ӨМҮР БАЯН
«Жахаба үчүн эмгектенгим келчү»
СУРИНАМДАГЫ нымдуу токойдун тээ төрүндө жайгашкан Гранбори кыштагындагы ишенимдештерибиз менен кол булгалап коштоштук. Анан жыгачтан оюлуп жасалган кайыкка түшүп, Тапанахони дарыясы менен сүзүп жөнөдүк. Бир маалда суунун агымы катуу болгон жерге келгенде, кайыгыбыздын кыймылдаткычы аскага урунду. Көз ачып жумганча эле кайыгыбыздын тумшугу сууга кирип, чөгө баштады. Ошондо жүрөгүм оозума тыгылып калды. Райондук көзөмөлчү болуп жүргөн кезимде кайык менен ары-бери көп жүрсөм да, сүзгөндү билчү эмесмин.
Андан ары эмне болгонун айтып берерден мурун толук убактагы кызматты кантип баштап калганым жөнүндө кеп салып берейин.
Мен 1942-жылы Кюрасао аралында жарык дүйнөгө келгем. Ал көз жоосун алган Кариб деңизинде жайгашкан. Атам теги суринамдык болчу. Бирок жумуш издеп Кариб аралдарына көчүп кетиптир. Атам мен төрөлгөнгө чейин бир нече жыл мурун чөмүлүптүр. Ал Кюрасаодон чыккан эң биринчи Жахабанын Күбөлөрүнөн болчу экен a. Мойнубуз жар бербей турса да, атам биз менен Ыйык Китепти жума сайын изилдечү. 14 жашка толгонумда үй-бүлөбүз менен кайра Суринамга көчүп барганбыз. Анткени карып калган чоң апамды караш керек болуп калган.
ЖАКШЫНЫН ШАРАПАТЫ
Суринамдан жыйналыштагы Жахабага ынталуу кызмат кылган жаштар менен достошо баштадым. Алар менден бир аз улуураак болчу жана үзгүлтүксүз пионер болуп кызмат кылчу. Кабар айтып жүргөндө болгон окуяларын айтып бергенде ушунчалык кубангандыктан жүздөрүнөн нур чачырап турчу. Кээде досторум болуп жыйналыштан кийин жылдыздуу асман алдында түн бир оокумга чейин Ыйык Китептеги ойлор жөнүндө сүйлөшөр элек. Алар мага өмүрүмдү эмнеге арнагым келерин түшүнгөнгө жардам беришти. Мен Жахаба үчүн эмгектенгим келчү. Ошондуктан 16 жашымда чөмүлүп, 18имде үзгүлтүксүз пионер болдум.
МААНИЛҮҮ НЕРСЕЛЕРДИ ҮЙРӨНҮШҮМ
Пионер кезимде көп жакшы нерселерди үйрөндүм. Алардын убайын толук убактагы кызматты аркалап жүргөндө көрдүм. Мисалы, бирин айтса кетсем, башкаларды окутуп-үйрөтүү канчалык маанилүү экенин түшүндүм. Пионердик кызматты баштаганымда Виллем ван Сейел деген миссионер мени канатына калкалап b, көп нерсени үйрөттү. Мен андан жыйналыштагы иштерди майын чыгара аткарганды үйрөндүм. Ошол кезде мунун кийин ушунчалык пайдасы тиери оюма да келген эмес. Кийинки жылы атайын пионер болуп дайындалып, Суринамдын нымдуу токойлорунда жайгашкан обочо топторду жетектей баштадым. Ошондо кезинде мага көп нерсени үйрөткөн Виллем сыяктуу агаларыма аябай ыраазы болдум. Ошол кезден тартып мен да алардан үлгү алып башкаларды окутуп-үйрөткөнгө аракет кылып келем.
