүүгө жан-дилден умтулсак, көбүрөөк бактылуу болобуз (Элч. 20:35).

15 Башыбызга мүшкүл түшкөндө, досторубуз колдоо көрсөтүп, жан дүйнө тынчтыгын сактаганга жардам беришет. Аюп пайгамбар жүрөгүндөгү кайгысын айтып жатканда, досу Элиу сөзүн бөлбөй уккандай эле, досторубуз бизди да кунт коюп угушат (Аюп 32:4). Алардын биздин ордубузга чечим чыгарышын күтпөшүбүз керек. Анткен менен Ыйык Китептин негизинде берген кеп-кеңештерине кулак салганыбыз акылдуулукка жатат (Накыл 15:22). Ошондой эле досторунун жардамын кабыл алган Дөөтү падышадан үлгү алып, кыйынчылыкка кабылганда досторубуздун жардамын момундук менен кабыл ала билишибиз кажет (2 Шем. 17:27—29). Ырас, чыныгы дос — Жахабанын белеги (Жкп. 1:17).

ЖАН ДҮЙНӨ ТЫНЧТЫГЫН КАНТИП САКТАЙ АЛАБЫЗ?

16. Филипиликтер 4:6, 7ден көрүнүп тургандай, канткенде тынчтыкка ээ боло алабыз? Түшүндүргүлө.

16 Окугула: Филипиликтер 4:6, 7. Эмне үчүн Жахаба биздин «Машаяк Иса аркылуу» тынчтыкка ээ болорубузду айткан? Анткени Исанын Жахаба Кудайдын ой-ниетинин ишке ашышында кандай роль ойноорун түшүнүп, ага ишенгенде гана жүрөгүбүзгө тынчтык орнойт. Алсак, Машаяктын куткаруу курмандыгынын аркасында бардык күнөөлөрүбүз кечирилет (1 Жкн. 2:12). Муну билүү кандай гана сооротот! Кудайдын Падышалыгынын Падышасы катары Иса Машаяк жакында бизди Шайтан менен анын дүйнөсүнүн айынан кабылып жаткан бардык кыйынчылыктардан арылтат (Ыш. 65:17; 1 Жкн. 3:8; Аян 21:3, 4). Жаркын келечекке болгон бул үмүт бизге кандай гана дем-шык берет! Иса тапшырган ишти аткаруу оңой эмес. Бирок ал биз менен болуп, бул дүйнөнүн акыркы оор күндөрүндө колдоп-коргоп турарын убада кылган (Мт. 28:19, 20). Бул баарыбызга зор кайрат берет! Ооба, сооронуч, үмүт, кайрат жан дүйнө бейкуттугуна ээ болууга өбөлгө түзгөн маанилүү нерселерге кирет.

17. а) Канткенде жан дүйнө бейкуттугун сактай алабыз? б) Жакан 16:33тө убада кылынгандай, ар бирибиз эмне кыла алабыз?

17 Корутундулай турган болсок, кыйын кезеңде канткенде жан дүйнө тынчтыгын сактай алабыз? Ан үчүн Иса Машаяктан үлгү алышыбыз керек. Биринчиден, ага окшоп, Кудайдан үзгүлтүксүз тиленишибиз зарыл. Экинчиден, кыйын болгондо да Жахабага баш ийгенибиз жана кабар айтуу ишине ынталуу катышканыбыз маанилүү. Үчүнчүдөн, досторубуздан жардам сурашыбыз кажет. Ушуларды кылсак, Кудайдын тынчтыгы акылыбыз менен жүрөгүбүздү сактайт. Анын аркасында, Исадай болуп, бардык кыйынчылыктарды жеңе алабыз. (Окугула: Жакан 16:33.)

41-ЫР: Тиленүүмдү уга көр

^ 5-абз. Баарыбыз эле жүрөгүбүздү уйгу-туйгу кылган ар кандай кыйынчылыктарга кабылабыз. Бул макалада Исага жан дүйнө тынчтыгын сактап калууга кайсы үч нерсе жардам бергенин жана ошол нерселер бизге да оор учурларда кандайча жардам берерин карап чыгабыз.