МУКАБАДАГЫ ТЕМА | КУДАЙДЫН ТЕҢДЕШСИЗ БЕЛЕГИН КАБЫЛ АЛАСЫҢАРБЫ?
Кудайдын белеги эмне үчүн баалуу?
Кайсы бир белек силер үчүн эмне себептен абдан баалуу болушу ыктымал? Бул 1) аны ким бергенинен, 2) эмне үчүн бергенинен, 3) берген кишиге канчалык кымбатка турганынан жана 4) ага канчалык муктаж болгонуңардан көз каранды. Ушул төрт нерсе тууралуу ой жүгүртүү Кудайдын теңдешсиз белегине — кунга — болгон ыраазычылыгыбызды арттырууга жардам берет.
КИМ БЕРГЕН?
Айрым белектерди жогорку даражалуу же биз кадырлап-сыйлаган бирөө бергендиктен баалайбыз. Башка белектер болсо, анча кымбат турбаса да, үйдөгүлөр же жакын досубуз бергендиктен баалуу болушу мүмкүн. Муну биринчи макалада айтылган Жордандын мисалы көрсөтүп турат. Ал эми кун тууралуу эмне деп айтууга болот?
Биринчиден, Ыйык Китепте: «Кудай өзүнүн жалгыз Уулун, ал аркылуу өмүргө ээ болушубуз үчүн, дүйнөгө жиберген»,— деп айтылган (1 Жакан 4:9). Мындан ал белектин канчалык кымбат экенин көрүүгө болот. Ааламда Кудайдан улук эч ким жок. Буга байланыштуу Асап пайгамбар: «Сенин ысмың Жахаба экенин, жер үстүндөгү Эң Жогорку Кудай жалгыз сен экениңди баары билсин»,— деген (Забур 83:18). Эң жогорку абалды ээлеген Кудай берген белектен өткөн белек болушу мүмкүнбү?
Экинчиден, Кудай — «биздин Атабыз» (Ышая 63:16). Анткени ал бизге өмүр берген. Андан тышкары, ал бизге мээримдүү атадай болуп кам көрөт. Кудай байыркы учурдагы элин Эпрайым деп атап: «Эпрайым сүйүктүү уулум эмеспи, алпештеген чүрпөм эмеспи?.. Аны сөзсүз аяйм»,— деген (Жеремия 31:20). Кудай бүгүнкү күндөгү кызматчыларын да жакшы көрөт. Ал — кудуреттүү күчтүү Жараткан Кудайыбыз эле эмес, мээримдүү Атабыз жана Досубуз. Андыктан андан кандай белек албайлы, анын бөтөнчө баалуу болоруна шек жок.
ЭМНЕ ҮЧҮН БЕРГЕН?
Айрым белектер милдеттүү болгондуктан эмес, чын ыкластан берилгендиктен да кымбат болот. Чын жүрөктөн белек берген киши ордуна эч нерсе күтпөйт.
Кудай Уулун жерге бизди жакшы көргөндүктөн жиберген. «Кудай өзүнүн жалгыз Уулун, ал аркылуу өмүргө ээ болушубуз үчүн, дүйнөгө жиберген. Ушундай жол менен ал бизге сүйүү көрсөткөн» (1 Жакан 4:9). Ал ушундай кылууга милдеттүү эмес болчу. «Иса Машаяк төлөгөн кун» — Кудайдын бизге көрсөткөн зор «ырайымы» (Римдиктер 3:24).
Эмне үчүн минтип айтууга болот? Ыйык Китепте: «Машаяк болсо биз үчүн күнөөкөр кезибизде эле өлгөн. Бул аркылуу Кудай бизге сүйүүсүн көрсөткөн»,— деп жазылган (Римдиктер 5:8). Алсыз, күнөөлүү пенделерге жардам берүүгө Кудайга сүйүүсү түрткү берген. Биз андай сүйүүгө татыктуу эмес болчубуз жана Кудайдын ал сүйүүсүн эч качан актай алмак эмеспиз. Анын белеги — тарыхта болуп көрбөгөн эң күчтүү сүйүүнүн далили.
