Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

29-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Улуу алааматка даярсыңарбы?

Улуу алааматка даярсыңарбы?

«Даяр болгула» (МТ. 24:44).

150-ЫР: Куткаруучу Кудайды издейли

БУЛ МАКАЛАДА a

1. Табигый кырсыкка алдын ала даярданганыбыз эмне үчүн маанилүү?

 АЛДЫН АЛА даярдануу өмүрүбүздү сактап калат. Мисалы, табигый кырсыкка алдын ала камдангандардын аман калышы көбүрөөк мүмкүн. Алар башкаларга да көмөк кыла алышат. Европадагы гуманитардык жардам көрсөткөн бир уюм: «Алдын ала жакшы даярдануу көптөрдүн өмүрүн сактап калат»,— деп белгилеген.

2. Улуу алааматка эмне үчүн даярданышыбыз керек? (Матай 24:44).

2 «Улуу алаамат» капысынан келет (Мт. 24:21). Бирок ал башка кырсыктардан айырмаланат. Анткени биз анын келатканын билебиз. Мындан 2000 жылдай мурун Иса шакирттерин ошол күнгө даяр турганга үндөгөн. (Окугула: Матай 24:44.) Алдын ала даярдансак, ал күндөн оңоюраак өтөбүз, башкаларга да ошенткенге жардам бере алабыз (Лк. 21:36).

3. Туруктуулук, боорукердик жана сүйүү бизге кандайча улуу алааматка даяр болгонго жардам берет?

3 Келгиле, улуу алааматка даяр болгонго жардам берген үч сапатка токтололу. Башкаларга катуу тие турган Кудайдын сот өкүмүн жарыялагыла десе жана ишенбегендер бизге каршы чыкса, эмне кылабыз? (Аян 16:21). Ошол учурда Жахабанын тилин алып, анын бизди коргооруна бекем ишениш үчүн туруктуу болушубуз зарыл болот. Эгер ишенимдештерибиз кээ бир нерселеринен же бүт мүлкүнөн кол жууп калса, эмне кылабыз? (Хаб. 3:17, 18). Аларга боорубуз ооругандыктан колубуздан келген жардамды аябайбыз. Улуттардын бирикмеси кол салганда, ишенимдештерибиз менен көп киши болуп бир нече убакытка чейин кенедей жерде жашаганга туура келсе, эмне кылабыз? (Жез. 38:10—12). Андай оор учурга чыдаш үчүн бизге күчтүү сүйүү керек болот.

4. Ыйык Китептен туруктуулукту, боорукердикти, сүйүүнү өрчүтө беришибиз керектиги кандайча көрүнүп турат?

4 Ыйык Китеп бизди туруктуулук, боорукердик жана сүйүү сапаттарын өрчүтө бергенге үндөйт. Лука 21:19да: «Туруктуу болуу менен жаныңарды сактап каласыңар»,— делген. Колосалыктар 3:12де: «Боорукердикти... кийгиле»,— делет. Ал эми 1 Тесалоникалыктар 4:9, 10до: «Бири-бириңерди сүйүүгө Кудайдан үйрөнгөнсүңөр... Ошентсе да, бир туугандар, силерди бул жагынан дагы да ийгилик кыла берүүгө үндөйбүз»,— деп айтылган. Бул сөздөр ушул сыяктуу сапаттарды ага чейин эле чагылдырып келаткан шакирттерге жазылган. Анткен менен алар ошол сапаттарды андан ары да өрчүтө бериши керек болчу. Биз да ошентишибиз керек. Ан үчүн бул суроолорго жооп алалы: «Исанын 1-кылымдагы жолдоочулары ал сапаттарды кантип чагылдырган? Аларды кантип туурай алабыз жана ошонун аркасында улуу алааматка даяр экенибизди кантип көрсөтө алабыз?»

ТУРУКТУУЛУГУҢАРДЫ ЧЫҢДАГЫЛА

5. 1-кылымдагы шакирттерге туруктуу болгонго эмне жардам берген?

