Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

16-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

64-ЫР: Түшүм жыйноого кубаныч менен катышалы

Канткенде көбүрөөк кубанып кызмат кыла алабыз?

Канткенде көбүрөөк кубанып кызмат кыла алабыз?

«Жахабага кубаныч менен кызмат кылгыла» (ЗАБ. 100:2).

МАКАЛАНЫН ӨЗӨГҮ

Бул макалада кызматтан кубанычыбызды кантип арттырсак болору жөнүндө сөз жүрөт.

1. Айрымдарга кызматта бейтааныш кишилер менен сүйлөшүш эмне үчүн кыйынга турушу мүмкүн? (Сүрөттү да карагыла.)

 БИЗ асмандагы Атабызды жакшы көрөбүз жана башкалардын да аны билишин каалайбыз. Ошондуктан кабар айтабыз. Көптөгөн жарчылар кызматка чыкканды жакшы көрүшөт. Бирок башкаларына бул кыйынга турат. Эмне үчүн? Анткени айрымдар уялчаак болушу же өзүн жакшы кабар айта албайм деп эсептеши мүмкүн. Башкалары болсо чоочун кишилердин үйүнө баргандан ыңгайсызданышат. Кээ бирлери укпай койсочу деп коркушат. Айрымдары башкалар менен талашып-тартышканды жаман көрүшөт. Жахабаны канчалык жакшы көрүшпөсүн, ушундай ишенимдештерибизге тааныбаган бирөөгө барып, жакшы кабар айтыш оңойго турбайт. Анткен менен бул иштин канчалык маанилүү экенин түшүнгөндүктөн, дайыма кызматка чыгышат. Муну көргөндө Жахаба абдан сүйүнөрү шексиз.

Кабар айтканды жакшы көрөсүңөрбү? (1-абзацты карагыла)


2. Эгер кубанып кызмат кыла албай жатсаңар, эмне үчүн көңүлүңөрдү чөгөрбөшүңөр керек?

2 Ушул сыяктуу себептерден улам кызматыңарды кубанып аткара албай калган учурларыңар болобу? Эгер болсо, көңүлүңөрдү чөгөрбөгүлө. Анткени жакшы кабар айта албайм деп ойлогонуңар момун экениңерден, өзүңөргө ашыкча көңүл бурдургуңар келбей турганынан жана башкалар менен талашып-тартышкыңар келбээринен кабар бериши мүмкүн. Анын үстүнө, жакшылык кылайын десек, бизди укпай коюшса, баарыбыз эле жаман болобуз. Асмандагы Атаңар кандай кыйынчылыкка туш болуп жатканыңарды билет жана силерге жардам бергиси келет (Ыш. 41:13). Бул макалада 5 кеңешти карап чыгабыз. Алар бизге ушундай сезимдер менен күрөшкөнгө жана кубанып кызмат кылганга жардам берет.

КУДАЙДЫН СӨЗҮ АРКЫЛУУ КҮЧКӨ ТОЛГУЛА

3. Жеремияга кабар айта бергенге эмне жардам берген?

3 Байыркы учурдагы пайгамбарларга оор тапшырма берилгенде Кудайдын Сөзү күч берген. Мисалга Жеремия пайгамбарды алалы. Жахаба ага кабар айтышы керектигин айтканда, ал коркуп: «Мен сүйлөгөндү билбейм, өтө жашмын»,— деген (Жер. 1:6). Ага коркунучун жеңгенге эмне жардам берген? Кудайдын Сөзү. Жеремия: «Анын сөзү жүрөгүмдө алоолонуп күйгөн, сөөктөрүмдө камалган оттой болду. Мен аны ичимде кармап жатып чарчадым, чыдабай кеттим»,— деп айткан (Жер. 20:8, 9). Жеремияны эл такыр укпай койгон. Ошондо ага өзүнө тапшырылган ишти аягына чыгарганга өзү жарыялашы керек болгон кабар күч берген.

4. Кудайдын Сөзүн окуп, ал тууралуу ой жүгүрткөнүбүздүн кандай пайдасы бар? (Колосалыктар 1:9, 10).

