15-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ
124-ЫР: Берилгендик көрсөтөбүз
Жахабанын уюмуна болгон ишенимиңерди бекемдегиле
«Араңарда жетекчиликти колго алгандарды, силерге Кудай сөзүн айткандарды, унутпагыла» (ЕВР. 13:7).
МАКАЛАНЫН ӨЗӨГҮ
Бул макалада канткенде Жахабанын уюмуна болгон ишенимибизди бекемдей аларыбызды жана аны баалаш үчүн эмне кылышыбыз керектигин билебиз.
1. Жахаба 1-кылымда эли уюшкандыкта иш алып барышы үчүн эмне кылган?
ЖАХАБА элине кандайдыр бир иш тапшырганда анын уюшкандыкта аткарылышын күтөт (1 Кор. 14:33). Мисалы, Жахаба жакшы кабардын бүт жер бетине таратылышын каалайт (Мт. 24:14). Бул ишти жетектегенге ал Исаны дайындаган. Иса да ошол иш уюшкандыкта аткарылышы үчүн кылдат байкоо салып турат. 1-кылымда ар кайсы жерлерде жыйналыштар уюштурула баштаганда ага баш-көз болушу, жетектеши үчүн аксакалдар дайындалган (Элч. 14:23). Иерусалимде элчилер менен аксакалдардан турган жетектөөчү кеңеш маанилүү чечимдерди чыгарып, жыйналыштарга көрсөтмөлөрдү берип турган. Жыйналыштагылардан болсо аларга баш ийүү күтүлгөн (Элч. 15:2; 16:4). Көрсөтмөлөргө баш ийгендин аркасында «бир туугандардын ишеними бекемделип, жыйналыштар сан жагынан» өсө берген (Элч. 16:5).
2. 1919-жылдан тартып Жахаба элин кимдер аркылуу жетектеп, рухий тамак берип келет?
2 Жахаба бүгүнкү күндө да элин уюшкандыкта жетектөөдө. 1919-жылдан тартып Иса кабар айтуу ишин уюштуруш үчүн жана жолдоочуларын рухий тамак менен азыктандырыш үчүн майлангандардан турган чакан топту колдонуп келет a (Лк. 12:42). Жахабанын ал топтун ишине батасын берип жатканы айкын көрүнүп жатат (Ыш. 60:22; 65:13, 14).
3, 4. а) Уюшкандыкта иш жүргүзгөнүбүздүн кандай пайдалары бар экенин түшүндүргүлө. б) Бул макалада эмнелерди карайбыз?
3 Эгер Жахаба ушинтип уюштурбаса, Иса тапшырган ишти аткара алмак эмеспиз (Мт. 28:19, 20). Бир мисал келтирели. Кабар айтканга аймактар бөлүштүрүлбөсө, жарчылар каалаган жерине бара бермек. Мунун айынан бир эле жерге кайра-кайра кабар айтылып, башка жерлер калып калмак. Ушундай уюшкандык болгонунун дагы кандай пайдасын көрүп жатабыз?
4 Иса 1-кылымда уюшкандык болушу үчүн эмне кылса, бүгүнкү күндө да ошентет. Бул макалада Исанын кандай үлгү калтырганына жана уюмдун анын үлгүсүнө кантип карманарына токтолобуз. Ошондой эле канткенде Жахабанын уюмуна бекем ишенерибизди көрсөтө аларыбызды карайбыз.
УЮМУБУЗ ИСАНЫН ҮЛГҮСҮНӨ КАРМАНАТ
5. Уюмубуз Исаны кантип туурайт? (Жакан 8:28).
5 Иса кантип сүйлөштү, эмне кылышты асмандагы Атасынан үйрөнгөн. Жахабанын уюму да бул жагынан Исаны туурайт. Маселен, эмне туура, эмне туура эмес экенин көрсөтүш үчүн жана жашоого байланыштуу жетекчилик бериш үчүн Ыйык Китепти колдонот. (Окугула: Жакан 8:28; 2 Тим. 3:16, 17.) Биз Кудайдын Сөзүн окуп, андан билгендерибизди колдонгонго дайыма чакырылабыз. Бул кеңешке кулак каксак, кандай пайда алабыз?
