14-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ
56-ЫР: Чындык жолунда бекем бол
«Жетилгендикке умтулалы»
«Жетилгендикке умтулалы» (ЕВР. 6:1).
МАКАЛАНЫН ӨЗӨГҮ
Исанын жетилген жолдоочусу Жахабанын эркине ылайык ой жүгүрткөнгө, ошого жараша иш кылганга жана туура чечимдерди чыгарганга умтулат. Бул макаладан муну кантип кылса болорун карайбыз.
1. Жахаба бизден эмнени күтөт?
БАЛАСЫ дени сак төрөлсө, ата-эне абдан сүйүнөт. Бирок чүрпөсүн жакшы көрүшсө да, анын өмүр бою ымыркай бойдон калышын каалабайт. Эгер баласы чоңойбой жатса, алар буга аябай тынчсызданат. Ошол сыңары, Жахаба биздин Исанын жолдоочусу катары алгачкы кадамдарды таштаганыбызда сүйүнөт. Бирок ал биздин рухий жактан бала бойдон калышыбызды каалабайт (1 Кор. 3:1). Анын ордуна, Машаяктын жетилген жолдоочусу болушубузду күтөт (1 Кор. 14:20).
2. Бул макалада кайсы суроолорго жооп алабыз?
2 Исанын жетилген жолдоочусу болуу деген эмнени билдирет? Канткенде рухий жактан өсүп, жетиле алабыз? «Катуу тамак» менен азыктанганыбыз, башкача айтканда, терең чындыктарды изилдегенибиз рухий жактан жетилгенге кандайча жардам берет? Эмне үчүн өзүбүзгө өтө эле ишенип албашыбыз керек? Бул макалада ушул суроолорго жооп алабыз.
МАШАЯКТЫН ЖЕТИЛГЕН ЖОЛДООЧУСУ БОЛУУ ДЕГЕН ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ?
3. Рухий жактан жетилүү деген эмнени билдирет?
3 Ыйык Китепте «жетилген» деп которулган грек сөзү «жеткилең», «баралына жеткен» деген маанини туюнтат a (1 Кор. 2:6). Кичинекей бала улам чоңоё бергендей эле, биздин да Жахаба менен болгон мамилебиз барган сайын чыңдала бериши зарыл. Ошондо Жахабанын жетилген кызматчысы боло алабыз. Бирок андан ары да алга илгерилей беришибиз керек (1 Тим. 4:15). Баары, атүгүл жаштар да рухий жактан жетиле алат. Рухий жактан жетилгенибизди кантип билсек болот?
4. Машаяктын жетилген жолдоочусу кандай болот?
4 Машаяктын жетилген жолдоочусу Кудайдын талаптарынын тигинисине баш ием, мунусуна баш ийбейм деп тандабайт. Ал баарына карманат. Албетте, жеткилең эмес болгондуктан ката кетирет. Ошентсе да күнүмдүк жашоосунда Кудайдын эркине ылайык ой жүгүртүп, ошого ылайык иш кылат. Ал жаңы табиятты кийип, Жахабадай ой жүгүрткөнгө тынбай аракет кыла берет (Эф. 4:22—24). Жахабанын мыйзам-принциптеринин негизинде туура чечим чыгарганга үйрөнгөндүктөн ага эрежелердин узун тизмеси кереги жок. Кандайдыр бир чечим чыгаргандан кийин ошого ылайык иш кылганга бүт күчүн жумшайт (1 Кор. 9:26, 27).
5. Рухий жактан жетиле электер кандай болот? (Эфестиктер 4:14, 15).
5 Ал эми Машаяктын рухий жактан жетиле элек жолдоочусу «митаам» кишилерге жана алардын «айла-амалдарына» бат эле ишенип алат. Ошондой эле кутум теорияларына, чындыктан четтегендерге оңой эле алданып калат b. (Окугула: Эфестиктер 4:14, 15.) Андайлар ичи тарлыкка, уруш-талаш чыгарганга, таарынганга жакын болушу жана азгырыкка туруштук бере албай калышы мүмкүн (1 Кор. 3:3).