4 Машаяктын 1-кылымдагы жолдоочуларын да Кудайдын Сөзү күчкө толтурган. Колосалыктарга кат жазганда элчи Пабыл так билим алганы аларга «ар бир жакшы иште жемиш бергенге» жардам берерин жана ушундайча «Жахабанын ысмына татыктуу жашай» аларын айткан. (Окугула: Колосалыктар 1:9, 10.) Аяттагы «жакшы иш» жакшы кабар айтуу ишин да камтыйт. Ыйык Китепти окуп, ал тууралуу ой жүгүрткөндө Жахабага болгон ишенимибиз бекемделет. Ошондой эле Падышалык тууралуу кабар айтуунун канчалык маанилүү экенин түшүнөбүз.

5. Канткенде Ыйык Китепти изилдегенден көбүрөөк пайда аласыңар?

5 Кудайдын Сөзүндө жазылгандар жүрөгүбүзгө сиңиши үчүн аны шаша-буша окуп-изилдегенден, үстүртөн эле ой жүгүрткөндөн качышыбыз керек. Анын ордуна, жетиштүү убакыт бөлгөнүбүз жакшы. Эгер окуп баратып, кайсы бир аятты жакшы түшүнбөй калсаңар, андан ары кетип калбагыла. «Жахабанын Күбөлөрүнүн изилдөө жүргүзүүгө арналган куралын» же башка адабияттарды колдонуп, ошол аятты кененирээк түшүнгөнгө аракет кылгыла. Эгер жетиштүү убакыт бөлсөңөр, Кудайдын Сөзүнүн чындык экенине ынанасыңар (1 Тес. 5:21). Ишенимиңер канчалык күчтүү болсо, билген нерселериңерди башкаларга айтканда ошончолук кубанасыңар.

ЖАКШЫ ДАЯРДАНГЫЛА

6. Эмне үчүн кызматка даярданып чыгышыбыз керек?

6 Кызматка канчалык жакшы даярдансаңар, башкалар менен ошончолук эркин сүйлөшөсүңөр. Иса шакирттерин кабар айтканга жөнөтөрдө аларды даярдаган (Лк. 10:1—11). Шакирттер Иса үйрөткөндөй кылгандыктан, кызматтан кубанып кайтып келишкен (Лк. 10:17).

7. Кызматка кантип даярдансак болот? (Сүрөттү да карагыла.)

7 Кызматка кантип даярдансак болот? Биз эмне айтарыбызды жана аны канткенде өз сөзүбүз менен айтып берсек болорун жакшылап ойлонуштуруп алышыбыз керек. Аймактагылар эмне деп жооп бериши мүмкүн экенин, аларга эмне деп айтсак болорун ойлонуп алганыбыз да пайдалуу болушу мүмкүн. Ошондо кимдир бирөө менен маектешип жатканда өзүбүздү эркин сезип, жылмайып жана достук маанайда сүйлөйбүз.

Кызматка жакшы даярдангыла (7-абазацты карагыла)


8. Кандайча Исанын жолдоочулары Пабылдын мисалындагы «чопо идиштерге» окшош?

8 Элчи Пабыл ишенимдештерине: «Бул кенчти чопо идиштерде сактап жүрөбүз»,— деп жазган (2 Кор. 4:7). Аяттагы «кенч» деген сөз эмнени билдирет? Бул көптөрдүн өмүрүн сактаганга шарт түзгөн Кудайдын Падышалыгы тууралуу кабар айтуу ишин билдирет (2 Кор. 4:1). Ал эми «чопо идиштерчи»? Жакшы кабар жарыялаган Кудайдын кызматчыларын билдирет. Пабылдын күндөрүндө соодагерлер тамак-аш, шарап жана акча сыяктуу баалуу нерселерди чопо кумураларга салып ташышчу. Ошол сыяктуу эле, Жахаба бизге баалуу ишти — жакшы кабар таратуу ишин — ишенип тапшырган. Ал бизге ошол ишти аткарганга күч берет.

КАЙРАТТУУЛУК СУРАП ТИЛЕНГИЛЕ

9. Адамдардан коркпош үчүн жана башкалар каршы чыкса эмне кылам деп кайратыбыз качпаш үчүн эмне кылсак болот? (Сүрөттү да карагыла.)

9 Кээде адамдардан коркушубуз же каршы чыгышса эмне кылам деп ойлоп кайратыбыз качышы мүмкүн. Андайда эмне кылсак болот? Кабар айтканга тыюу салышканда, элчилер эмне деп тиленишкенин карап көрөлү. Алар коркуп калбай, Жахабадан: «Сөзүңдү зор кайраттуулук менен айта бергенге күч бере көр»,— деп тиленишкен (Элч. 4:18, 29, 31). Жахаба аларга ошол замат жооп берген. Биз да кээде корккондуктан кабар айта албай жатсак, Жахабадан жардам сурап тиленишибиз керек. Андан адамдардан коркуу сезимин сүйүү менен жеңгенге жардам беришин сурагыла.