6. Ыйык Китепти адабияттарды колдонуп изилдегенибиздин кандай чоң пайдасы бар?
6 Ыйык Китепти ага негизделген адабияттарыбызды колдонуп изилдесек, көп пайда алабыз. Айталы, Кудайдын Сөзүндөгү окууларды уюмубуз адабияттар аркылуу берип жаткан көрсөтмөлөр менен салыштыра алабыз. Алардын Ыйык Китепке негизделгенин көргөндө уюмубузга ого бетер ишенип калабыз (Рим. 12:2).
7. Иса эмне жөнүндө кабар айткан жана уюмубуз анын үлгүсүнө кандайча карманып жатат?
7 Иса «Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды» жарыялаган (Лк. 4:43, 44). Шакирттерине да ошенткиле деп буйрук берген (Лк. 9:1, 2; 10:8, 9). Учурда Жахабанын ар бир кызматчысы, каякта жашабасын, кандай жоопкерчиликтерди аткарбасын, Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кабар айтат.
8. Бизге кандай сыймыктуу иш тапшырылган?
8 Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү чындыкты жарлоо — биз үчүн чоң сыймык. Мындай сыймык баарына эле бериле бербейт. Маселен, Иса жерде жүргөндө жиндердин ал тууралуу айтышына жол берген эмес (Лк. 4:41). Бүгүнкү күндө Жахабанын эли менен бирге кабар айткысы келгендер белгилүү бир талаптарга жооп бериши керек. Кайсы жерде жүрбөйлү, ар бир мүмкүнчүлүктү колдонуп кабар айтканга аракет кылсак, ушул ишти чоң сыймык деп эсептээрибизди көрсөтөбүз. Исадай болуп, биз да адамдардын жүрөгүнө Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү чындыктын үрөнүн сээп, сугарганга аракет кылабыз (Мт. 13:3, 23; 1 Кор. 3:6).
9. Уюмубуз Кудайдын ысмын кантип жарыялап келет?
9 Иса башкаларга Кудайдын ысмын ачып берген. Ал асмандагы Атасынан тиленип жатканда: «Сенин атыңды аларга ачып бердим»,— деген (Жкн. 17:26). Исаны туурап, Жахабанын уюму да башкаларга Кудайдын ысмын ачып бериш үчүн бардык мүмкүнчүлүктү колдонот. Бул жагынан Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосу» чоң жардам берет. Анткени анда Кудайдын ысмы турушу керек болгон жердин баарында калыбына келтирилген. Бүгүнкү күндө Ыйык Китептин бул котормосу толугу менен же жарым-жартылай 270тен ашык тилде чыккан. «Ыйык Китепти изилдөөгө жардам берген курал» деген китепченин 1, 2-тиркемесинде Кудайдын ысмы кандайча калыбына келтирилгени жөнүндө көбүрөөк айтылат. Ошондой эле ал жакта Грек Жазмаларында Кудайдын ысмы эмне үчүн 237 жолу кездешиши керектигине байланыштуу далилдер бар.
10. Мьянмада жашаган аялдын сөздөрүнөн эмнени биле алабыз?
10 Биз да Исадан үлгү алып, мүмкүн болушунча көп кишиге Кудайдын ысмы жөнүндө айткыбыз келет. Жараткандын ысмы бар экенин билгенде Мьянмада жашаган 67 жаштагы бир аял көзүнө жаш алып, мындай деген: «Кудайдын ысмы Жахаба экенин өмүрүмдө биринчи жолу уктум. Силер мага эң маанилүү нерсени айттыңар». Бул окуядан көрүнүп тургандай, ак ниет адамдарга Кудайдын ысмын билгени күчтүү таасир этет.
УЮМГА БОЛГОН ИШЕНИМИҢЕРДИ ЧЫҢДАЙ БЕРГИЛЕ
11. Аксакалдар Жахабанын уюмуна ишенерин кантип көрсөтө алышат? (Сүрөттү да карагыла.)
