Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

31-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

«Бекем, туруктуу болгула»

«Бекем, туруктуу болгула»

«Сүйүктүү бир туугандарым, бекем, туруктуу болгула» (1 КОР. 15:58).

122-ЫР: Бекем, туруктуу бололу!

БУЛ МАКАЛАДА a

1, 2. Машаяктын жолдоочусу кандайча асман тиреген имаратка окшош? (1 Корунттуктар 15:58).

 1978-ЖЫЛЫ Жапониянын Токио шаарында 60 кабаттуу көк тиреген имарат курулган. Аны көргөндөр бул имарат шаардагы бат-баттан болуп турган жер титирөөлөргө кантип туруштук берер экен деп ойлонушкан. Аны туруштук бергидей кылып кантип курушкан? Инженерлер ал имаратты бекем, ошол эле учурда жер силкингенде урап калбаш үчүн термелип тургудай кылып долбоорлошкон. Машаяктын жолдоочуларын да ошондой имаратка салыштырса болот. Кандайча?

2 Исанын жолдоочусу да бекем, ошол эле учурда ийилчээк болушу зарыл. Ал Жахабанын осуяттарына келгенде бек, козголгус болот. (Окугула: 1 Корунттуктар 15:58.) Ал «баш ийүүгө даяр» болуп, Жахабанын принциптерин аткарбаганга шылтоо издебейт. Ошол эле учурда жагдай жол берсе же ошону талап кылса, эстүүлүк, мындайча айтканда, ийилчээктик көрсөтөт (Жкп. 3:17). Ушул эки сапаттын ортосун тапкан Кудайдын кызматчысы өтө эле катуу же өтө эле бош болгондон качат. Бул макалада кантип туруктуу боло аларыбызды карап чыгабыз. Ошондой эле Шайтандын бизге кайсы беш жол менен бекем болгонго тоскоолдук кыларын жана биз ага кантип туруштук берсек болоруна токтолобуз.

КАНТКЕНДЕ БЕКЕМ БОЛО АЛАБЫЗ?

3. Эң Жогорку Мыйзам чыгаруучу Элчилер 15:28, 29да кандай мыйзамдарды берген?

3 Эң Жогорку Мыйзам чыгаруучу катары Жахаба элине дайыма түшүнүүгө оңой мыйзамдарды берет (Ышая 33:22). Мисалы, 1-кылымдагы жетектөөчү кеңеш Кудайдын кызматчыларынын төмөнкү үч жактан бекем болушу керектигин айткан: 1) бурканга табынуучулукту четке кагып, Жахабага гана сыйынуу; 2) канды ыйык тутуу; 3) адеп-ахлактыкка карата берилген бийик нормаларга кармануу. (Окугула: Элчилер 15:28, 29.) Кудайдын бүгүнкү күндөгү кызматчылары канткенде ушул үч нерседе бекем боло алышат?

4. Жахабага гана берилген экенибизди кантип көрсөтөбүз? (Аян 4:11).

4 Биз бурканга табынуучулукту четке кагып, Жахабага гана сыйынабыз. Жахаба ысрайылдыктарга ага гана толук берилгендик көрсөтүүнү буйруган (Мыйз. 5:6—10). Ибилис сынаганда, Иса Жахабага гана сыйыныш керектигин ачык айткан (Мт. 4:8—10). Ошол себептен биз сөлөкөттөргө сыйынбайбыз. Адамдарды да — диний төбөлдөрдү, саясий жетекчилерди, белгилүү спортчуларды, актёрлорду же ырчыларды — кумир тутуп, аздектебейбиз. Биз бардыгын жараткан Жахаба тарапты гана ээлеп, ага гана сыйынабыз. (Окугула: Аян 4:11.)

5. Жахабанын өмүрдүн жана кандын ыйыктыгына байланыштуу берген мыйзамына эмне үчүн карманабыз?

5 Биз Жахабанын өмүрдүн жана кандын ыйыктыгына байланыштуу мыйзамына карманабыз. Эмне үчүн? Анткени Жахаба кандын ал берген баалуу белекти — өмүрдү — билдирерин айткан (Леб. 17:14). Жахаба адамдарга жаныбарлардын этин жегенге уруксат бергенде, канды жегенге тыюу салган (Башт. 9:4). Ал ушул буйругун кийин ысрайыл элине Мусанын мыйзамын бергенде да кайталаган (Леб. 17:10). Ошондой эле 1-кылымдагы жетектөөчү кеңеш аркылуу Исанын бардык жолдоочуларына: «Канды колдонуудан... качкыла»,— деген көрсөтмө берген (Элч. 15:28, 29). Дарыланууга байланыштуу чечим чыгарганда биз ушул буйрукту кыйшаюусуз аткарабыз b.