6. Рухий жактан өсүп-жетилүүнү эмнеге салыштырса болот? (Сүрөттү да карагыла.)
6 Жогорудан билгенибиздей, Ыйык Китепте кишинин рухий жактан жетилиши баланын бойго жетишине салыштырылат. Балдар көп нерсени түшүнбөгөндүктөн чоңдордун аларды коргоп, көз салып турушуна муктаж. Мисалга чоң жолдон өткөнү жаткан эне менен кызды алалы. Кызы кичинекей болгондуктан апасы аны жетелеп алат. Ал эми чоңоё түшкөндө, жалгыз өткөнгө уруксат берсе да, апасы ага: «Жолдон эки жагыңды карап өт»,— деп айтып турат. Ал эми кызы бойго жеткенде кооптуу жагдайларды өзү эле баамдап калат. Бир балээге кабылбашы үчүн балдарга чоңдордун жардамы керек болгондой эле, рухий жактан жетиле электерге да жардам керек. Антпесе, алар туура эмес чечим чыгарып, Кудай менен болгон мамилесин бузуп алышы ыктымал. Ал эми рухий жактан жетилген киши чечим чыгарарда Жахабанын көз карашын билиш үчүн Ыйык Китептеги принциптердин негизинде ой жүгүртөт. Анан ошого ылайык иш кылат.
7. Рухий жактан жетилгендер башкалардын жардамына муктаж болобу?
7 Бирок бул Кудайдын жетилген кызматчысы эч кимдин жардамына муктаж болбойт дегенди билдиреби? Жок. Алар деле кээде жардамга муктаж болот. Ошондуктан акылдуу, тажрыйбалуу ишенимдештерине кеңеш сурап кайрылат. Ошол эле учурда Жахабанын алардан «өз жүгүн өзү көтөрүшүн» күтөрүн түшүнөт (Гал. 6:5). Алардан айырмаланып, рухий жактан жетиле электер башкалардын алардын ордуна чечим чыгарышын же тигиндей-мындай кыл деп айтышын каалашы этимал.
8. Кудайдын рухий жактан жетилген кызматчылары бири-биринен кайсы жактардан айырмаланышы мүмкүн?
8 Чоң кишилер бири-биринен айырмалангандай эле, Кудайдын жетилген кызматчылары да окшош болбойт. Мисалы, бири даанышман, экинчиси кайраттуу болсо, башкасы берешен, боорукер болушу ыктымал. Андан тышкары, рухий жактан жетилгендер бир эле жагдайга туш болгондо, Ыйык Китепке негиздешсе да, эки башка чечим чыгарышы мүмкүн. Айрыкча, абийирдин үнүн угуп иш кылыш керек болгон жагдайларда ушундай болот. Ушуну эске алып, алар бири-биринин чечимин сындабайт. Анын ордуна, ортодогу биримдикти сактаганга көңүл топтошот (Рим. 14:10; 1 Кор. 1:10).
КАНТКЕНДЕ РУХИЙ ЖАКТАН ӨСҮП, ЖЕТИЛЕ АЛАБЫЗ?
9. Рухий жактан эч кандай аракет кылбай эле өсүп-жетилүү мүмкүнбү? Түшүндүргүлө.
9 Баланын убакыттын өтүшү менен чоңоюп бойго жетери турган иш. Бирок рухий жактан жетилиш үчүн күч-аракет жумшашыбыз керек. Байыркы Корунттагы жыйналышты мисалга алалы. Алар жакшы кабарды угушкан, чөмүлүп, ыйык рух алышкан. Андан сырткары, элчи Пабыл аларды жеке өзү окутуп-үйрөткөн (Элч. 18:8—11). Анткен менен чөмүлгөндөн кийин жылдар өтсө да, көбү дагы деле рухий жактан бала бойдон калган (1 Кор. 3:2). Биз да алардай болуп калбаш үчүн эмне кылсак болот?
