Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

30-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Сүйүүңөрдү өстүрө бергиле

Сүйүүңөрдү өстүрө бергиле

«Сүйүү менен өсүп,.. бардык жагынан жетилели» (ЭФ. 4:15).

2-ЫР: Сенин ысмың — Жахаба

БУЛ МАКАЛАДА a

1. Ыйык Китепти изилдей баштаганда кандай чындыктарды билдиң эле?

 ЫЙЫК КИТЕПТИ жаңыдан изилдей баштаган учуруң эсиңдеби? Балким, Кудайдын ысмы бар экенин билгенде таң калгандырсың же Кудайдын адамдарды тозок отунда кыйнабай турганын билгенде жеңилдей түшкөндүрсүң. Ошондой эле өлгөн жакындарыңды кайрадан көрөрүңдү жана алар менен бейиште жашаарыңды билгенде маңдайың жарыла сүйүнгөндүрсүң.

2. Ыйык Китептеги чындыктарды билгенден тышкары, дагы эмнелерди кылгансың? (Эфестиктер 5:1, 2).

2 Кудайдын Сөзүн канчалык изилдеген сайын, ага болгон сүйүүң ошончолук өскөн. Ошол сүйүүң сага окуп билгендериңди колдонууга түрткү берген. Ошонун аркасында Ыйык Китептеги принциптерге негизделген жакшы чечимдерди чыгара баштагансың. Кудайга жаккың келген үчүн көз карашыңды жана жүрүм-турумуңду өзгөрткөнсүң. Кичинекей бала атасын туурагандай эле, сен да асмандагы Атаңды туурай баштагансың. (Окугула: Эфестиктер 5:1, 2.)

3. Кайсы суроолордун үстүнөн ойлонуп көрсөк болот?

3 Биз мындай деп ойлонуп көрсөк болот: «Азыр менин Жахабага болгон сүйүүм чындыкка жаңы келгендеги учурга караганда күчтүү болуп калдыбы? Чөмүлгөндөн тартып ой жүгүртүүм, иштерим Жахабаныкына окшошуп калдыбы? Бул өзгөчө бир туугандарга көрсөткөн сүйүүмдөн көрүнүп турабы?» Эгер «биринчи сүйүүң» муздап калса, көңүлүңдү чөгөрбө. Исанын 1-кылымдагы жолдоочулары да ошондой болгон. Иса аларды четке каккан эмес, бизди да четке какпайт (Аян 2:4, 7). Ал биздин чындыкты жаңы уккандагы сүйүүбүздү жандандыра аларыбызды билет.

4. Бул макалада эмнелерди карайбыз?

4 Бул макаладан биз Жахабага жана бир туугандарга болгон сүйүүбүздү кантип өстүрө аларыбызды талкуулайбыз. Андан соң сүйүүбүздү бекемдегендин аркасында өзүбүз да, башкалар да кандай бата аларын карайбыз.

ЖАХАБАГА БОЛГОН СҮЙҮҮҢДҮ ӨСТҮРӨ БЕР

5, 6. Пабыл кандай кыйынчылыктарга кабылган жана ага Жахабага андан ары да кызмат кыла бергенге эмне жардам берген?

5 Элчи Пабыл Жахабага кызмат кылгандыктан, жашоосу кубанычтуу өткөн. Бирок ал көптөгөн кыйынчылыктарга да кабылган. Пабылдын узак сапарга чыккан учурлары көп болгон. Ошол кезде бул оңой-олтоң иштерден эмес болчу. Ал аны кээде «дарыяларда да», «каракчылар тарабынан да» коркунуч коштоп жүргөнүн айткан. Душмандарынан да токмок жеген учурлары болгон (2 Кор. 11:23—27). Андан тышкары, Пабылдын ишенимдештерине чын жүрөктөн кылган жардамын баары эле баалай беришкен эмес (2 Кор. 10:10; Флп. 4:15).

6 Пабылга Жахабага андан ары да кызмат кыла бергенге эмне жардам берген? Пабыл Ыйык Жазмадан жана өзүнүн башынан өткөндөрүнөн Жахабанын кандай Кудай экенин жакшы биле алган. Ошонун аркасында Жахабанын аны жакшы көрөрүнө ынанган (Рим. 8:38, 39; Эф. 2:4, 5). Пабыл өзү да Жахабаны абдан жакшы көрүп калган. Ал Жахабага болгон сүйүүсүн «ыйыктарга... кызмат кылуу менен» көрсөткөн (Евр. 6:10).