КАНЧАЛЫК КЫМБАТКА ТУРГАН?
Айрым белектер аларды бергендер үчүн кымбатка тургандыктан бааланат. Кимдир бирөө өзү үчүн абдан баалуу болгон нерсесин бизге чын ниети менен белекке берсе, аны жогору бааламактыгыбыз күмөнсүз.
Кудай биз үчүн «өзүнүн жалгыз Уулун» берген (Жакан 3:16). Ал үчүн андан кымбат эч нерсе болгон эмес. Кудай ааламды жаратып жатканда, Иса Машаяк «анын кубанычы болуп», аны менен бирге эмгектенген (Накыл сөздөр 8:30). Иса Машаяк — Кудайдын «жалгыз Уулу» жана «көрүнбөс Кудайдын бейнеси» (Колосалыктар 1:13—15). Эч кимдин ортосунда ал экөөнүкүндөй ынак мамиле болгон эмес.
Анткен менен Кудай «өз Уулун» бизден аяган эмес (Римдиктер 8:32). Ал биз үчүн өзүндөгү эң жакшы нерсесин берген. Баалуулугу жагынан андан өткөн бир да белек жок.
КАНЧАЛЫК МУКТАЖБЫЗ?
Айрым белектер биз аларга чындап муктаж болгондуктан, атүгүл зарыл болуп турган учурда берилгендиктен биз үчүн кымбат болот. Мисалы, бирөө өмүрүңөрдү сактап кала турган, бирок сатып алууга чамаңар жетпеген дары алып берсе, кандай сезимде болот элеңер? Ал кишинин ошондой жакшылыгына чексиз ыраазы болмоктугуңар айтпаса да түшүнүктүү.
«Адамдын айынан баары өлүмгө дуушар болуп жаткандай эле, Машаяк аркылуу баары өмүр алышат» (1 Корунттуктар 15:22). Адам атанын урпактары болгондуктан баарыбыз «өлүмгө дуушар» болобуз жана оорудан, өлүмдөн качып кутула албайбыз. Мындан тышкары, күнөөдөн өзүбүз арылып, Кудайга жакындай албайт болчубуз. Ошондой эле күнөөкөр пенде болгондуктан өзүбүздү да, башкаларды да өлүмдөн куткара албайбыз. Ыйык Китепте адам баласы жөнүндө: «Бир тууганын кун төлөп куткара албайт, ал үчүн Кудайга кун бере албайт»,— деп жазылган (Забур 49:7). Биз кунду эч качан төлөп бере албайбыз, ошондуктан Кудайдын жардамына аябагандай муктажбыз.
Жахаба күчтүү сүйүүсүнөн улам Иса Машаяк аркылуу «өмүр алышыбыз» үчүн өмүрүбүздү сактап кала турган «дары» берген. Кунду кандайча андай дарыга салыштырсак болот? 1 Жакан 1:7; 5:13). Ал эми көзү өтүп кеткен жакындарыбыз тууралуу эмне деп айтууга болот? «Өлүм адам аркылуу келгендей эле, өлгөндөрдүн тирилиши да адам [Иса] аркылуу болот» (1 Корунттуктар 15:21) *.
«Исанын каны бизди ар кандай күнөөдөн тазалайт». Ооба, Иса Машаяктын биз үчүн төгүлгөн канына ишенүү күнөөлөрүбүздүн кечирилишине жана түбөлүк өмүр сүрүшүбүзгө жол ачат (Ай-ааламда эң жогорку абалды ээлеген Кудайдын күчтүү сүйүүсүнөн улам берген белегине бир да белек тең келе албайт. Андан ашып түшкөн белекти эч ким берген эмес. Ошондой эле күнөө менен өлүмдөн андан башка эч нерсе куткара албагандыктан, биз бир да нерсеге мынчалык муктаж эмеспиз. Ооба, кундан өткөн артык белек жок.
^ 19-абз. Кудайдын өлгөндөрдү тирилтери тууралуу көбүрөөк билиш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китепте чынында эмне делет?» китебинин 7-бөлүмүн карагыла. Ал www.pr418.com/ky сайтында да бар.