Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

46-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Жахаба кубанычыбызды бөксөртпөгөнгө жардам берет

Жахаба кубанычыбызды бөксөртпөгөнгө жардам берет

«Жахаба силерге ырайым кылар убакты күтөт, силерге кайрымдуулук кылуу үчүн ордунан турат» (ЫШ. 30:18).

3-ЫР: Күч, үмүт, кайрат бересиң

БУЛ МАКАЛАДА a

1, 2. а) Кайсы суроолорду карап чыгабыз? б) Жахабанын бизге жардам бергенге ынтызар экенин эмне көрсөтүп турат?

 ЖАХАБА кыйынчылыктарга, турмуш түйшүктөрүнө тумчукпаганга жана ыйык кызматыбызды кубанып аткарганга жардам берет. Ал бизге кантип көмөк кылат? Жахабанын жардамын алыш үчүн эмне кылышыбыз керек? Бул суроолорго ушул макаладан жооп алабыз. Бирок аларды карап чыкканга чейин адегенде: «Жахаба бизге чындап эле жардам бергиси келеби?» — деген суроого жооп алып алалы.

2 Элчи Пабылдын еврейлерге жазган катында кездешкен бир сөз мунун жообун тапканга жардам берет. Ал: «Жахаба — менин жардамчым; мен коркпойм. Адам мага эмне кыла алат?» — деген (Евр. 13:6). Ыйык Китепти түшүндүргөн бир эмгекте «жардамчы» деген сөздүн мааниси түшүндүрүлгөн. Ал сөз жардам сурап зарлап жаткан кимдир бирөөгө шашып бараткан кишиге карата колдонулган. Жахабанын кыйналып жаткан бирөөгө шашып баратканын элестетип көрсөңөр. Бул анын бизге жардам бергенге каалоосу күч экенин, жардамчыбыз болгонго абдан ынтызар экенин көрсөтүп турат. Жахаба жаныбызда болгондуктан, сыноолорду кубанычыбызды кемитпей көтөрүп кете алабыз.

3. Жахаба кыйынчылыктарга карабай кубанып кызмат кылганга кандай үч жол менен жардам берет?

3 Жахаба кыйынчылыктарга карабай кубанып кызмат кыла бергенге кандай жолдор менен көмөк кылат? Мунун жообу Ышая китебинде камтылган. Эмне үчүн? Ал жактагы ыйык рухтун жетеги менен жазылган пайгамбарлыктардын көбү Кудайдын бүгүнкү күндөгү кызматчыларына тиешелүү. Ошондой эле Ышая Жахабаны биз оңой түшүнө ала турган сөздөр менен сүрөттөгөн. Мисалы, Ышая 30-бөлүмдү карап көрөлү. Пайгамбардын Жахабанын өз элине кантип жардам бергени жөнүндө жазгандарын окуганда көз алдыбызга сүрөт тартылат. 1) Ал анын бизди кунт коюп угуп, жооп берерин, 2) кадамыбызды багыттаарын, 3) азыр жана келечекте батасын берерин жазган. Эмесе, ушул үч нерсени кененирээк карап чыгалы.

ЖАХАБА БИЗГЕ КУЛАК ТӨШӨЙТ

4. а) Жахаба Ышаянын күндөрүндөгү жүйүттөрдү кантип сүрөттөгөн жана алар эмне болушкан? б) Жахаба ишенимдүү жүйүттөргө кандай үмүт берген? (Ышая 30:18, 19)

4 Ышая китебинин 30-бөлүмүнүн башында Жахаба жүйүттөрдү «күнөөлөрүнө күнөө кошкон» «өжөр уулдар» деп сүрөттөгөн. Андан ары: «Алар — козголоңчул эл,.. Жахабанын мыйзамын уккусу келбеген уулдар»,— деген (Ыш. 30:1, 9). Эл кулак какпаганы үчүн Жахаба алардын башына алаамат түшүрөрүн Ышая аркылуу алдын ала айттырган (Ыш. 30:5, 17; Жер. 25:8—11). Анан чынында эле ошондой болгон: жүйүттөр Бабылга туткундалып кеткен. Бирок алардын арасында Кудайга берилген жүйүттөр да бар болчу. Ышая алардын үмүтүн жандырган. Ал Жахаба аларды бир күнү кайра мекенине алып келерин айткан. (Окугула: Ышая 30:18, 19.) Кийин так ошондой болгон: Жахаба аларды туткундан бошотуп алган. Бирок алар азаттыкка чыга турган күндү көп жыл күтүшү керек болгон. Муну: «Жахаба силерге ырайым кылар убакты күтөт»,— деген сөздөрдөн биле алабыз. Чын эле, жүйүттөрдүн калдыгы Иерусалимге кайтып келгенге чейин Бабылда 70 жыл кулчулукта жүргөн (Ыш. 10:21; Жер. 29:10). Ошентип, алар мекенине кайтып келгенде туткунда жүргөндө төккөн көз жашы кубанычтын көз жашына айланган.

