ӨМҮР БАЯН
Алсыздыктарым аркылуу Кудайдын күчү айкын болду
1985-ЖЫЛЫ аялым экөөбүз Колумбияга барганда, өлкөдө зордук-зомбулук күч алып турган. Ошол учурда бийликтегилер шаарда баңгизат саткан кылмыштуу топтор, тоолордо жашынып жүргөн партизандар менен алышып жаткан болчу. Ал эми биз кийин кызмат кылган Медельин аймагында куралчан өспүрүм балдар көчөлөрдө каалаганын кылып жүрүшчү. Алар баңгизат сатышчу. Башкалар өздөрүн коргош үчүн аларга акча төлөп беришчү же кимдир бирөөнүн көзүн тазалаш үчүн аларды жалдашчу. Адатта, андай топтогулар көп жашашчу эмес. Биз өзүбүздү башка дүйнөгө түшүп калгандай эле сезгенбиз.
Жубайым экөөбүз Түштүк Америкага, жердин башка бурчуна, эмне болуп барып калганбыз? Ал жакта жашап жүргөн жылдары эмнелерди үйрөндүк?
БАЛА ЧАГЫМ ЖАНА ЖАШТЫГЫМ
Мен 1955-жылы төрөлгөм. Үч эркектин кичүүсүмүн. Финляндиянын түштүк жээгинде жайгашкан, учурда Вантаа деп аталган шаарда чоңойгом.
Апам мен төрөлгөнгө чейин бир нече жыл мурун Жахабанын Күбөсү болуптур. Бирок атам чындыкка, апамдын биз менен Ыйык Китепти изилдешине жана бизди жыйналышка алып барышына каршы болчу экен. Ошондуктан апам бизди Ыйык Китептеги чындыктарга атам жокто окутуп-үйрөтчү.
Кичинекей кезимен эле Жахабанын тилин алгым келчү. Бир жолу жети жашымда финдердин кан кошулган куймагын, верилятуяны, жебей койгонума мугалимим аябай ачууланган. Ал оозумду ачыш үчүн, бир колу менен бетимди кысып, экинчи колуна куймак сайылган вилканы алып, аны оозума салганга аракет кылган. Мен болсо анын колун чаап жибергенде, вилка ыргып кеткен.
12 жашымда атам каза болуп калды. Ошондон баштап жолугушууларга бара баштадым. Жыйналыштагы байкелер мага көңүл бургандыктан, рухий жактан өскөнгө түрткү алдым. Мен Ыйык Китепти күнүгө окуп, ага негизделген адабияттарды кылдат изилдей баштадым. Ушуну адат кылып алгам. Ошонун аркасында 1969-жылы 8-августта 14 жашымда чөмүлдүм.
Мектепти бүтөрүм менен үзгүлтүксүз пионер болдум. Ошондон бир нече жума өткөндөн кийин эле Финляндиянын борборуна жакын жайгашкан
Пиелавеси шаарына көчүп бардым. Ал жакта жарчылар аз болчу.Пиелавеси шаарынан сүйүктүү жубайым Сирккага жолуктум. Мага анын жөнөкөйлүгү, Жахабаны абдан сүйгөнү жакты. Ал көрүнүктүү абалга, материалдык нерселерге, ыңгайлуу шарттарга умтулчу эмес. Кандай сыймыктуу кызматты аркалабайлы, экөөбүз тең Жахабага мүмкүн болушунча көбүрөөк кызмат кылалы деп чечип алганбыз. Сиркка экөөбүз 1974-жылы 23-мартта баш коштук. Биз үйлөнгөндөн кийин бал айында эс алганы барбай эле, Карттулага кызмат кылганы көчүп кеттик. Анткени ал жакта жарчыларга муктаждык Пиелавесиден да көбүрөөк болчу.
ЖАХАБА БИЗДИ ТАШТАГАН ЖОК
Үйлөнгөнүбүздөн тартып эле Жахаба, эгер анын Падышалыгын биринчи орунга койсок, зарыл нерселер менен камсыз кыларын көрсөтүп келатат (Мт. 6:33). Алсак, Карттулада жашап жүргөндө машинебиз жок болчу. Башында алыс жактарга велосипеддерибиз менен барып, кабар айтчубуз. Бирок кыш мезгили аябай суук болгондуктан, алыскы аймактарга жетиш үчүн машине керек эле. Бизде болсо аны сатып алганга акча жок болчу.