Кайраттуулук сурап тиленгиле (9-абзацты карагыла)


10. Жахаба ал жөнүндө күбөлөндүрө алышыбыз үчүн бизге кантип жардам берет? (Ышая 43:10—12).

10 Жахаба бизди өзүнүн күбөлөрү кылып тандап алган жана кайраттуу болгонго жардам берем деп убадалайт. (Окугула: Ышая 43:10—12.) Анын муну кантип кыларынын 4 жолун карап көрөлү. 1) Кабар айтып жүргөнүбүздө Иса дайыма жаныбызда (Мт. 28:18—20). 2) Жахаба бизге жардам бериш үчүн периштелерди дайындаган (Аян 14:6). 3) Кызматта жүргөндө, Жахаба ыйык руху менен мурун окугандарыбызды эстетет (Жкн. 14:25, 26). 4) Ал бизди жөлөп-таяй турган ишенимдештерибизди берген. Ооба, Жахабанын жана сүйүктүү боордошторубуздун жардамы менен кайраттуу боло алабыз.

ЫЛАЙЫКТАША БИЛГИЛЕ ЖАНА ОҢ МААНАЙ САКТАГЫЛА

11. Көбүрөөк кишиге кабар айтыш үчүн эмне кылсаңар болот? (Сүрөттү да карагыла.)

11 Аймакка барганда көптөр үйүндө жок болуп калса, көңүлүңөр чөгүп калабы? Анда: «Аймагымдагылар азыр кайда жүрүшү мүмкүн? Жумуштабы же базардабы?» — деп ойлонуп көргүлө (Элч. 16:13). Балким, көбүрөөк кишиге жолугуш үчүн көчөдөн кабар айтаттырсыңар. Жошуа деген ишенимдешибиз: «Соода борборлорунда же эл көп жерлерде кабар айтканга жакшы мүмкүнчүлүктөр болот»,— деп бөлүшөт. Ошондой эле жубайы Брижит экөө аймакка кечке жуук же жекшемби күнү түштөн кийин барганда көбүрөөк кишиге жолугарын байкашкан (Эф. 5:15, 16).

Көбүрөөк кишиге жолугуш үчүн ылайыкташа билгиле (11-абзацты карагыла)


12. Аймактагылардын эмнеге ишенерин же эмнеге тынчсызданарын кантип билсек болот?

12 Эгер аймагыңардагылар жакшы кабарга көп кызыкпаса, алардын эмнеге ишенерин же эмнени ойлоп тынчсызданышарын аныктаганга аракет кылгыла. Жошуа менен Брижит сөз башташ үчүн баракчаларыбыздын биринчи бетиндеги суроону беришет. Мисалы, «Ыйык Китепти кандай китеп деп эсептейсиз?» деген баракчаны көрсөтүп, мындай деп айтышат: «Айрымдар Ыйык Китепти Кудайдан келген китеп деп эсептейт. Башкалар антип эсептешпейт. Сиз кандай деп ойлойсуз?» Ушунун аркасында көбүнчө маек жакшы уланат.

13. Аймактагылар укпай койсо да, эмне үчүн ийгиликке жеттик деп айта алабыз? (Накыл сөздөр 27:11).

13 Кызматта ийгиликке жетер-жетпесибиз элдин кандай жооп кайтарганынан көз каранды эмес. Эмне үчүн? Анткени, кандай болбосун, Жахаба менен Иса жөнүндө күбөлөндүргөн болобуз. Алар бизден ушуну күтөт (Элч. 10:42). Атүгүл аймактан эч ким чыкпай койсо да же эч ким укпай койсо да, кубанып кызмат кыла беребиз. Себеби асмандагы Атабыздын жүрөгүн кубантып жатканыбызды билебиз. (Окугула: Накыл сөздөр 27:11.)

14. Башка жарчы аймагынан кимдир бирөө менен изилдей баштаса, эмне үчүн кубанабыз?