11 Аксакалдар Жахабанын уюмуна ишенерин кантип көрсөтө алат? Ан үчүн уюмдан көрсөтмө келгенде аны кылдат окуп чыгып, колдонгонго бүт күчүн жумшашат. Алар жыйналышты өткөргөнгө, эл алдында тиленгенге байланыштуу эле эмес, Машаяктын койлоруна кантип кам көрүш керектигине байланыштуу да көрсөтмөлөрдү алышат. Койчулар аларга карманышса, жыйналыштагылар өздөрүн коопсуз сезишет жана Жахабанын аларды жакшы көрөрүнө ынанышат.
12. а) Жетекчиликти колго алгандарга эмне үчүн баш ийишибиз керек? (Еврейлер 13:7, 17). б) Эмне үчүн алардын жакшы жактарына көңүл топтошубуз керек?
12 Аксакалдар көрсөтмө бергенде даярдуулук менен баш ийишибиз керек. Ошентсек, алардын жумушун жеңилдетебиз. Ыйык Китеп бизди жетекчиликти колго алгандарга тил алып, баш ийгенге чакырат. (Окугула: Еврейлер 13:7, 17.) Бул кээде кыйынга турушу мүмкүн. Эмне үчүн? Анткени аксакалдар жеткилең эмес болгондуктан ката кетирет. Эгер алардын кемчиликтерине эле көңүл топтоп алсак, душмандарыбыздын чырагына май тамызабыз. Кандайча? Душмандарыбыз Жахабанын уюмуна ишенбей калышыбызды каалайт. Ал эми аксакалдар жөнүндө терс ойдо болсок, аларга ишенбей калабыз. Мунун айынан уюмдан да шектене башташыбыз ыктымал. Душмандарыбыздын тымызын үгүтүн аныктап, четке кагыш үчүн эмне кылсак болот?
УЮМГА БОЛГОН ИШЕНИМИҢЕРДИН СОЛГУНДАШЫНА ЖОЛ БЕРБЕГИЛЕ
13. Кудайдын душмандары анын уюмун кантип жаманатты кылат?
13 Душмандарыбыз уюмубуздун жакшы жактарын терс нерседей кылып көрсөткүсү келет. Ыйык Китептен Жахабанын өзүнүн кызматчыларынын тулку-боюн таза кармашын, адеп-ахлаксыздыктан качышын жана ага ал каалагандай жол менен сыйынышын каалаарын билебиз. Ал жаман иштерди кылып, өзгөргүсү келбегендерди жыйналыштан чыгарууну талап кылат (1 Кор. 5:11—13; 6:9, 10). Биз Ыйык Китептеги ушул буйрукка баш иебиз. Ошондуктан душмандарыбыз бизди катаал, башкалардын сезимдерин эске албаган мерез кишилер деп айыпташат.
14. Уюмубуз жөнүндө ушак-айың тараткандардын аркасында ким турат?
14 Чабуулдун каяктан келип жатканын баамдагыла. Уюмубуз жөнүндө жалган маалымат тараткандардын аркасында Шайтан Ибилис турат. Анткени ал — «жалгандын атасы» (Жкн. 8:44; Башт. 3:1—5). Шайтан душмандарыбызды колдонуп, Жахабанын уюму тууралуу ар кандай ушак-айыңдарды таратат. 1-кылымда да так эле ушундай болгон.
15. Диний жетекчилер Иса менен анын жолдоочуларына кандай мамиле кылышкан?
15 Кудайдын Уулу Иса жеткилең болсо да жана укмуштуудай кереметтерди жасаса да, Шайтан айрым кишилерди колдонуп, ал тууралуу жалган сөздөрдү тараткан. Мисалы, диний жетекчилер Исаны жиндерди «жиндердин башчысынын» жардамы менен кууп жатат деп айыпташкан (Мр. 3:22). Иса өлөр алдында соттолуп жатканда, диний жетекчилер ага Кудайга акарат келтирди деген айып тагып, жүйүттөрдү аны өлтүрүүнү талап кылганга көкүтүшкөн (Мт. 27:20). Кийинчерээк Исанын шакирттери жакшы кабар айта баштаганда, каршы чыккандар элди аларды куугунтуктаганга тукурушкан (Элч. 14:2, 19). Элчилер 14:2ге байланыштуу «Күзөт мунарасынын» 1998-жылы 1-декабрда чыккан санында мындай ой жазылган: «Исанын жолдоочуларына каршы болгон жүйүттөр алар тараткан кабарды четке кагып эле тим болгон эмес. Алар башка элдер да шакирттерди укпаш үчүн, аларды жек көрүп калыш үчүн ар кандай ушактарды таратышкан».