5. Ышая 30:19да жүрөк жылыткан кандай сөздөр жазылган?

5 «Зарлаган үнүңдү угуп, Ал сага ырайым кылат»,— деген сөздөр бизди да кайраттандырат (Ыш. 30:19). Ышая пайгамбардын бул сөздөрү Жахаба жалынып-жалбарганыбызда кунт коюп угуп, дароо жооп берерин көрсөтүп турат. Пайгамбар: «Ал... үнүңдү угары менен жооп берет»,— деп да кошумчалаган. Жүрөк жылыткан бул сөздөр Атабыздын жардам сурагандарга дароо кол сунарын эске салып турат. Ушуну билгенибиз кубанычыбызды өчүрбөй, баарына чыдаганга жардам берет.

6. Ышаянын сөздөрүнөн Жахабанын ар бир кызматчысынын тилегин угары кандайча көрүнүп турат?

6 Бул аятта тиленүүгө байланыштуу канат байлаткан дагы кандай ойлор бар? Жахаба ар бирибиздин тилегибизге кулак салат. Эмне үчүн минтип айта алабыз? Ышая китебинин 30-бөлүмүнүн башында Жахаба жалпы элине кайрылган. Ошон үчүн «силер» деп көптүк санда айткан. Ал эми 19-аятта жалгыз бирөөгө кайрылгандай «сен» деп жекелик санда айткан. Алсак, Ышая: «Сен ыйлабай каласың... Ал сага ырайым кылат... [Сага] жооп берет»,— деп жазган. Камкор Атабыз Жахаба көңүлү чөккөн уулуна же кызына: «Баланчадай же түкүнчүдөй күчтүү болбойсуңбу»,— деп айтпайт. Ал ар бирибизди өзүнчө инсан катары көрөт жана ар бирибиздин тилегибизди өз өзүнчө угат (Заб. 116:1; Ыш. 57:15).

Ышаянын: «[Жахабанын] алдында үнүңөр басылбасын»,— деген сөздөрү эмнени билдирет? (7-абзацты карагыла)

7. Ышая жана Иса тынбай тилене беришибиз керектигин кантип баса белгилешкен?

7 Жүрөгүбүздү өйүгөн нерсени Жахабага айтканда адегенде ал ошого чыдаганга күч берет. Ал эми кыйынчылыгыбыз биз ойлогондон да көпкө созулуп кетсе, андан аны менен күрөшкөнгө күч беришин кайра-кайра сурашыбыз керек болот. Ал бизди ошенткенге чакырат. Муну «[Жахабанын] алдында үнүңөр басылбасын»,— деген сөздөрдөн биле алабыз (Ыш. 62:7). Бул эмнени билдирет? Жахабанын жанын койбой кайра-кайра тынбай тилене беришибиз керектигин билдирет. Ышая пайгамбардын сөздөрү Исанын Лука 11-бөлүм 8—10-аяттарда жана 13-аятында айткан тиленүү жөнүндөгү мисалдарын эсибизге салат. Ал аяттарда Иса кайра-кайра тиленгенге, ыйык рух сураганыбызды токтотпогонго үндөгөн. Туура чечим чыгарыш үчүн да Жахабадан жетектешин сурап жалынып-жалбарышыбыз керек.

ЖАХАБА КАДАМЫБЫЗДЫ БАГЫТТАЙТ

8. Ышая 30:20, 21де жазылган сөздөр байыркы убакта кантип аткарылган?