5 1-кылымдагы шакирттер туруктуу болушу керек болгон (Евр. 10:36). Алар эл кабылган кыйынчылыктардан тышкары, башка кыйынчылыктарга кабылган. Алардын көбүн жүйүт диний жетекчилери, Рим бийлигиндегилер, ал эле эмес, үйүндөгүлөрү да куугунтукташкан (Мт. 10:21). Аларга жыйналыштагы чындыктан четтегендердин бөлүп-жарган окууларына туруштук бергенге да туура келген (Элч. 20:29, 30). Ошентсе да алар туруктуу болушкан (Аян 2:3). Кантип? Алар Аюп сыяктуу Кудайдын туруктуу кызматчылары жөнүндө ой жүгүртүшкөн (Жкп. 5:10, 11). Күч сурап тиленишкен (Элч. 4:29—31). Ошондой эле туруктуулугунан жазбаса, Жахаба сыйлык берерин эсинен чыгарышкан эмес (Элч. 5:41).

6. Меритадан эмнени үйрөнө алабыз?

6 Биз да Кудай Сөзүндөгү жана адабияттардагы туруктуулук көрсөткөндөрдүн үлгүсүн дайыма изилдеп, алар тууралуу ой жүгүртсөк, туруктуу боло алабыз. Ушул нерсе Албаниядагы Меритага үй-бүлөсүнүн катуу каршылыгына туруштук бергенге жардам берген. Ал мындай деген: «Ыйык Китептен Аюп жөнүндө окуганда жүрөгүм аябай козголду. Анын жашоосу астын-үстүн болуп кеткен. Бирок ал ошонун баары эмне себептен болуп жатканын билген эмес. Ошентсе да: „Өлөр-өлгөнчө кынтыксыздыгыман жазбаймын!“ — деген (Аюп 27:5). Менин кыйынчылыктарым аныкына салыштырганда эч нерсе деле болбой калат экен. Анткени мен алардын аркасында ким турарын билем».

7. Азыртадан эмне кылганды үйрөнүшүбүз керек?

7 Жахабадан бат-баттан тиленип, ага жүрөгүбүздү өйүгөн санааларыбызды айтып турсак да туруктуулугубуздан жазбайбыз (Флп. 4:6; 1 Тес. 5:17). Балким, учурда олуттуу кыйынчылыкка кабылбай элесиңер. Ошондой болсо да көңүлүңөр чөккөндө, эмне кыларыңарды билбей калганда Жахабадан жетекчилик сурайсыңарбы? Эгер азыртан эле майда-чүйдө көйгөйлөрүңөрдү Кудайга айтып тиленсеңер, келечекте чоң кыйынчылыктарга туш болгондо ага буйдалбастан кайрыласыңар. Ошондо Жахабанын силерге качан жана кантип жардам берерин эң жакшы билеринен шектенбейсиңер (Заб. 27:1, 3).

ТУРУКТУУЛУК

Ар бир кыйынчылык кийинкисин туруктуулук менен көтөргөнгө даярдайт (8-абзацты карагыла)

8. Миранын үлгүсү азыркы кыйынчылыктар кийинкилерине даярдаарын кандайча көрсөтүп турат? (Жакып 1:2—4). (Сүрөттү да карагыла.)

8 Учурдагы сыноолорго сынбасак, улуу алааматта да туруктуулугубуздан жазбайбыз (Рим. 5:3). Эмнеге ушинтип айта алабыз? Көптөгөн ишенимдештерибиз ар бир кыйынчылык кийинкисине туруштук бергенге көмөк кыларын айткан. Туруктуулугу алардын жакшы сапаттарын өрчүткөн. Жахабанын жардамга келгенге даяр экенине жана ошенткиси келерине болгон ишеними бекемделген. Ишеними болсо аларга кийинки кыйынчылыкка чыдаганга көмөк кылган. (Окугула: Жакып 1:2—4.) Албаниядагы Мира деген пионер мурун туруктуу болгону багынбаганга жардам бергенин айткан. Анын: «Эмнеге кыйынчылыктар менин эле башыма түшө берет?» — деп ойлогон учурлары болгон. Бирок Мира Жахабанын аны акыркы 20 жыл бою кантип коргоп келгенин эстеген. Анан ичинен: «Ишенимдүү бол! Жахабанын жардамы менен ушунча кыйынчылыкты жеңип келип, эми багынып калмак белең?» — деп ойлонгон. Силер да Жахабанын туруктуулугуңардан жазбаганга кантип жардам берип келгенин ойлонгула. Ал силердин ар бир кыйынчылыкта көрсөткөн туруктуулугуңарды сөзсүз байкайт. Сыйлыксыз калтырбайт. Мындан шектенбесеңер болот (Мт. 5:10—12). Туруктуу болгонго азыртан үйрөнсөк, улуу алаамат башталганда, сыноолорго сынбайбыз.

