Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

32-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Жахабаны туурап, эстүү болгула

Жахабаны туурап, эстүү болгула

«Эстүүлүгүңөр бардык адамдарга белгилүү болсун» (ФЛП. 4:5).

89-ЫР: Ук, аткар, бата ал

БУЛ МАКАЛАДА a

Кайсы бактай болгуңар келет эле? (1-абзацты карагыла)

1. Исанын жолдоочулары кайсы жагынан даракка окшош болушу керек? (Сүрөттү да карагыла.)

 «ИЙИЛЧЭЭК бак шамалга сынбайт». Бул сөздөр айрым дарактар шак жая гүлдөп-өсүшү үчүн ийилчээк болушу керектигин көрсөтүп турат. Рухий жактан гүлдөп-өсүш үчүн Машаяктын жолдоочулары да ийилчээк, ийкемдүү болушу керек. Кантип ошенте алабыз? Биз жагдайыбыз өзгөргөндө ага ылайыкташыш үчүн жана башкалардын көз карашын, чечимдерин сыйлаш үчүн эстүү болушубуз керек.

2. Жагдайыбыз өзгөргөндө ылайыкташып кеткенге кайсы сапаттар жардам берет жана бул макалада эмнелерди карайбыз?

2 Жахабанын кызматчысы катары биз эстүү болгубуз келет. Момун, боорукер болгонго да умтулабыз. Бул макалада ушул сапаттардын айрым ишенимдештерибизге жагдайы өзгөрүп кеткенде кантип жардам бергенин карайбыз. Анан бизге да кантип жардам берери жөнүндө сүйлөшөбүз. Алгач, эстүүлүк жагынан жеткилең үлгү болгон Жахаба менен Исадан эмнеге үйрөнө аларыбызга токтололу.

ЖАХАБА МЕНЕН ИСА — ЭСТҮҮЛҮКТҮН ҮЛГҮСҮ

3. Жахабанын эстүү экенин эмнелер көрсөтүп турат?

3 Ыйык Китепте Жахабанын «Аска» экени айтылат. Анткени ал туруктуу жана козголгус (Мыйз. 32:4). Ошентсе да ал ийилчээк. Дүйнөдө жагдай өзгөргөн сайын, Жахаба өзүнүн эркин аткарыш үчүн ийилчээктик көрсөтүп, ылайыкташып келет. Ал бизди да өзүнө окшоштуруп, ар кандай жагдайга ылайыкташып кеткидей кылып жараткан. Кандай жагдайга кабылбайлы, туура чечим чыгара алышыбыз үчүн так-айкын принциптерди да берген. Жахабанын үлгүсү жана ал берген принциптер, ал козголгус «Аска» болсо да, ийилчээк экенин далилдеп турат.

4. Жахабанын эстүү экенин көрсөткөн мисал айтып бергиле. (Лебилер 5:7, 11).

4 Жахаба жеткилең жана эстүү. Ал адамдардан көптү талап кыла бербейт. Анын ысрайылдыктарга кантип эстүүлүк көрсөткөнүн карайлы. Алсак, Лебилер 5:7, 11де (Аяттарды окугула.) көрсөтүлгөндөй, Жахаба кишинин ал-жайына жараша курмандык чалганга уруксат берген. Ал бай-кедей дебей бирдей курмандык чалгыла деп талап кылган эмес.

5. Жахабанын момун жана боорукер экенин көрсөткөн мисал айтып бергиле.

5 Жахабага момундугу жана боорукердиги эстүү болгонго түрткү берет. Маселен, ыймансыздыкка белчесинен баткан содомдуктарды жок кыларда анын момун экени көрүнгөн. Ошондо Жахаба периштелери аркылуу адил Лотко тоого качууну айткан. Лот болсо ал жакка баргандан корккон. Ошондуктан үй-бүлөсүн алып, Соар деген шаарга качууну өтүнгөн. Негизи, Жахаба ал шаарды да жок кылууну чечкен болчу. Ал Лотко эмне десем, ошону кыласың деп туруп алса деле болмок. Бирок ал Лоттун суранычына макул болуп, Соарды талкалаган эмес (Башт. 19:18—22). Бир нече кылымдан кийин Жахаба нинебиликтерге да боорукердик көрсөткөн. Ал Жунус пайгамбарды жөнөтүп, Нинеби шаарынын ыймансыз тургундарынын жок боло турган күнү жакындап келатканын айттырган. Бирок нинебиликтер өкүнгөндө, Жахаба аларга боору ооруп, шаарды талкалаган эмес (Жун. 3:1, 10; 4:10, 11).