Жупуну жашап, ошол эле учурда баарын кылдат ойлонуштуруп алгандын маанилүү экенин түшүндүм. Бул мен үйрөнгөн экинчи нерсе болду. Ар бир айдын башында атайын пионердик кызматтагы шеригим экөөбүз бир айга канча тамак-аш керек экенин жана андан башка дагы эмнелерди сатып аларыбызды аныктап алчубуз. Анан экөөбүздүн бирибиз тээ алыс жайгашкан борбор калаага барып, керектүү нерселердин баарын сатып келчүбүз. Ай сайын алган жөлөк пулубузду туура пайдаланып, алган нерселерди бир айга жеткидей кылып бөлүштүрүп алышыбыз керек болчу. Эгер акчабыз же тамак-ашыбыз түгөнүп кала турган болсо, жердин жети түбүндө жайгашкан нымдуу токойдо бизге эч ким жардам бере алмак эмес. Бала кезимде эле жупуну жашап, баарын кылдат ойлонуштурганды үйрөнүп алгандыктан Жахабага көп жылдар бою алаксыбай кызмат кыла алдым деп ойлойм.
Элдин жүрөгүн козгош үчүн алардын эне тилинде кабар айтышың керек экен. Бул мен үйрөнгөн үчүнчү нерсе болду. Мен нидерланд, англис, папьяменто тилдеринде сүйлөчүмүн. Ошондой эле Суринамда көпчүлүк эл сүйлөгөн срана-тонга (сранан деп да белгилүү) тилин да билчүмүн. Бирок нымдуу токойдун тургундары кабарды өз эне тилинде укканда гана жакшы кулак кагарын байкадым. Башында бөтөн тилдерге тилим бурулбай, үйрөнө албай жүрдүм. Өзгөчө, бийик жана ылдыйкы тондор колдонулган сарамаккан сыяктуу тилдерди үйрөнүш кыйын болду. Бирок аракетимдин акыбети кайтпай койгон жок. Акыры ошол элдердин тилин үйрөнүп, көптөгөн жылдар бою чындыкты далайлардын жүрөгүнө жеткире алдым.
Албетте, туура эмес сүйлөп алып ыңгайсыз болуп калган учурлар да болгон. Мисалы, бир жолу сарамаккан тилинде сүйлөгөн кызыгуучунун ичи ооруп жаткан. Ошондо андан: «Ичиң кандай болуп калды?» — деп сурайм деп: «Боюңда жокпу?» — деп сурап коюптурмун. Аны ошентип оңтойсуз кылгам. Бирок көп жаңылганыма карабай, өзүм дайындалган аймактагылардын тилинде сүйлөгөнгө бүт күчүмдү жумшачумун.
КОШУМЧА ЖООПКЕРЧИЛИКТЕРДИ АРКАЛАШЫМ
1970-жылы райондук көзөмөлчү болуп дайындалдым. Ошол жылы нымдуу токойдогу көптөгөн обочо топторго «Жахабанын Күбөлөрүнүн бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыгына саякат» деген слайд (жылып турма сүрөттөр) түрүндөгү программаны көрсөтүп жүрдүм. Аларга жетиш үчүн ишенимдештерим менен узун, ичке жыгач кайыкка түшүп, токой аралап аккан дарыялар менен жол жүрчүбүз. Кайыгыбызга бензин куюлган челекти, генераторду, керосин менен күйгөн чырактарды, слайд көрсөткөн жабдыктарды жүктөп алчубуз. Жеткенден кийин ошонун баарын кайыктан түшүрүп, слайд көрсөтө турган жерге ташычубуз. Ал жактын тургундары слайдды жата
калып көрүшчү эле. Ошол аябай эсимде калыптыр. Башкаларга Жахаба жөнүндө, анын уюмунун жердеги бөлүгү жөнүндө айтып бергенде жетине албай сүйүнчүмүн. Жахабанын ишин аткарып жүрүп, канчалык оор эмгектенгенге туура келбесин, алган баталарым ошонун баарын актап кетчү.ҮЧ КАТТАЛГАН ЖИП ӨРҮШҮМ
Бойдок жүрүп кызмат кылгандын жакшы жактары деле бар болчу. Бирок мени өмүр бою коштоп жүрө турган жан шерикке муктаж экенимди түшүндүм. Ошон үчүн нымдуу токойдо толук убактагы кызматтын ысык-суугуна чыдап мени менен кубанып кызмат кыла турган жар тапсам экен деп Жахабадан тиленип жүрдүм. Ошондон бир жылдай өткөндөн кийин Этел деген кыз менен сүйлөшө баштадым. Ал Жахаба үчүн эч нерсесин аябаган атайын пионер болчу. Этел бала кезинен эле элчи Пабылга суктанып, ага окшоп кызматка өзүн толук арнагысы келчү экен. Экөөбүз 1971-жылы сентябрда баш кошуп, райондук кызматка кириштик.
