Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

47-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Силерди Жахабадан эч нерсе ажыратпасын

Силерди Жахабадан эч нерсе ажыратпасын

«Мен сага таянам, Жахаба» (ЗАБ. 31:14).

122-ЫР: Бекем, туруктуу бололу!

БУЛ МАКАЛАДА a

1. Жахабанын бизге жакындагысы келерин эмнелерден билсе болот?

 ЖАХАБА бизди ага жакындаганга чакырат (Жкп. 4:8). Ал Кудайыбыз, Атабыз, Досубуз болгусу келет. Тиленгенибизде жооп берет, оор учурларда жардамга келет. Уюму аркылуу бизди окутуп-үйрөтөт, коргойт. Бирок ага жакындаш үчүн биз эмне кылышыбыз керек?

2. Канткенде Жахабага жакындай алабыз?

2 Жахабага жакындаш үчүн андан тиленишибиз, Сөзүн окуп, ой жүгүртүшүбүз керек. Ошондо ага сүйүүбүз артып, ого бетер ыраазы болобуз. Баш ийгенге, аны даңктаганга да түрткү алабыз. Анткени ал ошого татыктуу (Аян 4:11). Жахабаны таанып-билген сайын ага болгон ишенимибиз арта берет, ошондой эле бизге жардам бериш үчүн колдонуп жаткан уюмуна да ишеним артабыз.

3. Шайтан бизди Жахабадан ажыратканга кантип аракет кылат, бирок Жахаба менен уюмун таштабаганга эмне жардам берет? (Забур 31:13, 14)

3 Бирок Шайтан бизди Жахабадан ажыратууну көздөйт. Өзгөчө, кыйынчылыктарды башыбыздан кечирип жатканыбыздан пайдаланып ошенткенге аракет кылат. Максатына жетиш үчүн кандай амал колдонот? Ал биздин бара-бара Жахаба менен анын уюмуна ишенбей калышыбызды көздөйт. Бирок биз анын тузактарынан кача алабыз. Эгер ишенимибиз күчтүү болсо жана Жахабага толугу менен таянсак, аны да, уюмун да эч качан таштабайбыз. (Окугула: Забур 31:13, 14.)

4. Бул макалада эмнелерди талкуулайбыз?

4 Бул макалада Жахабага сыйынбагандар тараптан болгон үч кыйынчылыкка токтолобуз. Алардын ар бири Жахаба менен анын уюмуна болгон ишенимибизди солгундатышы мүмкүн. Ал кыйынчылыктар бизди Жахабадан кандайча ажыратып коюшу мүмкүн? Шайтандын чабуулдарына кантип туруштук бере алабыз?

КЫЙЫНЧЫЛЫККА КЕПТЕЛГЕНДЕ

5. Кандайча кыйынчылыктар Жахабага жана анын уюмуна болгон ишенимиңерди солгундатып коюшу мүмкүн?

5 Айрым учурда башыбызга кыйынчылык түшүшү мүмкүн. Мисалы, үй-бүлөбүз Жахабага кызмат кылышыбызга каршы болушу же жумушубуздан чыгып калышыбыз ыктымал. Ушундай оорчулуктар Жахабанын уюмуна болгон ишенимибизди алсыратышы жана Жахабадан ажыратышы мүмкүн. Кантип? Адатта, андай кыйынчылыктар көпкө созулуп кеткенде үмүтүбүз өчө баштайт, көңүлүбүз чөгөт. Шайтан так ошондон пайдаланып Жахабанын бизди жакшы көрөрүнөн күмөн санаткысы келет. Ал азап тартып жатканыбызга Жахаба же анын уюму күнөөлүү деп ойлоп калышыбызды каалайт. Ысрайылдыктарга Мисирде жүргөндө ушундай ойлор келген. Башында ысрайыл эли Жахабанын Муса менен Арунду аларды кулчулуктан бошотуш үчүн жибергенине ишенишкен (Чыг. 4:29—31). Бирок кийин фараон алардын жашоосун азапка айлантып жибергенде, Муса менен Арунду күнөөлөшкөн. Анан: «Силердин айыңардан фараон да, анын кулдары да бизди жек көрүп калышты. Бизди өлтүрүшү үчүн, силер алардын колдоруна кылыч карматтыңар»,— дешкен (Чыг. 5:19—21). Ысрайылдыктардын Кудайдын берилген кызматчыларын күнөөлөшкөнү кандай гана жаман болгон! Балким, силердин да көптөн бери кыйынчылыктан башыңар чыкпай келаткандыр. Эгер ошондой болсо, канткенде Жахабага жана анын уюмуна андан ары да бекем ишене бересиңер?