8 Окугула: Ышая 30:20, 21. Бабылдыктар Иерусалимди басып алыш үчүн бир жарым жыл курчоого алышкан. Ошондо шаардагылар ушунчалык азап тарткандыктан кыйынчылык алардын күндө жеп-ичкен наны менен суусундай эле болуп калган. Бирок 20, 21-аяттарга ылайык, эгер жүйүттөр өкүнүп, жүрүм-турумун өзгөртүшсө, Жахаба аларды куткарарын убадалаган. Ышая Жахабанын алардын «Улуу Насаатчысы» экенин айткан. Муну менен ал Жахабанын аларга ага жаккандай сыйынганды үйрөтөрүн убада кылган. Бул сөздөр жүйүттөр кулчулуктан азаттыкка чыкканда аткарылган. Ошондо Жахаба чындап эле алардын Улуу Насаатчысы болгон. Анын көзөмөлү астында жүйүттөр таза сыйынууну калыбына келтиришкен. Жахаба биздин да Улуу Насаатчыбыз. Бул биз үчүн айтып бүткүс чоң бата!

9. Жахаба бүгүнкү күндө бизди кантип жетектеп жатат?

9 Ышая андан ары бизди Жахабадан эки жол менен билим алып жаткан окуучуларга салыштырган. Алардын биринчиси жөнүндө пайгамбар: «Көзүң Улуу Насаатчыңды көрөт»,— деген. Бул мисалда насаатчы окуучулардын алдында тургандай сүрөттөлөт. Жахаба бизди бүгүнкү күндө окутуп-үйрөтүп жатат. Бул биз үчүн чоң сыймык! Ал бизди кантип насааттап жатат? Уюму аркылуу. Жахабанын уюмунан так-таасын жетекчилик алып жатканыбызга кандай гана ыраазыбыз! Бүгүнкү күндө жыйналыштар, жыйындар, адабияттар, телеберүү жана башка нерселер аркылуу билим берилип жатат. Алар азыркы коогалаңдуу мезгилде кыйынчылыктарга чыдаганга, кубанычыбызды кемитпегенге жардам берип жатат.

10. Кандайча Кудайдын үнүн «арт жактан» угабыз?

10 Ышая Жахаба бизди жетектеп жаткан экинчи жол жөнүндө: «Кулагың арт жактан... үндү угат»,— деп жазган. Бул жерде пайгамбар Жахабаны окуучуларынын аркасында туруп алып жол көрсөткөн, кадамына багыт берген кыраакы насаатчы катары сүрөттөгөн. Бүгүнкү күндө да биз Кудайдын үнүн арт жактан угуп жатабыз. Кантип? Кудайдын ыйык рухтун жетеги менен жаздырган сөздөрү тээ илгери эле жазылган. Ал убакыт артта калган. Мына ошондуктан бүгүнкү күндө Ыйык Китепти окуганда Кудайдын үнүн арт жактан уккандай болобуз (Ыш. 51:4).

11. Бизди дайыма кубаныч коштоп жүрүшү үчүн кайсы эки кадамды жасашыбыз керек жана эмне үчүн?

11 Жахаба бизди уюму жана Сөзү аркылуу жетектеши үчүн, биз эмне кылышыбыз керек? Ышая эки нерсени баса белгилегенине көңүл бурсаңар. Биринчиден: «Мына жол»,— деген. Экинчиден: «Ушул жол менен жүргүлө»,— деп жазган (Ыш. 30:21). Туура «жолду» билип эле койгонубуз жетишсиз. Биз ал «жол менен жүрүшүбүз» керек. Жахабанын бизден эмнелерди талап кыларын анын уюму аркылуу түшүндүрүлүп берилип жаткан Сөзүнөн биле алабыз. Билимибизди кантип колдонушубуз керектигин да үйрөнүп жатабыз. Жахабага кызмат кылып жатып бизди дайыма кубаныч коштоп жүрүшү үчүн ушул эки кадамды тең жасашыбыз керек. Мына ошенткенде гана Жахаба бизге батасын төгөт.

ЖАХАБА БИЗГЕ БАТАСЫН БЕРИП ЖАТАТ

12. Ышая 30:23—26-аяттарга ылайык, Жахаба өз элине кантип батасын төккөн?

