Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

37-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Жахабага чын көңүлдөн баш ийгиле

Жахабага чын көңүлдөн баш ийгиле

«Атабызга андан бетер баш ийишибиз керек эмеспи?» (ЕВР. 12:9).

9-ЫР: Жахаба — биздин Падышабыз!

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Жахабага эмне үчүн баш ийишибиз керек?

ЖАХАБА биздин Жаратканыбыз болгондуктан, ага баш ийишибиз * керек. Ал өзүнүн жаратуулары үчүн нормаларды бекитүүгө укуктуу (Аян 4:11). Бирок биз ага дагы бир орчундуу себептен, тактап айтканда, анын башкаруусу эң мыкты болгондуктан баш иебиз. Тарых бою көптөгөн адамдар башкалардын үстүнөн кандайдыр бир бийликке ээ болуп келишкен. Алардын баарынан айырмаланып, Жахаба — эң акылман, мээримдүү, ырайымдуу, боорукер Башкаруучу (Чыг. 34:6; Рим. 16:27; 1 Жкн. 4:8).

2. Еврейлер 12:9—11-аяттарга ылайык, Жахабага баш ийишибизге кандай себептер бар?

2 Жахаба биздин андан корккондуктан эле эмес, биринчи кезекте аны сүйгөндүктөн жана мээримдүү Атабыз катары көргөндүктөн баш ийишибизди каалайт. Еврей ишенимдештерине жазган катында элчи Пабыл асмандагы Атабызга, ал «биздин пайдабызды көздөгөндүктөн», чын дилден баш ийишибиз керектигин түшүндүргөн. (Окугула: Еврейлер 12:9—11.)

3. а) Жахабага баш иерибизди кантип көрсөтөбүз? б) Бул макалада кайсы суроолорду талкуулайбыз?

3 Эгер Жахабага бардык жагынан тил алууга бүт күчүбүздү жумшасак жана өз түшүнүгүбүзгө ишеним артуудан качсак, ага баш иерибизди көрсөтөбүз (Накыл 3:5). Жахабанын кереметтүү сапаттарын жакшыраак билген сайын, ага баш ийүү оңоюраак боло берет. Эмне үчүн? Анткени анын бардык иштеринде ошол сапаттары чагылдырылып турат (Заб. 145:9). Жахаба жөнүндө көбүрөөк биле берсек, ага болгон сүйүүбүз арта берет. Ал эми ага болгон сүйүүбүз өскөндө, эмнелерден качып, эмнелерди кылсак болоруна байланыштуу толгон-токой эрежелерге муктаж болбой калабыз. Биз, Жахабага окшоп, жакшы нерсени сүйүп, жаман нерсени жек көргөндү үйрөнүүгө күч-аракет жумшайбыз (Заб. 97:10). Бирок кээде Жахабага баш ийүү оңой болбошу мүмкүн. Эмне себептен? Аксакалдар башкаруучу Некемиядан кандай үлгү ала алышат? Аталар Дөөтү падышадан эмнеге үйрөнсө болот? Энелер Исанын апасы Мариямды кантип туурай алышат? Бул макалада ушул суроолорду талкуулайбыз.

ЖАХАБАГА БАШ ИЙҮҮ ЭМНЕ ҮЧҮН КЭЭДЕ КЫЙЫН БОЛУШУ МҮМКҮН?

4, 5. Римдиктер 7:21—23-аяттардан көрүнүп тургандай, Жахабага баш ийүү кээде эмне үчүн кыйын болушу мүмкүн?

4 Жахабага баш ийүүнүн кээде кыйын болгонунун бир себеби баарыбызга күнөө менен жеткилеңсиздик тукум кууп өткөн. Ошондуктан биз баш ийбестикке жакын келебиз. Адам ата менен Обо эне тыюу салынган жемиштен жеп, Кудайга каршы иш кылышканда эмне жакшы, эмне жаман экенин өздөрү чечишкен (Башт. 3:22). Бүгүнкү күндө да адамдардын басымдуу бөлүгү Жахабаны четке кагып, эмне туура, эмне туура эмес экенин өздөрү чечүүнү каалашат.

