Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

35-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Жахаба момун кызматчыларын баалайт

Жахаба момун кызматчыларын баалайт

«Жахаба... момунду көрүп турат» (ЗАБ. 138:6).

48-ЫР: Дайыма Жахабанын жолунда жүрөлү

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Жахаба момун адамдарга кандай карайт? Түшүндүр.

ЖАХАБА момун адамдарды жакшы көрөт. Чындап момундар гана аны менен жекече ынак мамиле өрчүтө алышат. «Ал эми бой көтөргөндү [Жахаба] алыстан эле билет» (Заб. 138:6). Баарыбыз эле Жахабага жагууну, анын сүйүүсүнө бөлөнүүнү каалайбыз. Андыктан момундук сапатын өрчүтүүгө бизде орчундуу себептер бар.

2. Бул макалада эмнени талкуулайбыз?

2 Биз бул макалада үч суроону талкуулайбыз: 1) Момундук деген эмне? 2) Аны эмне үчүн өрчүтүшүбүз керек? 3) Кандай учурларда момундугубуз сыналат? Ошондой эле момун болгонубуз өзүбүзгө эле жакшы экенин жана Жахабанын жүрөгүн кубантарын билебиз (Накыл 27:11; Ыш. 48:17).

МОМУНДУК ДЕГЕН ЭМНЕ?

3. Момундук деген эмне?

3 Момундук бул өзү жөнүндө жогору ойдо болбоону жана текебердиктен же бой көтөрүүчүлүктөн алыс болууну билдирет. Ыйык Китепте айтылгандай, андай киши Жахабанын андан алда канча улуу экенин жана башкалар кайсы бир жагынан андан жогору турарын түшүнөт (Флп. 2:3, 4).

4, 5. Эмне үчүн адамдын момун же момун эмес экенин сыртына карап айта албайбыз?

4 Кээ бирлер сыртынан эле момун болуп көрүнөт. Балким, алар тартынчаак болушу же алган тарбиясынан улам башкаларды урматташы, сылык-сыпаа мамиле кылышы мүмкүн. Бирок жүрөгүндө аябай текебер болушу ыктымал. Эртеби, кечпи, андай адамдардын чыныгы жүзү ачылат (Лк. 6:45).

5 Ал эми өзүн ишенимдүү алып жүргөн же оюндагысын ачык айткан адамдардын баары эле сөзсүз түрдө текебер боло бербейт (Жкн. 1:46, 47). Анткен менен ачык-айрым жүргөндөр бой көтөрүп кетпеш үчүн өздөрүнүн шык-жөндөмүнө таянуудан сак болушу кажет. Сөзмөр, жөндөмдүү болобузбу же жокпу, баарыбыз момундукту өрчүтүү үчүн бүт күч-аракетибизди жумшашыбыз керек.

Элчи Пабыл момун болгондуктан өзү жөнүндө жогору ойдо болгон эмес (6-абзацты карагыла) *

6. 1 Корунттуктар 15:10дон көрүнүп тургандай, элчи Пабыл момун болуу жагынан кандай үлгү калтырган?

6 Элчи Пабылдын үлгүсүн карап көрөлү. Жахаба аны колдонуп, улам бир шаарда жаңы жыйналыштарды уюштурган. Пабыл Иса Машаяктын башка элчилеринин баарына караганда кызматта көбүрөөк иштерди кылган. Бирок ал өзүн башка бир туугандардан өйдө көргөн эмес. Тескерисинче, момундук менен: «Мен элчилердин эң кичинесимин, атүгүл элчи деп аталууга да татыксызмын, анткени мурун Кудайдын жыйналышын куугунтуктап жүргөм»,— деген (1 Кор. 15:9). Анан өзүнүн жакшы сапаттарынын же иштеринин аркасында эмес, Жахабанын ырайымынын аркасында гана аны менен ынак мамиле өрчүтө алганын баса белгилеген. (Окугула: 1 Корунттуктар 15:10.) Ал момун болуу жагынан мыкты үлгү көрсөткөн. Корунттагы жыйналыштын айрым мүчөлөрү аны сындап, басынтышса да, ал жактагы ишенимдештерине кат жазганда өзүнүн кадыр-баркын көтөрүш үчүн жетишкендиктерин айтып мактанган эмес (2 Кор. 10:10).

Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү болуп кызмат кылган Карл Клейн момун бир тууган болгон (7-абзацты карагыла)

7. Жооптуу кызматты аткарган бир ишенимдешибиздин момун экени эмнелерден көрүнгөн?

