Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

48-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Берилгендигиңер сыналганда сергек болгула

Берилгендигиңер сыналганда сергек болгула

«Бардык жагынан сергек болгула» (2 ТИМ. 4:5)

123-ЫР: Теократияга берилгендикте баш иебиз

БУЛ МАКАЛАДА a

1. Сергек болуу деген эмнени билдирет? (2 Тиметей 4:5)

 АР КАНДАЙ кыйынчылыктар менен алпурушканда Жахабага жана анын уюмуна канчалык берилген экенибиз сыналат. Ал кыйынчылыктарды кантип жеңе алабыз? Ан үчүн сак жана сергек болуп, «ишеним жолунда бекем турушубуз» керек. (Окугула: 2 Тиметей 4:5.) «Сергек туруу» деген дүрбөлөңгө түшпөй, сабыр сактоону, тунук ой жүгүртүүнү, жагдайга Жахабанын көзү менен кароону билдирет. Ошентсек, сезимдерге алдырбай, акыл токтотуп иш кылабыз.

2. Бул макалада эмнени карайбыз?

2 Буга чейинки макалада сырттан келген үч кыйынчылыкты талкуулаганбыз. Бул макалада болсо жыйналыштан кабылышыбыз мүмкүн болгон үч кыйынчылыкты карайбыз. Ошондой кыйынчылыктарга кабылганда да Жахабага болгон берилгендигибиз сыналышы мүмкүн. 1) Ишенимдешибиз адилетсиз мамиле кылганда, 2) Жахаба оңдоп-түзөгөндө, 3) уюмдагы өзгөрүүлөргө көнө албай кыйналганда. Ушундай кыйынчылыктарга кабылганда канткенде сергек болуп, Жахаба менен анын уюмуна болгон берилгендигибизден жазбайбыз?

ИШЕНИМДЕШИБИЗ АДИЛЕТСИЗ МАМИЛЕ КЫЛГАНДА

3. Ишенимдешибиз адилетсиз мамиле кылып жаткандай сезилсе, эмне болушубуз мүмкүн?

3 Кайсы бир ишенимдешиңер, мисалы, жыйналыштагы жооптуу бир туугандардын бири силерге адилетсиз мамиле кылып жаткандай сезилген учур болду беле? Анын силерди таарынтайын деген деле ою жок болсо керек (Рим. 3:23; Жкп. 3:2). Ошентсе да анын кайсы бир ишинен улам таарынып калгандырсыңар. Балким, санаа көөдөнүңөрдү кемирип жеп, уйкудан да калгандырсыңар. Ошондо атүгүл: «Жетекчиликти колго алган бир тууганым ушинтип жатса, бул чын эле Кудайдын уюмубу?» — деген ойлор да келгендир. Шайтан так ушуну көздөйт (2 Кор. 2:11). Эгер ошондой терс ойлорго алдырсак, Жахабадан жана анын уюмунан алыстап кетишибиз мүмкүн. Анда кайсы бир ишенимдешибиз адилетсиз мамиле кылып жаткандай сезилсе, канткенде тунук ой жүгүртүп, жаман ойлорго алдырбайбыз?

4. Агалары адилетсиз мамиле кылганда, Жусуптун тунук ой жүгүрткөнү эмнеден көрүнгөн жана биз андан эмнени үйрөнө алабыз? (Башталыш 50:19—21)

4 Ачуулуу, катаал болуп калбагыла. Жусуп өспүрүм курагында агалары ага көрбөгөн көргүлүктү көрсөтүшкөн. Алар аны жек көрүп, атүгүл көзүн тазалагысы келген (Башт. 37:4, 18—22). Акыры, кулчулукка сатып тынышкан. Ошонун айынан Жусуп 13 жылдай бою көп запкы жеген. Ошондой учурда Жусупка: «Жахаба чын эле мени жакшы көрөбү? Зар болуп турганымда мени таштап кеттиби?» — деген ойлор келиши мүмкүн болчу. Бирок ал ачуулуу, катаал болуп кеткен эмес. Тескерисинче, сабыр сактап, сергек болгон. Агаларынан өч алганга мүмкүнчүлүк түзүлгөндө да өч алган эмес. Кайра аларга жаны ачып, кечирген (Башт. 45:4, 5). Эмне үчүн? Анткени ал тунук ой жүгүрткөн. Өзүнүн кыйынчылыгына эле көңүл топтой бербей, ошол жагдайга Жахабанын көз карашы менен караган. (Окугула: Башталыш 50:19—21.) Мындан эмнени үйрөнө алабыз? Эгер адилетсиз мамилеге кабылып жатсаңар, Жахабага ачууланбагыла же ал мени таштап кетти деген ойлорду жакын жуутпагыла. Анын ордуна, сыноону көтөрүп кеткенге кантип жардам берип жатканы жөнүндө ой жүгүрткүлө. Мындан тышкары, башкалар жаман мамиле кылганда, алардын кемчиликтерине көз жумуп койгула. Анткени сүйүү көп күнөөлөрдү жаап коёт (1 Пет. 4:8).