6. Жахабанын бийик адеп-ахлак нормаларына ылайык жашаш үчүн канчалык күч жумшашыбыз керек?

6 Биз Жахабанын адеп-ахлактык бийик нормаларына бекем карманабыз (Евр. 13:4). Элчи Пабыл: «Дене мүчөлөрүңөрдү өлтүргүлө»,— деп кеңеш берген. Муну менен ал күнөөгө азгырган жаман каалоолорду жок кылыш үчүн канчалык деңгээлде күч-аракет жумшашыбыз керектигин айткан. Демек, биз жыныстык адеп-ахлаксыздыкка алпара турган эч бир нерсени көрбөшүбүз да, кылбашыбыз да керек (Кол. 3:5; Аюп 31:1). Андыктан азгырык пайда болгондо Кудай менен болгон мамилебизди буза турган ойду же ишти буйдалбастан четке кагабыз.

7. Биз эмне кылганга чечкиндүү болушубуз керек жана эмне үчүн?

7 Жахаба бизден ага «чын жүрөктөн баш ийишибизди» күтөт (Рим. 6:17). Биз Жахабанын көрсөтмөлөрү дайыма бизге эле пайда алып келерин билебиз. Ошол себептен бул мыйзамга карманам, мунусуна карманбайм дегибиз келбейт (Ыш. 48:17, 18; 1 Кор. 6:9, 10). Биз Жахабага жакканга умтулабыз жана забурчунукундай маанай чагылдыргыбыз келет. Ал: «Көрсөтмөлөрүңдү дайыма, акырына чейин аткарууга жүрөгүмдү бурдум»,— деген (Заб. 119:112). Бирок Шайтан ушундай чечкиндүүлүгүбүздөн тайдыргысы келет. Ал кандай ыкмаларды колдонот?

ШАЙТАН ЧЕЧКИНДҮҮЛҮГҮБҮЗДӨН ТАЙДЫРГАНГА КАНТИП АРАКЕТ КЫЛАТ?

8. Шайтан куугунтукту колдонуп чечкиндүүлүгүбүздү кантип мокотот?

8 Куугунтук. Ибилис чечкиндүүлүгүбүздү мокотуу аракетинде зордук-зомбулук колдонушу же кысымга алышы мүмкүн. Анын максаты — бизди «жутуп» алуу. Тагыраак айтканда, Жахаба менен болгон мамилебизди бузуу (1 Пет. 5:8). Исанын 1-кылымдагы жолдоочуларын аягына чейин бекем болобуз деп чечип алганы үчүн коркутуп-үркүтүшкөн, сабашкан, атүгүл өлтүрүшкөн (Элч. 5:27, 28, 40; 7:54—60). Шайтандын ыкмасы өзгөргөн жок. Ал дагы деле Кудайдын элин куугунтуктап келет. Буга Орусиядагы жана башка өлкөдөгү ишенимдештерибизге кылынган катаал мамиле, душмандардын кордук көрсөткөнү далил.

9. Тымызын кысым көрсөтүлгөндө сак болуш керектигине байланыштуу мисал айтып бер.

9 Билинбеген кысым. Шайтан ачык коркуткандан тышкары, «айла-амалдарды» колдонуп, тымызын да кол салат (Эф. 6:11). Чоң операция жасатыш үчүн доктурга жаткан Роберт деген ишенимдешибизди мисалга алалы. Ал доктурларын эч бир жагдайда кан куйдурбай турганын эскерткен. Хирург анын чечимин сыйлай турганын айткан. Бирок операция болгонго чейинки түнү, Роберттин үй-бүлөсү үйүнө кеткенден кийин, ага анестезиолог келген. Ал Робертке: «Негизи, сага кан куйбайбыз, бирок не бар, не жок аны даярдап коёбуз»,— деп айткан. Балким, ал доктур Роберт үй-бүлөсү жокто оюн өзгөртөт деп ойлогондур. Бирок Роберт, жагдай кандай болуп кетпесин, кан куйдурбай турганын айтып, чечимине бекем турган.

10. Адамдык ой жүгүртүү эмнеси менен тузак болуп калышы мүмкүн? (1 Корунттуктар 3:19, 20).

