Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

38-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

«Мага келгиле. Мен силерди сергитем»

«Мага келгиле. Мен силерди сергитем»

«Мээнеттенгендер жана түйшүк тарткандар, баарыңар мага келгиле. Мен силерди сергитем» (МТ. 11:28).

17-ЫР: «Каалайм»

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Матай 11:28—30-аяттарга ылайык, Иса кандай убада берген?

ИСА аны угуп жаткан калың элге жүрөк козгоорлук убада берген. Ал: «Мага келгиле. Мен силерди сергитем»,— деген. (Окугула: Матай 11:28—30.) Бул жөн эле курулай убада болгон эмес. Мисалы, анын азаптуу оорудан жапа чегип келаткан бир аялга кандай жакшылык кылганын карап көрөлү.

2. Иса оорулуу аялга кандай жакшылык кылган?

2 Ал аял жардамга зар болчу. Дартынан сакайыш үчүн далай дарыгерге барып көргөн. Бирок эч жылыш болбой, 12 жыл бою азап тарткан. Анын үстүнө, Жахабанын Муса пайгамбар аркылуу берген Мыйзамына ылайык, таза эмес деп да эсептелчү (Леб. 15:25). Күндөрдүн биринде ал Исанын оорулууларды айыктырып жатканын угуп, аны издеп жөнөйт. Акыры, таап, сырт кийиминин этегине колун тийгизет да, ошол замат жакшы болуп калат! Бирок Иса аны айыктыргандан да көптү кылган. Ал аялга өзүн сүйүүгө, урмат-сыйга татыктуу экенин сезүүгө жардам берген. Алсак, аны менен сүйлөшүп жатканда Иса: «Кызым»,— деген жылуу сөздү колдонгон. Бул сөз түп нускада урмат-сыйды да чагылдырып турат. Ошондо аялдын канчалык сергип, дем-күч алганын элестетсеңер! (Лк. 8:43—48).

3. Кайсы суроолорго жооп алабыз?

3 Жогоруда айтылган аялдын демилгени колго алып, Исага өзү барганына көңүл бурсаңар. Бүгүнкү күндө да Исанын: «Мага келгиле»,— деген чакырыгын кабыл алыш үчүн өзүбүз күч жумшашыбыз керек. Албетте, азыркы убакта Иса эч кимди оору-сыркоолорунан кереметтүү түрдө айыктырбайт. Ошентсе да ал бизди: «Мага келгиле. Мен силерди сергитем»,— деп чакырууда. Бул макалада биз беш суроого жооп алабыз: Канткенде Исанын: «Мага келгиле»,— деген чакырыгын кабыл алган болобуз? Анын: «Менин моюнтуругумду алгыла»,—деген сөздөрү эмнени билдирет? Исадан эмнеге үйрөнө алабыз? Эмне үчүн анын бизге тапшырган иши жаныбызды сергитет? Исанын моюнтуругу бизди мындан ары да сергите бериши үчүн, эмне кылсак болот?

«МАГА КЕЛГИЛЕ»

4, 5. Исанын: «Мага келгиле»,— деген чакырыгын кабыл алуунун кандай жолдору бар?

4 Исанын: «Мага келгиле»,— деген чакырыгын кабыл алуунун бир жолу — анын айткан сөздөрү, кылган иштери тууралуу колубуздан келишинче тереңирээк билим алуу (Лк. 1:1—4). Муну биздин ордубузга эч ким кыла албайт; биз өзүбүз Ыйык Китепте Иса жөнүндө айтылгандарды изилдөөгө тийишпиз. Чөмүлгөндө жана Машаяктын шакирти болгондо да Исанын чакырыгын кабыл алган болобуз.