5. Ишенимдештери жаман мамиле кылганда Микеастын тунук ой жүгүрткөнү эмнеден көрүнгөн?

5 Түштүк Америкада жашаган Микеас b аттуу аксакалдын окуясын карап көрөлү. Аксакалдардын айрымдары ага катаал мамиле кылганын эскерип, ал мындай дейт: «Өмүрүмдө анчалык кыйналып көргөн эмесмин. Катуу санаага батып, уйкум качкан күндөр болгон. Колуман эч нерсе келбечүдөй сезилгендиктен далай көз жаш төккөм». Ошентсе да Микеас сезимдерин тизгиндегенге, сергек болгонго, акылын тунук сактаганга бүт күчүн жумшаган. Ошондой эле Жахабадан ыйык рух беришин, чыдаганга күч беришин сурап кайра-кайра тиленген. Ал адабияттарыбыздан өзүнө керектүү ойлорду да издеген. Мындан эмнени үйрөнө алабыз? Кайсы бир ишенимдешиңер адилетсиз мамиле кылганда, сабырдуу болгула жана терс сезимдерге жеңдирбегиле. Анткени силерди таарынткан кишинин эмне үчүн ошентип айтканын же эмне үчүн ошондой иш кылганын билбейсиңер. Ошондуктан Жахабадан тиленип, жагдайга силерди таарынткан кишинин көзү менен караганга жардам беришин сурангыла. Ошондо аны «мага жамандык кылайын деген деле ою жок болсо керек» деп актап, катасын кечире аласыңар (Накыл 19:11). Жахаба баарын көрүп турат жана силерге туруктуу болгонго күч берет. Ушуну эч качан эсиңерден чыгарбагыла (2 Жылн. 16:9; Нас. 5:8).

ЖАХАБА ОҢДОП-ТҮЗӨГӨНДӨ

6. Жахабанын оңдоп-түзөгөнүн анын сүйүүсүнүн белгиси катары көргөнүбүз эмне үчүн маанилүү? (Еврейлер 12:5, 6, 11)

6 Жахаба оңдоп-түзөгөндө, көңүлүбүз чөкпөй койбойт. Бирок мунун бизге канчалык катуу тийгени жөнүндө эле ойлоно берсек, аны адилетсиздиктей көрүп, кабыл албай коюшубуз мүмкүн. Ошонун айынан маанилүү бир нерсени — оңдоп-түзөө Жахабанын сүйүүсүнүн белгиси экенин — көз жаздымда калтырып коюшубуз ыктымал. (Окугула: Еврейлер 12:5, 6, 11.) Бизди терс сезимдер бийлеп алса, Шайтан талуу жерибизди байкап, кол салары турган иш. Ал Жахабанын оңдоп-түзөгөнүн жеришибизди, андан да жаманы, Жахабадан, жыйналыштан алыстап кетишибизди самайт. Кудай силерди оңдоп-түзөсө, канткенде сергек болуп, тунук ой жүгүртө аласыңар?

Жахаба оңдоп-түзгөндө, Петир момун болуп буга моюн сунган. Ошонун аркасында далай жолу Жахабанын керегине жараган (7-абзацты карагыла)

7. а) Сүрөттөн көрүнүп тургандай, Петир оңдоп-түзөөнү туура кабыл алганы үчүн, кантип Жахабанын керегине жараган? б) Петирден эмнени үйрөнсөк болот?

