Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

16-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Өлүм жөнүндөгү чындыкты жактагыла

Өлүм жөнүндөгү чындыкты жактагыла

«Чындык кабарын жалган кабардан... айырмалап билебиз» (1 ЖКН. 4:6).

73-ЫР: Кайраттуу кыла көр

БУЛ МАКАЛАДА *

Кудайга жакпаган каада-салттарга катышкандын ордуна, жакынынан айрылган туугандарыңарды сооротуп-жубаткыла (1, 2-абзацтарды карагыла) *

1, 2. а) Шайтан адамдарды кантип адаштырган? б) Бул макалада эмнелер каралат?

ШАЙТАН — «жалгандын атасы». Ал адамдарды тээ эзелтен бери адаштырып келет (Жкн. 8:44). Анын калпы өз ичине өлүм жана өлгөндөн кийинки жашоо туурасындагы жалган окууларды камтыйт. Ошол окуулардан улам азыр кеңири таралган көптөгөн каада-салттар менен ырым-жырымдар пайда болгон. Ушунун айынан айрым ишенимдештерибизге, үй-бүлөсүндө же жамаатында кимдир бирөө каза болгондо, «ишеним үчүн тырышып күрөшүүгө» туура келет (Жүй. 3).

2 Эгер силер да ушундай сыноого туш болуп жатсаңар, Ыйык Китептен өлүм тууралуу билгендериңерге бекем карманууга эмне жардам берет? (Эф. 6:11). Кудайга жакпаган каадаларга катышууга кысым көрсөтүлүп жаткан ишенимдештериңерди кантип жубатсаңар жана колдосоңор болот? Бул макалада Жахабанын бул жагынан бизге кантип жардам берери каралат. Анда адегенде Ыйык Китепте өлгөндөрдүн абалы тууралуу эмне деп айтыларына токтололу.

ӨЛГӨНДӨРДҮН АБАЛЫ ЖӨНҮНДӨГҮ ЧЫНДЫК

3. Алгачкы калптын кесепети кандай болгон?

3 Кудай адамдардын өлүшүн эч качан ниет кылган эмес. Түбөлүк жашашы үчүн Адам ата менен Обо эне Жахабанын тилин алышы керек болчу. Жахаба: «Бактагы бардык дарактын жемишинен каалашыңча жесең болот. Бирок жакшы менен жаманды таанытып билдире турган дарактын жемишинен жебе, болбосо аны жеген күнү өлөсүң»,— деген жөнөкөй эле осуят берген (Башт. 2:16, 17). Шайтан Кудайдын бул осуятын буздуруш үчүн жылан аркылуу Обо энени: «Жок, өлбөйсүңөр»,— деп алдаган. Тилекке каршы, Обо эне анын калпына ишенип, тыюу салынган жемиштен жеген. Кийинчерээк ага күйөөсү да кошулган (Башт. 3:4, 6). Ошентип, күнөө менен өлүм адамдарды бийлей баштаган (Рим. 5:12).

4, 5. Шайтан адамдарды кантип адаштырып келет?

4 Кудай айткандай эле, Адам ата менен Обо эне өлүшкөн. Бирок Шайтан Обо энени алдап эле тим болгон эмес. Кийинчерээк ал өлүмгө байланыштуу дагы башка жалган нерселерди тарата баштаган. Алардын бири — өлгөн адамдын жаны көзгө көрүнбөгөн чөйрөдө андан ары да жашай берет деген окуу. Ал жалган окуунун ар кандай түрлөрү азыркы убакка чейин сан жеткис адамдарды адаштырып келет (1 Тим. 4:1).

5 Эмне үчүн буга ушунча көп киши алданып калган? Анткени Шайтан адамдардын өлгүсү келбей турганын билет жана алардын ошол табигый каалоосун өз кызыкчылыгы үчүн колдонот. Түбөлүк жашай алгыдай кылып жаратылгандыктан эч кимибиз өлүмгө моюн сунууну каалабайбыз (Нас. 3:11). Биз өлүмдү душман катары көрөбүз (1 Кор. 15:26).

6, 7. а) Шайтан өлгөндөрдүн абалы жөнүндөгү чындыкты жашырууда ийгиликке жеттиби? Түшүндүргүлө. б) Ыйык Китептеги чындык өлгөндөрдөн коркпогонго кандайча жардам берет?

