Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

45-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Жахаба кызматыбызды аткарганга кантип жардам берет?

Жахаба кызматыбызды аткарганга кантип жардам берет?

«Алар... өздөрүнүн арасында пайгамбар болгонун билишсин» (ЖЕЗ. 2:5).

67-ЫР: Кудайдын сөзүн кабарла

БУЛ МАКАЛАДА a

1. Биз эмнеге сөзсүз туш болобуз жана эмнеден шектенбесек болот?

 КАБАР айтканыбызда, каршы чыккандар сөзсүз болот. Биз буга таң калбайбыз. Келечекте каршылык мындан да күчөшү мүмкүн (Дан. 11:44; 2 Тим. 3:12; Аян 16:21). Ошентсе да Жахабанын бизди колдоосуз калтырбай турганынан шектенбесек болот. Эмне үчүн? Анткени Жахаба кызматчыларына, кандай оор тапшырма болбосун, аны аткарганга дайыма жардам берип келген. Мисалы, анын Бабылдагы жүйүт туткундарына кабар айткан Жезекиел пайгамбарды кантип колдогонун карап көрөлү.

2. Жахаба Жезекиелдин аймагындагы адамдарды кантип сыпаттаган жана бул макалада эмнелерди карап чыгабыз? (Жезекиел 2:3—6)

2 Жезекиел кабар айткан аймакта кандай адамдар жашаган? Жахаба аларды «уятсыз, жүрөгү өжөр», «козголоңчул» деп сыпаттаган. Алар сайып алган «тикенектей», коркунучтуу «чаяндардай» болгон. Ошондуктан Жахаба Жезекиелге: «Коркпо»,— деп кайра-кайра айткан. (Окугула: Жезекиел 2:3—6.) Жезекиел өзүнө тапшырылган кабар айтуу ишин эмненин аркасында аткара алган? 1) Жахаба аны өзү жиберген; 2) ыйык руху аркылуу күчкө толтурган; 3) Кудайдын сөздөрү менен азыктанган. Ушул үч нерсе Жезекиелге кантип жардам берген? Бүгүнкү күндө бизге кантип жардам берет?

ЖЕЗЕКИЕЛДИ ЖАХАБА ӨЗҮ ЖИБЕРГЕН

3. Кайсы сөздөр Жезекиелге дем-күч берген жана Жахаба аны колдой турганына кантип ынандырган?

3 Жахаба Жезекиелге: «Мен сени... жиберип жатам»,— деген (Жез. 2:3, 4). Бул сөздөр ага бир топ күч берсе керек. Эмне үчүн? Ал Жахабанын Мусаны, Ышаяны пайгамбар кылып дайындаганда ушул сыяктуу сөздөрдү айтканын эстеген чыгар (Чыг. 3:10; Ыш. 6:8). Жезекиел Жахабанын аларга кыйынчылыктарды жеңгенге жардам бергенин да жакшы билген. Ошон үчүн Жахаба ага эки жолу: «Мен сени... жиберип жатам»,— дегенде, Жахабанын аны колдооруна толук көзү жеткен. Андан тышкары, Жезекиел китебинде: «Мага Жахабадан мындай сөз айтылды»,— деген сыяктуу сөздөр көп кездешет (Жез. 3:16). Ал китепте: «Жахаба сөзүн улап, мага мындай деди»,— деген сөздөр да кайра-кайра кайталанат (Жез. 6:1). Демек, Жезекиел Жахаба аны өзү жибергенинен эч шектенген эмес. Анын үстүнө, ал дин кызматчынын уулу болгондуктан, атасы ага Жахаба пайгамбарларын тарых бою кантип колдоп келгенин далай жолу айтып берсе керек. Кезинде Жахаба: «Мен сени мененмин»,— деген сөздөрдү Ыскакка да, Жакыпка да, Жеремияга да айткан болчу (Башт. 26:24; 28:15; Жер. 1:8).

4. Кайсы ойлор Жезекиелге дем-шык берген?