10 Адамдык ой толгоолор. Эгер Жахабанын мыйзамдарын баркка албаган адамдардай ой жүгүртүп калсак, анда Жахабаны да, анын мыйзамдарын да баркка албай баштайбыз. (Окугула: 1 Корунттуктар 3:19, 20.) «Бул дүйнөнүн акылмандыгы» көп учурда Кудайдын тилин албаганга түртөт. Пергам жана Тиатирадагы Исанын айрым жолдоочулары ошол шаарлардагы буркандарга табынган жана адеп-ахлаксыз жашоо өткөргөн адамдардын таасирине алдыра баштаган. Жыныстык адеп-ахлаксыздыкка көз жумган үчүн Иса ал эки жыйналышка тең катуу кеңеш берген (Аян 2:14, 20). Бүгүнкү күндө да тегерегибиздегилер бизге ошондой көз карашты сиңиргенге аракет кылышат. Үйдөгүлөрүбүз же тааныштарыбыз «өзүңдү өтө эле чектеп жатасың» деген ойго ишендирип, Жахабанын мыйзамдарын бузганга түртүшү мүмкүн. Маселен, алар «адеп-ахлак жактан таза болуунун пайдасы жок» жана «Ыйык Китепте айтылгандар эскирип калды» деши ыктымал.

11. Бекем бойдон калабыз десек, эмнелерден качышыбыз керек?

11 Кээде: «Жахаба бизге буга байланыштуу так көрсөтмө берген эмес»,— дешибиз мүмкүн. Атүгүл «жазылгандан четтегенге» азгырылышыбыз ыктымал (1 Кор. 4:6). Исанын күндөрүндөгү диний жетекчилер ушинтип күнөөгө батышкан. Алар Кудайдын мыйзамдарына өздөрүнүн мыйзамдарын кошуп, карапайым элге оор жүк артышкан (Мт. 23:4). Жахаба бизге өзүнүн Сөзү, уюму аркылуу так-айкын көрсөтмөлөрдү берет. Бизге ал берген көрсөтмөлөргө кошумча көрсөтмөлөрдү ойлоп табуунун зарылдыгы жок (Накыл 3:5—7). Андыктан Ыйык Китепте жазылгандардан четтебейбиз же ар ким өзү чече турган жагдайларга карата эрежелерди чыгарбайбыз.

12. Шайтан «курулай калпты» кантип жайылтууда?

12 Калп. Шайтан адамдарды бөлүп-жарыш үчүн «курулай калпты» жана «бул дүйнө карманган жол-жоболорду» колдонот (Кол. 2:8). Буларга 1-кылымда адамдардын жеке көз карашына негизделген философиялар, жүйүттөрдүн Ыйык Китепке негизделбеген окуулары жана Машаяктын жолдоочулары Мусанын мыйзамына карманышы керек деген окуу кирген. Бул жалган ойлордун баары адамдарды чыныгы акылмандыктын Булагы болгон Жахабадан буруп кеткен. Бүгүнкү күндө Шайтан кутум теорияларын жана саясий төбөлдөрдүн жалган билдирүүлөрүн жайылтыш үчүн жалпыга маалымдоо каражаттары менен соцтармактарды колдонот. COVID-19 пандемиясы учурунда ушундай жалган маалыматтардын абдан көп болгонун өз көзүбүз менен көрдүк c. Уюмдан келген көрсөтмөлөргө кулак каккандыктан Жахабанын Күбөлөрү бурмаланган маалыматка ишенгендерден айырмаланып, өтө тынчсызданышкан жок (Мт. 24:45).

13. Алаксып кетүүдөн эмне үчүн сак болушубуз керек?

13 Алаксыткан нерселер. Биз «эмне маанилүүрөөк» экенин дайыма эстеп жүрүшүбүз абзел (Флп. 1:9, 10). Алаксыткан нерселердин айынан убактыбызды, күчүбүздү пайдасыз нерселерге коротуп коюшубуз мүмкүн. Эси-дартыбыздын баары эле курсактын камын көрүү, эс алуу, жумуш болуп калбашы керек. Антпесе, ушундай күнүмдүк эле нерселер, бизди алагды кылып коюшу мүмкүн (Лк. 21:34, 35). Андан тышкары, коомдогу нааразычылыктар, саясатчылардын талкуулары жөнүндөгү жаңылыктар тынбай жаап келет. Андыктан: «Ошол нерселер мени алаксытып жаткан жокпу?» — деп өзүбүздү текшерип көрүшүбүз керек. Антпесе оюбузда же жүрөгүбүздө кайсы бир тарапты ээлей башташыбыз ыктымал. Шайтан жогоруда айтылган ыкмалардын баарын туура иш кылууга болгон чечкиндүүлүгүбүздү солгундатыш үчүн колдонот. Келгиле анда, бекем болуп ага кантип туруштук бере аларыбызды карайлы.

