Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Өмүр баян

Башкаларга көңүл буруунун көөнөрбөс пайдасы

Башкаларга көңүл буруунун көөнөрбөс пайдасы

Апам, карындашым Пэт жана мен, 1948-жыл

«АНГЛИКАН чиркөөсү чындыкты окутпайт. Аны башка жактан изде». Бул сөздөрдү Англикан чиркөөсүнө барган таенем апама айткан экен. Ошондон тартып апам чыныгы динди издей баштаптыр. Бирок анын Жахабанын Күбөлөрү менен сүйлөшкүсү келчү эмес. Ошон үчүн алар Торонтодогу (Канада) үйүбүзгө келгенде мага: «Жашынып кал»,— деп айтчу. Анткен менен 1950-жылы апамдын кичүү сиңдиси Ыйык Китепти изилдей баштаган. Аларга апам да кошулган. Алар таежемдин үйүндө изилдешчү. Кийин апам чөмүлгөн.

Атам Канададагы жергиликтүү чиркөөлөрдүн бирикмесинин чоңу болчу. Ошон үчүн карындашым экөөбүздү жума сайын жекшембилик мектепке жөнөтчү. Андан чыгып күндүзгү 11де атам менен чиркөө кызматына барчубуз. Түштөн кийин апам менен Падышалык залына жөнөчүбүз. Андыктан эки диндин айырмасы бизге дароо билинчү.

1958-жылы Боб байкенин үй-бүлөсү менен «Кудайдын эрки» деген эл аралык жыйынга барышым

Апам билгендерин Боб жана Марион Хатчесон деген көп жылдан берки досторуна айтканда, алар да чындыкты кабыл алышкан. 1958-жылы алар мени 3 уулу менен чогуу Нью-Йоркто өткөрүлгөн «Кудайдын эрки» деген 8 күндүк эл аралык жыйынга алып барышкан. Ал жыйын мен үчүн эстен кеткис болгон. Азыр ойлосом, мени ошол жакка алып барыш аларга оңойго турбаптыр.

БАШКАЛАРДЫН КӨҢҮЛ БУРГАНЫ КӨБҮРӨӨК КЫЗМАТ КЫЛГАНГА ТҮРТКҮ БЕРДИ

Өспүрүм курагымда фермада жашагандыктан малга жакын болчумун. Ошондуктан чоңойгондо мал доктур болом деп чечип алгам. Апам муну жыйналыштагы бир аксакалга айтыптыр. Ал жумшактык менен «акыркы күндөрдө» жашап жатканыбызды эсиме салды. Анан: «Бир нече жыл университетте окуганың Жахаба менен болгон мамилеңе кандай таасир этет?» — деп сурады (2 Тим. 3:1). Ошондон кийин университетте окубай турган болдум.

Ошентсе да мектепти аяктагандан кийин эмне кылам деп ойлоно бердим. Кызматка жума сайын чыкчумун. Бирок кабар айткан көп жакчу эмес. Пионер болоюн деген да оюм жок болчу. Ошол учурларда Жахабанын Күбөсү болбогон атам менен иниси: «Торонтодогу камсыздоо боюнча бир компанияда толук күн иштебейсиңби?» — деп калышты. Байкем ал жакта жогорку абалды ээлегендиктен, мен макул болдум.

Торонтодо керели-кечке иштеп, Жахабанын Күбөсү эместер менен көп убакыт өткөргөндүктөн, рухий иштерден алыстап кеттим. Башында Жахабанын Күбөсү эмес чоң атамдыкында жашачумун. Ал көз жумгандан кийин жашаганга башка жер издеш керек болуп калды.

Мени жыйынга алып барган Боб байкелер ата-энемдей эле болушчу. Алар мени алардыкына жашаганга чакырып, мага рухий жактан өскөнгө жардам беришти. Ошентип, 1960-жылы алардын уулу Жон экөөбүз чөмүлдүк. Жон пионердик кызматты баштады. Мени да кызматка көбүрөөк катышканга үндөдү. Аксакалдар менин рухий жактан өскөнүмдү байкап, кийинчерээк Теократиялык кызмат мектебинин кызматчысы кылып дайындашты a.

ЖАКШЫ АЯЛ ТАБЫШЫМ ЖАНА ПИОНЕР БОЛУШУМ

Үйлөнгөн күнүбүз, 1966-жыл

1966-жылы Ренди Бёрг деген жигердүү пионерге үйлөндүм. Ал муктаждык көп жерде кызмат кылгысы келчү. Кыдыруучу көзөмөлчүбүз ушунубузду байкап, бизди Ориллиядагы (Онтарио) жыйналышка жардам берүүгө үндөдү. Биз кийим-кечегибизди чогултуп, дароо жөнөп кеттик.