6 Бирок Шайтан канча аракет кылбасын, өлүм жөнүндөгү чындык жашыруун бойдон калган жок. Өлгөндөрдүн абалы, аларга байланыштуу үмүт тууралуу Ыйык Китептеги чындыкты азыркы тапта болуп көрбөгөндөй көп адамдар билип, аны жарыялап жатышат (Нас. 9:5, 10; Элч. 24:15). Бул чындык бизди жубатат жана өлүмдөн коркпогонго, адам өлгөндөн кийин эмне болот деп бушайман боло бербегенге жардам берет. Мисалы, биз өлгөндөрдөн коркпойбуз же алар тиги дүйнөдө кыйналып жатат деп тынчсызданбайбыз. Анткени алардын эч нерсе сезбей, билбей турганын, эч кимге зыян келтире албасын билебиз. Көзү өтүп кеткендер катуу уктап жаткандагыдай абалда болушат (Жкн. 11:11—14). Алар убакыттын өтүп жатканын да билишпейт. Андыктан тирилгендер үчүн, атүгүл өлгөнүнө канча кылым болсо да, убакыт көз ачып-жумганча эле өтүп кеткендей болот.

7 Өлгөндөрдүн абалы жөнүндөгү чындыктын айкын-так, жөнөкөй жана акылга сыярлык экенине силер да кошулат чыгарсыңар. Бул Шайтандын өлүмгө байланыштуу чырмалышкан жалган окууларынан кандай гана айырмаланат. Анын калпы адамдарды адаштыргандан сырткары, Жаратканыбызга тил тийгизет. Шайтандын канчалык чоң зыян келтиргенин толук түшүнүш үчүн бул суроолорду карап чыкканыбыз маанилүү: Анын жалган окуулары Жахабаны кандайча жаманатты кылат? Алар Машаяктын куткаруу курмандыгына ишенүү маанилүү эмес деген ойго кандайча түртөт? Күйүт тарткандардын кайгысын кандайча ого бетер күчөтөт?

ШАЙТАН ТАРАТКАН КАЛПТЫН ЗАЛАКАСЫ

8. Жеремия 19:5те жазылгандарды эске алганда, Шайтандын өлгөндөр жөнүндөгү калпы Жахабага кандайча тил тийгизет?

8 Шайтандын өлгөндөр жөнүндөгү калпы Жахабаны жаманатты кылат. Анын калпына тозок оту жөнүндөгү окуу кирет. Бул Кудайга тил тийгизет. Кандайча? Ал жалган окуу сүйүүгө толгон мээримдүү Кудайды Ибилистей мыкаачы кылып көрсөтөт (1 Жкн. 4:8). Асмандагы Атабыз жөнүндө мындай терс ойлорду укканда биз аябай жаман болобуз. Бул мыкаачылыктын бардык түрүн жек көргөн Жахабанын да жүрөгүн оорутат. (Окугула: Жеремия 19:5.)

9. Шайтандын калпы көптөрдү Жакан 3:16да жана Жакан 15:13тө айтылган Машаяктын куткаруу курмандыгы жөнүндө кандай ойдо болууга түртөт?

9 Шайтандын өлүм жөнүндөгү жалган окуулары Машаяктын куткаруу курмандыгына ишенүү маанилүү эмес деген ойго түртөт (Мт. 20:28). Анын калпына адамдардын өлбөс жаны бар деген окуу да кирет. Эгер анын айтканы чын болсо, ар бир адам түбөлүк жашамак. Анда түбөлүк өмүр сүрүшүбүз үчүн Машаяктын биз үчүн өмүрүн берип, кун төлөшүнүн зарылдыгы болмок эмес. Бирок Исанын куткаруу курмандыгы адамзатка көрсөтүлгөн эң күчтүү сүйүү болгонун эстен чыгарбашыбыз керек. (Окугула: Жакан 3:16; 15:13.) Бул баа жеткис белекти пайдасыз кылып көрсөткөн жалган окуулардын жайылып жатканын көргөндө Жахаба менен Исанын кандай сезимде болорун элестетип көрсөңөр.

10. Шайтан чыгарган жалган окуулар кандайча адамдардын кайгысын ого бетер күчөтөт?