7. Жахабага болгон сүйүүбүздү чыңдоонун бир жолу кайсы?

7 Кудайга болгон сүйүүбүздү Ыйык Китепти кылдат изилдөө менен өстүрө алабыз. Ыйык Китепти окуп жатканда ар бир билдирүү Жахаба жөнүндө эмнени айтып турарын баамдаганга аракет кыл. Мындай деп ойлонуп көр: «Кандайча бул окуя Жахабанын мени жакшы көрөрүн көрсөтүп турат? Бул мага Жахабаны жакшы көргөнгө кандайча түрткү берет?»

8. Тиленүү кандайча Кудайга болгон сүйүүбүздү өстүрүүгө жардам берет?

8 Жахабага болгон сүйүүбүздү өстүрүүнүн дагы бир жолу жүрөгүбүздү кенен ачып, дайыма тиленүү (Заб. 25:4, 5). Жахаба өз кезегинде тиленүүлөрүбүзгө жооп берет (1 Жкн. 3:21, 22). Буга байланыштуу Азиядан болгон Кейла мындай дейт: «Башында Жахабага болгон сүйүүм билгендериме эле негизделген. Бирок тиленүүлөрүмө жооп алган сайын, ага болгон сүйүүм тереңдей берди. Бул болсо мага ага жаккандай иштерди кылганга жардам берди» b.

БАШКАЛАРГА БОЛГОН СҮЙҮҮҢДҮ ӨСТҮРӨ БЕР

9. Тиметейдин ишенимдештерин абдан жакшы көргөнү Пабылдын сөздөрүнөн кандайча көрүнүп турат?

9 Пабыл Исанын жолдоочусу болгонунан бир нече жыл өткөндөн кийин Тиметей деген бычакка сап болчу жаш жигитке жолуккан. Тиметей Жахабаны да, башкаларды да жакшы көргөн. Пабыл филипиликтерге мындай деп жазган: «[Тиметейдикиндей] маанайга ээ болгон жана силерге чын жүрөктөн кам көрө турган башка эч кимим жок» (Флп. 2:20). Бул жерде Пабыл Тиметейдин жакшы уюштуруучу же жакшы баяндамачы болгонун айткан эмес. Кыязы, Пабыл анын ишенимдештерин аябай жакшы көргөнүнө таасирленген көрүнөт. Андыктан жыйналыштагылар Тиметейдин келишин чыдамсыздык менен күткөнү шексиз (1 Кор. 4:17).

10. Анна менен анын жолдошу ишенимдештерин жакшы көрөрүн кантип көрсөтүшкөн?

10 Биз дагы боордошторубузга жардам берүүнүн жолдорун издесек болот (Евр. 13:16). Буга чейинки макалада айтылган Аннанын башынан эмнелер өткөнүнө токтололу. Катуу куюн болгондон кийин, Анна жолдошу экөө ишенимдештеринин үйүнө барышкан. Барышса — үйүнүн чатырын шамал учуруп кетиптир. Ошонун айынан ал үй бүлөнүн кийимдеринин баары булганып калыптыр. Анна мындай дейт: «Биз алардын кир кийимдерин жууп, үтүктөп алып келип бердик. Аябай деле чоң иш кылган эмеспиз, бирок ошонун аркасында алар менен азыркыга чейин ынак достордонбуз». Ырас, Анна менен күйөөсүнүн бир туугандарга болгон сүйүүсү башкаларга жардам бергенге түрткү берген (1 Жкн. 3:17, 18).

11. а) Сүйүү көрсөткөнүбүз башкаларга кандай таасир этет? б) Накыл сөздөр 19:17ге ылайык, Жахаба биздин башкаларга көрсөткөн сүйүүбүзгө кантип жооп кайтарат?