7 Жахабанын оңдоп-түзөгөнүнө моюн сунуп, оңолгула. Иса Петирди башка элчилердин көзүнчө көп жолу оңдоп-түзөгөн (Мр. 8:33; Лк. 22:31—34). Ошондой учурларда Петир аябай эле оңтойсузданса керек. Ошентсе да ал Исага берилген бойдон калган. Петир Исанын оңдоп-түзөгөнүн туура кабыл алып, катасын кайталабаганга үйрөнгөн. Ошонун аркасында Жахаба Петирге берилгендиги үчүн батасын берип, жыйналышта чоң жоопкерчиликтерди арткан (Жкн. 21:15—17; Элч. 10:24—33; 1 Пет. 1:1). Петирден эмнени үйрөнө алабыз? Жахаба бизди оңдоп-түзөгөндө, аброюбузду эле ойлой бербейли. Анын ордуна, ага моюн сунуп, оңололу. Ошенткенибиз өзүбүзгө да, башкаларга да пайдалуу болот. Ошондой эле Жахаба бизди дагы көп иштерине жарата алат. Бир туугандарыбыздын да керегине жарай алабыз.

8, 9. Бернардо аксакал болбой калгандан кийин өзүн кандай сезген, бирок ага оюн оңдогонго эмне жардам берген?

8 Мозамбикте жашаган Бернардо деген ишенимдешибизди мисалга алалы. Ал аксакалдык кызматынан бошотулган. Ошондо Бернардо өзүн кандай сезген? «Буга макул болгум келбей, таарынып жүрдүм»,— дейт ал. Бернардо жыйналыштагылар эмне деп ойлоп калат деп ошого көбүрөөк тынчсызданган. Ал: «Жахабанын оңдоп-түзөгөнүн туура кабыл алыш үчүн, ага жана анын уюмуна кайрадан ишеним артыш үчүн бир нече ай керек болду»,— дейт. Анда ага туура көз карашта болгонго эмне жардам берген?

9 Ал оюн өзгөрткөн. Бернардо мындай дейт: «Аксакал болуп жүргөн кезимде башкаларга Жахабанын оңдоп-түзөгөнүн туура кабыл алганга жардам бериш үчүн Еврейлер 12:7ни көп окуп берчүмүн. Кызматыман айрылып калгандан кийин: „Бул кеңешти ким колдонушу керек? Жахабанын бардык кызматчылары, анын ичинде мен да, колдонушум керек”,— деп ойлондум». Андан кийин Бернардо Жахаба менен анын уюмуна болгон ишенимин чыңдаш үчүн дагы башка иш-аракеттерди кылган. Ал Ыйык Китепти мурдагыдан да көбүрөөк казып изилдеп, терең ой жүгүртө баштаган. Ишенимдештерим мен жөнүндө эмне деп ойлоп калды болду экен деп дагы деле тынчсызданып жүрсө да, алар менен кызматташып, жыйналыштан жооп бергенге аракет кыла берген. Кийинчерээк ал кайрадан аксакал болуп дайындалган. Силерди да Жахаба оңдоп-түзөгөн болсо, кадырыңар түшүп калганына эле көңүл топтой бербегиле. Анын ордуна, кеңешке кулак салып, оңолгула c (Накыл 8:33; 22:4). Ошентсеңер, Жахаба ага жана анын уюмуна берилгендик сактап жатканыңар үчүн сөзсүз батасын берет.

УЮМДАГЫ ӨЗГӨРҮҮЛӨРГӨ КӨНӨ АЛБАЙ КЫЙНАЛГАНДА

10. Айрым ысрайылдык эркектердин берилгендиги кайсы өзгөрүүдөн улам сыналышы мүмкүн эле?

10 Уюмда өзгөрүүлөр болгондо, берилгендигибиз сыналышы мүмкүн. Бирок сак болбосок, ошондон улам Жахабадан алыстап кетишибиз ыктымал. Мисалы, Мусанын мыйзамы күчүнө киргенде, бул айрым ысрайылдыктарга кандай таасир этиши мүмкүн болгонун карап көрөлү. Мыйзам берилгенге чейин дин кызматчылык милдетти ар бир үй-бүлө башчысы аткарчу. Ал курмандык жайын куруп, үй-бүлөсү үчүн Жахабага курмандык чалчу (Башт. 8:20, 21; 12:7; 26:25; 35:1, 6, 7; Аюп 1:5). Бирок Мыйзам берилгенден кийин үй-бүлө башчылары андай сыймыктуу жоопкерчиликти аткара албай калышкан. Анткени Жахаба Арундун тукумун дин кызматчы болгонго тандап, курмандык чалганга ошолорду дайындаган. Бул өзгөрүү күчүнө киргенде, эгер Арундун тукумунан болбогон кайсы бир үй-бүлө башчысы дин кызматчы кылчу ишти кылып курмандык чалса, өлүм жазасына тартылмак (Леб. 17:3—6, 8, 9) d. Корак, Датан, Абырамдардын жана 250 жамаат башчысынын Муса менен Арунга каршы чыкканынын бир себеби ушул жаңы өзгөрүүнү кабыл албаганында болушу мүмкүнбү? (Сан. 16:1—3) Муну так айта албайбыз. Кандай болбосун, Корак менен таламдаштары Жахабага берилгендик сактабай калышкан. Эгер уюмдагы өзгөрүүлөрдөн улам силердин да берилгендигиңер сыналып жатса, эмне кылсаңар болот?

