Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

36-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Армагедон — эңсеп күтө турган кубанычтуу окуя

Армагедон — эңсеп күтө турган кубанычтуу окуя

«Алар падышаларды... Армагедон[го]... чогултушту» (АЯН 16:16).

150-ЫР: Куткаруучу Кудайды издейли

БУЛ МАКАЛАДА *

1, 2. а) Эмне үчүн Армагедон кубанууга негиз берген окуя болот? б) Бул макалада кайсы суроолор каралат?

АЙРЫМДАРДЫН «Армагедон» деген сөздү ядролук согушка же жерди астын-үстүн кылган табигый кырсыкка карата колдонгонун уктуңар беле? Ал эми Ыйык Китепте Армагедондун жакшылыктын жышааны экени жана кубанышыбызга негиз берген окуя экени айтылат (Аян 1:3). Ооба, Армагедон — бул адамзатты жок кыла турган эмес, тескерисинче, сактап кала турган согуш! Эмне үчүн минтип айтууга болот?

2 Ыйык Китепте айтылгандай, Армагедондо адамдардын башкаруусу жок кылынат, ыймансыздар тукум курут болуп, адил адамдар аман калышат, ошондой эле Жер планетасын кыйраткандар кыйратылат. Ушундайча Армагедон адамзатты сактап калат (Аян 11:18). Буларды айкыныраак түшүнүш үчүн, келгиле, төмөндөгү төрт суроого жооп алалы: Армагедон деген эмне? Анын алдында кандай окуялар болот? Армагедондон аман кала тургандардын арасында болуш үчүн эмне кылышыбыз керек? Ал согушка аз калган азыркы убакта кантип ишенимдүү бойдон кала алабыз?

АРМАГЕДОН ДЕГЕН ЭМНЕ?

3. а) «Армагедон» деген сөз эмнени билдирет? б) Армагедондун кадимки жер эмес экенин каяктан билебиз?

3 Окугула: Аян 16:14, 16. «Армагедон» деген сөз Ыйык Китепте бир эле жолу кездешет жана еврей тилиндеги «Мегидо тоосу» деген маанини туюнткан сөздөн келип чыккан (Аян 16:16, шилт.). Мегидо байыркы Ысрайылдагы шаар болчу (Жаш. 17:11). Бирок Армагедон жер жүзүндөгү эч бир кадимки жерди билдирбейт. Кыскача айтканда, ал «бүт дүйнөнүн падышалары» Жахабага каршы чыгыш үчүн чогулгандагы учурду билдирет (Аян 16:14). Бирок кеңири мааниде «Армагедон» деген сөз дүйнө жүзүндөгү падышалар чогулары менен баштала турган согушка карата да колдонулат. Армагедондун кадимки жерди билдирбей турганын кайдан билебиз? Биринчиден, Мегидо деген тоо жок. Экинчиден, Мегидонун айланасындагы аймак аябай тар болгондуктан, «бүт дүйнөнүн падышалары», алардын аскерлери, согуш куралдары батпайт. Үчүнчүдөн, бул макаладан биле турганыбыздай, Армагедон согушу дүйнө жүзүндөгү «падышалар» жердин булуң-бурчунда жашаган Кудайдын кызматчыларына кол салганда башталат.

4. Эмне себептен Кудай акыркы улуу согушун Мегидо менен байланыштырган?

4 Эмне себептен Жахаба акыркы улуу согушун Мегидо менен байланыштырган? Байыркы учурда Мегидодо жана Изреил өрөөнүнүн жанында көп салгылаш боло турган. Алардын айрымдарында Жахаба өз элине жеңишке жеткенге көмөк кылган. Алсак, «Мегидо суусунун жанында» Барак аттуу ысрайылдык бийге Сисера жетектеген канаандыктардын аскерин талкалоого жардам берген. Барак менен Дебора деген пайгамбар аял керемет жолу менен жеңишке ээ болушканы үчүн Жахабага ыраазычылык билдиришкен. Алар: «Асмандан жылдыздар согушту, алар... Сисерага каршы согушушту. Аларды Кишон суусу... жууп кетти»,— деп ырдашкан (Бий. 5:19—21).

5. Барактын учурунда болгон согуш менен Армагедондун ортосунда кандай орчундуу айырма болот?

5 Барак менен Дебора ырын: «Оо, Жахаба, душмандарыңдын баары ушинтип жок болсун, ал эми сени сүйгөндөр күндөй жаркырасын»,— деген сөздөр менен аякташкан (Бий. 5:31). Армагедондо да Кудайдын душмандары жер менен жексен болот, ал эми аны сүйгөндөр аман калат. Бирок байыркы учурда болгон согуш менен келечектеги согуштун ортосунда орчундуу айырма бар. Армагедондо Кудайдын эли согушпайт, атүгүл алардын колунда куралы да болбойт. Алар дүрбөлөңгө түшпөй, толугу менен Жахабага жана анын асман аскерине «ишеним артышат». Бул аларга күч берет (Ыш. 30:15; Аян 19:11—15).