7 Көзү тирүүсүндө бир нече жыл Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү болуп кызмат кылган Карл Клейндин өмүр баяны көптөгөн ишенимдештерибизге дем-шык берип келет. Карл бир тууган өмүр баянында өзүнүн кандай алсыздыктары, көйгөйлөрү менен күрөшкөнүн момундук менен ачык айтып берген. Мисалы, 1920-жылдары ал биринчи жолу үйдөн үйгө кабар айтууга катышкан. Бирок кызматтын бул түрү ал үчүн аябай кыйын сезилгендиктен эки жылдай ага катышпай койгон. Кийинчерээк Бейтелде кызмат кылып жүргөндө ага кеңеш берген бир тууганга бир нече убакыт таарынып жүргөн. Андан сырткары, стресстен жана тынчсыздануудан улам эмоциялык жактан ооруп калып, кийин кайра айыккан. Бирок ал көптөгөн маанилүү сыймыктуу жоопкерчиликтерди да аркалаган. Ошондой жооптуу кызматты аткарган бир тууганга өзүнүн алсыз жактарын ачык айтыш үчүн эмне деген момундук керек болгонун элестетип көрсөң! Көп ишенимдештерибиз Карл бир тууганды жана анын чынчылдык менен жазылган кызыктуу өмүр баянын жагымдуу сезимдер менен эскеришет *.

МОМУНДУКТУ ЭМНЕ ҮЧҮН ӨРЧҮТҮШҮБҮЗ КЕРЕК?

8. Момун болгонубуз Жахабага жагарын түшүнүүгө 1 Петир 5:6 кандайча жардам берет?

8 Момундукту өрчүтүүгө аракет кылганыбыздын эң эле орчундуу себеби ал Жахабага жагат. Мунун калетсиздиги элчи Петирдин сөздөрүнөн айкын көрүнүп турат. (Окугула: 1 Петир 5:6.) Анын айткандарына байланыштуу «Менин жолдоочум бол» деген китепте мындай делген: «Текебердик уу сыяктуу. Анын таасири өлүмгө алып барат. Адам канчалык шык-жөндөмдүү болбосун, бирок текебер болсо, ал Кудайдын алдында эч нерсеге татыбай калат. Ал эми момундук сапаты эң төмөн деп эсептелген адамдарды да Кудай үчүн баалуу кылат... Кудай сага да момундугуң үчүн батасын берүүнү каалайт» *. Ооба, биз үчүн Жахабанын жүрөгүн кубанткандан артык эмне бар?! (Накыл 23:15).

9. Момун болсок, эмне үчүн башкалар бизге тартылып турат?

9 Момундукту өрчүтсөк, Жахабага жаккандан тышкары, өзүбүз да көп жактан пайда алабыз. Мисалы, көптөр момун адамдарга жакын болот. Муну түшүнүш үчүн сага кандай адамдар менен мамилелешкен жагары тууралуу ойлонуп көрсөң (Мт. 7:12). Көбүбүз эле башкалардан дайыма өзүнө жаккандай иш кылууну талап кыла берген, эч кимдин сунушун кабыл албаган адамдар менен мамиле түзгөндөн качабыз. Ал эми: «Бири-бириңерге боор ооруу менен мамиле кылгыла, бир туугандык сүйүү көрсөткүлө, боорукер, момун болгула»,— деген кеңешке ылайык иш кылган ишенимдештерибиз менен мамилелешүү кадимкидей жан сергитет (1 Пет. 3:8). Демек, биз момун адамдарга тартылып тургандай эле, момун болсок, алар да бизге тартылып турат.

10. Момун болгонубуз жашообузду кандайча бир топ жеңилдетет?

10 Момундук жашообузду да бир топ жеңилдетет. Айтпаган менен болобу, биз адилетсиздиктей көрүнгөн окуяларга көп эле күбө болуп келебиз же өзүбүз да туш болобуз. Акылман Сулайман падыша: «Мен кулдардын ат минип, төрөлөрдүн кулдарга окшоп жөө жүргөнүн көрдүм»,— деген (Нас. 10:7). Ооба, абдан жөндөмдүү кишилер дайыма эле кадыр-баркка ээ боло беришпейт. Ал эми анча деле таланты, шыгы жок адамдарды кээде эл мактап-жактап, чоң урмат-сый көрсөтөт. Кандай болбосун, Сулайман адилетсиздиктей көрүнгөн нерселерге нааразы боло бербей, жашоону кандай болсо, ошондой кабыл алуу акылдуулукка жатарын түшүнгөн (Нас. 6:9). Эгер момун болсок, жашоодогу жагымсыз жагдайларга да туура көз карашта болуу оңоюраак болот.

КАНДАЙ УЧУРЛАРДА МОМУНДУГУБУЗ СЫНАЛАТ?