4 Ысрайылдыктардын көбү Жезекиел айткан кабарды кандай кабыл алган? Жахаба: «Ысрайыл үйү болсо сени уккусу келбейт, анткени алар мени уккусу келбейт»,— деген (Жез. 3:7). Ооба, элдин аны четке какканы Жахабаны четке какканга тете болгон. Жахабанын ошол сөздөрүн укканда Жезекиел кеп анын пайгамбарлык милдетин аткара албай калганында эмес, элдин өзүндө экенин түшүнгөн. Ошондой эле Жахаба Жезекиелге элге айткан өкүмдөрү ишке ашканда «өздөрүнүн арасында пайгамбар болгонун билишерин» да айткан (Жез. 2:5; 33:33). Ушундай соороторлук сөздөр Жезекиелге кызматын аткарганга дем-шык бергени шексиз.

БИЗДИ ДА ЖАХАБА ӨЗҮ ЖИБЕРГЕН

Жезекиелдей болуп кызматта кош көңүлдүккө, каршылыкка туш болобуз. Бирок Жахаба биз менен (5, 6-абзацтарды карагыла)

5. Ышая 44:8ге ылайык, бизге эмне канат байлатат?

5 Бүгүнкү күндө да Жахаба бизди өзү жиберген. Бул кадыресе канат байлатат. Ал бизди өзүнүн «күбөлөрү» деп атап чоң сыймык ыйгарган (Ыш. 43:10). Мындай сыймыкка эмне жетсин! Жахаба Жезекиелге: «Коркпо»,— деген. Бизге да: «Үрөйүңөр учпасын»,— деп айтат. Бут тоскондордон эмне үчүн коркпой эле койсок болот? Анткени, Жезекиелдей эле, бизди да Жахаба өзү жиберген жана өзү колдойт. (Окугула: Ышая 44:8.)

6. а) Жахабанын бизди колдой турганын кайсы сөздөр көрсөтүп турат? б) Бизди эмне кайраттандырып, күч берет?

6 Жахаба бизге жардам берем деп сөз берген. Мисалы, ал: «Силер менин күбөлөрүмсүңөр»,— деп айтканга чейин мындай деген: «Сууларды кечип өткөнүңдө, мен сени менен болом. Дарыяларды кечип өткөнүңдө чөкпөйсүң. Отко киргениңде күйбөйсүң, сени жалын куйкалабайт» (Ыш. 43:2). Кызматыбызды аткарып жатып кээде албууттанган дарыядай болгон кыйынчылыктарга жана жалбырттаган оттой болгон сыноолорго туш болобуз. Ошого карабай Жахаба жардам бергени үчүн кабар айтканыбызды токтотпой улантып жатабыз (Ыш. 41:13). Жезекиелдин замандаштарындай эле, бүгүнкү күндө көптөр кабарыбызга кулак какпайт. Бирок алардын четке какканы кабарды жакшы айтпай жатканыбызды билдирбей турганын эстен чыгарбашыбыз керек. Кабарды талыкпай жарыялап жатканыбызды көргөндө Жахаба аябай ыраазы болот. Ушуну билгенибиз бизди кайраттандырып, күч берет. Элчи Пабыл: «Ар бири өз эмгегине жараша сыйлык алат»,— деген (1 Кор. 3:8; 4:1, 2). Көптөн бери пионер болуп кызмат кылып келаткан бир эже бул тууралуу: «Жахаба эмгегибизге жараша сыйлык берет. Ушунун өзү эле мени кубанычка бөлөйт»,— деген.

КУДАЙДЫН РУХУ ЖЕЗЕКИЕЛДИ КҮЧКӨ ТОЛТУРГАН

Жезекиел Жахабанын асман арабасын аян аркылуу көрүп жатат. Бул аянды көргөндө ал Жахабанын ага кызматын ийгиликтүү аткарганга жардам берерин түшүнгөн (7-абзацты карагыла)

7. Көргөн аяны жөнүндө ой жүгүрткөнү Жезекиелге кандай таасир эткен? (Мукабадагы сүрөттү карагыла.)

7 Жезекиел Кудайдын рухунун канчалык кубаттуу экенин өз көзү менен көргөн. Ал аян аркылуу ыйык рухтун кубаттуу периштелерге жардам берип жатканын жана килейген дөңгөлөктөрү бар асман арабасын багыттап баратканын көргөн (Жез. 1:20, 21). Бул ага кандай таасир эткен? Жезекиел бул тууралуу: «Мен аны көргөндө жүзтөмөндөп жыгылдым»,— деп жазган. Ооба, аны кастарлоо сезими чулгап, жерге жүзтөмөндөп жыгылган (Жез. 1:28). Кийинчерээк эстен кеткис ошол аян жөнүндө ой жүгүрткөн сайын ал Кудайдын руху ага кызматын аткарганга жардам берерине ого бетер ынанган болуш керек.