11 Эгер башкаларга сүйүү, боорукердик менен мамиле кылсак, алар Жахабадай ой жүгүртүп, аныкындай иш кылганга аракет кылып жатканыбызды байкашат. Алар биздин жакшы иштерибизди биз ойлогондон да көбүрөөк баалашы мүмкүн. Жогоруда айтылган Кейла деген ишенимдешибиз өспүрүм кезинде ага жардам бергендерди жылуу сезим менен эстейт. Ал мындай дейт: «Мени кызматка алып чыккан эже-сиңдилериме аябай ыраазымын. Алар мени чайга, тамакка чакырышчу. Машине менен алып кетип, кайра жеткизип коюшчу. Азыр алардын ошондо аябай көп күч жумшаганын түшүнүп жатам. Ушунун баарын мени жакшы көргөндүктөн кылышчу». Албетте, баары эле кылган жакшылыгыбызга жооп кайтара албашы мүмкүн. Кейла ага жардам берген ишенимдештери тууралуу мындай дейт: «Мен алардын мага кылган жакшылыктарына ыраазычылык билдиргим келет, бирок азыр алардын каякта жашаарын билбей калдым. Ал эми Жахаба алардын каякта экенин билет жана андан тиленсем мага кылган жакшылыктарын кайтарып бере алат». Ооба, Кейланын сөздөрүндө калет жок. Жахаба атүгүл башкаларга кылган кичинекей эле жакшылыктарыбызды байкайт. Ошондой жакшылыктарыбызды ал баалуу белек катары көрөт жана өзүн кайтарып берүүгө милдеттүү деп эсептейт. (Окугула: Накыл сөздөр 19:17.)

Рухий жактан өскөндө башкаларга жардам берүүнүн жолдорун издей баштайбыз (12-абзацты карагыла)

12. Ага-инилер жыйналыштагыларды жакшы көрөрүн кантип көрсөтө алышат? (Сүрөттөрдү да карагыла.)

12 Эгерде сен ага-ини болсоң, канткенде башкаларга сүйүү көрсөтүп, жардам бере аласың? Жордан деген инибиз бир аксакалдан жыйналыштагыларга көбүрөөк жардам бериш үчүн эмне кылса болорун сураган. Аксакал аны ага чейин кылган ийгиликтери үчүн мактап, башкаларга дагы кантип көбүрөөк жардам берсе болоруна байланыштуу кеңештерин айткан. Ал Жорданга жыйналышка эртерээк келип, башкаларды тосуп алууну, жыйналыштан жооп берүүнү сунуштаган. Ошондой эле кабар айтуу тобундагылар менен дайыма кызматташууну жана башкаларга кантип жардам берсем болот деп ойлоно жүрүүнү айткан. Аксакалдын кеңешин колдонгондун аркасында жаңы нерселерди үйрөнгөндөн тышкары, анын бир туугандарга болгон сүйүүсү да өскөн. Ал бир нерсени түшүнгөн: кайсы бир ага-ини башкаларга жардам бергенди кызмат жардамчы болгондо эмес, ага чейин эле үйрөнүшү керек (1 Тим. 3:8—10, 13).

13. Кристианга кайрадан аксакал болуп кызмат кылганга сүйүү кандайча түрткү берген?

13 Азыр кызмат жардамчысы же аксакал болуп кызмат кылбай калган болсоңорчу? Жахаба силердин буга чейин сүйүү менен кылган эмгегиңерди унутпайт (1 Кор. 15:58). Ошондой эле боордошторуңарга сүйүү көрсөтүп жатканыңарды да байкайт. Кристиан деген ишенимдешибиз аксакал болбой калганда аябай көңүлү чөккөн. Ал: «Кайсы бир жоопкерчиликти аркалаймынбы же жокпу, Жахабаны жакшы көргөндүктөн, ага кызмат кылыш үчүн колумдан келгендин баарын кыла берем деп чечип алгам»,— дейт. Убакыттын өтүшү менен Кристиан кайрадан аксакал болгон. Ал мындай деп кошумчалайт: «Ошондо бир аз тынчсыздангам. Жахаба мага ырайым кылып, кайрадан аксакал болгонго мүмкүнчүлүк берди. Ошондуктан бул милдетимди ага жана бир туугандарыма болгон сүйүүмдөн улам аткарайын деп чечтим».

14. Грузиядагы ишенимдешибиздин айтып бергендеринен эмнени билдиңер?

14 Жахабанын кызматчылары жакындарын да сүйүшөт (Мт. 22:37—39). Алсак, Грузиядан болгон Елена деген ишенимдешибиз мындай дейт: «Башында мага кабар айтканга Жахабага болгон сүйүүм эле түрткү берчү. Бирок асмандагы Атама болгон сүйүүм өскөн сайын, башкаларга болгон сүйүүм да өстү. Мен алардын кандай кыйынчылыктар менен алпурушуп жатканы жана кайсы тема алардын жүрөгүн козгоору жөнүндө ойлонгонго аракет кылдым. Ушулар жөнүндө канчалык көбүрөөк ой жүгүрткөн сайын, аларга ошончолук көбүрөөк жардам бергим келе баштады» (Рим. 10:13—15).