5 Атүгүл Жахабаны таанып-билген, аны сүйгөн адамдарга да ага толугу менен баш ийүү айрым учурларда оңойго турбашы мүмкүн. Мындай кыйынчылык элчи Пабылда да болгон. (Окугула: Римдиктер 7:21—23.) Ага окшоп, биз да Жахабанын көз алдында туура иш кылгыбыз келет. Ошентсе да жаман нерсени кылууга болгон каалообуз менен дайыма күрөшө беришибиз керек.

6, 7. Дагы кайсы себептен улам Жахабага баш ийүү оңойго турбашы мүмкүн? Мисал келтиргиле.

6 Өсүп-чоңойгон жерибиздеги маданият, адамдардын ой жүгүртүүсү таасир эткендиктен да Жахабага баш ийүү кээ бир учурларда оңойго турбайт. Адамдардын ой толгоолору көбүнчө Жахабанын эркине каршы келет. Андыктан көпчүлүккө окшоп ой жүгүртүүдөн качуу үчүн тынбай күрөш жүргүзүшүбүз керек. Буга байланыштуу бир эле ишенимдешибиздин үлгүсүн карап көрөлү.

7 Айрым жерлерде жаштарга өмүрүн көп акча табууга арноого кысым көрсөтүлөт. Мэри * деген ишенимдешибиз да ошондой кыйынчылыкка кабылган. Жахаба жөнүндө билгенге чейин ал өз өлкөсүндөгү абдан беделдүү университеттердин бирин бүтүргөн. Аны үйүндөгүлөрү элдин урмат-сыйына ээ кыла турган, маянасы жакшы жумушта иштөөгө үндөшчү. Ал өзү да ошону каалачу. Бирок Жахабаны таанып-билип, ага сүйүүсү өскөндөн кийин максаттарын өзгөрткөн. Анткен менен ал мындай дейт: «Кээде көп акча табууга шарт түзгөн жакшы мүмкүнчүлүктөр пайда болуп калат. Бирок алардын рухий иштерден алаксытарын билем. Алган тарбиямдан улам андай учурларда жок деп айтыш үчүн кадимкидей күрөшөм. Жахабадан ага кылган кызматыма тоскоолдук кыла турган ишке макул болбой, азгырыкка каршы турууга жардам беришин сурап тиленем» (Мт. 6:24).

8. Азыр эмнени карайбыз?

8 Жахабага баш ийсек, өзүбүзгө эле жакшы болот. Ал эми кандайдыр бир бийлиги барлардын, алсак, аксакалдардын, аталардын, энелердин Кудайдын жетекчилигине ылайык иш кылышына дагы бир кошумча себеп бар: алар ошентүү менен башкаларга да пайда алып келишет. Анда эмесе, Ыйык Китептеги айрым инсандарды жана алардын үлгүсү бийлигибизди Жахабага жаккандай колдонууга кантип жардам берерин карап көрөлү.

АКСАКАЛДАР НЕКЕМИЯДАН КАНДАЙ ҮЛГҮ АЛА АЛЫШАТ?

Некемия элге Иерусалимдин дубалын кайра тургузууга жардам бергендей эле, аксакалдар Падышалык залындагы иштерге катышышат (9—11-абзацтарды карагыла) *

9. Некемия кандай кыйынчылыктарга туш болгон?

9 Жахаба аксакалдарга маанилүү жоопкерчиликти, анын элине кам көрүүнү, тапшырган (1 Пет. 5:2). Некемиянын Жахабанын элине кылган мамилесин изилдөөнүн аркасында аксакалдар көп нерсеге үйрөнө алышат. Жүйүт элинин башкаруучусу катары Некемия зор бийликке ээ болгон (Нек. 1:11; 2:7, 8; 5:14). Ал туш болгон кыйынчылыктардын айрымдарына токтололу. Некемия жүйүттөрдүн ибадаткананы арамдап салышканын жана Мыйзамда талап кылынса да, лебилердин кызматын тартуулары менен колдобой жатышканын билген. Андан тышкары, жүйүттөр Ишемби жөнүндөгү мыйзамды да бузушкан, ал эми айрымдары бөтөн жерлик аялдарга үйлөнүп алышкан. Некемия ошондой олуттуу көйгөйлөрдү чечиши керек болчу (Нек. 13:4—30).

10. Некемия Жахабанын элине кандай мамиле кылган?