БООРУКЕР БОЛГУЛА

9. Антиохиядагылар кантип боорукердик көрсөтүшкөн?

9 1-кылымда Жүйүт аймагында катуу ачарчылык болгондо, Исанын жолдоочуларынын эмне кылганын карайлы. Муну укканда антиохиядагылардын (Сирия) аларга боору ооруганы шексиз. Боору ооруп эле калып калбай, иш жүзүндө жардам беришкен. Антиохиядагылардын «ар бири мүмкүнчүлүгүнө жараша, Жүйүт жериндеги бир туугандарга жардам берүүнү чечишкен» (Элч. 11:27—30). Алар алыс жашаса да, ошол оюнан кайткан эмес (1 Жкн. 3:17, 18).

БООРУКЕРДИК

Табигый кырсык болгондо боорукердик башкаларга жардам бергенге түрткү берет (10-абзацты карагыла)

10. Оор кырдаалга туш болгон боордошторубузга кантип жардам берсек болот? (Сүрөттү да карагыла.)

10 Биз да бүгүн оор кырдаалга туш болгон ишенимдештерибизге кантип боор ооруй алабыз? Балким, аксакалдарга жардам бергенге даяр экенибизди айтаттырбыз же бүткүл дүйнөлүк ишке тартуу кылаттырбыз. Ошондой эле ал жактагы ишенимдештерибиз үчүн тиленип турсак болот b (Накыл 17:17). Мисалы, 2020-жылы COVID-19 пандемиясынан жапа чеккендерге жардам бериш үчүн дүйнө жүзү боюнча 950дөн ашуун кырсык болгондо жардам берүү комитети уюшулган. Биз ал комитеттерде кызмат кылган боорукер ишенимдештерибизге абдан ыраазыбыз. Алар боордошторун керектүү нерселер менен камсыз кылышкан, кызматын улантканга дем-күч беришкен. Падышалык залдарын, айрымдардын үйлөрүн кайра тургузуп беришкен же оңдоп-түзөшкөн. (салыштыргыла: 2 Корунттуктар 8:1—4.)

11. Боорукер болгонубуз кандайча Жахабаны даңктайт?

11 Табигый кырсыктан кийин боорукердик менен жардам бергенибиз башкалардын көз жаздымында калбайт. Маселен, 2019-жылы «Дориан» куюну Багам аралдарындагы Падышалык залын талкалап кеткен. Ишенимдештерибиз Падышалык залын кайра куруп жатканда, бир курулуш компанияны жалдаган. Анан жумуш акысын сураганда, алардын башчысы мындай деген: «Шаймандар, курулуш материалдары жана эмгегибиз үчүн акы албайм. Силерге ушинтип тартуу кылгым келип жатат... Досторуңар үчүн жаныңарды аябай турганыңарды көрүп, уюмуңарга жакшылык кылгым келип жатат». Көптөр Жахабаны билбейт. Бирок алардын көбү Жахабанын Күбөлөрүнүн башкаларга кылган жакшылыгын байкабай койбойт. Боорукердигибиз башкаларды «кайрымдуулугу мол Кудайга» жакындатарын билгенибиз бизди кубанычка бөлөйт! (Эф. 2:4).

12. Азыртадан боорукер болгонубуз кандайча бизди улуу алааматка даярдайт? (Аян 13:16, 17).