КАНТКЕНДЕ ТУРУКТУУЛУГУБУЗДАН ТАЙБАЙБЫЗ?

Бекем бойдон калыш үчүн Жахабага арналып, чөмүлгөнүңөр жөнүндө ойлонгула, Кудайдын Сөзүн изилдеп, окугандарыңар жөнүндө ой жүгүрткүлө, жүрөгүңөрдү бекем сактагыла жана Жахабага таянгыла (14—18-абзацтарды карагыла)

14. Жахаба тарапты ээлеп, туруктуулугубуздан жазбаганга эмне жардам берет?

14 Өмүрүңөрдү Жахабага арнаганыңар жана чөмүлгөнүңөр тууралуу ой жүгүрткүлө. Эстесеңер, чындыкты тапканыңарга эмнеден улам ынандыңар эле? Жахаба жөнүндө так билим алган сайын, асмандагы Атаңарга болгон сүйүүңөр өскөн. Аны урматтай баштагансыңар. Ага болгон ишенимиңер өсүп, туура эмес иштериңер үчүн өкүнгөнгө түрткү алгансыңар. Жүрөгүңөр жаман иштерди таштаганга жана Жахабага жаккандай жашаганга түрткү берген. Кудайдын күнөөлөрүңөрдү кечиргенин билгенде үстүңөрдөн оор жүктү алып салгандай эле болгонсуңар (Заб. 32:1, 2). Жыйналыштарга катышып, өзүңөр билген баа жеткис чындыктарды башкалар менен бөлүшө баштагансыңар. Учурда Жахабага арналып, чөмүлгөн кызматчысы катары өмүр жолунда баратасыңар жана ал жолдон чыгып кетпеш үчүн колуңардан келгендин баарын кыласыңар (Мт. 7:13, 14).

15. Изилдөө жана ой жүгүртүү эмнеси менен пайдалуу?

15 Кудайдын Сөзүн изилдеп, ой жүгүрткүлө. Терең тамыр алган бак бекем болот. Эгер Жахабага болгон ишенимибиздин тамыры терең кетсе, анын Сөзүнө негизделсе, биз да туруктуу болобуз. Бак өскөн сайын анын тамыры тереңдеп, жайыла берет. Кудайдын Сөзүн окуп-изилдеп, ой жүгүртсөк, ишенимибизди бекемдейбиз жана Кудайдын жолдору дайыма туура экенине шектенбейбиз (Кол. 2:6, 7). Жахабанын кеңештери, көрсөтмөлөрү, ошондой эле байыркы учурда кызматчыларын кантип коргогону жөнүндө ой жүгүрткүлө. Алсак, Жезекиел пайгамбар аян аркылуу көргөн ибадаткананы периште кылдат өлчөп жатканын, көзүн албай карап турган. Бул аян Жезекиелдин ишенимин абдан бекемдеген. Биз болсо ал аяндан Жахабанын чыныгы сыйынууга койгон талаптарын кантип колдосок болорун биле алабыз d (Жез. 40:1—4; 43:10—12). Кудайдын Сөзүндөгү терең ойлорду изилдегенге, ой жүгүрткөнгө убакыт бөлсөк, чоң пайда алабыз.

16. Жахабага толук таянганы Робертке кандайча жардам берген? (Забур 112:7).

16 Жүрөгүңөрдү бекем сактагыла. Дөөтү падыша Жахабага болгон сүйүүсү өчпөй турганын айтып: «Оо, Кудай, жүрөгүм бекем»,— деп ырдаган (Заб. 57:7). Биз да Жахабага толугу менен таянсак, жүрөгүбүз бекем болот. (Окугула: Забур 112:7.) Жогоруда айтылган Робертке Жахабага толук таянганы кандайча жардам берген? «Бир нерсе болсо, канды куюш үчүн даярдап коёбуз»,— дешкенде, ал бир да тамчы кан куйдурбай турганын жана керек болсо ошол замат ооруканадан кетип каларын айткан. Кийинчерээк Роберт: «Ошентишкенде, ойлонбой туруп жооп бергем, кымындай да корккон эмесмин»,— деген.