10 Некемия Кудайдын элине өзүнүн оюн, көз карашын таңуулап, бийлигин кыянат колдонгон эмес. Анын ордуна, Жахабадан жалындуу тиленип, андан жетекчилик сураган жана элге анын Мыйзамын үйрөткөн (Нек. 1:4—10; 13:1—3). Ошондой эле алар менен ийиндеш туруп эмгектенип, атүгүл Иерусалимдин дубалын тургузууга да жардам берген (Нек. 4:15).

11. 1 Тесалоникалыктар 2:7, 8де жазылгандай, аксакалдар жыйналыштагыларга кандай мамиле кылышы керек?

11 Бүгүнкү күндө аксакалдар Некемияныкындай кыйынчылыктарга кабылбаса да, андан көп жагынан үлгү алышат. Мисалы, алар ишенимдештеринин жыргалчылыгы үчүн жанын аяшпайт. Ошондой эле ээлеген абалынан улам өздөрүн башкалардан өйдө көрүшпөйт. Тескерисинче, жыйналыштагыларга назик мамиле кылышат. (Окугула: 1 Тесалоникалыктар 2:7, 8.) Алар момун болгондуктан жана башкаларды чындап жакшы көргөндүктөн аларга жылуу-жумшак сүйлөшөт. Андрей деген тажрыйбалуу аксакал мындай дейт: «Аксакалдын боорукер, жумшак болгону бир туугандардын жүрөгүн козгобой койбойт. Жыйналыштагылар ошондой сапаттарды чагылдырган аксакалдар менен кызматташууга көбүрөөк түрткү алышат». Көп жылдан бери аксакал болуп кызмат кылып келаткан Тони болсо: «Мен Филипиликтер 2:3төгү кеңешти колдонууга, башкаларды өзүмдөн жогору көрүүгө дайыма аракет кылам. Бул аларга үстөмдүк кылбаганга жардам берет»,— дейт.

12. Аксакалдардын момун болушуна кандай олуттуу себеп бар?

12 Жахаба момун болгондой эле, аксакалдар да момун болушу зарыл. Ааламдын Эгедери болсо да, Жахаба «жакырды күлдөн көтөрүш» үчүн «эңкейет» (Заб. 18:35; 113:6, 7). Ал эми текеберлер менен бой көтөргөндөрдөн жийиркенет (Накыл 16:5).

13. Аксакал эмне үчүн «тилин ооздуктай» билиши керек?

13 Жахабага баш ийген аксакал «тилин ооздуктай» билиши керек. Болбосо кимдир бирөө аны сыйлабагандай иш кылганда, орой сүйлөп алышы мүмкүн (Жкп. 1:26; Гал. 5:14, 15). Жогоруда айтылган Андрей: «Кээде мени урматтабагандай көрүнгөн бир тууганга катуу айткым келип кеткен учурлар болот. Бирок андайда Ыйык Китептеги ишенимдүү кишилердин үлгүсү тууралуу ой жүгүртөм. Бул момун жана жумшак болуу маанилүү экенин түшүнүүгө жардам берет»,— дейт. Аксакалдар жыйналыштагы ишенимдештери, анын ичинде башка аксакалдар менен сүйлөшкөндө мээримдүү, боорукер болуу менен Жахабага баш иерин көрсөтүшөт (Кол. 4:6).

АТАЛАР ДӨӨТҮ ПАДЫШАДАН ЭМНЕГЕ ҮЙРӨНСӨ БОЛОТ?

14. Жахаба аталарга кандай роль ыйгарган жана алардын эмне кылышын каалайт?

14 Жахаба аталарды үй-бүлөнүн башчысы кылып дайындаган. Ошондуктан алардын балдарын насааттап, тарбиялап, оңдоп-түзөшүн каалайт (1 Кор. 11:3; Эф. 6:4). Бирок аталардын бийлиги чектелүү, башкача айтканда, алар Жахабанын — ар бир үй-бүлө өзүнүн аты үчүн милдеттүү болгон Кудайдын — алдында жооп беришет (Эф. 3:14, 15). Аталар Жахабага баш иерин бийлигин ага жаккандай колдонуу менен көрсөтүшөт. Алар Дөөтү падышадан көп жакшы нерселерди үйрөнө алышат.

Жахабага кызмат кылган атанын тиленүүсүнөн момун экени көрүнүп турушу керек (15, 16-абзацтарды карагыла) *

15. Дөөтү падыша аталарга жакшы үлгү көрсөткөн деп эмне үчүн айта алабыз?