Ориллияга барганыбыздан көп өтпөй мен да үзгүлтүксүз пионер болдум. Мага Рендинин ынтасы түрткү берди. Пионер болгондон кийин Ыйык Китепти чебер колдонгонду үйрөнүп, адамдардын чындыкты түшүнгөнүн көрүп, өзгөчө кубанычка бөлөндүм. Ренди экөөбүз Ориллиядагы бир жубайларга жашоосун өзгөртүп, чөмүлгөнгө жардам бере алдык. Бул биз үчүн айтып бүткүс чоң сыймык болду.

БАШКА ТИЛ, БАШКА ОЙ ЖҮГҮРТҮҮ

Бир жолу Торонтого барганыбызда Арнольд Макнамара деген Бейтелдеги бир жоопту кызматты аткарган байкеге жолуктук. Ал бизден: «Атайын пионер болгуңар келбейт беле?» — деп сурады. Мен ойлонбой туруп: «Албетте, болгубуз келет! Бирок Квебекке болбосо эле болду»,— дедим. Анткени Канададагы англисче сүйлөгөндөр менен Квебек провинциясындагы французча сүйлөгөндөр бири-бирин жаман көрчү. Бул мага да таасир эткен. Ошол үчүн ал жакка баргым келген эмес. Анын үстүнө, ошол кезде Квебектегилер Канададан көз карандысыз болобуз деп өкмөткө каршы көтөрүлүштөргө чыгып жаткан.

Арнольд байке: «Филиал учурда атайын пионерлерди Квебекке эле жөнөтүп жатат»,— деди. Ошондой болсо да мен дароо макул болдум. Рендинин да макул болоруна шектенген эмесмин, анткени ал ошол жакта кызмат кылгысы келчү. Кийинчерээк бул жашоомдогу эң мыкты чечимим болгонун түшүндүм.

Француз тилин 5 жума үйрөнгөндөн кийин Ренди экөөбүз башка жубайлар болуп, Римуский деген шаарга жол тарттык. Ал Монреалдан 540 километрдей алыстыкта жайгашкан. Бир жолу жыйналыштан бир нече кулактандырууну окуп бергенде француз тилин дагы жакшыртышым керектигин түшүнгөм. Мен эки сөздү алмаштырып, жыйынга «австриялык делегаттар» келет дейм деп «төө куш делегаттар» келет деп айтып алгам.

Римускийдеги «ак үй»

Римускийде биз, биз менен кошо барган жубайлар, 4 бойдок карындашыбыз, Хабердаустар жана алардын 2 кызы болуп чогуу жашадык. Ал жубайлар 7 уктоочу бөлмөсү бар чоң үйдү ижарага алыптыр. Ижарасын баарыбыз чогуу төлөчүбүз. Ал үй ак сыр менен сырдалып, алдында ак түркүктөрү бар болгондуктан биз аны «ак үй» деп койчубуз. Баарыбыз биригип 12—14 киши жашачубуз. Атайын пионер болгондуктан Ренди экөөбүз эртең менен, түштө, кечинде кабарга чыкчубуз. Биз менен чогуу жашагандардын дайыма, атүгүл кыштын ызгаардуу кечтеринде шерик болуп бергенине аябай ыраазы болчубуз.

Ал ишенимдүү пионерлер менен бир үй-бүлөдөй болуп калганбыз. Кээде, от жагып алып, аны тегеректеп отурчубуз. Кээде болсо «чүчпара күнүн» уюштурчубуз. Бир ишенимдешибиз музыкалык аспапта ойногондуктан, ишемби күнү кечинде көп учурда ырдап, бийлечүбүз.

Римускийде чындыкка кызыккандар абдан көп болду. Беш жылдын ичинде бир топ киши чөмүлдү. Ошентип, жыйналышта 35 жарчы пайда болду. Ушундай өсүшкө күбө болгонубузга абдан кубандык.

Квебекте жүргөндө мыкты жарчы болгонго үйрөндүк. Жахабанын бизге кызматта жардам бергенине, материалдык муктаждыктарыбызды канааттандырганына далай жолу күбө болдук. Андан тышкары, француз тилинде сүйлөгөндөрдү, алардын тилин, маданиятын жакшы көрүп калдык. Бул башка маданияттарды да жакшы көргөнгө түрткү берди (2 Кор. 6:13).