5 Исанын: «Мага келгиле»,— деген чакырыгын кабыл алуу жардамга муктаж болгонубузда аксакалдарга кайрылууну да билдирет. Иса ал «адам түрүндөгү белектерди» койлоруна кам көрүү үчүн колдонот (Эф. 4:7, 8, 11; Жкн. 21:16; 1 Пет. 5:1—3). Биз демилгени колго алып, алардан өзүбүз жардам сурашыбыз зарыл. Аксакалдар биздин эмне жөнүндө ойлонуп жатканыбызды, эмнеге муктаж экенибизди өздөрү эле билет деп ойлобошубуз керек. Жулиан деген ишенимдешибиздин эмне дегенин байкасаңар. Ал: «Ден соолугумдан улам бейтелдик кызматымды токтотууга туура келген. Ошондо досум аксакалдардан мага кайтаруучулук жолугууга келишин суранып көрүүнү сунуш кылган. Башында буга муктаж эмесмин деп ойлогом. Бирок кийинчерээк жардам сурап кайрылдым. Ошол жолугушуу мен үчүн жашоомдогу эң сонун белектердин бири болду»,— деген. Жулианга барган аксакалдардай эле, берилгендик менен кызмат кылган аксакалдар бизге «Машаяктын акылын» таанып-билүүгө, башкача айтканда, анын ой жүгүртүүсүн, көз карашын түшүнүп, аны чагылдырууга көмөк кылышат (1 Кор. 2:16; 1 Пет. 2:21). Бул — алардын ишенимдештерине бере ала турган эң мыкты белеги.

«МЕНИН МОЮНТУРУГУМДУ АЛГЫЛА»

6. Исанын: «Менин моюнтуругумду алгыла»,— деген сөздөрү эмнени билдирет?

6 Исанын: «Менин моюнтуругумду алгыла»,— деген сөздөрү: «Мага Жол башчыңар катары баш ийгиле»,— дегенди билдириши мүмкүн. Ал сөздөр: «Мени менен бир моюнтурукту кийгиле, анан Жахабага чогуу кызмат кылабыз»,— деген маанини да туюнтушу ыктымал. Кандай болбосун, моюнтурукту кийүү жан үрөп эмгек кылууну билдирет.

7. Матай 28:18—20-аяттарга ылайык, бизге кандай иш тапшырылган жана эмнеден шектенбесек болот?

7 Биз өмүрүбүздү Жахабага арнап, чөмүлгөндө Исанын: «Менин моюнтуругумду алгыла»,— деген чакырыгын кабыл алган болобуз. Бул чакырык баарына айтылууда. Иса Кудайга кызмат кылууну каалаган жүрөгү таза адамдардын бирин да четке какпайт (Жкн. 6:37, 38). Баарыбызга Жахаба Исага тапшырган ишти аткаруу сыймыгы ыйгарылган. Исанын дайыма биз менен болуп, ошол ишти аткарууга жардам берерине эч шектенбесек болот. (Окугула: Матай 28:18—20.)

«МЕНДЕН ҮЙРӨНГҮЛӨ»

Машаяктай болуп, башкаларды сергиткиле (8—11-абзацтарды карагыла) *

8, 9. Эмне үчүн момун адамдар Исага тартылып турган жана биз эмне деп ойлонуп көрүшүбүз керек?

8 Момун адамдар Исага тартылып турган (Мт. 19:13, 14; Лк. 7:37, 38). Эмне үчүн? Исанын фарисейлерден канчалык айырмаланганына токтолсок. Фарисейлер мерез, текебер болушкан (Мт. 12:9—14). Ал эми Иса мээримдүү, момун болгон. Фарисейлер атак сүйгөн, жогорку абалына маашырканган кишилерден болушкан. Иса болсо атак сүйүүчүлүктү четке каккан жана шакирттерин өздөрүн карапайым кулдардай көрүүгө үйрөткөн (Мт. 23:2, 6—11). Фарисейлер элди коркутуп-үркүтүп, өздөрүнө кыңк эттирбей баш ийдиришкен (Жкн. 9:13, 22). Ал эми Иса башкаларды жакшы иштери, жылуу сөздөрү менен сергиткен.

9 Бул жагынан Исадан үлгү алабызбы? «Мени башкалар мүнөзү жумшак жана момун адам катары билишеби? Аларга кызмат кылыш үчүн жөнөкөй деп эсептелген иштерди кылууга даярмынбы? Башкаларга жылуу-жумшак мамиле кыламбы?» — деп ойлонуп көргүлө.

10. Иса кызматташтарына кандай мамиле кылган?