Кааттын тукумдарынын кызматы өзгөрүп ырчы, дарбазачы болуп дайындалышкан, кампаларды кайтарышкан. Алар жаңы кызматын жан-дилден аткарышкан (11-абзацты карагыла)

11. Кааттын тукумдарынан эмнени үйрөнсөк болот?

11 Уюмдагы өзгөрүүлөрдү кош колдоп колдогула. Ысрайылдыктар чөл кезип жүргөндө Кааттын тукумдары өзгөчө иш аткарышкан. Ысрайыл эли көчкөн сайын, алардын айрымдары элдин алдында келишим сандыгын көтөрүп жүрүшчү (Сан. 3:29, 31; 10:33; Жаш. 3:2—4). Бул эмне деген зор сыймык болгон! Бирок ысрайылдыктар Убадаланган жерге отурукташкандан кийин, баары өзгөргөн. Келишим сандыгын көтөрүп жүрүүнүн зарылдыгы болбой калган. Сулайман падышанын тушунда Кааттын тукумдарынын айрымдары ырчы, дарбазачы болуп дайындалышкан. Дагы бирөөлөрү кампаларды кайтарышкан (1 Жылн. 6:31—33; 26:1, 24). Ыйык Китепте алардын мурда өзгөчө тапшырмаларды аткарганы үчүн эле наалып-напчыганы же көрүнүктүү кызматтарды талап кылганы айтылбайт. Мындан эмнени үйрөнө алабыз? Уюмдагы өзгөрүүлөрдү, анын ичинде силердин кызматыңарга тиешелүү болгондорун да, чын жүрөктөн колдогула. Кандай кызмат тапшырылбасын, аны кубанып аткаргыла. Силердин баалуулугуңар кандай кызматты аткарганыңар менен өлчөнбөй турганын эсиңерден чыгарбагыла. Жахаба кызматыбыздан да баш ийгенибизди жогору баалайт (1 Шем. 15:22).

12. Зайна башка кызматка дайындалганда өзүн кандай сезген?

12 Ортоңку Чыгышта жашаган Зайна деген ишенимдешибиздин окуясына токтололу. Ал 23 жылдан ашык убакыт бою Бейтелде кызмат кылган. Кийин аны атайын пионер кылып дайындашкан. Мурунку кызматын жанындай жакшы көрчү. Ал мындай дейт: «Жаңы кызматка дайындалганда дал болуп эле туруп калдым. Өзүмдү эч кимге кереги жоктой сезип, эмнемден жаздым экен деп кечке эле ойлоно бергем». Анысы аз келгенсип, жыйналышындагылар жарасын ого бетер ырбатып: «Жакшы кызмат кылбай койдуң окшойт. Болбосо кетирмек эмес да»,— дешкен. Ал кайгынын чеңгелине батып, күн сайын түн ичинде көз жаш төкчү экен. Ошентсе да ал: «Мен уюмду Жахаба жетектеп жатканынан жана анын мени жакшы көрөрүнөн эч качан шектенген эмесмин»,— дейт. Ага тунук ой жүгүрткөнгө эмне жардам берген?

13. Зайна терс сезимдерин жеңиш үчүн эмне кылган?

13 Зайна терс сезимдерин жеңген. Кантип? Ал адабияттарыбыздан анын кыйынчылыгына тиешелүү макалаларды окуп чыккан. Ага «Көңүл чөгөттүктү жеңе аласың!» деген макала өзгөчө жардам берген («Күзөт мунарасы», ор., 2001-ж., 1-фев.). Ал макалада Ыйык Китепти жазганга катышкан Марктын да кызматы өзгөргөндө Зайнаныкындай сезимдерди туйганы жазылган. Зайна мындай деп эскерет: «Марктын үлгүсү дартыма даба болуп, көңүл чөгөттүктү жеңгенге жардам берди». Зайна обочолоно бербей, достору менен да көп убакыт өткөргөн. Өзүн аяп отура берген да эмес. Ал Жахаба уюмун ыйык руху менен жетектээрине жана жетекчиликти колго алгандардын анын камын ойлооруна көзү жеткен. Ошол эле учурда уюм биринчи кезекте Жахабанын ишин эң мыкты жол менен аткарууну көздөй турганын түшүнгөн.