Анан бир күнү эле биздикине улуу байкем келип калды. Ал бизге өзүнүн машинесин белекке берди. Атүгүл машинени камсыздандыруу төлөмү да төлөнүптүр. Биз майын эле куюшубуз керек болчу. Ошентип, машинелүү болуп калдык.
Жахабанын биздин эмнеге муктаж экенибизди билерине көп жолу ынандык. Биз, болгону эле, Падышалыктын кызыкчылыктарын биринчи орунга коюшубуз керек болчу.
ГИЛАТ МЕКТЕБИ
1978-жылы, Пионерлердин мектебинде окуп жатканыбызда Раймо Куокканен a деген нускоочуларыбыздын бири Гилат мектебинен билим алууга арыз толтурууну сунуштап калды. Ал мектепте окуш үчүн англис тилин үйрөнө баштадык. Бирок 1980-жылы арыз толтуралы деп жатсак, Финляндиядагы филиалга кызмат кылууга чакырылып калдык. Ошол кезде Бейтелде кызмат кылгандар Гилат мектебине арыз толтура алышчу эмес. Биз өзүбүз туура көргөн жерде эмес, Жахаба туура көргөн жерде кызмат кылууну каалачубуз. Ошондуктан Бейтелде кызмат кылганга макул болдук. Бирок кийин Гилат мектебине барып калабызбы деп англис тилин үйрөнө бердик.
Бир нече жылдан кийин Жетектөөчү Кеңеш бейтелдиктерге Гилат мектебинен окуганга мүмкүнчүлүк берген. Ошондо биз дароо эле арыз толтурганбыз. Бирок, албетте, биз Бейтел жакпай калганы үчүн ошенткен эмеспиз. Болгону эле, кайсы жерде көбүрөөк жардамыбыз тийсе, ошол жерде кызмат кылгыбыз келчү. Ошентип, Гилат мектебине чакырылып, 1985-жылы сентябрда 79-классты бүтүрдүк. Мектептен кийин Колумбияга дайындалдык.
БИРИНЧИ МИССИОНЕРДИК ДАЙЫНДООБУЗ
Башында Колумбиядагы филиалда кызмат кылууга дайындалдык. Ал жактан мага тапшырылган ишти колуман келишинче жакшы аткарганга аракет кылдым. Бирок Бейтелде 1 жыл кызмат кылгандан кийин ал кызматты аркалай албай турганымды түшүндүм. Өмүрүмдө биринчи жана акыркы жолу бир туугандардан мени башка жакка дайындашын сурандым. Көп өтпөй жубайым экөөбүздү Уила провинциясындагы Нейва шаарына талаа миссионери кылып дайындашты.
Мен негизи эле кабар айтканды аябай жакшы көрөм. Бойдок кезимде Финляндияда пионер болуп жүргөнүмдө кээде таң эртеден түнгө чейин кабар айтып жүрө берчүмүн. Сиркка экөөбүз жаңы үйлөнгөндө да бир күн кечке кабар айтканды жакшы көрчүбүз. Алыскы аймактарга кабар айтканы барганда кээде машинебизге эле жатып алчубуз. Ошон үчүн жол жүргөнгө убакыт кетирбей, эртең менен туруп эле кызматка чыгып кетчүбүз.
Талаа миссионери болуп дайындалганда кайрадан мурункудай болуп күйүп-жанып кызмат кыла баштадык. Жыйналышыбыз сан жагынан өстү. Колумбиялык боордошторубуз да бизге дайыма урмат-сый, сүйүү менен мамиле кылып, кызматыбызды баалап, бизге дем-күч берип турушчу.
ТИЛЕНҮҮНҮН КҮЧҮ
Биз кызмат кылган Нейвадан анча алыс эмес шаарларда Жахабанын Күбөлөрү такыр жок болчу. Мен ал жактарга жакшы кабар кантип жетет деп тынчсызданчумун. Себеби ал жерлерде партизандардын айынан жаңжалдар көп чыкчу жана башка жактан баргандарга ал шаарларда жүрүү кооптуу болчу. Ошондуктан ошол шаарларда жашагандардын бири Жахабанын Күбөсү болуп калса экен деп тиленчүмүн. Ал Нейвада жашап, Ыйык Китептеги чындыкты ошол жактан изилдесе, анан чөмүлүп, рухий жактан жетилип, кайра өз жерине барса деп Жахабадан суранчумун. Бирок Жахаба менин оюма келбеген нерсени кылып койду.