15 Жахаба Дөөтүнү өзүнүн үй-бүлөсүнүн эле эмес, бүтүндөй ысрайыл элинин үстүнөн башчы кылып дайындаган. Падыша катары ал зор бийликке ээ болгон. Өкүнүчтүүсү, анын ошол бийлигин кыянат колдонуп, олуттуу күнөө кылган учурлары болгон (2 Шем. 11:14, 15). Бирок ал Жахабанын оңдоп-түзөгөнүн туура кабыл алып, ага баш иерин көрсөткөн. Ал Жахабага жүрөгүндөгүсүнүн баарын төгүп тиленген жана анын кеңешине ылайык иш кылууга колунан келишинче аракет кылган (Заб. 51:1—4). Ошондой эле момун болгондуктан эркектердин эле эмес, аялдардын да кеңешин кабыл ала билген (1 Шем. 19:11, 12; 25:32, 33). Ал кетирген каталарынан сабак алгандан сырткары, Жахабага кызмат кылууну жашоосунда биринчи орунга койгон.

16. Аталар Дөөтүдөн эмнелерге үйрөнсө болот?

16 Аталар, Дөөтү падышадан эмнелерге үйрөнсөңөр болот? Жахаба берген бийлигиңерди туура эмес колдонбогула. Каталарыңарды мойнуңарга ала билгиле жана башкалардын Ыйык Китептин негизинде берген кеңештерин кабыл алгыла. Эгер ошентсеңер, үй-бүлөңөрдөгүлөр момундугуңар үчүн силерди урматтап-сыйлашат. Үй-бүлөңөр менен чогуу тиленгенде жүрөгүңөрдөгүнү Жахабага төккүлө. Ошондо алар силердин анын жардам беришин, жетектешин канчалык каалаарыңарды биле алышат. Андан да маанилүүсү, Жахабага кызмат кылууну дайыма башкы орунга койгула (Мыйз. 6:6—9). Үй-бүлөңөргө бере турган эң баалуу белектердин бири аларга көрсөткөн жакшы үлгүңөр экенин унутпагыла.

ЭНЕЛЕР МАРИЯМДЫ КАНТИП ТУУРАЙ АЛЫШАТ?

17. Жахаба энелерге кандай роль ыйгарган?

17 Жахаба энелерге да баалуу роль ыйгарган жана балдарынын үстүнөн кандайдыр бир деңгээлде бийлик кылышына укук берген (Накыл 6:20). Чынында, эненин сөздөрү, иштери балдарынын бүтүндөй өмүрүнө зор таасир этиши мүмкүн (Накыл 22:6). Анда эмесе, энелердин Исанын апасы Мариямды кантип туурай аларын карап көрөлү.

18, 19. Энелер Мариямдан кайсы жактардан үлгү ала алышат?

18 Мариям Ыйык Жазманы абдан жакшы билген. Ал Жахабаны терең урматтаган жана аны менен ынак мамиле өрчүткөн. Ошондой эле Жахабанын жетекчилигине дайыма, атүгүл анын натыйжасында бүтүндөй жашоосу өзгөрө турган болсо да, баш ийүүгө дилгир болгон (Лк. 1:35—38, 46—55).

Чарчап турганда же кыжырданып жатканда энеден үйүндөгүлөрүнө сүйүү көрсөтүү үчүн көп күч-аракет талап кылынышы мүмкүн (19-абзацты карагыла) *

19 Энелер, силер Мариямдан кайсы жактардан үлгү ала аласыңар? Биринчиден, Ыйык Китепти жекече изилдеп жана өз алдынча үзгүлтүксүз тиленип, Жахаба менен болгон мамилеңерди бекем сактагыла. Экинчиден, Жахабага жагыш үчүн өзгөрүүлөрдү кылганга даяр болгула. Мисалы, силерди ачуусу чукул жана балдарын кагып-силке берген ата-эне чоңойткондур. Ошондон улам муну балдарды тарбиялоодо боло жүргөн нерседей көрүшүңөр мүмкүн. Ал тургай, Жахабанын нормалары жөнүндө билгенден кийин да балдарыңарга сабырдуулук, чыдамдуулук менен мамиле кылуу кыйын болушу ыктымал. Бул, өзгөчө, чарчап турганыңарда балдарыңар тентектик кылганда оңой болбойт (Эф. 4:31). Андайда Жахабадан тиленип, андан жардам сураганыңар ого бетер маанилүү. Лидия деген бир эне мындай дейт: «Уулум тилимди албай койгон учурларда, анын көңүлүн оорута турган сөздөрдү айтып албаш үчүн жалындуу тиленем. Атүгүл сүйлөп баратып токтоп калам да, ичимден Жахабадан жардам сурайм. Бул сабырдуу болгонго жардам берет» (Заб. 37:5).