6. Исанын Жахабаны туурап эстүүлүк көрсөткөнүнө мисал айтып бергиле.

6 Иса да Атасын туурап, эстүүлүк көрсөткөн. Ал жерге «Ысрайыл үйүнүн жоголгон койлоруна» кабар айтыш үчүн жиберилген. Бирок ага тапшырылган ишти аткарып жатканда, эстүүлүк көрсөткөн. Алсак, бир жолу башка улуттан болгон бир аял андан «ичине жин кирип алгандыктан» катуу кыйналып жаткан кызын айыктырып беришин өтүнгөн. Иса ага боору ооруп, анын кызын айыктырып берген (Мт. 15:21—28). Дагы бир мисал карайлы. Жердеги кызматынын башында Иса: «Ким... менден баш тартса, мен да андан... баш тартам»,— деген (Мт. 10:33). Бирок Петир Исаны 3 жолу таштап кеткен. Ошентсе да Иса андан баш тарткан эмес. Анткени ал Петирдин чындап өкүнгөнүн жана мурун ишенимдүү киши болгонун эске алган. Тирилгенден кийин Иса Петирге көрүнүп, кыязы, аны кечиргенине, жакшы көрөрүнө ынандырса керек (Лк 24:33, 34).

7. Филипиликтер 4:5ке ылайык, башкалардын биз жөнүндө кандай ойдо болушун каалайбыз?

7 Азыр Жахаба менен Исанын кантип эстүүлүк көрсөтөрүн карап чыктык. Ал эми биз жөнүндө эмне десек болот? Жахаба бизден эстүү болушубузду күтөт. (Окугула: Филипиликтер 4:5.) Бир котормодо бул аят: «Жүрүм-турумуңардан эстүү экениңер көрүнүп турсун»,— деп берилген. Мындай деп ойлонуп көрсөк болот: «Башкалар мени эстүү, сабырдуу, ийилчээк деп билишеби? Же орой, өзүнүкүн бербеген көк бет деп эсептешеби? Башкалардан кайсы бир нерсе мен айткандай жол менен гана кылынышы керек деп талап кыла бербеймби? Же болбосо башкаларды угамбы жана орундуу болсо ийилчээктик көрсөтүп, алар каалагандай кыламбы?» Канчалык деңгээлде эстүүлүк көрсөткөнүбүздөн Жахаба менен Исаны канчалык деңгээлде туурап жатканыбыз көрүнөт. Анда эмесе, жагдайыбыз өзгөргөндө жана башкалардын чечими менен көз карашы биздикинен айырмаланганда эстүү болгонубуз эмне үчүн маанилүү экенин карайлы.

ЖАГДАЙ-ШАРТЫҢАР ӨЗГӨРГӨНДӨ, ЭСТҮҮ БОЛГУЛА

8. Жагдай өзгөргөндө эстүү болгонго эмне жардам берет? (Шилтемени да карагыла.)

8 Эстүүлүгүбүз жагдай өзгөргөндө ага ылайыкташып кеткенде да көрүнөт. Албетте, андайда күтүлбөгөн кыйынчылыктар болушу мүмкүн. Айталы, ден соолугубуз начарлап кетиши ыктымал. Же биз жашаган жакта экономикалык же саясий абалдын өзгөрүп кеткени жашообузга бүлүк салышы этимал (Нас. 9:11; 1 Кор. 7:31). Жадагалса, уюмдагы дайындообуздун өзгөргөнү да ишенимибизди сынашы мүмкүн. Кандай болбосун, төмөнкү төрт нерсени кылсак, жаңы жагдайга оңой ылайыкташып кете алабыз: 1) Өзгөргөн жагдайга моюн сунуу; 2) өткөндү эмес, келечекти ойлоо, 3) жакшы нерселерге көңүл топтоо жана 4) башкаларга жакшылык кылуу b. Келгиле эмесе, ушул төрт кадам айрымдарга кандайча жардам бергенине токтололу.

9. Бир миссионерлер күтүлбөгөн кыйынчылыктар менен кантип күрөшкөн?

