Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | КУДАЙДЫН ТЕҢДЕШСИЗ БЕЛЕГИН КАБЫЛ АЛАСЫҢАРБЫ?

Ыраазы экениңерди кантип көрсөтө аласыңар?

Ыраазы экениңерди кантип көрсөтө аласыңар?

«Бизге түрткү берген күч — Машаяктын сүйүүсү... Жашап жаткандар эми өздөрү үчүн жашабай, алар үчүн өлүп, кайра тирилген Машаяк үчүн жашашы үчүн, ал бардыгы үчүн өлгөн» (2 Корунттуктар 5:14, 15).

ӨЗГӨЧӨ белек ыраазычылык билдирүүгө түрткү берет. Бир жолу Иса Машаяк ошол учурда айыккыс деп эсептелген оорудан жабыркаган он кишини айыктырган. Бирок алардын бири гана кайтып келип, «үнүн бийик чыгара Кудайды даңктаган». Ошондо Иса пайгамбар: «Он киши айыкпады беле? Калган тогузу кана?» — деп айткан (Лука 17:12—17). Мындан кандай жыйынтык чыгарса болот? Биз кимдир бирөөнүн жакшылыгын тез эле унутуп калышыбыз мүмкүн.

Кудай төлөгөн кунга бир да белек тең келбесе, Кудайдын бизге кылган ал жакшылыгына кантип ыраазычылык билдире алабыз?

  • Кудайды таанып-билүү. Кундун төлөнгөнү адамдардын баары эле түбөлүк өмүр сүрөт дегенди билдирбейт. Иса: «Түбөлүк өмүргө ээ болуш үчүн, жалгыз чыныгы Кудай сени жана сен жиберген Иса Машаякты таанып-билүү зарыл»,— деп айткан (Жакан 17:3). Эгер силерге кичинекей кезиңерде бирөө өмүрүңөрдү сактап калганын айтышса, ал киши тууралуу көбүрөөк билип, силерди эмне үчүн сактап калганын билгиңер келери күмөнсүз. Өмүрүбүздү сактап калыш үчүн кун төлөгөн Жахаба Кудай ал жөнүндө тек гана билип коюшубузду эмес, аны менен ынак мамиле өрчүтүшүбүздү каалайт. Ыйык Китепте: «Кудайга жакындагыла, ошондо ал силерге жакындайт»,— деп жазылган (Жакып 4:8).

  • Кунга ишенүү. «Ким Кудайдын Уулуна ишенсе, түбөлүк өмүргө ээ болот» (Жакан 3:36). Ишеним иш менен көрсөтүлөт. Кунга ишенерибизди да иш жүзүндө көрсөтүшүбүз керек (Жакып 2:17). Кайсы бир белекти алыш үчүн аны кабыл алуу керек болгондой эле, кунду да кабыл алуу зарыл. Аны кантип кабыл алабыз? Ал үчүн Кудайдын кандай жашашыбызды каалаарын билип, ошого ылайык иш кылышыбыз зарыл *. Ошондой эле күнөөлөрүбүздү кечиришин жана абийирибизди тазартышын сурап Кудайдан тиленишибиз кажет. Кунга ишенгендердин баарын түбөлүккө тынчтык, коопсуздук өкүм сүргөн жаркын келечек күтүп турат (Еврейлер 11:1).

  • Иса Машаяктын өлгөн күнүн эскерүү. Кундун баалуулугун эсибизден чыгарбашыбыз үчүн, Иса Машаяк жыл сайын белгилениши керек болгон бир күн жөнүндө айткан. Ал: «Муну мени эскериш үчүн кылгыла»,— деген (Лука 22:19). Жахабанын Күбөлөрү Исаны 2017-жылы 11-апрелде, шейшемби күнү, күн баткандан кийин эскеришет. Бир сааттай убакытка созулган ал кечеде Иса Машаяктын өз өмүрүн бергени канчалык баалуу болгону жана азыр да, келечекте да тийгизе турган пайдасы түшүндүрүлгөн баяндама айтылат. Былтыр Эскерүү кечесине дүйнө жүзү боюнча 20 миллиондой киши келген. Силерди да биз менен бирге ал кечеге катышып, Кудайдын теңдешсиз белегине ыраазычылык көрсөтүүгө чакырабыз.

^ 7-абз. Кудайды таанып-билип, ага жакындоонун эң жакшы жолу — Ыйык Китепти изилдөө. Изилдөө жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн Жахабанын Күбөлөрүнүн бирине кайрылсаңар же www.pr418.com/ky сайтына кирип көрсөңөр болот.