6. Кыйынчылыктар менен күрөшүш үчүн Хабакуктай болуп эмне кылсак болот? (Хабакук 3:17—19)

6 Жүрөгүңөрдөгүнү Жахабага төккүлө жана андан жардам сурагыла. Хабакук пайгамбар далай кыйынчылыктарга кептелген. Бир жолу ал: «Жахаба чын эле менин камымды ойлойбу?» — деп шектенген көрүнөт. Ошондуктан көкүрөгүндөгүсүнүн баарын Жахабага айткан. Хабакук: «Оо, Жахаба, качанкыга чейин жардам сурап кыйкыра берем? Сен мени качанкыга чейин укпайсың?.. Эмнеге кырсык-каргашаларды унчукпай карап турасың?» — деп зарлаган (Хаб. 1:2, 3). Жахаба ишенимдүү кызматчысынын чын жүрөктөн чыккан ушул тиленүүсүн жоопсуз калтырган эмес (Хаб. 2:2, 3). Хабакук анын мурун кызматчыларын кантип куткарып келгени жөнүндө ой жүгүрткөндө жүрөгү кайрадан кубанычка толгон. Ошондон кийин Жахабанын анын камын ойлооруна, кандай сыноо болбосун, сынбаганга жардам берерине көзү жеткен. (Окугула: Хабакук 3:17—19.) Мындан эмнени үйрөнө алабыз? Кыйынчылык тушаганда, Жахабадан тиленип санаага салган ойлоруңарды айткыла. Анан жардам беришин өтүнүп, тилегиңерге жооп берерине бекем ишенгиле. Ошентсеңер, ал кыйынчылыктарга чыдаганга сөзсүз күч берет. Анын колдоп жатканын сезген сайын, ага болгон ишенимиңер күчтөнө берет.

7. Ширлинин тууганы эмне кылганга аракет кылган, бирок ага ишенимин алсыратпаганга эмне жардам берген?

7 Рухий иштерди токтотпой кыла бергиле. Бул Папуа-Жаңы Гвинеяда жашаган Ширлиге кыйынчылыкка кабылганда кантип жардам берген? b Алар кедей жашашчу. Кээде нан таап жеш кыйын болчу. Ширлинин туугандарынын бири анын Жахабага болгон ишенимин солгундатканга аракет кылып мындай деген: «Силер Кудайдын руху жардам берет дейсиңер. Анда кана жыргап кеткениңер?! Дагы эле эчтекеге жетпей жүрөсүңөр. Убактыңарды бекер эле кабар айтканга коротуп жатасыңар». Ширли мындай дейт: «Ошондо: „Кудай чын эле бизге кам көрүп жатабы?”— деп шектене түштүм. Бирок дароо Жахабадан тиленип, жүрөгүмдү уйгу-туйгу кылган ойлордун баарын айттым. Ыйык Китепти, адабияттарды тынбай окуй бердим. Кабар айтканымды, жыйналышка катышканымды да токтоткон жокмун». Көп өтпөй эле ал Жахабанын анын үй-бүлөсүн калтырбаганын түшүнгөн. Алардын ачка калган бир да күнү болгон эмес. Дайыма кубанып да жүрүшчү. «Жахабанын тилегиме жооп берип жатканын сездим»,— дейт Ширли (1 Тим. 6:6—8). Эгер силер да рухий иштерди дайыма кыла берсеңер, кыйынчылыктар, шек ойлор силерди Жахабадан эч качан ажырата албайт.

УЮМДА ЖЕТЕКЧИЛИКТИ КОЛГО АЛГАНДАР АДИЛЕТСИЗДИККЕ ТУШ БОЛГОНДО

8. Уюмда жетекчиликти колго алгандар кандай кыйынчылыкка туш болушу мүмкүн?