12 Улуу алаамат учурунда эмне үчүн башкаларга боорукердик менен мамиле кылышыбыз керек болот? Ыйык Китепте саясатты колдобогондордун азыр да, улуу алааматта да кыйынчылыкка кабылары айтылган. (Окугула: Аян 13:16, 17.) Алсак, ишенимдештерибиз негизги нерселерге жетпей кыйналышы мүмкүн. Андыктан аларга кайрымдуу, боорукер болгонубуз маанилүү. Ошентсек, Падышабыз Машаяк Иса бул дүйнөгө өкүм чыгарганы келгенде бизди: «Падышалыкты мурастагыла»,— деп чакырат (Мт. 25:34—40).

СҮЙҮҮҢӨРДҮ ЧЫҢДАГЫЛА

13. Римдиктер 15:7ге ылайык, 1-кылымдагы шакирттер ортосундагы сүйүүнү кантип чыңдашкан?

13 Машаяктын 1-кылымдагы жолдоочуларын сүйүү айырмалап турган. Бирок башкаларды сүйүү аларга оңой болгонбу? Алсак, Римдеги жыйналышта Мусанын мыйзамы менен чоңойгон жүйүттөр, ар кандай каада-салттарга карманган башка улуттагы кишилер болгон. Андан тышкары, кулдар, эркин адамдар, атүгүл кулдары барлар да болгон. Ушундай айырмачылыкка карабай, алар сүйүүсүн кантип чыңдашкан? Пабыл аларды бири-бирин «кабыл алууга» үндөгөн. (Окугула: Римдиктер 15:7.) Ал эмнени айткысы келген? Бул сөз кимдир бирөөгө жумшак мамиле кылууну, меймандос болуп, үйүнө чакырууну же дос болууну билдирет. Мисалы, Пабыл Филемонду качып кеткен кулу Онесимди «жылуу тосуп алууга» чакырган (Флм. 17). Ошондой эле Прискила менен Акила Машаяктын окуулары жөнүндө азыраак билген Аполосту «өздөрүнө кошуп алып», ага жылуу мамиле кылышкан (Элч. 18:26). Машаяктын ошол учурдагы жолдоочулары ортосундагы айырмачылыктан улам бөлүнүп-жарылышкан эмес. Тескерисинче, бири-бирин жылуу кабыл алышкан.

СҮЙҮҮ

Ишенимдештерибиздин баарын сүйүшүбүз керек (15-абзацты карагыла)

14. Анна менен күйөөсү ишенимдештерин жакшы көрөрүн кантип көрсөткөн?

14 Биз да ишенимдештерибиз менен дос болуп, аларга көңүл бөлсөк, жакшы көрөрүбүздү көрсөтөбүз. Өз кезегинде алар да сүйүүбүзгө сүйүү менен жооп кайтарышат (2 Кор. 6:11—13). Анна менен күйөөсүнүн окуясына көңүл буралы. Алар Батыш Африкага миссионер болуп көчүп баргандан көп өтпөй эле, COVID-19 пандемиясы башталган. Ошонун айынан жыйналыштан эч ким менен тааныша албай калган. Ал жубайлар ишенимдештерин жакшы көрөрүн кантип көрсөтө алат эле? Алар жыйналыштагыларына видео менен чалып турушкан жана таанышканга куштар экенин айтышкан. Боордоштору буга абдан ыраазы болуп, аларга бат-баттан чалып, жазып турушкан. Күйөөсү экөөнүн эмне үчүн ушинткени жөнүндө Анна мындай дейт: «Бир учурда ишенимдештерибиз мага да, үй-бүлөмө да көңүл бөлүп, жөлөп-таяшкан. Алардын ошондо кылгандары жүрөгүм менен акылымда өчпөс из калтырган. Ошондуктан мен да башкаларга сүйүүмдү билдиргим келет».

15. Ванессанын окуясынан ишенимдештерибиздин баарын жакшы көрүүгө байланыштуу эмнени билдиңер? (Сүрөттү да карагыла.)