8, 9. а) Жахаба буйрук бергенде, Жезекиел эмне болгон? б) Кежир элге кабар айтышы үчүн, Жахаба Жезекиелге дагы кантип күч-кайрат берген?

8 Жахаба Жезекиелге: «Адам уулу, ордуңан тур, мен сени менен сүйлөшөм»,— деп буйруган. Ошол буйрук жана Кудайын ыйык руху ага күч берип, бутуна тургузган. Жезекиел ошол жөнүндө: «Мага рух кирип,.. ордуман тургузду»,— деп жазган (Жез. 2:1, 2). Ошондон кийин, дегеле Жезекиел кызмат кылган жылдар бою Кудайдын «колу», тагыраак айтканда, ыйык руху аны жетектеп жүргөн (Жез. 3:22; 8:1; 33:22; 37:1; 40:1). Кудайдын руху ага анын аймагындагы «кежир, өжөр» адамдарга кабар айтканга күч берип турган (Жез. 3:7). Жахаба ага мындай деп айткан: «Мен сенин жүзүңдү алардын жүзүндөй катуу кылдым, чекеңди да алардын чекесиндей катуу кылдым. Мен чекеңди оттук таштан катуу алмаздай кылдым. Алардан коркпо, жүздөрүнөн үрөйүң учпасын» (Жез. 3:8, 9). Мындайча айтканда, Жахаба: «Алардын кежирлигинен улам көңүлүңдү чөгөрбөй эле кой. Мен сени кубаттандарып турам»,— деп айткандай эле болгон.

9 Андан кийин Кудайдын руху Жезекиелди кабар айта турган аймагына алпарган. Ал тууралуу пайгамбар: «Жахабанын күчтүү колу болсо үстүмдө болду»,— деп жазган. Жезекиел айта турган кабарынын маани-маңызын түшүнүш үчүн жана аны кан-жанына сиңириш үчүн бир жума ой жүгүрткөн (Жез. 3:14, 15). Андан соң Жахаба аны бир өрөөнгө багыттаган. Ошол жерден анын ичине «рух кирген» (Жез. 3:23, 24). Ошентип, ал кабар айтканга даяр болуп калган.

КУДАЙДЫН РУХУ БИЗДИ ДА КҮЧКӨ ТОЛТУРАТ

Жезекиелге кызматын аткарганга эмне жардам берген? Бизге эмне жардам берет? (10-абзацты карагыла)

10. Кабар айтканга бизге эмне жардам берет жана эмне үчүн?

10 Кабар айтканга бизге эмне жардам берет? Бул суроого жооп алыш үчүн кайра Жезекиел жөнүндө ойлонуп көрөлү. Кабар айтып баштаганга чейин Кудай ыйык рухун берип аны күчкө толтурган. Бүгүнкү күндө биз да Жезекиелдей болуп ыйык рухтун күчү менен гана кабар айта алабыз. Эмне үчүн? Анткени кабар айтканыбызды токтотуш үчүн Шайтан биз менен согушуп жатат (Аян 12:17). Адамдык көз караш менен караганда, бизге Шайтанды такыр жеңе албачудай сезилиши мүмкүн. Бирок кабар айтуу ишине катышып аны жеңип жатабыз (Аян 12:9—11). Кандайча? Кызматка катышканыбызда Шайтандан коркпой турганыбызды көрсөтөбүз. Чынында, кабар айткан сайын Шайтанга сокку урган болобуз. Демек, каршылыктарга карабай кабар айтканыбыздын өзү эмнени көрсөтүп турат? Бул ыйык рух бизге күч берип жатканын жана Жахабага жагарыбызды көрсөтүп турат (Мт. 5:10—12; 1 Пет. 4:14).

11. Ыйык рух бизге кантип жардам берет жана аны алып туруш үчүн эмне кылышыбыз керек?