Этел карапайым үй-бүлөдө чоңойгондуктан нымдуу токойдо кыдыруучулук кызматка бат эле көнүп кетти. Мисалы, токойдун тээ түпкүрүндөгү жыйналыштарды кыдырып барганда жаныбызга аз эле нерсе алчубуз. Кирлерибизди дарыяларга жуучубуз. Ошол жакка киринчүбүз. Үй ээси алдыбызга эмне тартпасын, ошонун баарын жечүбүз. Игуанын да (кескелдириктин түрү), пираньясын да (жырткыч балык), деги койчу, токойдон атып келеби, дарыядан кармап келеби, баарын жедик. Идиш-аягы жок болуп калганда тамакты банандын жалбырагына салып жеген күндөр да болуп калды. Кашык-пашыгы жок болгондо кол менен жечүбүз. Этел экөөбүз тең Жахабага кызмат кылып жүрүп көп нерседен кечкенге даяр болчубуз. Ошонун аркасында бири-бирибизге да, Жахабага да ынак болуп, үч кат жип чыйралды (Нас. 4:12). Башыбыздан өткөн ошол күндөрдү эч нерсеге алмаштырбайт болчубуз!
Бир жолу токойдун тээ алыс бир жериндеги аймактан кайтып келатканбыз. Сөзүмдүн башында
айткан окуя так ошондо болгон. Дарыянын шар аккан жерине келгенде кайыгыбыз суунун астына кирип кетип, кайра заматта эле калкып чыгып калдык. Дагы жакшы, үстүбүздө куткаруучу чыптамабыз бар болчу. Кайыктан да ыргып кеткен жокпуз. Бирок кайыгыбызга суу толуп калды. Ошондо тамак салынган идиштерибизди бошото салып, ошол идиштер менен сууну сузуп сыртка төгө баштадык.Тамагыбыздын баарын төгүп салганыбыз үчүн дарыя менен ылдый көздөй баратып балык кармап жейли дедик. Же бир балык түшсөчү. Ошондо Жахабадан тиленип ошол күнгө жеткидей тамагыбызды беришин сурадык. Тиленип бүтөр замат, бир ишенимдешибиз торду сууга ыргытты. Анан эле бешөөбүзгө тең жете турган чоң балык түштү. Ошентип баарыбыз тоё жедик.
ҮЧ МИЛДЕТТИ БИРДЕЙ АЛЫП КЕТИШИМ
Кыдыруучулук кызматыбызга 5 жыл болуп калгандан кийин Этел экөөбүз балалуу болорубузду билдик. Бул биз үчүн күтүлбөгөн бата болду. Ата болорума бир чети сүйүнсөм, бир чети эртеңки күнүбүз кандай болот деп сарсанаа боло баштадым. Этел экөөбүз толук убактагы кызматты такыр токтоткубуз келчү эмес. Ошентип, 1976-жылы тун уулубуз Этниел төрөлдү. Анан эки жарым жылдан кийин Жованни деген дагы бир уулдуу болдук.
Ошол кезде Суринамда райондук көзөмөлчүлөр аз болгону үчүн филиал балдарымды да тарбиялап, ошол эле учурда райондук көзөмөлчү болуп кызмат кыла беришимди туура көрдү. Балдарым кичинекей кезинде карамагында азыраак жыйналыш болгон районго дайындалдым. Ошонун аркасында ай сайын 2 жума райондук көзөмөлчү болуп, калган 2 жума өзүм дайындалган жыйналышта пионер болуп кызмат кылчумун. Жакын жердеги жыйналыштарды кыдырганда Этелди, балдарымды жаныма алып алчумун. Ал эми алыскы аймактардагы жыйналыштарды кыдырып, жыйындарды өткөргөнгө өзүм жалгыз барчумун.