14 Эгер башка жарчы аймагынан жакшы кабарга кызыккан бирөөнү тапса, биз да кубанабыз. Бир жолу «Күзөт мунарасында» кабар айтуу иши жоголуп кеткен баланы издөөгө салыштырылган. Аны улам бир жерди кыдырып көп киши издеген. Бала табылганда, тапкан киши эле эмес, баары кубанышкан. Ошо сыңары, кимдир бирөөнүн Кудайдын кызматчысы болушуна баарыбыз салым кошобуз. Жыйналыштын аймагын иштеткенге баарыбыз көмөк кылалы. Ошондо аймактан кимдир бирөө жолугушууларга келе баштаса, баарыбыз кубанабыз.

ЖАХАБАГА ЖАНА БАШКАЛАРГА БОЛГОН СҮЙҮҮҢӨРГӨ КӨҢҮЛ ТОПТОГУЛА

15. Матай 22:37—39-аяттардагы сөздөр кызматыбызды күйүп-жанып аткарганга кандайча жардам берет? ( сүрөттү да карагыла.)

15 Жахабага жана жакындарыбызга болгон сүйүүбүзгө көңүл топтосок, кызматыбызды күйүп-жанып аткарабыз. (Окугула: Матай 22:37—39.) Ал тапшырган ишти аткарып жатканыбызды көргөндө Жахабанын канчалык сүйүнөрүн элестетсеңер! Ыйык Китепти изилдеп жаткан киши да чоң кубанычка бөлөнөт. Андан тышкары, айткан кабарыбыз ага кулак каккан кишинин өмүрүн сактап калары жөнүндө да ой жүгүрткүлө (Жкн. 6:40; 1 Тим. 4:16).

Жахабага жана жакындарыңарга болгон сүйүүңөргө көңүл топтосоңор, кубанычыңар артат (15-абзацты карагыла)


16. Үйдөн чыга албай калганда канткенде кубанычыбызды жоготпой кызмат кыла алабыз? Мисал келтиргиле.

16 Кайсы бир себептерден улам үйүңөрдөн чыга албай калсаңар, эмне кылсаңар болот? Андайда Жахабаны жана жакындарыңарды жакшы көрөрүңөрдү көрсөтүш үчүн, эмне кыла аларыңарга көңүл топтогула. COVID-19 пандемиясы учурунда Сэмуел менен Дания үйүнөн чыга албай калышкан. Ошентсе да алар телефон менен кабар айтып, кат жазып, Zoom аркылуу изилдөө өтө беришкен. Сэмуел рак болуп ооругандыктан доктурга дарыланганы барганда ал жактан жолуккандарга кабар айткан. Ал: «Кыйынчылыктар жан дүйнөбүздү жабыркатып, алдан-күчтөн тайдырып, ишенимибизди сынайт. Мүгдүрөп калбаш үчүн Жахабага кызмат кылышыбыз керек. Ошол нерсе бизге чоң кубаныч тартуулайт»,— деген. Ошол убакта жубайы Дания жыгылып кетип, үч ай төшөккө жатып калган. Анан ага алты ай бою майыптар коляскасында отурганга туура келген. Ал мындай дейт: «Ошондо алыма жараша колуман келишинче кабар айтканга аракет кылып жаттым. Үйгө келген медайымдарга, азык-түлүк жеткирип келген кишилерге кабар айтып жаттым. Бир жолу болсо медициналык жабдыктарды саткан бир аял менен телефон аркылуу жакшы маек кура алдым». Сэмуел менен Дания жагдайынан улам мурункудай көп кызмат кыла албай калышса да, колунан келгенин кылып, ошого кубанышкан.

17. Бул макалада айтылган кеңештердин пайдасын көрүш үчүн эмне кылсаңар болот?

17 Бул макалада айтылган кеңештер баарын чогуу колдонгондо гана жакшы натыйжа берет. Ар бир кеңешти тамактын рецебиндеги азыкка салыштырса болот. Азыктардын баарын кошкондо тамак даамдуу болот. Анын сыңарындай, бул макалада айтылгандай бардык кеңештерди колдонсок, терс сезимдерге алдырбайбыз жана кызматыбыз көбүрөөк кубаныч тартуулайт.

ТӨМӨНДӨГҮ НЕРСЕЛЕР КЫЗМАТЫБЫЗДЫ КУБАНЫП АТКАРГАНГА КАНДАЙЧА ЖАРДАМ БЕРЕТ?

  • Жакшы даярданганга жетиштүү убакыт бөлүү

  • Кайраттуулук сурап, тиленүү

  • Жахабага жана жакындарыбызга болгон сүйүүгө көңүл топтоо

80-ЫР: Жахабанын жакшы экенин татып көрөлү