10. Рухий жактан жетилиш үчүн эмне кылышыбыз керек? (Жүйүт 20).
10 Рухий жактан өсүп-жетилиш үчүн муну адегенде өзүбүз каалашыбыз керек. «Тажрыйбасыздыкты жакшы көргөндөр» рухий жактан ымыркай бойдон калгысы келет. Андайлар эч качан өсүп-жетилбейт (Накыл 1:22). Биз жоопкерчиликтен качкан, алардын ордуна ата-энеси чечим чыгарган кишилердей болгубуз келбейт. Анткендин ордуна, Жахаба менен болгон мамилебизди өзүбүз чыңдагыбыз келет. (Окугула: Жүйүт 20.) Эгер рухий жактан жетилүүгө умтулуп жатсаңар, анда Жахабадан силерге «каалоо да, күч да берип, иш-аракет кылууга түрткү беришин» сурап, тиленгиле (Флп. 2:13).
11. Рухий жактан жетилишибиз үчүн Жахаба эмнелерди берген? (Эфестиктер 4:11—13).
11 Жахаба рухий жактан өзүңөр өскүлө деп таштап койбойт. Ал аксакалдарды жана бизди окутуп-үйрөтө турган ишенимдештерибизди берген. Алар бизге «жетилген адамдын деңгээлине, Машаяктын толуктугуна мүнөздүү деңгээлге», жеткенге көмөк кыла алат. (Окугула: Эфестиктер 4:11—13.) Ошондой эле «Машаяктын акылына» ээ болушубуз үчүн Жахаба ыйык рухун да берип келет (1 Кор. 2:14—16). Мындан тышкары, ыйык рухтун жетеги менен төрт Инжилди жаздырып койгон. Андан Исанын кантип ой жүгүрткөнүн, эмнелерди айтканын жана кандай иштерди кылганын биле алабыз. Исаны ушул жактардан туурасаңар, анын жетилген жолдоочусу боло аласыңар.
«КАТУУ ТАМАКТЫН» РОЛУ
12. «Машаяк жөнүндөгү баштапкы окууларга» эмнелер кирет?
12 Рухий жактан жетилиш үчүн «Машаяк жөнүндөгү баштапкы окууларды калтырып», алга илгерилешибиз керек. Тагыраак айтканда, Машаяк жөнүндө башында билгендерибиз менен эле чектелип жүрө бербей, көбүрөөк билим алганга умтулушубуз кажет. Маселен, андай негизги окууларга өкүнүү, Кудайга ишенүү, чөмүлүү жана тирилүү сыяктуу окуулар кирет (Евр. 6:1, 2). Буларга Кудайдын кызматчыларынын баары ишенет. Ошон үчүн элчи Петир Элүүнчү күн майрамына чогулган элге так ушуларды айткан (Элч. 2:32—35, 38). Машаяктын жолдоочусу болуш үчүн ушул негизги окууларды кабыл алганыбыз маанилүү. Элчи Пабыл да өлгөндөрдүн тирилерине ишенбегендер Машаяктын жолдоочусу боло албай турганын айткан (1 Кор. 15:12—14). Анткен менен рухий жактан жетилгибиз келсе, негизги окууларды билгенибизге эле ыраазы болуп жүрө бербешибиз керек.
13. Еврейлер 5:14тө жазылган «катуу тамак» аш болуш үчүн эмне кылышыбыз керек? (Сүрөттү да карагыла.)
13 Баштапкы окуулардан айырмаланып, «катуу тамак» өз ичине Жахабанын мыйзамдарын эле эмес, принциптерин да камтыйт. Алар бизге Жахабанын ой жүгүртүүсүн түшүнгөнгө көмөк кылат. Рухий тамак жакшы сиңиши үчүн Кудайдын Сөзүн изилдешибиз, окугандарыбыз тууралуу ой жүгүртүшүбүз, аларды жашообузда колдонушубуз керек. Ушундай кыла берсек, Жахабага жаккандай чечим чыгарганга үйрөнөбүз c. (Окугула: Еврейлер 5:14.)