Бардык милдеттеримди бирдей алып кетиш үчүн иштеримди жакшы уюштурушум керек болчу. Үй-бүлөлүк изилдөөнү жума сайын өткөргөнгө аракет кылчумун. Токойдо жайгашкан жыйналыштарды кыдырганы кеткенимде Этел балдар менен чогуу үй-бүлөлүк изилдөөнү өткөрүп койчу. Мүмкүн болгон учурларда бир нерселерди үй-бүлөбүз менен чогуу кылганга умтулчубуз. Этел экөөбүз балдарыбыздын черин жазып эс алдырып да турчубуз. Кээде жөн эле чогуу ойночубуз же кооз жерлерге барчубуз. Түн бир оокумга чейин уюмдун иштери менен алектенген күндөрүм көп болду. Этел Накыл сөздөр 31:15те айтылган асыл аялдай болчу. Балдарыбыз мектепке кете электе үй-бүлөбүз менен күндөлүк аятты чогуу талкуулап, чогуу тамактана алышыбыз үчүн таң эрте турар эле. Жанын аябаган ушундай аялым бар экенине миң мертебе ыраазымын! Ал Кудайдын алдындагы милдеттеримди жакшы аткарганга дайыма жардам берип келет.
Жубайым экөөбүз балдарыбызга Жахабаны, кызматты сүйгөндү үйрөтүш үчүн талбай эмгектенип келдик. Балдарыбыз толук убакыт кызматты биз каалаган үчүн эмес, өздөрү каалаганы үчүн тандаса экен дечүбүз. Аларга толук убакыт кызмат кылган канчалык кубаныч тартуулай турганын көп айтып берчүбүз. Жахаба үй-бүлөбүзгө кантип жардам берип келгенин, кандай баталарды төккөнүн айтып берип, ошол эле учурда кандай кыйынчылыктар болгонун да жашырчу эмеспиз. Балдарыбызды Жахабаны биринчи орунга койгондор менен дос болгонго да үндөчүбүз.
Жахаба үй-бүлөбүздү эч нерседен кем кылбай багып келди. Бирок алма быш, оозума түш деп отура берчү эмесмин. Бойдок кезимде атайын пионер болуп жүргөндө баарына жеткириш үчүн акчамды үнөмдөгөндү үйрөнгөм. Анткен менен кээде колуңдан келгендин баарын кылсаң деле керектүү нерселердин айрымдарына жетпей калган күндөр деле болчу. Ошондой учурларда Жахабанын жардамга келгенин сезчүбүз. Мисалы, 1986-жылдан 1992-жылга чейин Суринамда жарандык согуш болгон. Ошол жылдары атүгүл зарыл нерселерди табыш кыйын болуп калган. Бирок Жахаба бизди эч качан калтырган эмес (Мт. 6:32).
АРТТЫ КЫЛЧАЯ КАРАП
Жахаба өмүр бою бизге кам көрүп, бакытка бөлөп, жашообузду маңызга толтуруп келди. Балдарыбыз — Кудай берген баа жеткис белек. Аларды Жахабанын жолунда тарбиялаганыбызды сыймык деп эсептейбиз. Алардын биздей болуп өмүрүн толук убакыт кызмат кылганга арнаганына аябай сүйүнөбүз. Этниел менен Жованни экөө тең уюмдагы мектептерди бүтүшкөн. Учурда келиндерибиз менен Суринамдагы филиалда кызмат кылып жатышат.
Этел экөөбүздүн жашыбыз өр тартып калды. Ошого карабай атайын пионер болуп Жахабага дагы деле жигердүү кызмат кылып жатабыз. Колубуз такыр бошобогондуктан сүзгөндү дагы деле үйрөнө элекмин. Бирок кымындай да өкүнбөйм. Артты кылчая карап бала кезимде толук убакыт кызмат кылууну тандаганым өмүрүмдөгү эң мыкты чечимдердин бири болду деп айта алам.
a Карагыла: «Жахабанын Күбөлөрүнүн 2002-жылдагы жылдык китеби», 70-б., ор.
b Виллем Ван Сейелдин өмүр баянын «Ойгонгула!» журналынын 1999-жылдын 8-октябрдагы санынан окуй аласыңар, ор.