ИШЕНИМДЕШТЕРИБИЗДИ СҮЙСӨК, БАТА АЛАБЫЗ

Бир киши казган кудуктан миң киши суу ичет. Сүйүү менен кылган ишибиз да ушундай (15, 16-абзацтарды карагыла)

15, 16. Сүрөттөн көрүнүп тургандай, ишенимдештерибизди сүйсөк, кандай баталарды алабыз?

15 Ишенимдештерибизди жакшы көрсөк, мунун пайдасын башкалар да көрүшү мүмкүн. COVID-19 пандемиясы башталгандан кийин, Паоло деген ишенимдешибиз менен жубайы жыйналышындагы апаларга электрондук каражатын колдонуп кантип кабар айтса болорун үйрөтүшкөн. Бир апага башында электрондук каражаттарды колдонуш кыйын болгон. Бирок кийин жакшы үйрөнүп кеткен. Ошону колдонуп туугандарын Эскерүү кечесине чакыра алган. Эскерүү кечесине алардын 60тайы видео байланыш аркылуу катышышкан. Паоло менен анын жубайынын жумшаган күч-аракетинин аркасында апа да, туугандары да чоң пайда алышкан. Кийинчерээк ошол апа Паолого мындай деп жазган: «Биздей болгон кары-картаңдарды үйрөтүп жатканыңарга чоң рахмат. Мен Жахабанын камкордугун жана силердин талыкпай жардам бергениңерди эч качан унутпайм».

16 Паоло ушул сыяктуу окуялардан маанилүү бир нерсеге үйрөнгөн. Ал билим же жөндөмгө караганда сүйүү абдан маанилүү экенин түшүнгөн. Паоло мындай деп эскерет: «Мурун райондук көзөмөлчү болуп кызмат кылчумун, ошондон улам бир нерсени түшүнгөм: жарчылар айткан баяндамаларымды унутуп калышса да, иш жүзүндө көрсөткөн жардамымды эч качан унутпайт экен».

17. Ишенимдештерибизди жакшы көргөнүбүздүн дагы кандай пайдасы бар?

17 Башкаларды жакшы көрсөк, өзүбүз ойлобогон баталарды алышыбыз мүмкүн. Жаңы Зеландиядан болгон Жонатан мунун калетсиз экенине кошулат. Бир жолу ал ишемби күнү түштөн кийин мээ кайнаткан ысыкта бир пионердин жол боюнда кабар айтып жатканын көргөн. Ошондон кийин ал пионер менен дайыма ишемби күнү түштөн кийин кызматташып турайын деп чечкен. Ал ушул жакшылыгынын кийин өзүнө эле пайдасын тийгизерин ойлогон эмес. Жонатан минтип кошумчалайт: «Ошол кезде кабар айтканды анча деле жакшы көрчү эмесмин. Бирок ал пионердин окутканын, кызматынын жемиштүү болуп жатканын көргөндө, мен да кабар айтканды жакшы көрүп баштадым. Ошол пионер менен ынак достордон болуп калдык. Мага рухий жактан өскөнгө, кызматтан кубаныч алганга жана Жахаба менен жакын мамиледе болгонго жардам бергени үчүн ага аябай ыраазымын».

18. Жахаба биздин эмне кылышыбызды каалайт?

18 Жахаба биздин ага жана башкаларга болгон сүйүүбүздү өстүрө беришибизди каалайт. Бул макаладан билгенибиздей, Ыйык Китепти окуп, ой жүгүртүп жана Жахаба менен сүйлөшүп, андан тиленип турсак, ага болгон сүйүүбүздү бекемдей алабыз. Ишенимдештерибизге болгон сүйүүбүздү болсо аларга иш жүзүндө жардам берүү менен өстүрө алабыз. Сүйүүбүз канчалык өскөн сайын, Жахабага жана боордошторубузга ошончолук жакындай беребиз. Ал эми ошол достугубуз бизге түбөлүккө кубаныч тартуулайт!

109-ЫР: Чын жүрөктөн чыккан күчтүү сүйүү

a Чындык жолуна жаңыдан түштүкпү же Жахабага көп жылдардан бери кызмат кылып келатабызбы — баарыбыз ийгилик кыла алабыз. Бул макалада муну кантип кыла аларыбыздын маанилүү жолун карайбыз. Ан үчүн Жахабага жана башкаларга болгон сүйүүбүздү өстүрө беришибиз керек. Бул макаланы карап жатканда буга чейин кандай ийгилик кылганыңар жана мындан ары да кантип ийгилик кыла аларыңар жөнүндө ойлонгула.

b Айрым ысымдар өзгөртүлдү.