15 Жыйналыштарыбызда кулк-мүнөзү, тек-жайы ар кандай бир туугандарыбыз бар. Алардын жакшы жактарына көңүл топтосок, аларга болгон сүйүүбүздү чыңдай алабыз. Жаңы Зеландияда кызмат кылган Ванесса деген ишенимдешибизге мурда айрым жарчылар менен тил табышуу кыйынга турган. Ал кыжырына тийген ошол ишенимдештеринен оолактабай, алар менен көбүрөөк убакыт өткөрүүнү чечкен. Мунун аркасында ал Жахабанын алардын эмнесин жакшы көрөрүн түшүнө алган. Ванесса мындай дейт: «Жолдошум райондук көзөмөлчү болуп дайындалгандан бери кулк-мүнөзү ар кандай көп бир туугандарыбыз менен тааныштык. Алар менен аралашып кетиш оңой болуп калды. Азыр Жахабанын элинин ар түрдүүлүгүн аябай жакшы көрөм. Муну Жахаба да жакшы көрөт. Ошон үчүн ал бизди ар кандай адамдардан турган элине кошкон». Башкаларга Жахаба карагандай карасак, аларды жакшы көрөрүбүздү далилдейбиз (2 Кор. 8:24).

Улуу алаамат учурунда Жахабанын эли менен биримдикте болсок, ал бизди коргоорун убада кылган (16-абзацты карагыла)

16. Улуу алаамат учурунда сүйүү эмне үчүн маанилүү ролду ойнойт? (Сүрөттү да карагыла.)

16 Улуу алаамат учурунда ишенимдештерибизди жакшы көрөрүбүздү көрсөтүшүбүз керек болот. Улуу алаамат башталганда, Жахаба бизди кантип коргойт? Байыркы учурда бабылдыктар кол салганда, Жахаба элине эмне дегенине көңүл бурсаңар. Ал: «Бар, элим, төркү бөлмөлөрүңө кирип, артыңан эшикти жаап ал. Каар басылгыча, бир азга жашына тур»,— деген (Ыш. 26:20). Улуу алаамат учурунда биз дагы ушул сыяктуу көрсөтмө алышыбыз мүмкүн. Аяттагы «төркү бөлмөлөр» жыйналыштарды билдириши ыктымал. Улуу алаамат учурунда ишенимдештерибиз менен биримдикте болсок, Жахаба бизди коргойм деп убада берген. Ошондуктан ишенимдештерибизге эптеп эле чыдап жүрө бербей, аларды сүйгөнгө азыртадан бүт күчүбүздү жумшашыбыз керек. Аман каларыбыз ушундан көз каранды болушу ыктымал.

АЗЫРТАДАН ДАЯРДАНГЫЛА

17. Эгер азыртадан даярдансак, улуу алаамат учурунда эмне кыла алабыз?

17 «Жахабанын улуу күнү» бүтүндөй адамзат үчүн оор учур болот (Сеп. 1:14, 15). Кыйынчылыктар Жахабанын элинен да кыя өтпөйт. Эгер азыртадан даярдансак, ошол кезде дүрбөлөңгө түшпөйбүз, башкаларга да жардам бере алабыз. Кандай кыйынчылыкка кабылбайлы, туруктуулук менен көтөрүп кетебиз. Ишенимдештерибиздин башына мүшкүл түшкөндө, боорукердик менен аларга колубуздан келген жардамыбызды бергенге даяр болобуз. Боордошторубуз менен азыртадан ынак болсок, аларга болгон сүйүүбүз келечекте да муздап калбайт. Анан Жахаба бизге кырсык-каргаша, азап-кайгы унутулган заманда түбөлүк өмүр тартуулайт (Ыш. 65:17).

144-ЫР: Көзүңдү алба сыйлыктан

a Жакында улуу алаамат башталат. Ошондо тарыхта болуп көрбөгөндөй оор учур келет. Бизге ошол күнгө даяр болгонго туруктуулук, боорукердик жана сүйүү сапаты жардам берет. Бул макалада Машаяктын 1-кылымдагы жолдоочуларынын ушул сапаттарды кантип чагылдырганына жана биз аларды кантип туурай аларыбызга, ошондой эле бул сапаттардын улуу алааматка даяр болгонго кантип жардам берерине токтолобуз.

b Жабыр тарткандарга жардам бергиси келгендер бул арыздарды толтурушу керек: «Жергиликтүү долбоор/курулушта ыктыярчы болууга арыз» (DC-50) же «Ыктыярчы болууга арыз» (А-19). Анан чакырылганга чейин күтүшү керек.