8 Айрым учурда душмандар уюмда жетекчиликти колго алгандар жөнүндө жалган маалымат таратышы мүмкүн. Ан үчүн алар жалпыга маалымдоо каражаттарын же соцтармактарды колдонушат (Заб. 31:13). Айрымдарын кармап кетип, кылмышкер деп айыпташат. 1-кылымдагы Машаяктын жолдоочулары да ушундай жагдайга туш болушкан. Мисалы, элчи Пабылга жалаа жабылып, түрмөгө камалган. Ошондо шакирттер эмне кылышкан?

9. Пабыл камакка алынганда, айрым ишенимдештери эмне кылышкан?

9 Элчи Пабыл Римде камакка алынганда, айрым ишенимдештери аны таштап кетишкен (2 Тим. 1:8, 15). Эмне үчүн? Эл аны кылмышкер катары көргөндүктөн Пабылга жардам бергенден уялышканбы? (2 Тим. 2:8, 9) Же «мен да куугунтукталып каламбы» деп коркушканбы? Буга кандай себеп болбосун, элчи Пабыл ошондо аябай эле жаман болсо керек. Анткени аларга жардам бериш үчүн ал далай кыйынчылыкты башынан кечирген. Атүгүл өмүрүн тобокелге салган болчу (Элч. 20:18—21; 2 Кор. 1:8). Биз эч качан Пабылды зар болуп турганда таштап кеткендердей болбойлу. Жетекчиликти колго алгандар куугунтукталганда эмнени эстен чыгарбашыбыз керек?

10. Жетекчиликти колго алгандар куугунтукталганда эмнени эстен чыгарбашыбыз керек жана эмне үчүн?

10 Эмне үчүн куугунтукталарыбызды жана мунун артында ким турарын унутпагыла. 2 Тиметей 3:12де: «Машаяк Исанын шакирттери катары Кудайга берилгендигин сактап жашагысы келгендердин баары куугунтукталат»,— делет. Ошондуктан Шайтан, өзгөчө, жетекчиликти колго алгандарды бутага алып жатканын көргөндө таң калбашыбыз керек. Ал аларды ак жолдон тайдырууну, бизди болсо коркутууну көздөйт (1 Пет. 5:8).

Пабыл түрмөгө камалганда, Онисипор эч нерседен коркпой аны колдогон. Бүгүнкү күндө да ишенимдештерибиз түрмөгө камалгандарды колдойт (ойдон чыгарылган жагдай тартылган) (11, 12-абзацтарды карагыла)

11. Онисипордон эмнени үйрөнө алабыз? (2 Тиметей 1:16—18)

11 Жетекчиликти колго алгандарды колдой бергиле жана аларды эч качан таштабагыла. (Окугула: 2 Тиметей 1:16—18.) Пабыл камакка алынганда, Онисипор таптакыр башкача иш кылган. Ал Пабылдын чынжырланып отурганынан уялган эмес. Кайра, Пабылды издеп таап, ага кандай жардам керек болсо, ошонун баарын кылып берген. Ан үчүн ага башын өлүмгө байлаганга да туура келген. Мындан эмнени үйрөнө алабыз? Адамдардан корккон үчүн эле ишенимдештерибиз куугунтукталып жатканда аларды колдобой койбошубуз керек. Анын ордуна, таламын талашып, колубуздан келген көмөгүбүздү көрсөтүшүбүз керек (Накыл 17:17). Алар биздин сүйүүбүзгө, колдообузга аябай муктаж.

12. Орусиядагы ишенимдештерибизден эмнени үйрөнө алабыз?

12 Орусиядагы кымбаттуу боордошторубуздун түрмөгө камалгандарды кантип колдоп жатканына токтололу. Кайсы бир ишенимдешибизге кылмыш иши козголгондо, көптөгөн боордошторубуз аны колдош үчүн сот залына барышат. Мындан эмнени үйрөнө алабыз? Жооптуу бир туугандар айыпталганда, камакка алынганда же куугунтукталганда, такыр коркпогула. Алар үчүн тиленгиле, үй-бүлөсүнө кам көргүлө жана дагы кантип жардам берсем деп изденип тургула (Элч. 12:5; 2 Кор. 1:10, 11).