9 Өзгөргөн жагдайга моюн сунгула. Эмануел менен Франческа башка өлкөгө миссионер болуп дайындалышкан. Алар жаңы тилди үйрөнүп, ишенимдештери менен эми эле таанышып баштаганда, COVID-19 пандемиясы башталып калган. Ошонун айынан алар эч ким менен көрүшө албай калган. Өкүнүчтүүсү, Франческанын апасы да күтүлбөгөн жерден каза болуп калган. Ошондо Франческа үйүндөгүлөрүнө аябай баргысы келген. Бирок пандемиянын айынан бара алган эмес. Ага ушул кыйынчылыктардын баарын көтөрүп кеткенге эмне жардам берген? Биринчиден, Эмануел менен Франческа чогуу күнүгө бир ирет Жахабадан акылмандык сурап тиленишчү. Жахаба алардын тилегине уюму аркылуу өз учурунда жооп берген. Мисал үчүн, бир ишенимдешибиздин дил маеги аларды аябай кайраттандырган. Ал мындай деген: «Жаңы жагдайга канчалык эрте моюн сунсак, кубанычыбыз ошончолук бат кайтып келет. Анан ошондой жаңы жагдайда колубуздан келгендин эң жакшысын бере алабыз» c. Экинчиден, алар телефон менен кабарды мүмкүн болушунча жакшы айтабыз деп максат коюшкан, кийин атүгүл изилдөө баштаган. Үчүнчүдөн, ишенимдештеринин кубаттап-бекемдегенине, жардамына аябай ыраазы болушкан. Бир боорукер эже аларга Ыйык Китептеги аяттарды бир жыл бою күн сайын жөнөтүп турган. Ушул жубайларга окшоп, биз да жагдайдын өзгөргөнүн кабыл алсак, колубуздан келгенин кылып, кубаныч алабыз.

10. Бир ишенимдешибиз жашоосундагы өзгөрүүгө кантип ылайыкташып кеткен?

10 Келечекти ойлогула жана жакшы нерселерге көңүл топтогула. Румыниядан болгон Кристина Жапонияда жашайт. Ал барып жүргөн англис тилиндеги жыйналыш жабылып калганда, Кристина кайгырган. Ошентсе да ал өткөндү эле ойлой берген эмес. Кристина жапон тилиндеги жыйналышка бара баштаган жана ал тилде кабар айтыш үчүн бүт күчүн жумшаган. Кристина мурун чогуу иштешкен бир аялдан жапон тилин өздөштүргөнгө жардам сураган. Ал аял Ыйык Китепти жана «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» деген китепчени колдонуп, жапон тилин үйрөткөнгө макул болгон. Мунун аркасында Кристина жапон тилинде жакшыраак сүйлөп калган. Андан да кызыктуусу, тиги аял Ыйык Китеп жөнүндө көбүрөөк билгиси келип калган. Мындан көрүнүп тургандай, келечекке көңүл топтоп, оң маанай сактасак, күтүүсүз өзгөрүүлөр күтүүсүз баталарды алып келет.

11. Акча жагынан кыйналганда бир жубайлар эмне кылышкан?

11 Башкаларга жакшылык кылгыла. Ишибизге тыюу салынган бир өлкөдө жашаган жубайлар өлкөдө каржы каатчылыгы болуп, акча жагынан кыйналышкан. Алар бул жагдайга кантип ылайыкташышкан? Алгач, чыгашаларын азайтканга аракет кылышкан. Анан алар көйгөйүн эле ойлоп отура бербей, кабар айтып, башкаларга жардам берүүгө көңүл топтошкон (Элч. 20:35). Күйөөсү мындай деп бөлүшкөн: «Кызмат менен алек болгондуктан көйгөйлөрүбүз жөнүндө ойлонгонго убакыт деле калбай калып жатты жана Кудай каалаган иштерди кылганга көбүрөөк убактыбыз болду». Ооба, жагдайыбыз өзгөргөндө башкаларга жардам бере бергенибиздин, өзгөчө, башкаларга кабар айтып, жардам бергенибиздин канчалык маанилүү экенин эсибизден чыгарбашыбыз керек.

12. Элчи Пабылдын үлгүсү кызматта кандайча башкаларга ылайыкташканга жардам берет?