12 Окугула: Ышая 30:23—26. Бул пайгамбарлык жүйүттөр Бабыл кулчулугунан Ысрайылга кайтып келгенден кийин кантип аткарылган? Жахаба аларга күндөлүк жашоого керектүү жана аны менен ынак болгонго көмөк кылган нерселердин баарын кенен берген. Жахаба элине батасын бергендиктен, алардын тамак-ашы мол болгон. Баарынан маанилүүсү, ага жакындаш үчүн жана ага жаккандай сыйына башташ үчүн эмне керек болсо, ошонун баарын берген. Жүйүттөр Жахабанын батасына мурун болуп көрбөгөндөй көмүлүшкөн. 26-аятта жазылгандай, Жахаба аларга рухий жарыгын чачып, өзүнүн Сөзүн дагы кененирээк түшүндүрүп берген (Ыш. 60:2). Жахаба кызматчыларына батасын бергендиктен алар «жүрөгүндөгү кубанычтан улам» эч нерсени ойлоп санаа тартпай, олку-солку болбой кызмат кылышкан (Ыш. 65:14).

13. Таза сыйынуунун калыбына келтирилиши жөнүндөгү пайгамбарлык бүгүнкү күндө кантип аткарылып жатат?

13 Таза сыйынуунун калыбына келтирилиши жөнүндөгү бул пайгамбарлыктын бизге тиешеси барбы? Албетте! Кандайча? Б.з. 1919-жылынан баштап миллиондогондор жалган диндин дүйнөлүк империясы болгон Улуу Бабылдын кулчулугунан чыга башташкан. Алар барган жер Ысрайылдагы Убадаланган жерден алда канча жакшы болгон. Алар рухий бейишке барышкан (Ыш. 51:3; 66:8). Ал эмне болгон рухий бейиш?

14. Рухий бейиш деген эмне жана ал жакта кимдер жашайт? (Түшүндүрмөнү карагыла.)

14 Б.з. 1919-жылынан тартып Исанын майланган жолдоочулары рухий бейиште b жашап жатышат. Убакыттын өтүшү менен жерде жашаганга үмүттөнгөн «башка койлор» да ошол жерден орун алышкан. Ошондон бери Жахабадан мол бата алып жатышат (Жкн. 10:16; Ыш. 25:6; 65:13).

15. Рухий бейиш кайсы жакта жайгашкан?

15 Бүгүнкү күндө рухий жер же рухий бейиш кайсы жакта жайгашкан? Жахабанын кызматчылары төгөрөктүн төрт бурчунда жашашат. Ошондуктан рухий бейиш бүт жер бетин кучагына алат. Демек, таза сыйынууну бүт ыкласыбыз менен колдосок, кайсы жерде болбойлу, рухий бейиште жашаган болобуз.

Канткенде ар бирибиз рухий бейиштин көркүнө көрк кошо алабыз? (16, 17-абзацты карагыла)

16. Рухий бейиштин кооздугуна суктаныш үчүн эмне кылышыбыз керек?

16 Рухий бейиште жашай бериш үчүн эмне кылышыбыз керек? Мунун бир жолу — жыйналыштарыбызды жогору баалоо. Ан үчүн анда жашагандардын жаман жактарына эмес, алардын көркүнө — жакшы жактарына — көңүл бурушубуз керек (Жкн. 17:20, 21). Бул эмне үчүн ушунчалык маанилүү? Мындай мисал жөнүндө ойлонуп көрсөңөр. Кооз токойго барганда ар кандай дарактарды көрөбүз. Анын сыңарындай, жыйналыштарда өкүм сүргөн рухий бейиште анын көркүнө көрк кошуп турган ар кандай адамдар бар (Ыш. 44:4; 61:3). Биз ар бир «даракка» өзүнчө көңүл буруп, «андай экен, мындай экен» дей бербей, жалпы «токойдун» кооздугуна көңүл бурганга аракет кылышыбыз керек. Жыйналыштагылардын кемчилик-каталарынын айынан бүткүл дүйнөлүк боордоштугубуздун сулуулугун көрбөй калбашыбыз керек.

17. Ар бирибиз канткенде жыйналыштын биримдигине салым кошкон болобуз?