20. Кээ бир энелер кандай кыйынчылык менен күрөшөт жана канткенде аны жеңе алышат?

20 Айрым энелер дагы бир кыйынчылык менен күрөшүшөт. Аларга балдарына сүйүү көрсөтүү оңойго турбайт (Тит 2:3, 4). Энелердин кээ бирлери балдары менен ынак болбогон ата-эненин колунда чоңоюп-өскөн. Эгер силердин да жагдайыңар ошондой болсо, ата-энеңердин катасын кайталабагыла. Жахабанын эркине баш ийген эне балдарына сүйүү көрсөткөндү үйрөнүшү керек. Ага ой жүгүртүүсүн, сезимдерин, иш-аракеттерин өзгөртүү кыйын болушу мүмкүн. Бирок бул — колдон келе турган нерсе. Ошондой өзгөрүүлөрдү кылуу анын өзүнө да, үй-бүлөсүнө да чоң пайда алып келет.

МЫНДАН АРЫ ДА ЖАХАБАГА БАШ ИЕ БЕРГИЛЕ

21, 22. Ышая 65:13, 14кө ылайык, Жахабага баш ийгенибиз кандай пайда алып келет?

21 Дөөтү падыша Жахабага баш ийүүнүн канчалык пайдалуу экенин жакшы билген. Ал: «Жахабанын буйруктары адилет, жүрөктү кубантат. Жахабанын осуяты таза, көздү ачат. Алар — сенин кызматчың үчүн эскертүү, аларды аткаргандар чоң сыйлык алат»,— деп жазган (Заб. 19:8, 11). Бүгүнкү күндө Жахабага баш ийгендердин жана анын мээримдүүлүк менен берген кеңештерин четке каккандардын ортосундагы айырма айкын эле көрүнүп турат. Жахабага баш ийгендер «жүрөгүндөгү кубанычтан улам шаттанып» жатышат. (Окугула: Ышая 65:13, 14.)

22 Ооба, эгер аксакалдар, аталар, энелер Жахабага чын дилден баш ийишсе, жашоосу көп жагынан жакшырат, үй-бүлөсү бактылуу болот жана жыйналышта биримдик өкүм сүрөт. Андан да маанилүүсү, Жахабанын жүрөгүн кубантышат (Накыл 27:11). Биз үчүн мындан артык сыйлык барбы?!

123-ЫР: Теократияга берилгендикте баш иебиз

^ 5-абз. Бул макалада Жахабага эмне үчүн баш ийишибиз керектигин талкуулайбыз. Ошондой эле кандайдыр бир бийлиги барлар, алсак, аксакалдар, аталар, энелер башкаруучу Некемиядан, Дөөтү падышадан, Исанын энеси Мариямдан кандай үлгү алса болорун карап чыгабыз.

^ 1-абз. ТҮШҮНДҮРМӨ. Кимдир бирөөгө баш үйүүгө аргасыз болгондор «баш ийүү» деген сөз айкашын терс мааниде кабыл алышат. Ал эми Кудайдын кызматчылары ага баш ийүүнү өздөрү тандагандыктан «баш ийүү» дегенди терс мааниде кабыл алышпайт.

^ 7-абз. Айрым ысымдар өзгөртүлдү.

^ 62-абз. СҮРӨТ. Некемия элге Иерусалимдин дубалын кайра тургузууга жардам бергендей эле, аксакал уулу менен чогуу Падышалык залын оңдоп-түзөөгө катышууда.

^ 64-абз. СҮРӨТ. Бир ата үй-бүлөсү менен чогуу Жахабадан тиленип жатат.

^ 66-абз. СҮРӨТ. Кичинекей бала үй иштерин аткарбай, сабагын окубай, бир нече сааттан бери видеооюндарын ойноп отурат. Жумуштан чарчап келген апасы аны ачууга алдырбай, жүрөк оорута турган сөздөрдү айтпай, жылуу-жумшак тарбиялап жатат.