6. Кудай Армагедондо душмандарын кантип жок кылышы мүмкүн?

6 Кудай Армагедондо душмандарын кантип жок кылат? Ал ар кандай жолдорду колдонушу, мисалы, жер титиретиши же мөндүр, чагылган сыяктуу табият күчтөрүн колдонушу мүмкүн (Аюп 38:22, 23; Жез. 38:19—22). Душмандарды бири-бирине каршы согуштуруп коюшу ыктымал (2 Жылн. 20:17, 22, 23). Ошондой эле ыймансыздарды кырыш үчүн периштелерин жибериши мүмкүн (Ыш. 37:36). Кандай болбосун, Кудай сөзсүз жеңишке жетет. Ал душмандарынын бирин калтырбай жок кылып, адил адамдардын баарын аман алып калат (Накыл 3:25, 26).

АРМАГЕДОНДУН АЛДЫНДАГЫ ОКУЯЛАР

7, 8. а) 1 Тесалоникалыктар 5:1—6-аяттарга ылайык, саясат төбөлдөрү эмнени жар салышат? б) Эмне үчүн ал коркунучтуу калп болот?

7 «Жахабанын күнүнүн» алдында: «Тынчтык жана коопсуздук!» — деп жар салынат. (Окугула: 1 Тесалоникалыктар 5:1—6.) 1 Тесалоникалыктар 5:2де айтылган «Жахабанын күнү» «улуу алааматты» билдирет (Аян 7:14). Улуу алааматтын башталганы жатканын кантип билебиз? Ыйык Китепте алдын ала жазылгандай, өзгөчө бир жарыя айтылат жана ал улуу алааматтын башталарын көрсөткөн белги болот.

8 Тагыраак айтканда: «Тынчтык жана коопсуздук!» — деп жар салынат. Саясат төбөлдөрүнүн ошентип жарыялашына эмне себеп болот? Аны так билбейбиз. Ага диний жетекчилердин да катыштыгы болобу? Балким. Эмнеси болсо да, ал жиндерден келген дагы бир калп болот. Бирок ал өзгөчө коркунучтуу калп болот, себеби ага ишенгендер, жакында адамзат тарыхында болуп көрбөгөндөй улуу алаамат болгону жатса да, өздөрүн коопсуз сезишет. Ооба, «алардын кыйратылуусу кош бойлуу аялдын толгоосу сыяктуу капысынан келет». Ал эми Жахабанын берилген кызматчылары эмне болот? Жахабанын күнү алар күтпөгөн убакта башталса да, алар ага даяр болушат.

9. Жахаба Шайтандын дүйнөсүн толугу менен дароо эле жок кылабы? Түшүндүргүлө.

9 Жахаба Шайтандын дүйнөсүн, Нух пайгамбардын күндөрүндөгүдөй кылып, шак эле толугу менен жок кылбайт. Ал адегенде бир бөлүгүн, андан соң калганын кыйратат. Алгач ал жалган диндин дүйнөлүк империясы болгон Улуу Бабылдын күлүн көккө сапырат. Андан кийин, Армагедондо, Шайтандын дүйнөсүнүн калган бөлүктөрүн, атап айтканда, саясий, аскердик жана коммерциялык түзүлүштөрүн талкалайт. Эмесе, келгиле, ушул маанилүү окуяларга кененирээк токтололу.

10. Аян 17:1, 6дан жана 18:24төн көрүнүп тургандай, Жахаба Улуу Бабылды эмне үчүн жазага тартат?

10 «Улуу сойкунун... жазага тартылышы». (Окугула: Аян 17:1, 6; 18:24.) Улуу Бабыл Кудай жөнүндө жалган окууларды таратып, анын ысмына көө жаап келет. Ошондой эле Кудайга ишенимдүү болгондун ордуна, адамдар башкарган өкмөттөрдү колдоп, каймана мааниде сойкулук кылууда. Андан сырткары, ээлеген абалынан, бийлигинен пайдаланып, ага ишеним арткандарды талап-тоноп жатат. Ал далайлардын, анын ичинде Кудайдын кызматчыларынын да канын төгүп келет (Аян 19:2). Жахаба Улуу Бабылды кантип жазалайт?

11. «Кыпкызыл жырткыч» эмнени билдирет жана Кудай аны Улуу Бабылга карата болгон эркин аткарууда кантип колдонот?