16. Жахабанын эли жөнүндө жалган маалымат уксак, эмне кылышыбыз керек?
16 Шайтан бүгүнкү күнгө чейин калпты жайылтып келет. Ал дагы деле «бүт жер жүзүн адаштырып жүрөт» (Аян 12:9). Эгер уюмубуз же жетекчиликти колго алган бир туугандар жөнүндө терс маалыматтарды уксаңар, Кудайдын душмандарынын 1-кылымда Исага жана анын шакирттерине кандай мамиле кылганын эстегиле. Иса башкалар шакирттерине жалаа жаап, аларды куугунтукташарын эскерткен. Бүгүнкү күндө так эле ошондой болуп жатат (Мт. 5:11, 12). Жалган жалаанын аркасында ким турарын аңдасак жана дароо иш-аракет кылсак, аларга алданып калбайбыз. Өзүбүздү коргош үчүн дагы эмнелерди кылышыбыз керек?
17. Жалган маалыматка ишенип алып, зыян тартпаш үчүн эмне кылышыбыз керек? (2 Тиметей 1:13). (« Уюмубуз жөнүндө жалган маалымат уксак, эмне кылышыбыз керек?» деген кутучаны да карагыла.)
17 Жалган маалыматка кулак салба. Элчи Пабыл, эгер жалган маалымат угуп калсак, эмне кылышыбыз керектигине байланыштуу ачык кеңеш берген. Ал Тиметейге жыйналыштагы айрым кишилерге «ойдон чыгарылган окуяларга. . . көңүл бурбашы» жана «ойдон чыгарылган маңызсыз кептерди четке кагышы» керектигин эскертүүнү айткан (1 Тим. 1:3, 4; 4:7). Там-туң басып жүргөн бала жерде жаткан нерсени алып, оозуна салышы мүмкүн, бирок чоң киши эч качан антпейт. Анткени анын ден соолукка зыян экенин билет. Ошо сыңары, жалган маалыматтын каяктан келгенин билгендиктен, «оозубузга» салбайбыз. Биз чындыктын «туура сөздөрүнө» гана кулак кагабыз. (Окугула: 2 Тиметей 1:13.)
18. Жахабанын уюмуна ишенерибизди кантип көрсөтө алабыз?
18 Бул макалада Кудайдын уюмунун Исанын үлгүсүнө кайсы жактардан карманарынын үч эле жагына токтолдук. Ыйык Китепти изилдеп жатканда уюмубуздун анын үлгүсүнө дагы кайсы жактардан карманарын аныктаганга аракет кылгыла. Жыйналышыңардагыларга уюмга көбүрөөк ишенгенге жардам бергиле. Ошондой эле Жахабага берилгендик менен кызмат кылгыла. Ал өзүнүн эркин аткарыш үчүн тандап алган уюму менен тыгыз кызматташкыла. Ушинтип Жахабага бекем ишенериңерди көрсөтө бергиле (Заб. 37:28). Келгиле, Жахабанын берилген, бири-бирин сүйгөн элинин арасында жүрүү чоң сыймык экенин унутпай, ошону жогору баалайлы!
ЭМНЕ ДЕП ЖООП БЕРЕТ ЭЛЕҢЕР?
-
Кудайдын эли Исаны кайсы жактардан туурап жатат?
-
Жахабанын уюмуна ишенерибизди кантип көрсөтө алабыз?
-
Жалган маалымат угуп калсак, эмне кылышыбыз керек?
103-ЫР: Койчулар — адам түрүндөгү белектер
a «Акыры калыбына келтирилген таза сыйынуу» деген китептин 102, 103-беттериндеги «Эмне үчүн 1919-жылы?» деген кутучаны карагыла.
b СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Аксакалдар эл көп жерде кабар айтууга байланыштуу көрсөтмөлөрдү талкуулагандан кийин, бир аксакал тобундагы жарчыларга эл көп жерде кабар айтып жатканда коопсуздук үчүн дубалга аркасын салып турушу керектигин түшүндүрүп жатат.