Бир күнү филиал күтүлбөгөн жерден бизди Нью Брансуиктин чыгыш жээгинде жайгашкан Тракади шаарына көчүп барышыбыз керектигин айтты. Биз жашаган үйүбүздүн ижарасын жаңы эле берип койгонбуз. Мен да бир нече күн мугалим болуп иштейм деп бир мектепке кирип алгам. Ошон үчүн эмне кылсак деп ойлонуп калдык. Анын үстүнө, биз менен Ыйык Китепти изилдеген айрым кишилер жаңы эле жарчы болушкан. Падышалык залын да мына-мына салайын деп жатканбыз.

Бул тууралуу бир жума бою тилендик, анан Тракадини көрүп келдик. Ал шаар Римускийден таптакыр башкача экен. Ошентсе да, эгер Жахаба ошол жака барышыбызды каалап жатса, бара берели дедик. Жахабаны «сынап көргөнүбүздүн» аркасында анын тоскоолдуктарды кантип алып салганына күбө болдук (Мал. 3:10). Ренди рухий жактан бекем, жан аябас, тамашакөй болгондуктан көчкөндө көп деле кыйналган жокпуз.

Биз барган жаңы жыйналышта Роберт Росс деген бир эле аксакал бар болчу. Ал жубайы Линда экөө ошол жакта пионер болуп кызмат кылышчу экен. Биринчи баласы төрөлгөндөн кийин деле ошол жакта калууну чечишиптир. Уулу кичинекей болсо да, алар меймандостугу, кызматка жигердүү катышканы менен Ренди экөөбүздү абдан бекемдешкен.

УЮМДУН КЕРЕГИНЕ ЖАРАП, КУБАНЫЧ АЛЫШЫБЫЗ

Райондук кызматты баштагандагы биринчи кышыбыз

Тракадиде эки жыл кызмат кылгандан кийин күтүлбөгөн дайындоо алдык. Бизге кыдыруучулук ишти тапшырышты. Алгачкы 7 жыл англис тилиндеги райондо кызмат кылдык. Андан соң Квебектеги француз тилиндеги районго дайындалдык. Квебекте облустук көзөмөлчү болуп кызмат кылган Леонс Крепо b айткан баяндамаларым үчүн мени мактап турчу. Бирок: «Баяндамалардагы ойлорду дагы кантип иш жүзүндө колдонорлук кылсаң болот?» — деп дайыма сурар эле. Анын ушинтип көңүл бурганы баяндамаларымды иш-аракет кылганга түрткү бергидей, түшүнгөнгө оңой кылып айтканга жардам берди.

1978-жылы Монреалда «Жеңилбес ишеним» деген эл аралык жыйын өткөн. Ошондо алган дайындоомду такыр унутпайм. Мени тамак-аш бөлүмүнө дайындашкан. Биз 80 000 кишиге тамак жасашыбыз керек болчу. Тамак берүү тартиби да жаңыча болмок. Ал бөлүмдөгүлөр үчүн жабдык да, меню да, тамак жасоо жолу да жаңы болчу. Бизге машинеге чиркелген 20дай чоң муздаткыч беришкен. Алардын айрымдары кээде иштебей калчу. Биз жыйын башталганга чейин эле бардык жабдыктарды жайгаштыралы дегенбиз. Бирок бизге чейин өткөрүлгөн спорттук иш-чара түн жарымга чейин болгондуктан, ал жакка кире албай койдук. Таң атканда араң кирип, эртең мененки тамакты даярдай баштадык. Баарыбыз суй жыгыла чарчаганбыз. Бирок күжүрмөн эмгектенген, рухий жактан жетилген, тамашакөй ыктыярчылардан көп нерсеге үйрөнгөм. Алардын көбү менен азыркыга чейин досмун. 1940—1960-жылдарга чейин созулган катуу куугунтуктан кийин ушундай тарыхый жыйынга чогулганыбыз баарыбызды кубанычка бөлөгөн.

Ренди менен Монреалдагы жыйынга даярдык көрүшүбүз, 1985-жыл

Монреалдагы ошол чоң жыйындарда көзөмөлчү болгон бир туугандардан көп нерсени үйрөндүм. Бир жылы азыр Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү болгон Дэйвид Сплэйн менен жыйындар бөлүмүндө кызмат кылып калдык. Кийинки жыйында ошол ишти жалгыз мага тапшырышканда, Дейвид көп жагынан жардам берди.