Ушу сыяктуу жагдайларда момундугубуз кантип сыналат? (11, 12-абзацтарды карагыла) *

11. Кеңеш берилгенде, эмне үчүн момундук талап кылынат?

11 Момундук көрсөтүүгө күн сайын көп мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Мисалга бир нече жагдайды алалы. Кимдир бирөө кеңеш бергенде. Эгер кимдир бирөө бизге кеңеш берсе, туура багыттан канчалык алыстап кеткенибизди өзүбүз байкабай калышыбыз мүмкүн экенин эстен чыгарбашыбыз керек. Андайда кеңешти дароо эле четке каккыбыз келиши мүмкүн. Балким, кеңеш берген кишини же анын кеңешти кантип бергенин сындап киришибиз ыктымал. Бирок момун болсок, көз карашыбызды оңдогонго аракет кылабыз.

12. Накыл сөздөр 27:5, 6га ылайык, кимдир бирөө бизге кеңеш бергенде, эмне үчүн ыраазы болушубуз керек? Мисал менен түшүндүр.

12 Момун киши кеңешти баалайт. Бир мисалга токтололу. Жыйналышка келгениңди элестетсең. Бир нече бир тууган менен сүйлөшүп турасың. Сүйлөшүп бүткөндөн кийин алардын бири сени четке алып чыгып, тишиңе тамак-аштын калдыгы туруп калганын акырын айтат. Андайда ыңгайсыз болоруң турган иш. Бирок анын айтып койгонуна абдан ыраазы болоруң да шексиз. Атүгүл башка бирөө эртерээк эле айтып койсо, жакшы болмок экен деп ойлошуң мүмкүн. Анын сыңарындай, ишенимдешибиздин кайраттуу болуп, бизге зарыл учурда кеңеш бергенине ыраазы боло билгенибиз аябай маанилүү. Аны кас эмес, дос көрүшүбүз керек. (Окугула: Накыл сөздөр 27:5, 6; Гал. 4:16.)

Башкалар сыймыктуу жоопкерчиликтерге ээ болгондо, эмне үчүн бизден момундук талап кылынат? (13, 14-абзацтарды карагыла) *

13. Башкалар сыймыктуу жоопкерчиликтерге ээ болгондо, кантип момундук көрсөтсөк болот?

13 Башкалар сыймыктуу жоопкерчиликтерге ээ болгондо. «Кимдир бирөө сыймыктуу жоопкерчиликке ээ болгондо, кээде: „Эмнеге мага тапшырышпайт?“ — деген ой кетет»,— дейт Жейсон аттуу аксакал. Сен да ушундай ойдо болдуң беле? Сыймыктуу жоопкерчиликке умтулуунун эч жаман жери жок (1 Тим. 3:1). Ошентсе да эмне жөнүндө ойлонуп жатканыбызга олуттуу көңүл бурушубуз керек. Эгер сак болбосок, жүрөгүбүздө текебердик өрчүп кетиши мүмкүн. Маселен, кайсы бир ага же ини белгилүү бир милдетти андан башка эч ким жакшы аткара албайт деп эсептеп алышы ыктымал. Же чындык жолундагы зайып: «Баланча бир тууганга караганда менин жолдошум бул ишти алда канча жакшыраак аткармак»,— деп ойлошу мүмкүн. Кандай болбосун, эгер чындап момун болсок, текебердиктен жаа бою качабыз.

14. Муса пайгамбардын башкаларга сыймыктуу жоопкерчиликтер тапшырылганда кандай жооп кайтарганынан эмнеге үйрөнсөк болот?

14 Муса пайгамбардын башкаларга сыймыктуу жоопкерчиликтер тапшырылганда кандай жооп кайтарганынан көп нерсеге үйрөнсөк болот. Ал ысрайыл элинин жол башчысы катары аткарган милдетин жогору баалачу. Бирок Жахаба башкаларга Мусанын милдеттерин аткарууга жол бергенде, Муса кандай сезимде болгон? Ал такыр ич күйдүлүк кылган эмес (Сан. 11:24—29). Момун болгондуктан Муса башкалардын аны менен бирге элге сот жүргүзүшүнө жол берген (Чыг. 18:13—24). Мунун аркасында сот жүргүзүүгө көбүрөөк киши дайындалгандыктан, ысрайылдыктарга ишинин каралышын көпкө чейин күтүп отуруу зарыл болбой калган. Мындан Мусанын өзүнүн жоопкерчиликтерин эмес, башкалардын жыргалчылыгын көбүрөөк ойлогону көрүнүп турат. Ал биз үчүн кандай гана сонун үлгү! Эгер чындап Жахабанын керегине жарагыбыз келсе, жөндөмдүүлүктөрүбүз эмес, момундугубуз алда канча маанилүү экенин эч качан унутпашыбыз керек. Анткени «Жахаба жогоруда болсо да, момунду көрүп турат» (Заб. 138:6).