11 Жахаба «улуу сойкуну» жок кылыш үчүн «кыпкызыл жырткычты» жана анын «он мүйүзүн» колдонот. Ал жырткыч Бириккен Улуттар Уюмун, ал эми «он мүйүз» аны колдоп жаткан өкмөттөрдү билдирет. Кудай белгилеген убакта ошол өкмөттөр менен Бириккен Улуттар Уюму Улуу Бабылга кол салат. Алар аны «талап-тоношот, жылаңачташат», башкача айтканда, анын байлыгын тартып алышат жана анын канчалык ыймансыз экенин баарына айкын кылышат (Аян 17:3, 16). Улуу Бабылдын «бир күндүн ичиндегидей» бат кыйратылганын көрүп, ага ишенип келгендердин баары айран таң калат. Анткени ал көптөн бери: «Мен канышадай болуп тактыда отурам, жесир эмесмин. Эч качан кайгы тартпайм»,— деп мактанып келген болчу (Аян 18:7, 8).

12. Кудай өкмөттөрдүн эмне кылышына жол бербейт жана эмне үчүн?

12 Кудай өкмөттөргө өзүнүн элин жок кылышына жол бербейт. Себеби Кудайдын эли анын ысмын алып жүрүүнү сыймык деп эсептейт жана Улуу Бабылдан чыгууга байланыштуу берген буйругуна баш ийип келген (Элч. 15:16, 17; Аян 18:4). Алар башкаларга да андан чыгууга жардам берүү үчүн бүт күчүн жумшап келишет. Ошондуктан Улуу Бабыл «кабыла турган балээлерге кабылышпайт». Анткен менен алардын да ишеними сыналат.

Гоктун чабуулу башталганда, дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун, Кудайдын эли толугу менен ага таянат (13-абзацты карагыла) *

13. а) Гок деген эмнени билдирет? б) Жезекиел 38:2, 8, 9-аяттарда жазылгандай, Армагедон согушунун башталышына эмне себеп болот?

13 Гоктун чабуулу. (Окугула: Жезекиел 38:2, 8, 9.) Жалган диндердин баары кыйратылгандан кийин, катуу бороон-чапкынга туруштук берген жалгыз дарактай болуп, Кудайдын эли гана калат. Бул Шайтандын каарын кайнатары турган иш. Ошо себептен ал улуттардын бирикмесин Жахабанын элине каршы чыгарууну көздөйт. Ан үчүн «таза эмес... кабарларды» — жиндердин үгүтүн — колдонот (Аян 16:13, 14). Улуттардын ал бирикмеси «Магок жеринен чыккан Гок» деп аталат. Гок Кудайдын элине каршы чабуул койгондо, Армагедон согушу башталат (Аян 16:16).

14. Гок эмнени түшүнөт?

14 Гок «адамдын күчүнө», тактап айтканда, өзүнүн аскерине таянат (2 Жылн. 32:8). Биз болсо Кудайыбыз Жахабага таянабыз. Бул улуттарга акылсыздыктай көрүнөт. Эмне үчүн? Анткени бир кезде таасири күчтүү болуп турган Улуу Бабылды кудайлары «жырткычтан» жана анын «он мүйүзүнөн» куткарып кала алган эмес (Аян 17:16). Андыктан Гок бизди оңой олжодой көрөт. Ал «жер бетин каптаган булуттай болуп келип», Жахабанын элине кол салат (Жез. 38:16). Бирок көп өтпөй эле өзүнүн капканга түшүп калганын билет. Кызыл деңиздин түбүндө калган фараонго окшоп, Гок Жахабанын өзүнө каршы согушуп жатканын түшүнөт (Чыг. 14:1—4; Жез. 38:3, 4, 18, 21—23).

15. Иса Машаяк Армагедон согушунда кандайча толугу менен жеңишке жетет?

15 Машаяк менен анын асмандагы аскери Кудайдын элин коргоп, Гоктун бүт аскерин тыптыйпыл кылат (Аян 19:11, 14, 15). Ал эми Жахабанын башкы душманы — улуттарды амалкөйлүк менен үгүттөп, Армагедонго чогулткан Шайтан — эмне болот? Иса Машаяк аны жин-перилери менен кошо туңгуюкка ыргытып, миң жылга камап коёт (Аян 20:1—3).

КАНТКЕНДЕ АРМАГЕДОНДОН АМАН КАЛА АЛАСЫҢАР?

16. а) «Кудайды тааный» турганыбызды кантип көрсөтөбүз? б) Жахабаны таанып-билсек, Армагедондо кандай бата алабыз?

16 Чындык жолунда көп жылдан бери жүрөбүзбү же жокпу, Армагедондо аман калыш үчүн «Кудайды тааный» турганыбызды жана «Мырзабыз Иса жөнүндөгү жакшы кабарга баш иерибизди» көрсөтүшүбүз керек (2 Тес. 1:7—9). «Кудайды тааныганыбыз» ага эмне жагарын, эмне жакпай турганын жана нормаларын билгенибизден, ошондой эле аны сүйгөнүбүздөн, ага баш ийип, толук берилгендик сактаганыбыздан айкын көрүнөт (1 Жкн. 2:3—5; 5:3). Эгер Кудайды таанысак, ал да бизди таанып-билет, тактап айтканда, ырайымына ээ кылат (1 Кор. 8:3). Анын аркасында Армагедондон аман калабыз.