Ренди экөөбүз 36 жыл бою кыдыруучулук ишти аткарган соң, 2011-жылы мени Жыйналыш аксакалдарынын мектебинин нускоочусу кылып дайындашты. 2 жылдын ичинде баш-аягы ар кандай 75 керебетте уктадык. Бирок кубанычыбыз ыңгайсыздыктын баарын жаап кетти. Ар бир жуманын аягында аксакалдар Жетектөөчү Кеңештин алардын Жахаба менен болгон мамилесине кам көрүп жатканына абдан ыраазы экенин билдиришчү.

Кийинчерээк Падышалыктын жарчыларынын мектебинен сабак берип калдым. Мектепте окугандардын графиги тыгыз болгондуктан көп учурда абдан чарчап калышчу. Анткени алар дээрлик 7 саат бою сабакта отурушчу, андан кийин 3 саат үй тапшырмасын аткарышчу. Жумасына төрт же беш жолу тапшырма менен чыккандыктан, ошолорго да даярданышчу. Бир нускоочу экөөбүз аларга мунун баарын Жахабанын жардамысыз кыла албай турганын эсине салчубуз. Анан студенттер Жахабага таянганынын аркасында өздөрү ойлогондон да көп нерсени кыла алганын көрүп таң калышчу. Алардын ошол сезимдери дайыма көз алдымда.

БАШКАЛАРДЫН КӨҢҮЛ БУРГАНЫНЫН КӨӨНӨРБӨС ПАЙДАСЫ

Апам башкаларга дайыма көңүл бурчу. Мунун аркасында аны менен Ыйык Китепти изилдегендер рухий жактан өсүшкөн. Атүгүл атамдын да чындыкка болгон көз карашы өзгөргөн. Апамдын көз жумганына үч күн болгондон кийин, атам баарыбызды таң калтырып Падышалык залына баяндама укканы барган. Анан 26 жыл бою жыйналыштарды калтырган эмес. Бирок атам чөмүлгөн жок. Анткен менен, аксакалдар айтып бергендей, ал жыйналышка дайыма биринчилерден болуп барчу экен.

Апам мага жана 3 карындашыма сонун үлгү калтырган. Азыр карындаштарым күйөөлөрү менен Жахабага ишенимдүү кызмат кылып жатат. Бир карындашым Португалиядагы, дагы бирөө Гаитидеги Бейтелде кызмат кылат.

Ренди экөөбүз учурда Гамильтондо (Онтарио) атайын пионер болуп кызмат кылабыз. Кыдыруучулук ишти аткарып жүргөндө башка ишенимдештерибиз менен чогуу кызыккан кишилерге жана Ыйык Китепти изилдегендерге барчубуз. Бул бизге чоң кубаныч тартуулачу. Азыр болсо өзүбүз башка бирөөлөр менен изилдеп, алардын рухий жактан өскөнүн көрүп кубанып жатабыз. Ошондой эле жаңы жыйналышыбызда жаңы досторду таптык. Жахабанын аларга өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп жатканын көрүп, бекемделебиз.

Учурунда бизге жекече көңүл бурган бир туугандарга миң мертебе ыраазыбыз. Биз да өз кезегинде башкаларга көңүл буруп, аларды Жахабага колунан келишинче кызмат кылганга үндөйбүз (2 Кор. 7:6, 7). Алсак, бир үй-бүлөдө аялы, уулу, кызы пионер болуп кызмат кылышчу. Мен үй-бүлө башчысынан пионер болгусу келер-келбесин сурап калдым. Ал: «Мен үч пионерге кам көрүп жатпаймбы»,— деди. Мен андан: «Сен аларга Жахабадан да жакшыраак кам көрө аласыңбы?» — деп сурадым. Аны алардын кубанычын татып көрүүгө үндөдүм. Ошентип, 6 айдын ичинде ал да пионер болду.

Ренди экөөбүз мындан ары да «келерки муунга» Жахабанын «ажайып иштери» жөнүндө айтып бере беребиз. Ошондой эле, биздей болуп, Жахабага кызмат кылуудан чоң кубаныч алышына тилектешпиз (Заб. 71:17, 18).

a Учурда Кызматыбыз жана жашообуз жолугушуусунун көзөмөлчүсү.

b Леонс Крепонун өмүр баянын бул жерден окуй аласыңар: «Күзөт мунарасы», 2020, февраль, 26—30-б.