14. Пабыл Корунттуктарга рухий жактан жетилгенге кантип жардам берген?
14 Рухий жактан жетилбегендер Ыйык Китептеги принциптердин негизинде чечим чыгарыш керек болгондо кыйналышат. Айрымдар, эгер Ыйык Китепте так-айкын мыйзам жок болсо, анда өзүм туура көргөндөй кыла берсем болот деп ойлошу мүмкүн. Кээ бирлер болсо башкалардан эреже чыгарып беришин суранышат. Айталы, Корунт шаарындагы боордоштору, сыягы, элчи Пабылдан жалган кудайларга багышталган тамакка байланыштуу эреже чыгарышын суранган. Пабыл аларга мындай же тигиндей кылгыла дегендин ордуна, бул абийир маселеси экенин жана эмне кылышты ар бири өзү чечиши керектигин баса белгилеген. Ал алардын көңүлүн Ыйык Китептеги принциптерге бурган. Бул аларга кийин абийири жемелебей тургандай жана башкаларга кедерги болбой тургандай чечим чыгарганга жардам бермек (1 Кор. 8:4, 7—9). Ушундайча Пабыл корунттуктарга рухий жактан жетилгенге көмөк кыла алган. Анын кеңешине кулак каккандар эч кимден көз каранды болбой, эреже талап кылбай, акыл жөндөмүн колдонуп, чечим чыгара алышмак.
15. Пабыл еврей ишенимдештерине рухий жактан өсүп-жетилгенге кантип жардам берген?
15 Пабылдын еврейлерге жазган катынан маанилүү бир нерсени биле алабыз. Машаяктын еврей жолдоочуларынын айрымдары рухий жактан өспөй калышкан. Ошон үчүн аларга «катуу тамак эмес, кайрадан сүт керек» болгон (Евр. 5:12). Себеби алар Жахаба жыйналыш аркылуу ачып берген чындыктарды билгенге ынтызар болгон эмес (Накыл 4:18). Маселен, Иса өмүрүн курмандыкка берип, Мыйзам жоюлганына 30 жылдай болуп калса да, Машаяктын жүйүт жолдоочулары Муса пайгамбар жазган Мыйзамга карманыш керек деп талап кыла берген (Рим. 10:4; Тит 1:10). Алардын туура эмес көз карашын өзгөрткөнгө жетиштүү убактысы — 30 жылдай убактысы — болгон. Ошол себептен Пабыл аларга терең чындыктарды кабыл алганга көмөк кылыш үчүн кат жазган. Анын каты еврей ишенимдештерине Кудайга Иса аркылуу сыйынуу эң туура экенин түшүнгөнгө жардам берип, жүйүттөрдүн каршылыгына карабай эр жүрөктүк менен кабар айта бергенге күч берген (Евр. 10:19—23).
ӨЗҮҢӨРГӨ ӨТӨ ЭЛЕ ИШЕНИП АЛГАНДАН САК БОЛГУЛА
16. Рухий жактан жетилгенден тышкары, дагы эмне кылышыбыз керек?
16 Биз рухий жактан жетилгенге эле эмес, андан ары да рухий жактан бекем бойдон калганга бүт күчүбүздү жумшашыбыз кажет. Ан үчүн өзүбүзгө өтө эле ишенип алгандан сак болушубуз керек (1 Кор. 10:12). Ошондуктан өзүбүздү рухий жактан ийгилик кылбай калган жокмунбу деп дайыма текшерип турганыбыз зарыл (2 Кор. 13:5).
17. Пабылдын колосалыктарга жазган катынан адам рухий жактан дайыма жетиле бериши керектиги кандайча көрүнүп турат?