ШЫЛДЫҢГА АЛЫНГАНДА

13. Бизди шылдыңдагандардын айынан кантип Жахабага жана анын уюмуна ишенбей калышыбыз мүмкүн?

13 Жахабага ишенбеген туугандарыбыз, кесиптештерибиз же болбосо мектептегилер кабар айтканыбыз же Жахабанын бийик адеп-ахлак нормаларына ылайык жашаганыбыз үчүн шылдыңдашы мүмкүн (1 Пет. 4:4). Алар: «Өзүң жакшы эле кишисиң. Диниңер эле жакпайт да, тиги болбойт, бул болбойт деп баарына тыюу сала берет»,— дешет. Кээ бирлер болсо жыйналыштан чыгаруу чарасын сынга алып: «Ушу да адамгерчиликке жатмак беле»,— дей беришет. Ушинтип алар жүрөгүбүзгө шек саноонун уругун сээп коёт. Анан биз: «Жахабанын талаптары өтө эле катуу эмеспи? Уюм бизди өтө эле тыйып жаткан жокпу?» — деп ойлоно башташыбыз мүмкүн. Эгер силер да ушул сыяктуу жагдайларга туш болуп жатсаңар, Жахабадан, анын уюмунан алыстап кетпегенге эмне жардам берет?

Дос сөрөйлөрүнүн шылдыңына карабай Аюп Жахабанын алдында кынтыксыздыгын сактаганга чечкиндүү болгон (14-абзацты карагыла)

14. Жахабанын талаптары боюнча жашаганыбыз үчүн шылдыңга алынганда эмне кылышыбыз керек? (Забур 119:50—52)

14 Жахабанын талаптарына карманганга чечкиндүү болгула. Аюп шылдыңга алынганына карабай Жахабанын талаптарына бекем кармана берген. Дос сөрөйлөрүнүн бири аны Кудайдын талаптарына карманып жатасыңбы, жокпу, ага баары бир деп ишендиргенге аракет кылган (Аюп 4:17, 18; 22:3). Бирок Аюп мындай жалган сөздөргө ишенген эмес. Ал Жахабанын жаман-жакшыга байланыштуу талаптарынын туура экенин билген. Ошон үчүн аларга карманганга чечкиндүү болгон. Пайгамбар башкалардын аны кынтыксыздыгынан тайдырышына жол берген эмес (Аюп 27:5, 6). Мындан эмнени үйрөнө алабыз? Шылдыңга алынганда Жахабанын талаптарынын тууралыгына шектенип калбагыла. Андайда өзүңөрдүн жашооңор жөнүндө ойлонуп көргүлө. Жахабанын талаптарынын туура экенине, аларга карманганыңар өзүңөргө эле жакшы болоруна көп жолу ынанган болушуңар керек. Уюмубуз да ошол талаптарды жактайт. Ошондуктан аны колдогонго бүт күчүңөрдү жумшагыла. Ошондо ким шылдыңдабасын, канчалык шылдыңдабасын, бизди Жахабадан эч качан ажырата албайт. (Окугула: Забур 119:50—52.)

15. Туугандары Бризитти эмне үчүн жемелешкен?

15 Индияда жашаган Бризит деген ишенимдешибиздин окуясына токтололу. Жахабага ишенгени үчүн аны тууган-туушкандары жемелешкен. Бризит 1997-жылы чөмүлгөн. Көп узабай эле күйөөсү жумушунан чыгып калган. Ал Жахабанын Күбөсү эмес болчу. Жумуштан чыгып калганынан көп өтпөй жолдошу аны менен кыздарын алып, ата-энесиникине көчүп кеткен. Алар башка шаарда турушчу. Анысы аз келгенсип, күйөөсү жумушунан айрылып калгандыктан, үй-бүлөсүн багыш үчүн Бризитке бир күн кечке кара жанын карч уруп иштегенге туура келген. Эң жакын жыйналыш болсо 350 километрдей алыстыкта жайгашкан болчу. Ал эле эмес, кайын-журту да Жахабанын Күбөсү болгонуна каршы чыгышкан. Каршылык күч алып отуруп Бризиттин үй-бүлөсүнө башка жакка көчкөнгө туура келген. Анан күтүлбөгөн жерден жолдошу кайтыш болуп кеткен. Кийинчерээк 12 жашар кызы да рактан каза болуп калган. Өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып, туугандары ушунун баарына Бризитти күнөөлөшкөн. Алар: «Сен Жахабанын Күбөсү болбогондо мындай балээлер башыңарга түшмөк эмес»,— деп күйбөгөн жерин күл кылган. Ушунун баарына карабай ал Жахабага таяна берген жана уюмдан алыстап кеткен эмес.