Ошентип тиленгенден көп өтпөй Фернандо Гонсалес деген бир жаш жигит менен Ыйык Китепти изилдеп калдым. Ал Альхесираста жашачу. Ал жакта да Жахабанын Күбөлөрү жок болчу. Фернандо 50 чакырымдан ашуун жол жүрүп, Нейвага иштегени келип турчу. Ал ар бир изилдөөгө жакшы даярданып келчү жана дароо эле жыйналышка бара баштаган. Изилдей баштагандан тартып эле Фернандо өзү жашаган жердеги кишилерди чогултуп алып, аларга Ыйык Китептен билгендерин айтып берчү экен.
Анан ал изилдей баштаганынан 6 ай өтүп-өтпөй эле 1990-жылы январда чөмүлдү. Андан кийин үзгүлтүксүз пионер болду. Эми Альхесираста бир Жахабанын Күбөсү бар болгондуктан филиал ал жакка атайын пионерлерди дайындай
алмак. 1992-жылы февралда ал шаарда жыйналыш уюштурулган.Фернандо өз шарында кабар айтып эле тим болгон эмес. Үйлөнгөндөн кийин жубайы экөө Сан Висенте Дель Кагуан деген шаарга көчүп барышкан. Ал жакка Жахабанын Күбөлөрү такыр бара элек болчу. Алар ал жерден жыйналыш уюштурганга жардам беришкен. 2002-жылы Фернандо райондук көзөмөлчү болуп дайындалган. Аялы Ольга экөө азыркыга чейин ошол кызматты аркалап келишет.
Ошол окуядан кийин Жахабага кызматыбызга байланыштуу нерселерди так айтып тиленүү абдан маанилүү экенин түшүнгөм. Ооба, Жахаба биз кыла албаган нерсени кылып коё алат. Анын үстүнө, оруп-жыюу иши биздики эмес, Жахабаныкы (Мт. 9:38).
ЖАХАБА ИШ-АРАКЕТ КЫЛГАНГА «КААЛОО ДА, КҮЧ ДА» БЕРЕТ
1990-жылы жубайым экөөбүз кыдыруучулук кызматка дайындалдык. Биздин биринчи районубуз Колумбиянын борбор шаары Богота болчу. Ал жакка барарда бир аз тынчсызданганбыз. Анткени аялым экөөбүз жөнөкөй эле кишилербиз. Быкылдаган чоң шаарда да жашап көргөн эмес болчубуз. Бирок Жахаба Филипиликтер 2:13төгү: «Кудай, өзүнүн эркине ылайык иш кылышыңар үчүн, силерге каалоо да, күч да берип, иш-аракет кылууга түрткү берет»,— деген убадасын аткарды.
Кийинки районубуз Медельин аймагы болду. Ал шаар тууралуу макаланын башында сөз кылгам. Ал жактагы эл көчөлөрдөгү атышууларга, зордук-зомбулукка ушунчалык көнүп калгандыктан андай нерселерге маани деле бербей калган экен. Бир жолу бирөө менен анын үйүндө изилдеп жатканбыз. Анан эле сырттан атыша башташты. Мен алаңдап, жерге жата калайын дедим. Бирок мени менен изилдеп жаткан киши эч нерсе болбогондой эле андан ары абзацты окуй берди. Окуп бүткөндөн кийин кечирим сурап, эшикке чыгып кетти. Анан бир аздан кийин сырттан эки баласын үйгө жетелеп келди да: «Кечирип койгулачы, буларды үйгө алып кириш керек болуп калды»,— деди. Анын жүзүнөн эч кандай коркунуч сезилген жок.
Жубайым экөөбүздүн өмүрүбүздөн айрылып кала жаздаган учурларыбыз да болгон. Бир жолу үймө-үй кыдырып кабар айтып жүргөнбүз. Анан эле Сиркка өңү-башы кубарып мени көздөй чуркап келип, аны бирөө атканын айтты. Менин жүрөгүм оозума тыгылып калды. Бирок кийин ок аткан киши Сиркканы эмес, анын жанында кетип бараткан кишини атайын дегенин билдик.
Бара-бара мындай нерселерге көнүп калдык. Мындан да коркунучтуу жагдайларга туш болгон ишенимдештерибиздин кайраттуулугун көрүп бекемделдик. Биз, эгер Жахаба аларга жардам берсе, бизге да жардам берет дедик. Жубайым экөөбүз жергиликтүү аксакалдардын кеңешине дайыма кулак какчубуз. Кыраакы, сак болгонго аракет кылчубуз. Калганын болсо Жахабанын колуна тапшырып койчубуз.
