Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эмнени изилдесе болот?

Эмнени изилдесе болот?

Биринчи кезекте эмнени изилдеш керек?

Баарыбызда эле убакыт тар. Анда өздүк изилдөөгө арнаган убакытты канткенде жакшы колдоно аласың? Биринчиден, жетиштүү убакыт бөл. Көп маалыматты үстүртөн окуп кеткенден көрө, аз маалыматты кылдат изилдесең, көбүрөөк пайда аласың.

Экинчиден, биринчи кезекте эмнени окушуң керектигин чечип ал (Эф. 5:15, 16). Балким, төмөнкүдөй кылып көрөттүрсүң:

  • Ыйык Китепти күн сайын оку (Заб. 1:2). Муну иш күндөрүндөгү жолугушууда окула турган бөлүмдөрдөн баштасаң болот.

  • «Күзөт мунарасына» жана иш күндөрүндөгү жолугушууга даярдан. Жоопторуңду даярдап ал (Заб. 22:22).

  • Убактың болуп калса, башка рухий тамак менен да азыктанып тур. Алсак, журналдарды окуп, видеолорду көрүп жана jw.org сайтына чыккан башка маалыматтардан кабардар болуп тур.

  • Өзүңө кызыктуу темаларды изилде. Алпурушуп жаткан көйгөйүң, пайда болгон сурооң же жакшыраак түшүнгүң келген Ыйык Китептеги кайсы бир теманы изилдесең болот. Дагы эмнелерди изилдесең болорун jw.org сайтындагы «Ыйык Китепти изилдөө үчүн тапшырмалар» деген рубрикадан карасаң болот.