10 Иса кызматташтарына аны менен эмгектенүү жагымдуу болушуна, ортодо тынчтык өкүм сүрүшүнө аракет кылган жана аларды кубаныч менен окутуп-үйрөткөн (Лк. 10:1, 19—21). Оюн билгиси келгендиктен шакирттерине суроолорду берчү (Мт. 16:13—16). Натыйжада, алар, жакшы сугарылган бакчадагы өсүмдүк сыңары, гүлдөп-өсүшкөн. Исанын насааттарын дилине сиңирип алгандыктан алар жакшы иштерди кылууда мол жемиш беришкен.

Жөнөкөй, кайрылууга оңой адам болгула

Жигердүү жана ынталуу болгула

Момун жана эмгекчил болгула *

11. Эмне деп ойлонуп көрүшүбүз керек?

11 Силер кандайдыр бир бийликке ээсиңерби? Ошондой болсо: «Жумуштагыларга, үйдөгүлөргө кандай мамиле кылам? Тынчтык өкүм сүрүшүнө шарт түзөмбү? Башкалар мага суроо бергенден тартынбайбы? Алардын оюн укканга дилгирминби?» — деп ойлонуп көргүлө. Эч кимибиз оюна кошулбагандарга ачууланган, көз карашы алардыкынан айырмалангандарды куугунтуктаган фарисейлердей болгубуз келбейт (Мр. 3:1—6; Жкн. 9:29—34).

«ЖАНЫҢАР СЕРГИЙТ»

12—14. Иса тапшырган ишти аткаруу эмне үчүн сергитет?

12 Иса тапшырган ишти аткаруу бизди эмне үчүн сергитет? Мунун бир нече себеби бар. Келгиле, алардын айрымдарына токтололу.

13 Биздин эң жакшы көзөмөлчүлөрүбүз бар. Ааламдын Эгедери болсо да, Жахаба катаал мамиле кылган, жакшылыкты баалабаган башчы эмес. Ал эмгегибизди жогору баалайт (Евр. 6:10). Милдеттерибизди аркалай алышыбыз үчүн, бизге зарыл күч берет (2 Кор. 4:7; Гал. 6:5). Падышабыз Иса да бийлигин туура колдонуу жагынан эң мыкты үлгү көрсөтүүдө (Жкн. 13:15). Бизге кам көргөн аксакалдар да «улуу койчусун» Исаны туурашат (Евр. 13:20; 1 Пет. 5:2). Алар жыйналышты жетектөөдө жана коргоодо боорукер, кайраттуу болууга, бекемдеп-кубаттоого умтулушат.

14 Биз эң мыкты досторго ээбиз. Эч кимдин биздикиндей берилген достору жок жана эч ким биздей болуп канааттануу тартуулаган иш менен алектенбейт. Бул тууралуу ойлонуп көрсөңөр: биз бийик адеп-ахлак нормаларына карманган, бирок ошондон улам адилсинбеген бир туугандар менен кызматташабыз. Алар жөндөмдүү болушса да, мактанышпайт жана башкаларды өздөрүнөн жогору коюшат. Алар бизди кызматташтары эле эмес, достору катары көрүшөт. Ортодогу достук түйүнү ушунчалык бекем болгондуктан, алар атүгүл биз үчүн өмүрүн берүүгө да даяр!

15. Биз аткарып жаткан ишке кандай карашыбыз керек?

15 Эң сонун иш менен алекпиз. Биз адамдарга Жахаба жөнүндөгү чындыкты айтып, Ибилистин жалганчы экенин далилдейбиз (Жкн. 8:44). Шайтан ар кандай жалган ойлор аркылуу адамдарды үмүтсүздүккө дуушар кылып келет. Маселен, ал бизди Жахаба күнөөлөрүбүздү кечирбейт, бизди сүйбөйт дегенге ишендирүүнү каалайт. Бул адамдын жан дүйнөсүн бүлгүнгө учурата турган кандай гана коркунучтуу калп! Анткени Машаяктын: «Мага келгиле»,— деген чакырыгын кабыл алган адамдын күнөөлөрү кечирилет. Дагы бир талашсыз чындык — Жахаба ар бирибизди аябай жакшы көрөт! (Рим. 8:32, 38, 39). Ырас, башкаларды Жахабага таянууга үйрөтүүдөн жана алардын жакшы жакка өзгөрүп жатканын көрүүдөн артык кубаныч барбы?!