14. Владо кайсы өзгөртүүлөргө көнө албай кыйналган жана ага эмне жардам берген?

14 Словенияда жашаган 73 жаштагы Владо деген аксакалдын башынан өткөндөрүн карап көрөлү. Анын жыйналышы башка жыйналышка бириктирилип, Падышалык залы жабылып калганда, ал аябай кыйналган. Ал мындай дейт: «Жакшынакай залыбызды жаап салышканда, аны түшүнө албай жүрдүм. Жакында эле залыбызды сонун кылып оңдоп алганбыз. Ошон үчүн аябай эле туталандым. Анын үстүнө, жыгач уста болгонум үчүн айрым эмеректерди өз колум менен жасаган болчумун. Жыйналыштар бириктирилгенден кийин көп нерсеге ылайыкташыш керек болду. Бул болсо мага окшогон кары кишилерге оңой болгон жок». Ага жаңы көрсөтмөгө баш ийгенге эмне жардам берген? Ал мындай дейт: «Уюмдагы жаңы өзгөрүүлөргө ылайыкташсаң, Жахабадан дайыма мол бата аласың. Бул өзгөрүүлөр алдыдагы чоң өзгөрүүлөргө даярдайт». Жыйналышыңар бириктирилгени же кызматыңар өзгөргөнү үчүн силер да кыйналып жатасыңарбы? Жахаба сезимдериңерди эң жакшы түшүнөт. Ушундай өзгөрүүлөрдү жан-дилден колдоп, Кудайга жана анын уюмуна бекем жармашсаңар, батасыз калбайсыңар (Заб. 18:25).

БАРДЫК ЖАКТАН СЕРГЕК БОЛГУЛА

15. Жыйналышта кыйынчылыктар болгондо канткенде сергек боло алабыз?

15 Бул дүйнөнүн акыры жакындаган сайын, жыйналышта сөзсүз кыйынчылыктар болот. Андайда берилгендигибиз сыналышы мүмкүн. Андыктан сергек болушубуз керек. Эгер ишенимдешиңер жаман мамиле кылса, катаал болуп калбагыла. Жахаба оңдоп-түзөгөн болсо, эл эмне дейт деп ойлоно бербей, кеңешке кулак салып, оңолгула. Жахабанын уюмундагы өзгөрүүлөр силерге да таасир этсе, аларды жан-дилден колдогула жана көрсөтмөгө баш ийгиле.

16. Канткенде Жахаба менен анын уюмуна болгон ишенимиңерди бек сактай аласыңар?

16 Берилгендигиңер сыналганда да Жахаба менен уюмуна болгон ишенимиңерди бекем сактай аласыңар. Бирок ан үчүн сергек болушуңар: дүрбөлөңгө түшпөй сабыр сактап, тунук ой жүгүртүп, жагдайга Жахаба карагандай карашыңар керек. Ушул сыяктуу кыйынчылыктарга кабылган Ыйык Китептеги инсандардын үлгүсү жөнүндө окуп, ой жүгүрткүлө. Жахабадан жардам сурап тиленгиле. Эч качан жыйналыштан алыстап кетпегиле. Ошондо башыңарга кандай мүшкүл түшпөсүн, Шайтан силерди Жахабадан жана анын уюмунан ажырата албайт (Жкп. 4:7).

126-ЫР: Сергек, бекем, күчтүү бололу

a Жахаба жана анын уюмуна болгон берилгендигибиз, айрыкча, жыйналышта кыйынчылыктар болгондо сыналат. Бул макалада ошол кыйынчылыктардын үчөөнө токтолобуз. Ошондой эле Жахабага, анын уюмуна берилгендик сакташ үчүн эмне кылсак болорун карап чыгабыз.

b Айрым ысымдар өзгөртүлдү.

c Буга байланыштуу дагы башка кеңештерди бул макаладан таба аласыңар: «Сыймыктуу жоопкерчиликтерге кайрадан ээ боло аласыңбы?» (W09 15/8 30-б.)

d Мыйзамга ылайык, үй-бүлө башчылары мал союп жегиси келсе, аны ыйык жайга алпарышы керек болчу. Ыйык жайдан алыс жашагандар гана бул мыйзамдан бошотулушкан (Мыйз. 12:21).