12 Кабар айтып жатканда да ийилчээк болушубуз керек. Кызматта жүргөндө туткан дини, көз карашы, маданияты, тек-жайы ар кандай кишилерге жолугабыз. Пабыл башкаларга ылайыкташкан жагынан жакшы үлгү калтырган. Биз да аны туурасак болот. Иса аны «башка элдерге жиберилген элчи» кылып дайындаган (Рим. 11:13). Ошол кызматын аткарып жатканда Пабыл жүйүттөргө, гректерге, билимдүүлөргө, кара таман элге, бийлик өкүлдөрүнө жана падышаларга кабар айткан. Алардын жүрөгүн козгош үчүн ал «бардыгы үчүн бардыгы болгон» (1 Кор. 9:19—23). Пабыл өзү кабар айткан кишилердин маданияты, тек-жайы жана дини жөнүндө кылдат ойлонгон. Бул болсо ага угармандарына ылайыкташканга жардам берген. Эгер биз да тапкыч болуп, аймагыбыздагыларга ылайыкташып кабар айтсак, кызматыбыз жемиштүүрөөк болот.

БАШКАЛАРДЫН КӨЗ КАРАШЫН СЫЙЛАГЫЛА

Эгер эстүү болсок, башкалардын көз карашын сыйлайбыз (13-абзацты карагыла)

13. Башкалардын көз карашын сыйлаганыбыз кандайча 1 Корунттуктар 8:9да айтылган иштен алыс болгонго жардам берет?

13 Эстүү болгонубуз башкалардын көз карашын сыйлаганга да жардам берет. Мисал үчүн, айрым эже-карындаштарыбыз боёнгонду жакшы көрсө, башкалары боёнбой эле коюуну туура көрөт. Кээ бир ишенимдештерибиз ичимдикти чени менен ичсе, башкалары такыр эле оозго албайт. Машаяктын жолдоочуларынын баары эле ден соолугунун чың болушун каалайт. Бирок ар ким ден соолугуна ар кандай жол менен кам көрөт. Эгер биз дайыма эле меники туура деп ойлосок жана ошону башкаларга таңууласак, жыйналыштагылардын мүдүрүлүшүнө, бөлүнүп-жарылышына себепкер болуп калышыбыз мүмкүн. Биз мындай болушун эч качан каалабайбыз! (Окугула: 1 Корунттуктар 8:9; 10:23, 24). Келгиле, азыр эки нерсеге токтололу. Алардан Ыйык Китептеги принциптерди колдонгонубуз канткенде тең салмактуу болгонго жана тынчтыкты сактаганга жардам берерин биле алабыз.

Эгер эстүү болсок, башкалардын көз карашын сыйлайбыз (14-абзацты карагыла)

14. Кийимге, чач жасалгага карата Ыйык Китептеги кайсы принциптерди эске алыш керек?

14 Сырткы көрүнүш жана чач жасалга. Жахаба мындай же тигиндей кийингиле деп катуу талап койбой, карманышыбыз керек болгон принциптерди берген. Кийимибизден «акыл-эстүү», жөнөкөй экенибиз көрүнүп турушу керек. Ошондо башкаларга Кудайдын кызматчысы экенибиз дароо эле айкын болот (1 Тим. 2:9, 10; 1 Пет. 3:3). Андыктан кийингенибиз менен өзүбүзгө ашыкча көңүл бурдурбайбыз. Ыйык Китептеги принциптер аксакалдарга кийимге жана чач жасалгага байланыштуу эреже чыгарбаганга жардам берет. Мисалы, бир жыйналыштагы аксакалдар жыйналышындагы айрым жаш жигиттерге жардам бергиси келген. Анткени алар теңтуштарын туурап, чачтарын кыска, бирок уйпалангандай кылып алып жүрө башташкан. Аксакалдар эреже чыгарбай, аларга кантип жардам беришкен? Райондук көзөмөлчү ал аксакалдарга минтип айтып көрүүнү сунуштаган: «Эгер сахнага чыкканда эл сөзүңөргө эмес, сырткы көрүнүшүңөргө көбүрөөк көңүл бурушса, анда кеп кийген кийимиңер менен чач жасалгаңарда болушу мүмкүн». Райондук көзөмөлчүнүн ушундай жөпжөнөкөй эле кеңеши аксакалдарга көйгөйдү эреже ойлоп таппай эле чечкенге жардам берген d.

Эгер эстүү болсок, башкалардын көз карашын сыйлайбыз (15-абзацты карагыла)

15. Ден соолукка кам көрүүгө байланыштуу Ыйык Китептеги кайсы мыйзамдарга жана принциптерге карманабыз? (Римдиктер 14:5).