Күчтүү ишеним өрчүтсөк, жашообузду кандай кыйынчылык солкулдатпасын, урап калбайбыз (17-абзацты карагыла)

17. Роберт менен болгон окуядан эмнени үйрөнө алабыз? (Сүрөттү да карагыла.)

17 Роберт доктурга жатканга чейин эле эмне кыларын чечип алган. Ошол себептен туруктуулугунан жазган эмес. Ага төмөнкү үч нерсе жардам берген. Биринчиден, ал Жахабанын жүрөгүн кубанткысы келген. Экинчиден, кандын ыйыктыгы тууралуу Ыйык Китепте жана ага негизделген адабияттарда эмне делерин кылдат изилдеп чыккан. Үчүнчүдөн, Жахабанын айтканы боюнча иш кылса, ал аны сыйлыксыз калтырбай турганына бекем ишенген. Биз да, башыбызга кандай кыйынчылык түшпөсүн, жүрөгүбүздү бекем сактай алабыз.

Барак жана кишилери тайманбастык менен Сисеранын аскерин кубалап баратат (18-абзацты карагыла)

18. Барактын үлгүсү бизге Жахабага таянышыбыз керектигин кандайча көрсөтүп турат? (Мукабадагы сүрөттү карагыла.)

18 Жахабага таянгыла. Барактын Жахабага таянганынын аркасында кандайча ийгиликке жеткенин карап көрөлү. Ошол кезде ысрайылдык бир да жоокерде душманга тосор калканы, качырганга найзасы жок болчу. Ошентсе да Жахаба Баракка Сисера баштап барган канаандыктардын мыкты куралданган аскерине каршы чыгууга буйрук берген (Бий. 5:8). Андан тышкары, Дебора деген пайгамбар аял Баракка Сисера жана анын 900 майдан арабасы менен тоодон эмес, түз жерден беттешиши керектигин айткан. Түздүктөн душмандар ысрайылдыктардын күлүн көккө сапырышы мүмкүн болсо да, Барак баш ийген. Ысрайыл жоокерлери Табор тоосунан түшкөндө, Жахаба нөшөрлөгөн жаан жаадырган. Ошентип, Сисеранын майдан арабалары балчыкка батып калган да, Барак Жахабанын жардамы менен жеңишке жеткен (Бий. 4:1—7, 10, 13—16). Ошол сыяктуу эле, эгер биз Жахабага толук таянсак жана анын өкүлдөрү аркылуу берген көрсөтмөлөргө баш ийсек, сөзсүз жеңишке жетебиз! (Мыйз. 31:6).

БЕКЕМ БОЛГОНГО ЧЕЧКИНДҮҮ БОЛГУЛА!

19. Эмне үчүн бекем бойдон калгыңар келет?

19 Бул дүйнөнүн акыры жакындаган сайын туруктуу болуш үчүн күрөшө беришибиз керек болот (1 Тим. 6:11, 12; 2 Пет. 3:17). Келгиле, куугунтук, тымызын кысым, философиялар, бурмаланган маалымат жана алаксыткан нерселер бизди олку-солку кылышына жол бербейли (Эф. 4:14). Анын ордуна, туруктуу болуп, Жахабага берилген бойдон калам деген оюбузга бекем туралы. Ошондой эле анын осуяттарын кыйшаюусуз аткаралы. Бирок ошол эле учурда эстүү болушубуз зарыл. Кийинки макалада эстүүлүк көрсөтүү жагынан Жахаба менен Исанын жеткилең үлгүсү талкууланат.

129-ЫР: Туруктуу бололу

a Адам ата менен Обо эненин күндөрүнөн тартып эле, Шайтан эмне туура эмне туура эмес экенин адамдар өзү чечиши керек деген ойду жайылтып келет. Ал биздин да Жахабанын мыйзамдарына жана уюму берген көрсөтмөлөргө ушундай көз карашта болушубузду каалайт. Бул макала бизге Шайтандын дүйнөсүндө кеңири кулач жайган өзүмдү-өзүм билем деген маанайды жугузуп албаганга жана акырына чейин Жахаба тарапта болом деген чечимибизге бекем турганга жардам берет.

b Кудайдын канга карата берилген мыйзамына канткенде кармансак болору тууралуу көбүрөөк билиш үчүн, «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» китебинин 39-бөлүмүн карагыла.

c jw.org сайтыбыздагы «Бурмаланган маалыматтан жаа бою качкыла!» деген макаланы карагыла.