Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Билесиңерби?

Билесиңерби?

Мордохай чын эле тарыхта жашаган киши болгонбу?

ЖҮЙҮТ элинен болгон Мордохай Ыйык Китептин Эстер китебинде көрүнүктүү инсан болгону айтылат. Жүйүт жеринен туткундалып келген ал киши перстердин ак сарайында кызматкер болгон. Ал кезде Акашберош падыша бийлик кылып турган (Бүгүн ал Ксеркс I деп белгилүү). Б.з. ч. 5-кылымдын баш жагы болчу. Мордохай падышага ор казган кишилердин бетин ачып, аны өлүмдөн алып калган. Буга ыраазы болгон падыша эл алдында Мордохайдын зоболосун көтөргөн. Кийин Мордохай менен жүйүт элинин кас-душманы болгон Аман өлгөндөн кийин падыша Мордохайды, азыркы боюнча, премьер-министр кылган. Ошонун аркасында ал Персия империясынын карамагында жашаган жүйүттөрдү тукум курут болуп кетүүдөн сактаган жарлык чыгарган (Эст. 1:1; 2:5, 21—23; 8:1, 2; 9:16).

20-кылымдын баш жагында тарыхчылар Эстер китебинде жазылгандар жомок, Мордохай деген киши тарыхта эч качан болгон эмес дешкен. Бирок 1941-жылы археологдор Мордохайдын чын эле жашаганын ырасташы мүмкүн болгон табылгаларды табышкан. Ал эмне болгон табылгалар эле?

Изилдөөчүлөр Персиянын аймагынан шынаа жазууларын табышкан. Аларда Мардука (кыргызча Мордохай) деген кишинин ысымы жазылган. Ал Шушан шаарында чарба башкаруучу, кыязы, эсеп-кысапчы болуп иштеген. Чыгыш элдеринин тарыхын изилдеген Артур Унгнаддын айтымында, бул «Мордохайдын ысмы кездешкен жападан жалгыз табылга» болгон. Себеби ага чейин ал ысым Ыйык Китептен башка эч бир жерде кездешкен эмес.

Андан бери дагы башка окумуштуулар Персиянын аймагынан табылган миңдеген шынаа жазууларын которушкан. Арасында Персеполь такталары да бар. Алар Персеполь шаарынын урандыларынын арасынан табылган. Алар Ксеркс I бийлик кылган убакка таандык. Такталардагы жазуулар эламит тилинде жазылган жана Эстер китебиндеги бир нече кишинин ысымы камтылган a.

Мордохай (Мардука) деген ысымдын Персияда табылган такталарда кездешиши

Персеполь такталарынын бир нечесинде Мардука деген киши жөнүндө айтылат. Аларга ылайык, Мардука Ксеркс Iнин тушунда Шушан ак сарайында падышанын катчысы болгон. Бир тактада анын котормочу болгону айтылган. Бул Ыйык Китепте Мордохай жөнүндө айтылгандарга төп келет. Мордохай Акашбероштун (Ксеркс Iнин) падыша сарайында кызмат кылган жана, бери дегенде, эки тилде сүйлөгөн. Ал Шушандагы ак сарайдын дарбазасынын алдында дайыма отурчу (Эст. 2:19, 21; 3:3). Асман тиреген ал дарбаза ак сарай кызматчыларынын иштеген жери болчу.

Шынаа жазууларындагы Мардука менен Ыйык Китептеги Мордохайдын ортосундагы окшоштуктар көңүлгө аларлык. Себеби алардын жашаган доору, жашаган жери, аткарган кызматы, иштеген жери бир чыгып жатат. Ушул окшоштуктардан улам такталарда айтылган Мардука Эстер китебиндеги Мордохайды билдириши мүмкүн десек болот.

a 1992-жылы Эдвин М. Ямаути аттуу профессор Персеполь такталарындагы 10 ысым жөнүндө макала жазган. Ал ысымдар Эстер китебинде да кездешет.