16. Бризиттин Жахабага жана анын уюмуна берилгендик сактаганынын натыйжасы кандай болгон?

16 Бризит жыйналыштан аябай эле алыс жашагандыктан райондук көзөмөлчү ага «тегерек-четтегилерге кабар айта бер, жыйналышты үйдөн өткөрө бер» деген. Башында бул колунан келбечүдөй сезилген. Ошентсе да райондук көзөмөлчүнүн кеңешине кулак каккан. Ал өзү жашаган жактагыларга жакшы кабар айтып, жолугушууларды үйүндө өткөрө берген. Кыздары менен үй-бүлөлүк изилдөөнү өткөргөнгө да убакыт бөлгөн. Мунун натыйжасы кандай болгон? Бризит көптөргө Ыйык Китепти изилдегенге жардам берип, алардын көбү чөмүлгөн. 2005-жылы болсо Бризит үзгүлтүксүз пионер болуп кызмат кыла баштаган. Анын Жахабага таяна бергенинин, анын уюмуна берилгендик сактай бергенинин акыбети кайткан. Учурда кыздары Жахабага сонун кызмат кылып жатышат жана ал жашаган жакта эки жыйналыш түптөлгөн. Бризит Жахаба күч-кубат берип келгени үчүн кыйынчылыктарды көтөргөнүнө, туугандарынын жаман мамилесине чыдай алганына эч шектенбейт.

ЖАХАБАГА ЖАНА АНЫН УЮМУНА БЕРИЛГЕНДИК САКТАЙ БЕРГИЛЕ

17. Эмне кылганга бел байлашыбыз керек?

17 Шайтан кыйынчылыкка кептелгенибизде Жахаба таштап кетет, анын уюмун колдосок, жашообуз татаалданып кетет дегенге ишендиргиси келет. Жетекчиликти колго алгандар айыпталганда, куугунтукталганда же камакка алынганда, коркуп калышыбызды да каалайт. Андан тышкары, Жахабанын талаптарынын тууралыгына жана уюмуна ишенбей калышыбыз үчүн шылдыңга алат. Бирок биз анын айла-амалдарын беш колдой билебиз, ошондуктан алданып калбайбыз (2 Кор. 2:11). Андыктан келгиле, Шайтандын калпын четке какканга жана Жахаба менен анын уюмуна берилгендик сактаганга бел байлайлы. Жахаба силерди эч качан таштабайт. Ушуну такыр унутпагыла (Заб. 28:7). Силерди Жахабадан эч нерсе ажыратпасын! (Рим. 8:35—39)

18. Кийинки макалада эмнени талкуулайбыз?

18 Бул макалада Жахабага ишенбеген адамдардын айынан туш болгон кыйынчылыктарды карап чыктык. Бирок жыйналыштын ичиндеги кыйынчылыктардан улам да Жахаба менен анын уюмуна канчалык ишенерибиз сыналышы мүмкүн. Аларды жеңгенге бизге эмне жардам берет? Бул суроого кийинки макаладан жооп алабыз.

118-ЫР: «Ишенимибизди арттыра көр»

a Азыркы акыркы күндөрдө берилгендигибизден жазбаш үчүн Жахабага жана анын уюмуна ишеним арта беришибиз керек. Бирок Шайтан биз кабылган кыйынчылыктардан пайдаланып ошол ишенимибизди талкалагысы келет. Бул макалада ал кыйынчылыктардын үчөөсүн жана Шайтандын мизин кантип майтара аларыбызды карап чыгабыз.

b Айрым ысымдар өзгөртүлдү.