Албетте, жагдайлардын баары эле биз ойлогондой коркунучтуу болчу эмес. Бир күнү бирөөнүн үйүнө баргам. Сырттан эки аял урушуп жаткандай угулган. Кимдер урушуп жатат деп караган деле эмесмин. Анан үй ээси мени эшиктин алдына ээрчитип барды. Көрсө, эки тотукуш
бири-бири менен урушкан кошуналарды туурап, сүйлөп жатыптыр.ЖАҢЫ ДАЙЫНДООЛОРУБУЗ ЖАНА ЖАҢЫ КЫЙЫНЧЫЛЫКТАРЫБЫЗ
1997-жылы Кызматка окутуу мектебинин нускоочусу болуп дайындалдым b. Негизи, теократиялык мектептерде окуганды аябай жакшы көрөм. Бирок өзүм ошондой мектептерде сабак берип калам деп эч качан ойлогон эмесмин. Бул мен үчүн чоң сыймык болду.
Кийин облустук көзөмөлчү болуп кызмат кыла баштадым. Кызматтын ошол түрү жоюлганда, кайра райондук көзөмөлчү болуп калдым. Нускоочу жана кыдыруучу көзөмөлчү болуп кызмат кылып келатканыма 30 жылдан ашты. Ошонун аркасында абдан көп баталарды алдым. Бирок, албетте, кыйынчылыктар да болбой койгон жок. Мисалы, мындай жагдайлар болгон.
Мен өзү ишти тарс-тарс бүтүргөн, оюмду бетке айткан кишимин. Ушундай мүнөзүм кыйынчылыктардан коркпогонго жардам берет. Анткен менен жыйналыштагы айрым нерселерди өзгөртүш керек болгондо кээде аша чаап кетем. Бир жолу башкаларга боорукер болгула, түшүнүү менен мамиле кылгыла деп кеңеш бергеним эсимде. Бирок так ошол учурда өзүм ошол сапаттарды чагылдырган эмесмин (Рим. 7:21—23).
Ката-кемчиликтеримдин айынан көңүлүм катуу чөккөн учурлар болгон (Рим. 7:24). Бир жолу ушунчалык жаман болуп, Жахабага: «Мындан ары миссионер болбой эле коёюнчу, Финляндияга эле кайтып барганым жакшы болот го»,— деп айтканым эсимде. Ошол күнү кечинде жыйналышка баргам. Жыйналыштан уккандарым миссионердик кызматымды токтотпогонго, алсыз жактарымдын үстүнөн иштей бергенге түрткү берди. Тилегиме так-айкын жооп алганымды эстегенимде Жахабага ушул күнгө чейин ыраазы болуп кетем. Ошондой эле анын мага алсыз жактарым менен күрөшкөнгө сүйүү менен жардам бергенине чексиз ыраазымын.
КЕЛЕЧЕККЕ ИШЕНИМ МЕНЕН КАРОО
Сиркка экөөбүз өмүрүбүздүн бир топ жылын толук убакыт кызматка арнадык. Бул үчүн Жахабага миң мертебе ыраазыбыз. Жахабанын мени ушунчалык камкор, ишеними күчтүү аялга жолуктурганына да абдан ыраазымын.
Жакында 70тин кырын ашам. Ошондо талаа нускоочусу, кыдыруучу көзөмөлчү болбой калам. Бирок буга көңүлүмдү чөгөргөн жокмун. Эмне үчүн билесиңерби? Анткени Жахабага биринчи кезекте биздин момун болуп, жүрөгүбүз сүйүүгө, ыраазычылыкка толуп кызмат кылганыбыз даңк алып келет (Мик. 6:8; Мр. 12:32—34). Жахабаны даңкташ үчүн уюмда сөзсүз эле көрүнүктүү абалды ээлөөнүн зарылдыгы жок.
Азыр артка кылчая карап, бир нерсени түшүндүм: Жахаба мага сыймыктуу жоопкерчиликтерди мен башкалардан жакшыраак же жөндөмдүүрөөк болгонум үчүн берген эмес. Ырайымдуулугунан улам берген. Менин алсыз жактарым болсо да, ал мага сыймыктуу жоопкерчиликтерди тапшырган. Мен ошонун баарын бир гана Жахабанын жардамы менен аткарып келатканымды билем. Ушундайча алсыздыктарым аркылуу Кудайдын күчү айкын болуп келет (2 Кор. 12:9).
a Раймо Куокканендин өмүр баянын «Жахабага кызмат кылууга чечкиндүүмүн» деген макаладан окуй аласыңар («Күзөт мунарасы», 2006-жыл, 1-апрель, ор.).
b Бул мектеп кийин Падышалыктын жарчыларынын мектебине алмаштырылган.