11 Жахаба Жезекиелдин жүзү менен чекесин каймана мааниде катуу кылып койгонунан дагы эмнени биле алабыз? Кудайдын руху, кызматта кандай кыйынчылыктар менен беттешпейли, алардын баарын жеңгенге жетиштүү күч-кубат берет (2 Кор. 4:7—9). Анда Кудай бизге ыйык рухун дайыма берип турушу үчүн эмне кылсак болот? Жахабанын үнүбүздү угарынан шектенбей ыйык рух сурап тынбай тиленишибиз керек. Иса шакирттерин: «Сураганыңарды токтотпогула,.. издегениңерди токтотпогула,.. тыкылдатканыңарды токтотпогула»,— деп үйрөткөн. Эгер биз да ошентсек, Жахаба «өзүнөн сурагандарга ыйык рухун берет» (Лк. 11:9, 13; Элч. 1:14; 2:4).

ЖЕЗЕКИЕЛ КУДАЙДЫН СӨЗДӨРҮ МЕНЕН АЗЫКТАНГАН

12. Жезекиел 2:9—3:3-аяттарга ылайык, түрмөк каяктан келген жана анда эмнелер жазылган?

12 Жезекиелге Кудайдын ыйык руху күч берген. Мындан тышкары, ал Кудайдын сөздөрү менен азыктанып күч-кайратка толгон. Ал аянда түрмөк кармап турган колду көргөн. (Окугула: Жезекиел 2:9—3:3.) Түрмөк каяктан келген? Анын ичинде эмне жазылган? Анда жазылгандар Жезекиелге кандайча күч-кубат берген? Эмесе, ошого токтололу. Түрмөк Кудайдын тактысынан келген. Сыягы, Жезекиелге түрмөктү сунган периште ал ага чейин аянда көргөн төрт периштенин бири болгон (Жез. 1:8; 10:7, 20). Түрмөктө Кудайдын сөздөрү, тагыраак айтканда, өкүмдөрү камтылган. Аларды Жезекиел сүргүндө жүргөн козголоңчул элге жеткириши керек болчу (Жез. 2:7). Кудайдын өкүмдөрү түрмөктүн ичинде да, тышында да жазылган эле.

13. Жахаба Жезекиелге түрмөктү эмне кыл деп айткан жана ал эмне үчүн ага таттуу болгон?

13 Жахаба Жезекиелге «түрмөктү жеп, курсагын» тойгузушу керектигин айткан. Ошондо ал ага баш ийип эч нерсесин калтырбай жеген. Аяндын ушул бөлүгү эмнени билдирген? Жезекиел өзү айта турган кабардын маанисин толук түшүнүшү керек болчу. Ал анын түпкүрдө жаткан сезимдеринен бери козгоп, кан-жанына сиңиши керек болчу. Андан ары таң калыштуу бир нерсе болгон. Жезекиелге түрмөктө жазылгандар «балдай таттуу» болгон (Жез. 3:3). Эмне үчүн? Ал Жахабанын өкүлү катары кызмат кылганын жанына жагымдуу, көкүрөгүнө сыйымдуу сыймык катары көргөн (Заб. 19:8—11). Жезекиел Жахабанын аны пайгамбар кылып керегине жаратып жатканына аябай ыраазы болгон.

14. Жезекиелге тапшырмасына киришкенге эмне жардам берген?

14 Кийинчерээк Жахаба Жезекиелге: «Сага айта турган сөздөрүмдүн баарын жүрөгүңө түй, кулагың менен ук»,— деп айткан (Жез. 3:10). Муну менен Жахаба ага түрмөктө жазылгандарды жакшылап эстеп калып, ой жүгүртүшү керектигин айткысы келген. Алар Жезекиелге азык болуп, ишенимин бекемдемек. Мындан тышкары, түрмөктө элге жарыялашы керек болгон таасирдүү кабар да камтылган болчу (Жез. 3:11). Кудайдын кабары Жезекиелдин жүрөгүнөн терең орун алгандан кийин ал ошол кабарды айтканга жана ошол ишти соңуна чыгарганга чечкиндүү болуп калган (Салыштыргыла: Забур 19:14).

БИЗ ДА КУДАЙДЫН СӨЗДӨРҮ МЕНЕН АЗЫКТАНАБЫЗ

15. Кызматыбызды акырына чыгарышыбыз үчүн эмнени жүрөгүбүзгө түйүп алышыбыз керек?