17. «Мырзабыз Иса жөнүндөгү жакшы кабарга баш ийүү» эмнени билдирет?

17 «Мырзабыз Иса жөнүндөгү жакшы кабар» өз ичине ал окуткан чындыктардын баарын камтыйт. Алар Ыйык Китепке жазылып калган. Эгер аларга ылайык жашасак, жакшы кабарга баш иерибизди көрсөтөбүз. «Жакшы кабарга баш ийүүгө» Падышалыктын иштерин дайыма биринчи орунга коюу, Кудайдын адил принциптери боюнча жашоо жана анын Падышалыгы тууралуу жарыялоо кирет (Мт. 6:33; 24:14). Ошондой эле ага Машаяктын майланган бир туугандарына чоң жоопкерчиликтерин, атап айтканда, кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишин аткарууга көмөк көрсөтүү да кирет (Мт. 25:31—40).

18. Машаяктын майланган бир туугандары башка койлорго кантип жакшылык кылышат?

18 Жакында Кудайдын майланган кызматчылары «башка койлорго» аларга көрсөтүп келген колдоосу үчүн жакшылык кылышат (Жкн. 10:16). Кантип? Армагедон башталганга чейин 144000дин калдыгы өлбөстүккө ээ болгон рухий жаратуулар катары асманга тирилет. Алар Гокту кыйратып, кой мүнөздүү «эбегейсиз көп адамдарды» сактап кала турган асман аскеринин бөлүгүн түзүшөт (Аян 2:26, 27; 7:9, 10). Ошондо эбегейсиз көп адамдардын Жахабанын майланган кызматчыларына алар жерде жүргөндө колдоо көрсөткөнү үчүн абдан кубанары шексиз.

ДҮЙНӨНҮН СОҢУНА АЗ КАЛГАН УБАКТА КАНТИП ИШЕНИМДҮҮ БОЙДОН КАЛА АЛАБЫЗ?

19, 20. Армагедон жакындап келаткан азыркы убакта канткенде кыйынчылыктарга карабай ишенимдүү бойдон кала алабыз?

19 Азыркы акыркы оор күндөрдө көбүбүз башыбыздан ар кыл сыноолорду кечирип жатабыз. Ошого карабай кубанычыбызды сактай алабыз (Жкп. 1:2—4). Мунун маанилүү жолдорунун бири — дайыма жалындуу тиленүү (Лк. 21:36). Тиленгенден тышкары, Кудайдын Сөзүн күнүгө изилдешибиз жана окугандарыбыз, анын ичинде биздин күндөргө тиешелүү пайгамбарлыктар тууралуу ой жүгүртүшүбүз зарыл (Заб. 77:12). Ушуларды кылсак жана кызматка колубуздан келишинче жигердүү катышсак, ишенимибизди, үмүтүбүздү бекем сактай алабыз.

20 Улуу Бабыл кыйратылганда жана Армагедон согушу аяктаганда, жүрөгүңөрдүн канчалык толкуп-ташый турганын элестетип көрсөңөр! Баарынан да Кудайдын ысмы менен эгедерлигинин толугу менен акталганына төбөбүз көккө жете сүйүнөрүбүз күмөнсүз (Жез. 38:23). Ооба, Кудайды таанып-билгендер, анын Уулуна баш ийгендер жана акырына чейин чыдагандар үчүн Армагедон кубанычтуу окуя болот (Мт. 24:13).

143-ЫР: Кудайдын эркин аткаралы

^ 5-абз. Жахабанын эли Армагедонду көп убакыттан бери күтүп келет. Бул макалада Армагедон деген эмне экенин, анын алдында кандай окуялар болорун жана дүйнөнүн акыры жакындап келаткан азыркы убакта кантип ишенимдүү бойдон кала аларыбызды карап чыгабыз.

^ 71-абз. СҮРӨТ. 1) «Тынчтык жана коопсуздук!» — деп жарыяланганда, колубуздан келишинче кызмат кыла беребиз. 2) Жалган диндер жок кылынганда, Ыйык Китепти изилдегенибизди токтотпойбуз. 3) Магок жеринен чыккан Гок чабуул койгондо, Кудайдын коргой турганына ишенип, ага таяна беребиз.

^ 85-абз. СҮРӨТ. Полиция кызматкерлери Жахабанын Күбөлөрүнүн үйүнө кирип барганы жатат. Үйүндө отурган үй-бүлө Иса менен анын периштелеринин баарын көрүп турганына толук ишенүүдө.