ИСАНЫН МОЮНТУРУГУ СИЛЕРДИ МЫНДАН АРЫ ДА СЕРГИТЕ БЕРСИН

16. Иса бизди көтөрүүгө үндөгөн жүк биз көтөрүп жүрүшүбүз керек болгон башка жүктөрдөн эмнеси менен айырмаланат?

16 Иса бизди көтөрүүгө үндөгөн жүк биз көтөрүп жүрүшүбүз керек болгон башка жүктөрдөн кыйла айырмаланат. Мисалы, көптөр жумушта бир күн кечке иштеп, үйгө бутун тарта албай келишет, эч кандай канааттануу да алышпайт. Ал эми Жахабага жана Машаякка кызмат кылып келсек, терең кубанычты сезебиз. Же болбосо жумуштан кийин кечинде суй жыгыла чарчагандыктан жыйналышка өзүбүздү кыйнап барууга туура келет. Бирок жыйналыштан көбүнчө жаныбыз сергип, күч-кубатка толуп кайтабыз. Кызматка чыгуу же Ыйык Китепти өз алдынча изилдөө тууралуу да ушуну айтууга болот. Буга күч-аракет жумшоого туура келсе да, жаныбыз сергип, кубаттанып калабыз.

17. Эмнени моюнга алышыбыз жана эмнеге кылдат көңүл бурушубуз керек?

17 Биз күчүбүздүн чектелүү экенин моюнга алышыбыз керек. Бул аны эмнеге коротуп жатканыбызга кылдат көңүл бурушубуз керектигин билдирет. Мисалы, күчүбүздү дүнүйө-мүлк топтоого жумшап жатышыбыз мүмкүн. «Түбөлүк өмүрдү мурасташ үчүн эмне кылышым керек?» — деп сураган бай жигитке Исанын эмне деп жооп бергенине көңүл бурсаңар. Ал буга чейин Мыйзамга баш ийип келген. Ошондой эле жакшы адам болгон көрүнөт, анткени Марктын Инжилинде Исанын аны «жакшы көргөнү» баса белгиленет. Иса ага: «Колуңда болгондун баарын сатып,.. анан келип, менин жолдоочум бол»,— деген. Жигит ал чакырыкты кабыл алууну каалаган. Бирок «мал-мүлкү абдан көп» болгондуктан, андан баш тарта албай калган көрүнөт (Мр. 10:17—22). Натыйжада ал Исанын моюнтуругун четке кагып, байлыкка кул бойдон кала берген (Мт. 6:24). Анын ордунда болсоңор, силер эмне кылат элеңер?

18. Маал-маалы менен эмне кылып турганыбыз зарыл жана эмне үчүн?

18 Маал-маалы менен жашоодо эмнелер биринчи орунда турары жөнүндө ой жүгүртүп турушубуз керек. Эмне үчүн? Ошондо күчүбүздү акылдуулук менен колдонуп жаткан-жатпаганыбызга ынанып турабыз. Марк деген ишенимдешибиз мындай дейт: «Көп жылдар бою жөнөкөй эле жашап жатам деп ойлоп келгем. Пионер болуп кызмат кылчумун. Бирок убактымдын, күчүмдүн көбүн эч нерседен кем болбой жашаш үчүн көбүрөөк акча табууга жумшачумун. Бир убакта жашоомдун эмне үчүн оор түйшүккө айланып калганы тууралуу ойлоно баштадым. Анан биринчи кезекте өз кызыкчылыгымды көздөп, Жахабага болсо ошондон арткан убактымды, күчүмдү берип жатканымды түшүндүм». Бактыга жараша, Марк Жахабага көбүрөөк кызмат кылыш үчүн ой жүгүртүүсүн, жашоо мүнөзүн өзгөрткөн. «Кээде акчаны ойлоп, сарсанаа болбой койбойм. Бирок Жахабанын жардамы жана Исанын колдоосу менен бүт көңүлүмдү кызматка топтоп жатам»,— дейт Марк.

19. Туура көз караш сактоо эмне үчүн маанилүү?