15. Көптөгөн бир туугандардын жагдай-шарты кандайча өзгөргөн?

15 Жагдай-шартыбыз же дайындообуз өзгөргөндө. Акыркы жылдары Жахабага бир топ убакыттан бери кызмат кылып келаткан көптөгөн бир туугандар башка дайындоолорду алышты. Алсак, 2014-жылы облустук көзөмөлчүлөр менен алардын жубайлары толук убакыт кызматтын башка түрлөрүнө дайындалышты. Ошол жылдан тартып 70ке чыккандан кийин райондук көзөмөлчүлөр кызматын токтото турган болуп калды. Ал эми аксакалдар кеңешинин координатору болуп кызмат кылып келаткандар 80ге чыкканда же андан ашканда өз милдетин башкаларга өткөрүп беришет. Андан тышкары, акыркы бир нече жылдын ичинде көптөгөн бейтелдиктер талаа кызматына дайындалышты. Дагы башка бир туугандарга оорудан, үй-бүлөсүндөгү милдеттеринен же башка жагдай-шартынан улам атайын толук убакыт кызматын токтотууга туура келди.

16. Жаңы өзгөрүүлөрдү кабыл алууда ишенимдештерибиз кантип момундук көрсөтүшкөн?

16 Көптөгөн ишенимдештерибизге андай өзгөрүүлөрдү кабыл алуу оңой болгон жок. Алардын көбү бир топ жыл бою аркалап келген кызматын абдан жакшы көрүп калганы шексиз. Ошондуктан айрымдар жаңы дайындоосуна көнгүчө мурунку кызматын сагынып, кадимкидей «күйүт тартышкан». Бирок убакыттын өтүшү менен ылайыкташып кетишкен. Эмне үчүн? Биринчи кезекте аларга Жахабага болгон сүйүүсү жардам берген. Алар өмүрүн кайсы бир ишке, наамга же дайындоого эмес, Жахабага арнаганын жакшы түшүнүшкөн (Кол. 3:23). Андай бир туугандарыбыз, кандай дайындоо болбосун, андан ары да Жахабага момундук менен кызмат кыла берүүнү каалашат. Ошондой эле Жахабанын кам көрөрүнө бекем ишенгендиктен бардык түйшүктөрүн ага артышат (1 Пет. 5:6, 7).

17. Кудайдын Сөзүнүн бизге момундукту өрчүтүүгө түрткү берип жатканына эмне үчүн ыраазыбыз?

17 Кудайдын Сөзүнүн бизге момундукту өрчүтүүгө түрткү берип жатканына ыраазы эмеспизби?! Бул сонун сапатты өстүрүүгө умтула берсек, башкаларга да, өзүбүзгө да жакшы болот. Жашоодогу кыйынчылыктарды оңой көтөрүп кетебиз. Баарынан маанилүүсү, асмандагы Атабызга жакындайбыз. Ооба, ал «Жогорку Кудай, Улуу Даражалуу Кудай» болсо да, өзүнүн момун кызматчыларын жакшы көрөт жана жогору баалайт! (Ыш. 57:15).

45-ЫР: Жүрөгүмдөгү ойлорум

^ 5-абз. Биз өрчүтүшүбүз керек болгон абдан зарыл сапаттардын бири — момундук. Момундук деген эмне? Аны эмне үчүн өрчүтүшүбүз керек? Жагдай-шартыбыз же дайындообуз өзгөргөндө, момун бойдон калуу эмне үчүн кыйын? Бул макаладан ушул маанилүү суроолорго жооп алабыз.

^ 7-абз. Карагыла: «Күзөт мунарасы», 1984-жыл, 1-октябрь, 21—28-беттер, англ.; «Күзөт мунарасы», 2001-жыл, 1-май, 31-бет.

^ 53-абз. СҮРӨТ. Ишенимдешиникине барганда элчи Пабыл башкаларга, анын ичинде балдарга көңүл буруп, момундук көрсөтүүдө.

^ 57-абз. СҮРӨТ. Улуураак бир тууган жашыраак ишенимдешинин Ыйык Китепке негизделген кеңешин туура кабыл алууда.

^ 59-абз. СҮРӨТ. Жыйналыштагы сыймыктуу жоопкерчилигин аткарып жаткан жашыраак бир тууганга улуураак бир тууган көрө албастык кылган жок.