10 Шайтан чыгарган жалган окуулар адамдардын кайгысын ого бетер күчөтөт. Чүрпөсүнөн айрылып, кан жутуп турган ата-энеге көптөр Кудай алардын баласын периште кылыш үчүн асманга алып кетти деп айтышат. Бул калп алардын күйүтүн жеңилдетеби же оордотобу? Мурун чиркөөнүн окууларына каршы чыккандарды кыйнагандар, анын ичинде аларды устунга байлап өрттөгөндөр өздөрүнүн иш-аракетин акташ үчүн тозок оту жөнүндөгү жалган окууну колдонушчу. Испан инквизициясы тууралуу жазылган бир китепке ылайык, чиркөөгө каршы күрөшкөндөрдү таш боордук менен кыйнагандардын айрымдары аларга «түбөлүк тозок отуна түшүү кандай болорун татып көрүүгө» мүмкүнчүлүк берип жатабыз деп ойлошкон. Ошентүү менен алар азапкечтерге өлөр алдында өкүнүүгө түрткү берип, тозок отунан куткарып калабыз деп ишенишкен. Бүгүнкү күндө айрым өлкөлөрдө көзү өтүп кеткен ата-бабаларын урматташ үчүн же алардын колдоосуна ээ болуш үчүн жыт чыгарышат, малдан курмандык чалышат. Башкалары болсо, маркумдар зыян келтирбеши үчүн, аларды ыраазы кылуу максатында ар кандай ырым-жырымдарды кылышат. Бирок Шайтандын калпына негизделген окуулар күйүт тарткандарды чындап жубата албайт. Анын ордуна, ашыкча түйшүккө батышына, атүгүл коркуп жашашына себеп болот.

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ЧЫНДЫКТЫ КАНТИП ЖАКТАЙ АЛАБЫЗ?

11. Туугандарыбыз же досторубуз Ыйык Жазмага каршы келген салттарга катышууга кантип кысым көрсөтүшү мүмкүн?

11 Туугандарыбыз же досторубуз жакшы эле ой менен өлгөндөргө байланыштуу ар кандай туура эмес каада-салттарга катышууга үндөп, кысым көрсөтүшү мүмкүн. Кудайга жана Ыйык Жазмага болгон сүйүүбүз ошондой учурларда да туура иш кылууга күч берет. Туугандарыбыз кайтыш болгон жакыныбызды жакшы көрбөй турганыбызды, сыйлабасыбызды айтып, бизди уяткарууга аракет кылышы ыктымал. Же биздин айыбыздан маркумдардын арбагы урарын айтып коркутушу мүмкүн. Ушундай учурларда Ыйык Китептеги чындыкты кантип жактай алабыз? Төмөндөгү принциптерди кантип колдонсо болоруна көңүл бурсаңар.

12. Өлгөндөргө байланыштуу кайсы салттар Ыйык Жазмага ачыктан ачык каршы келет?

12 Ыйык Жазмага каршы келген окууларга, салттарга аралашпоого чечкиндүү болгула (2 Кор. 6:17). Кариб аралдарындагы бир элде адам өлгөндө анын арбагы тегерек-четте жүрөт жана ага тил тийгизгендерди жазалайт деген түшүнүк бар. Бир эмгекте ал арбактын атүгүл «бүт жамаатка зыян келтириши» мүмкүн экени айтылган. Ал эми Африканын айрым жерлериндеги бир салтка ылайык, каза болгон кишинин үйүндө күзгүлөрдүн бетин жаап, маркумдун сүрөттөрүн тескери каратып коюшат. Эмне үчүн? Кээ бирлер маркумдар өздөрүн көрбөшү керек деп эсептешет. Бирок биз Шайтандын калпын жайылтууга өбөлгө түзгөн бир да жаңылыш түшүнүккө ишенбейбиз, бир да ырым-жырымга катышпайбыз (1 Кор. 10:21, 22).

Адабияттарыбызды кылдат изилдөө, Жахабага сыйынбаган туугандарга көз карашыбызды так-айкын түшүндүрүү көйгөйлөрдөн качууга жардам берет (13, 14-абзацтарды карагыла) *

13. Кайсы бир салттын Ыйык Жазмага каршы келер-келбесин билбей жатсаңар, Жакып 1:5ке ылайык, эмне кылышыңар керек?

13 Кайсы бир каада-салттын Ыйык Жазмага каршы келер-келбесин билбей жатсаңар, Жахабадан акылмандык сурагыла. (Окугула: Жакып 1:5.) Андан соң адабияттарыбызда буга байланыштуу эмне айтыларын изилдегиле. Зарыл болсо, аксакалдар менен кеңешкиле. Албетте, алар силердин ордуңарга чечим чыгарбайт, бирок көңүлүңөрдү жагдайыңарга ылайык келген ыйык китептик принциптерге бурат. Алардын айрымдарын ушул макаладан тапса болот. Ушундай кадамдарды кылуунун аркасында акылыңарды машыктырасыңар, бул өз кезегинде «жакшы менен жаманды айырмалай билүүгө» жардам берет (Евр. 5:14).