15 Ден соолукка кам көрүү. Ден соолугуна кантип кам көрөрүн Кудайдын ар бир кызматчысы өзү чечет (Гал. 6:5). Машаяктын жолдоочулары дарылоонун ыкмаларын тандап жатканда Ыйык Китептеги «канды колдонуудан» жана «спиритизмден» алыс болгула деген мыйзамдарга карманышы керек (Элч. 15:20; Гал. 5:19, 20). Ал эми мындан башка учурларда кантип дарыланарын ар ким өзү тандайт. Айрымдар ден соолугуна кам көрүш үчүн доктурларга гана кайрылышы керек деп эсептешет, кээ бирөөлөр болсо башка ыкмаларды тандашат. Дарылануунун кайсы бир түрүн канчалык туура деп эсептебейли, боордошторубуздун ден соолукка кам көрүүгө байланыштуу чечимин сыйлашыбыз керек. Ошондуктан бул төрт нерсени эсибизден чыгарбайлы: 1) бир гана Кудайдын Падышалыгы оорубуздан биротоло жана түбөлүккө арылта алат (Ыш. 33:24). 2) Машаяктын ар бир жолдоочусу өзү үчүн эмне жакшы болоруна толугу менен ынанышы керек. (Окугула: Римдиктер 14:5.) 3) Биз башкаларды айыптап же мүдүрүлткүбүз келбейт (Рим. 14:13). 4) Машаяктын жолдоочулары ишенимдештерин жакшы көрүшөт жана өздөрүнүн жеке көз карашын жыйналыштын биримдигинен жогору коюшпайт (Рим. 14:15, 19, 20). Эгер ушуларды эсибизде бек сактасак, ишенимдештерибиз менен ынак болобуз жана жыйналыштын тынчтыгын бузбайбыз.

Эгер эстүү болсок, башкалардын көз карашын сыйлайбыз (16-абзацты карагыла)

16. Аксакал башка аксакалдар менен кызматташууда эстүү экенин кантип көрсөтө алат? (Сүрөттөрдү да карагыла.)

16 Эстүүлүк жагынан аксакалдар үлгү болушу керек (1 Тим. 3:2, 3). Мисалы, кайсы бир аксакал башка аксакалдардан улуу же тажрыйбалуу болгону үчүн эле: «Менин оюм дайыма эске алынып, мен айткандай болушу керек»,— деп эсептебейт. Ал Жахабанын руху аксакалдар кеңешиндеги башка аксакалдарга да туура чечим чыгарганга түрткү бере аларын эстен чыгарбашы зарыл. Эгер Ыйык Китептеги кайсы бир принцип бузулбаса, эстүү аксакал аксакалдар кеңешиндеги көбү колдогон чечимге, аныкынан айырмаланса да, чын жүрөктөн кошулат.

ЭСТҮҮ БОЛГОНУБУЗДУН ПАЙДАСЫ

17. Жахабанын кызматчылары эстүү болсо, кандай баталарды алышат?

17 Жахабанын кызматчылары эстүү болушса, көп баталарды алышат. Алсак, ишенимдештерибиз менен жакшы мамиледе болобуз жана жыйналыштагы тынчтыкка салым кошобуз. Кулк-мүнөзү, маданияты ар кандай ишенимдештерибиздин арасында жүргөнүбүз бизге кубаныч тартуулайт. Ар кимибиз ар кандай болсок да, Жахабага биримдикте кызмат кылып жатабыз. Баарынан маанилүүсү, эстүүлүктү жеткилең түрдө чагылдырган Кудайыбыз Жахабаны туурап жатабыз! Бул бизге канааттануу тартуулайт.

90-ЫР: Бири-бирибизди бекемдейли

a Жахаба менен Иса — эстүүлүк көрсөткөн жагынан мыкты үлгү! Алар биздин да ошол сапатты өстүрүшүбүздү каалайт. Эгер эстүү болсок, ден соолук, тыйын-тыпыр жагынан кыйналганда жана башка ушул сыяктуу кыйынчылыктарга кабылганда ылайыкташып кетиш оңоюраак болот. Ошондой эле жыйналышта тынчтык жана биримдик өкүм сүрүшүнө салым кошобуз.

b «Өзгөрүлгөн жагдайга ылайыкташуу» деген макаланы карагыла («Ойгонгула!», 2016, №4).

c jw.org сайтыбыздагы «Дмитрий Михайлов менен курулган маек» деген видеону көргүлө.

d Кийим жана чач жасалга жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» китебинин 52-бөлүмүн карагыла.