19 Исанын моюнтуругунан мындан ары да сергитүү алыш үчүн үч нерсени кылышыбыз керек. Биринчиден, туура көз караш сактагыла. Биз Жахабанын ишин кылып жатабыз, андыктан ал ишти Жахаба каалагандай кылуу маанилүү. Биз тек гана жумушчуларбыз, Жахаба болсо — биздин Кожоюнубуз (Лк. 17:10). Эгер ал тапшырган ишти өз билгенибиздей кылууга аракет кылсак, өзүбүз эле кыйналабыз. Моюнтурук салынган күчтүү бука да, эгер каалаган багытына умтула берсе же кожоюнуна баш ийбей, жулкунуп-улкуна берсе, өзүнө зыян келтириши же алдан-күчтөн тайышы мүмкүн. Ал эми Жахабанын жетекчилигине баш ийсек, колубуздан келбегендей сезилген иштерди да бүтүрөбүз жана кандай тоскоолдук болбосун, баарын жеңип кетебиз. Анын эркинин аткарылышына эч нерсе тоскоолдук кыла албай турганын эч качан унутпагыла (Рим. 8:31; 1 Жкн. 4:4).

20. Эмне үчүн туура ниет менен кызмат кылышыбыз керек?

20 Экинчиден, туура ниет менен кызмат кылгыла. Биздин максатыбыз — мээримдүү Атабыз Жахабаны даңктоо. Ач көз болгондуктан же өз кызыкчылыгын көздөгөндүктөн 1-кылымдагы айрым адамдар көп өтпөй эле кубанычын жоготуп, Исанын моюнтуругун чечип салышкан (Жкн. 6:25—27, 51, 60, 66; Флп. 3:18, 19). Алардан айырмаланып, Кудайды жана башкаларды чын ыкластан жакшы көргөндөр Исанын моюнтуругун жердеги өмүрүнүн аягына чейин кубанып кийип жүрүшкөн жана аны менен асманда башкарууга болгон үмүтүн тирүү сакташкан. Ырас, биз да, алардан үлгү алып, Исанын моюнтуругун туура ниет менен кийип жүрсөк, чындап бактылуу болобуз.

21. Матай 6:31—33-аяттарга ылайык, эмнеге бекем ишенсек болот?

21 Үчүнчүдөн, Жахабанын дайыма колдоп турарына бекем ишенгиле. Биз жан аябастыкты, оор эмгекти талап кылган өмүр жолун тандаганбыз. Иса куугунтукталарыбызды алдын ала эскерткен. Бирок Жахабанын бардык кыйынчылыктарды көтөрүп кетүүгө күч берерине бекем ишенсек болот. Кыйынчылыктарга канчалык көп туруштук берсек, ошончолук күчтүү боло беребиз (Жкп. 1:2—4). Биз Жахабанын зарыл нерселер менен камсыз кыларына, Исанын бизге Койчу катары кам көрөрүнө жана ишенимдештерибиздин бизди бекемдеп турарына да эч шектенбесек болот. (Окугула: Матай 6:31—33; Жкн. 10:14; 1 Тес. 5:11.) Арийне, бизде кыйынчылыктар менен күрөшүүгө керек болгон нерселердин баары бар.

22. Эмненин аркасында бактылуу болобуз?

22 Иса сакайткан аял айыккан күнү эле жаны сергип, кубанычка бөлөнгөн. Бирок ал Машаяктын берилген шакирти болгондо гана түбөлүккө сергитүү ала бермек. Кандай деп ойлойсуңар, ал эмне кылган? Эгер Исанын моюнтуругун кийген болсо, зор сыймыкка — асманда Иса менен башкаруу — сыймыгына ээ болмок. Ошол сыйлыгы Машаяктын жолун жолдош үчүн барган курмандыктарынын баарынан ашып түшмөк. Асманда түбөлүк жашоого үмүттөнөбүзбү же жердеби, кандай болбосун, ар бирибиз Исанын: «Мага келгиле»,— деген чакырыгын кабыл алганыбыз үчүн кандай гана бактылуу болобуз!

13-ЫР: Машаяк бизге үлгү

^ 5-абз. Иса бизди: «Мага келгиле»,— деп чакырууда. Бул чакырыкты кабыл алуу өз ичине эмнени камтыйт? Бул макалада ушул суроого жооп берилет, ошондой эле Машаяк менен чогуу иш кылуу бизди кандайча сергитери талкууланат.

^ 60-абз. СҮРӨТ. Иса элди ар кандай жолдор менен сергиткен.

^ 66-абз. СҮРӨТ. Исадан үлгү алып, ишенимдешибиз башкаларды ар кандай жолдор менен сергитүүдө.