14. Канткенде эч кимдин мүдүрүлүшүнө себепкер болбойбуз?

14 «Баарын Кудайды даңкташ үчүн кылгыла», эч кимдин «мүдүрүлүшүнө себепкер болбогула» (1 Кор. 10:31, 32). Кайсы бир каада-салтка катышар-катышпасыбызды чечип жатканда чечимибиздин башкаларга, айрыкча, ишенимдештерибизге кандай таасир этерин ойлонушубуз керек. Биз эч кимдин мүдүрүлүшүнө себепкер болгубуз келбейт (Мр. 9:42). Андан сырткары, Жахабага кызмат кылбагандардын сезимдерин оорутуп алууну каалабайбыз. Сүйүүбүздөн улам аларга сылык сүйлөгөнгө умтулабыз. Бул болсо Жахабанын даңкталышына шарт түзөт. Ошондой эле талашып-тартышуудан же алар карманган каада-салттарды сынга алуудан качабыз. Сүйүүнүн зор күчкө ээ экенин эч качан унутпайлы. Башкаларды урматтап, сезимин эске алсак, сүйүү көрсөткөн болобуз. Ошентсек, атүгүл бизге каршы болгондордун да жүрөгүндөгү муз эриши мүмкүн.

15, 16. а) Башкаларга эмнеге ишенериңерди айтып коюу эмне үчүн акылдуулукка жатат? Мисал айтып бергиле. б) Пабылдын Римдиктер 1:16да жазылган сөздөрүнүн бизге кандай тиешеси бар?

15 Башкаларга Жахабанын Күбөсү экениңерди билдирип койгула (Ыш. 43:10). Эгер туугандарыңар, кошуналарыңар Жахабага сыйынарыңарды билсе, кысым көрсөтүлгөн учурларда туура иш кылуу оңоюраак болушу мүмкүн. Мозамбикте жашаган Франциско мындай дейт: «Жубайым Каролина экөөбүз чындык жолуна түшкөндө туугандарыбызга мындан ары өлгөндөргө сыйынбай турганыбызды айттык. Кайнежем каза болгондо, ошол чечимге канчалык бекем карманарыбыз сыналды. Жергиликтүү салтка ылайык, диний каада учурунда сөөк жуулат. Андан соң анын эң жакын тууганы сөөк жууганда колдонулган суу төгүлгөн жерде үч түн түнөшү керек. Бул жөрөлгө маркумдун арбагын ыраазы кылуу максатында аткарылат. Кайындарым аны Каролина аткарат деп күтүшкөн».

16 Франциско менен Каролина эмне кылышкан? Франциско мындай дейт: «Жахабаны жакшы көргөндүктөн жана ага жагууну каалагандыктан биз ал ырымга катышуудан баш тарттык. Ошондо кайындарымдын каары кайнап чыкты. Алар бизди маркумду сыйлабайсыңар деп күнөөлөштү. Үйүбүздүн босогосун экинчи аттабай да, жардам бербей да турганын айтышты. Биз көз карашыбызды күн мурун түшүндүрүп койгондуктан, алар ачууланып турганда ал маселени талкуулаган жокпуз. Айрым туугандарыбыз мурун эле аларга көз карашыбызды так-айкын түшүндүрүп бергенибизди айтып, бизге болушуп киришти. Убакыттын өтүшү менен кайындарымдын көңүлү жайына келди. Ошентип, тынчтыкты сактай алдык. Атүгүл кийинчерээк кээ бирлери үйүбүзгө келип, Ыйык Китепке негизделген адабияттарды сурашты». Мындан көрүнүп тургандай, Ыйык Китептеги өлгөндөрдүн абалы жөнүндөгү чындыкты жактагандан эч качан уялбашыбыз керек. (Окугула: Римдиктер 1:16.)

КҮЙҮТ ТАРТКАНДАРДЫ КАНТИП ЖУБАТСАК БОЛОТ?

Чыныгы достор жакынынан айрылгандарды сооротуп, колдошот (17—19-абзацтарды карагыла) *

17. Жакынынан айрылган ишенимдешибизге канткенде чыныгы дос боло алабыз?