17 Пабыл колосалыктарга жазган катында да адам рухий жактан жетилип эле токтоп калбашы керектигин баса белгилеген. Ал жыйналыштагылар Машаяктын жетилген жолдоочулары болушса да, Пабыл аларга дүйнөнүн ой жүгүртүүсүнө алдырбашы керектигин эскерткен (Кол. 2:6—10). Кыязы, ошол жыйналыштагыларды жакшы билген Эпафрас да Кудайдан алардын жетиле беришин сурап тиленген (Кол. 4:12). Мындан эмнени билсек болот? Пабыл да, Эпафрас да рухий жактан жетилген бойдон калыш үчүн ар бир киши өзү аракет кылышы керектигин жана Кудайдын жардамына муктаж экенин түшүнгөн. Алар колосалыктардын, кандай кыйынчылыкка туш болбосун, рухий жактан жетилген бойдон калышын каалаган.
18. Машаяктын жетилген жолдоочусу, сак болбосо, эмне болушу мүмкүн? (Сүрөттү да карагыла.)
18 Пабыл еврей ишенимдештерине Машаяктын жетилген жолдоочусу, сак болбосо, Кудайдын ырайымынан биротоло айрылып калышы мүмкүн экенин эскерткен. Буга жүрөктүн катууланып кетиши себеп болот. Ошонун айынан андай адам Кудайдан алыстап кетиши ыктымал. Бактыга жараша, Машаяктын еврей жолдоочулары ошончого чейин жеткен эмес (Евр. 6:4—9). Ал эми бүгүнкү күндөгү жигердүү болбой калып же жыйналыштан чыгарылып, бирок кийин өкүнгөндөр тууралуу эмне дешке болот? Алар Пабыл жазган кишилерден кыйла айырмаланышат. Анткени Кудайдын алдында момун болуп, чындап өкүнүшкөн. Ошентсе да Жахабага кайтып келишкенде, алар анын жардамын кабыл алышы керек (Жез. 34:15, 16). Аксакалдар тажрыйбалуу ишенимдешинен андай боордошторубузга Жахаба менен болгон мамилесин бекемдегенге жардам беришин суранышы мүмкүн.
19. Алдыбызга кандай максат коюшубуз керек?
19 Эгер Машаяктын жетилген жолдоочусу болгонго умтула берсеңер, бул максатыңарга сөзсүз жете аласыңар! Ан үчүн катуу тамак менен азыктана бергиле. Ошондой эле мүмкүн болушунча Жахабадай ой жүгүрткөнгө аракет кылгыла. Ал эми Машаяктын жетилген жолдоочусу болсоңор, анда ошол бойдон калганга бүт күчүңөрдү жумшай бергиле.
ЭМНЕ ДЕП ЖООП БЕРЕТ ЭЛЕҢЕР?
-
Машаяктын жетилген жолдоочусу болуу деген эмнени билдирет?
-
Канткенде рухий жактан жетиле алабыз?
-
Өзүбүзгө өтө эле ишенип алгандан эмне үчүн сак болушубуз керек?
65-ЫР: Алгалай бер!
a Еврей Жазмаларында «жетилген», «жетиле элек» деген сөздөр жок болсо да, ошол ойду камтыган түшүнүктөр бар. Мисалы, Накыл сөздөр китебинде «жаш» жана «тажрыйбасыз» киши «акылдуу», «түшүнүккө ээ» киши менен салыштырылат (Накыл 1:4, 5).
b jw.org сайтындагы жана JW Library® тиркемесиндеги «Дагы башка макалалар» деген бөлүктөгү «Бурмаланган маалыматтан жаа бою качкыла!» деген макаланы карагыла.
c Ушул сандагы «Кантип изилдеш керек?» деген макаланы карагыла.
d СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Ишенимдешибиз Кудайдын Сөзүнөн окуп-билгендеринин негизинде көңүл ачуунун туура түрүн тандоодо.