15 Кызматыбызды акырына чейин аткарыш үчүн биз да дайыма Кудайдын сөздөрү менен азыктанып турушубуз керек. Жахаба айткандардын баарын жүрөгүбүзгө түйүп алганыбыз маанилүү. Бүгүнкү күндө Жахаба бизге өзүнүн Сөзү, Ыйык Китеп, аркылуу сүйлөйт. Кудайдын Сөзү ойлорубузга, сезимдерибизге, жан дүйнөбүзгө мындан ары да таасир эте бериши үчүн, эмне кылса болот?

16. Кудайдын Сөзүн канткенде жан дүйнөбүзгө сиңире алабыз?

16 Кадимки тамакты жеп, ал сиңгенде, кубаттанып калабыз. Анын сыңарындай, Кудайдын Сөзү менен азыктанып, ал тууралуу ой жүгүрткөндө рухий жактан күч-кубатка толобуз. Түрмөк жөнүндө айтылгандарды эсибизге бек түйүп алганыбыз жакшы. Ал анын Сөзү менен курсагыбызды тойгузганга, тагыраак айтканда, аны терең түшүнгөнгө чакырат. Ан үчүн тиленип турушубуз, Ыйык Китепти окуп, ой жүгүртүп турушубуз керек. Адегенде тиленип, жүрөгүбүздү Кудайдын ойлорун кабыл алганга даярдайбыз. Андан соң Ыйык Китепти окуйбуз. Анан бир аз токтоп, окугандарыбыз жөнүндө терең ой жүгүртөбүз. Мунун жыйынтыгы кандай болот? Канчалык көп ой жүгүртсөк, Кудайдын Сөзү каймана жүрөгүбүзгө ошончолук сиңе берет.

17. Ыйык Китептен окугандарыбыз жөнүндө ой жүгүрткөнүбүз эмне үчүн маанилүү?

17 Ыйык Китепти окуп, ой жүгүрткөнүбүз эмне үчүн маанилүү? Бул бизге азыркы учурда Падышалык жөнүндөгү кабарды айтканга да, жакынкы келечекте айтылышы мүмкүн болгон Кудайдын сот өкүмдөрү жөнүндөгү суук кабарды жеткиргенге да күч-кубат берет. Андан тышкары, Жахабанын сонун сапаттары жөнүндө ой жүгүрткөнүбүздө ага азыркыдан да ынак болуп калабыз. Ошонун аркасында балдай таттуу нерсени татып көрөбүз, тагыраак айтканда, жан дүйнө тынчтыгын, канааттануу сезимин туябыз (Заб. 119:103).

ТУРУКТУУ БОЛГОНГО ЭМНЕ ТҮРТКҮ БЕРЕТ?

18. Аймагыбыздагылар эмнени моюнга алганга аргасыз болушат жана эмне үчүн?

18 Жезекиелден айырмаланып, биз пайгамбар эмеспиз. Ошентсе да рухтун жетеги менен Ыйык Китепке жазылган кабарды Жахаба бүттү дегиче жарыялаганга чечкиндүүбүз. Ошон үчүн Кудайдын сот күнү келгенде, аймагыбыздагы адамдар укпай калыптырбыз же Кудай бизди эскерткен эмес деп айта алышпайт (Жез. 3:19; 18:23). Алар биз айткан кабардын Кудайдан болгонун моюнга алганга аргасыз болушат.

19. Кызматыбызды аткарганга эмнелер күч берет?

19 Жыйынтыктай турган болсок, кызматыбызды соңуна чыгарганга бизге эмне күч берет? Жезекиелге жардам берген үч нерсе: Жахаба бизди өзү жиберген, бизге ыйык рухун берип күчкө толтурат жана Кудайдын сөздөрү менен азыктанабыз. Ушуну билгендиктен мындан ары да кабар айтканыбызды уланта беребиз. Келгиле анда, Жахабанын жардамы менен кызматыбызды аткара бергенге, «акырына чейин» туруктуу болгонго бел байлайлы! (Мт. 24:13)

65-ЫР: Алгалай бер!

a Бул макалада Жезекиел пайгамбарга кызматын аткарганга жардам берген үч нерсени карап чыгабыз. Жахабанын ага кантип жардам бергенин билип алсак, кызматыбызды аткарганга бизге да ошентип жардам берерине ого бетер ишене алабыз.