17 Ишенимдештерибиз жакынынан айрылганда, «кыйын мезгил үчүн төрөлгөн бир туугандай», «чыныгы дос» болууга умтулушубуз керек (Накыл 17:17). Ишенимдешибизге, өзгөчө, Ыйык Китепке каршы келген салтка катышууга кысым көрсөтүлгөн учурда канткенде «чыныгы дос» болуп бере алабыз? Ан үчүн Ыйык Китептеги принциптерди колдонушубуз керек. Анда алардын экөөнө токтололу.

18. Эмнеден улам Иса көзүнө жаш алган жана андан биз эмнеге үйрөнө алабыз?

18 «Ыйлагандар менен ыйлагыла» (Рим. 12:15). Катуу күйүт тарткандарга эмне деп айтышты билбей кыйналган учурларыбыз болот. Бирок кээде алар менен чогуу ыйлаганыбыз сөздөрүбүздөн алда канча таасирдүү болушу ыктымал. Исанын досу Лазар каза болгондо, Мариям менен Марта жанындай көргөн бир тууганын, ал эми башкалар досун жоктоп ыйлашкан. Төрт күндөн кийин Иса келген. Ал Лазарды бир аздан кийин тирилтерин билсе да, «көзүнө жаш алган» (Жкн. 11:17, 33—35). Исанын көзүнө жаш алганынан Атасынын кандай сезимде болгонун билүүгө болот. Ошондой эле бул Исанын Лазардын жакындарын канчалык жакшы көргөнүн айгинелеп турган. Муну көргөндө Мариям менен Мартанын бир топ сооронуп калганы шексиз. Анын сыңарындай, ишенимдештерибиз сүйүүбүздү, камкордугубузду сезишсе, жалгыз эмес экенине, аларды күйүмдүү, боорукер достору курчап турарына ынанышат.

19. Жакынынан айрылган ишенимдешибизди жубатууда Насаатчы 3:7ни кантип колдонсок болот?

19 «Унчукпай турган убак бар, сүйлөй турган убак бар» (Нас. 3:7). Күйүт тартып жаткан ишенимдешибизди сооротуунун дагы бир жолу — кунт коюп угуу. Ага жүрөгүндөгүсүн төгүүгө мүмкүнчүлүк бергиле жана «ойлонбой сүйлөп» алса, таарынбагыла (Аюп 6:2, 3). Балким, ал Жахабага кызмат кылбаган туугандарынын кысымынан улам стресс болуп жүргөндүр. Андыктан аны менен бирге тиленгиле. «Тиленүүлөрдү Угуучудан» ага күч беришин, тунук ой жүгүртүүгө жардам беришин сурангыла (Заб. 65:2). Жагдай жол берсе, Ыйык Китепти чогуу окугула. Же адабияттарыбыздан ылайыктуу макалаларды, алсак, бекемдээрлик өмүр баяндарды окуп берсеңер болот.

20. Эмки макалада эмнени талкуулайбыз?

20 Өлгөндөрдүн абалы жөнүндөгү чындыкты жана мүрзөлөрдө жаткандарды кандай сонун келечек күтүп турганын билүү кандай зор сыймык! (Жкн. 5:28, 29). Андыктан, келгиле, Ыйык Китептеги чындыкты сөзүбүз менен да, ишибиз менен да жактай берели жана ар бир мүмкүнчүлүктөн пайдаланып башкалар менен бөлүшөлү. Эмки макалада Шайтандын адамдарды караңгылыкта кармаш үчүн колдонгон дагы бир ыкмасы — спиритизм — тууралуу талкуулайбыз. Ал макаладан спиритизм менен байланышкан көңүл ачуудан, иштерден эмне үчүн оолак болушубуз керектигин билебиз.

24-ЫР: Жахабанын тоосуна келгиле

^ 5-абз. Шайтан менен анын жин-перилери өлгөндөрдүн абалы жөнүндөгү калпты жайылтып, далайларды адаштырып келет. Ошол калптан Ыйык Жазмага каршы келген көптөгөн каада-салттар келип чыккан. Бул макалада башкалар ошондой каада-салттарга катышууга кысым көрсөткөндө, Жахабага ишенимдүү бойдон калууга жардам бере турган ойлор талкууланат.

^ 55-абз. СҮРӨТ. Жахабанын Күбөлөрү жакынын жоготуп, күйүт тартып жаткан тууганын сооротууда.

^ 57-абз. СҮРӨТ. Сөөк коюу каадалары жөнүндө изилдегенден кийин ишенимдешибиз туугандарына жумшактык менен көз карашын түшүндүрүп жатат.

^ 59-абз. СҮРӨТ. Жыйналыштагы аксакалдар жакынынан айрылган ишенимдешин жубатууда.