17 Ар бирибиз канткенде жыйналыштын биримдигине салым кошкон болобуз? Ан үчүн тынчтыкка умтулушубуз керек (Мт. 5:9; Рим. 12:18). Жыйналыштагылар менен тынчтыкты сактаганга аракет кылган сайын рухий бейишибиздин көркүн чыгарабыз. Рухий бейиштеги ар бир кишини ага жаккандай сыйынышы үчүн Жахаба өзү алып келгенин унутпашыбыз керек (Жкн. 6:44). Жогору баалаган кызматчыларынын ага тынчтыкта, биримдикте кызмат кылыш үчүн колунан келгендин баарын кылып жатканын көргөндө Жахабанын канчалык сүйүнөрүн элестетип көрсөңөр (Ыш. 26:3; Акай 2:7).

18. Эмнелер тууралуу ой жүгүртүшүбүз керек жана эмне үчүн?

18 Жахаба кызматчыларына көп жакшы нерселерди берип келет. Алардын пайдасын көрүш үчүн эмне кылышыбыз керек? Кудайдын Сөзүнөн жана ага негизделген адабияттарыбыздан окугандарыбыз жөнүндө терең ой жүгүртүшүбүз керек. Ошентип окуп-ой жүгүртүүнүн аркасында Кудайга жаккан сапаттарды өрчүтөбүз. Бул өз кезегинде ишенимдештерибизге «бир туугандык сүйүүбүздү» «назиктик менен көрсөткөнгө» жардам берет (Рим. 12:10). Алып жаткан баталарыбыз жөнүндө ой жүгүртүп турсак, Жахаба менен болгон мамилебиз бекемделет. Ал эми Жахаба даярдап койгон келечекте ала турган баталар жөнүндө ойлонсок, ага түбөлүк кызмат кылабыз деген үмүтүбүз жалындап турат. Ушунун баары Жахабага кубанып кызмат кылганга жардам берет.

АКЫРЫНА ЧЕЙИН ЧЫДАГАНГА БЕЛ БАЙЛАЙЛЫ

19. а) Ышая 30:18ге ылайык, эмнеден шектенбесек болот? б) Кубанычыбызды кемитпей баарына чыдаганга бизге эмне жардам берет?

19 Жахаба жакында бул ыймансыз дүйнөнү жок кылып, бизди куткарыш үчүн «ордунан турат» (Ыш. 30:18). Жахаба «акыйкат Кудай» болгондуктан Шайтандын дүйнөсүн белгилеп койгон мөөнөтүнөн бир да күн ашырбай жок кылат (Ыш. 25:9). Жахаба куткара турган ошол күндү биз чыдамдуулук менен күтүп жатабыз. Ал күн келгиче, келгиле, тиленүүнү сыймык көрүп баалай берели, Кудайдын Сөзүн окуп-изилдеп, билгендерибизди иш жүзүндө колдонолу жана Кудайдын баталары жөнүндө ой жүгүртүп туралы. Буларды аткарсак, Жахаба бизге турмуштун кысымына чыдап, ага кубанып кызмат кылганга жардам берет.

142-ЫР: Үмүтүбүздү бекем сактайлы

a Бул макалада Жахабанын кыйынчылыктар менен алпурушуп жаткан кызматчыларына кубанып кызмат кылганга кайсы үч жол менен жардам берерине токтолобуз. Ан үчүн Ышая 30-бөлүмдү карап чыгабыз. Аны карап жатканда төмөнкү үч нерсенин канчалык маанилүү экенин эсибизге салабыз: Жахабадан тиленүү, анын Сөзүн изилдөө, азыр алып жаткан жана келечекте ала турган баталарыбыз тууралуу ой жүгүртүү.

b ТҮШҮНДҮРМӨ. «Рухий бейиш» деген биз Жахабага биримдикте сыйынган коопсуз чөйрөнү билдирет. Ал жерде жалган диндин окуулары менен эч кандай байланышы жок мол рухий тамак менен азыктанабыз. Ошондой эле рахат тартуулаган Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабар айтуу иши менен да алек болобуз. Мындан тышкары, Жахаба менен ынак болуп, турмуштун ысык-суугуна чыдаганга жардам берген ишенимдештерибиз менен тынчтыкта жашайбыз. Биз ал бейишке Жахабага туура сыйына баштаганда жана аны туураш үчүн колубуздан келгендин баарын кылганда киребиз.