Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

39-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

«Эбегейсиз көп адамдар» деген кимдер?

«Эбегейсиз көп адамдар» деген кимдер?

«Андан кийин карап, эч ким санай албаган эбегейсиз көп адамдарды көрдүм... Ал адамдар тактынын жана Козунун алдында... турушуптур» (АЯН 7:9).

60-ЫР: Тил алгандар куткарылат

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Болжолу б.з. 95-жылы элчи Жакан кандай жагдайга туш болгон?

БОЛЖОЛУ б.з. 95-жылы элчи Жакан кыйын жагдайга туш болгон. Жашы өр тартып калган ал элчи Патмос аралында сүргүндө жүргөн жана андан башка элчилердин баарынын көзү өтүп кеткен эле (Аян 1:9). Мындан тышкары, ага чындыктан четтегендердин жыйналыштарга ар кандай жалган окууларды жайылтып, аларды бөлүп-жарып жатканы маалым болчу. Ошондон улам ага Исанын чыныгы жолдоочулары биротоло жок болуп кетчүдөй көрүнгөн (Жүй. 4; Аян 2:15, 20; 3:1, 17).

Элчи Жакан аян аркылуу узун ак кийим кийген жана колдоруна курма дарагынын бутактарын кармап турган «эбегейсиз көп адамдарды» көргөн (2-абзацты карагыла)

2. Аян 7:9—14-аяттардан көрүнүп тургандай, элчи Жакан жүрөк толкутарлык, пайгамбарлык мааниге ээ болгон кандай аян көргөн? (Мукабадагы сүрөттү карагыла.)

2 Ошондой оор учурда Жакан пайгамбарлык мааниге ээ болгон, жүрөк толкутарлык аян алган. Ал аянда бир периште башка төрт периштеге «Кудайыбыздын кулдарына» соңку мөөр басылганга чейин улуу алааматтын кыйратуучу шамалдарын кармап турууну айткан (Аян 7:1—3). Ал кулдар Иса менен асманда башкара турган 144 000ди түзөт (Лк. 12:32; Аян 7:4). Андан соң элчи Жакан дагы башка топту көргөн. Алар ушунчалык көп болгондуктан ал таң кала мындай деген: «Андан кийин карап, эч ким санай албаган эбегейсиз көп адамдарды көрдүм. Ар бир элден, уруудан, улуттан чыккан, ар кандай тилдерде сүйлөгөн ал адамдар тактынын жана Козунун алдында... турушуптур». (Окугула: Аян 7:9—14.) Чыныгы Кудайга келечекте сансыз адамдардын сыйынарын билгенде Жакандын зор кубанычка бөлөнгөнү шексиз.

3. а) Жакан көргөн аян кандайча биздин да ишенимибизди бекемдейт? б) Бул макаладан эмнелерди билебиз?

3 Көргөн аяны Жакандын ишенимин аябай бекемдеген болуш керек. Ал аян биздин ишенимибизди ого бетер бекемдейт. Себеби ал көз алдыбызда аткарылууда. Биз улуу алааматтан аман өтүп, жерде түбөлүк жашоого үмүттөнгөн миллиондогон адамдардын чогулуп жатканына күбө болуудабыз. Бул макаладан Жахабанын мындан 80 жылдан ашуун убакыт мурун эбегейсиз көп адамдардын кимдер экенин кантип ачып бергенин билебиз. Ошондой эле ал топтун эки өзгөчөлүгүнө — анын көптүгүнө жана дүйнөнүн булуң-бурчунан чогултулмактыгына — токтолобуз. Ал ойлор эбегейсиз көп адамдардын ишенимин бекемдээри бышык.

«ЭБЕГЕЙСИЗ КӨП АДАМДАР» КАЯКТА ЖАШАЙТ?

4. Христиан дүйнөсү Ыйык Китептеги кайсы чындыкты окутпайт, ал эми Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр буга карата кандай көз карашта болгон?

4 Жалпы жонунан христиан дүйнөсү тил алчаак адамдар жерде түбөлүк жашай турганы жөнүндөгү Ыйык Китептеги чындыкты окутушпайт (2 Кор. 4:3, 4). Бүгүнкү күндө христиан диндеринин көбү жакшы адамдардын баары өлгөндөн кийин асманга кетет деп окутат. Ал эми 1879-жылдан тартып «Күзөт мунарасы» журналын чыгарып келаткан Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн * чакан тобу буга карата такыр башка көз карашта болушчу. Алар Кудайдын жерди кайрадан Бейишке айлантарына жана миллиондогон тил алчаак адамдардын асманда эмес, ушул эле жер бетинде жашаарына ишенишкен. Бирок алардын кимдер болорун айкын түшүнүш үчүн убакыт талап кылынган (Мт. 6:10).

5. Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр Исанын 144 000 жолдоочусуна байланыштуу эмнеге ишенишкен?

5 Албетте, Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр Ыйык Жазмадан Иса менен бирге башкарыш үчүн айрымдардын «жерден сатылып алынарын» да баамдашкан (Аян 14:3). Ал топ өзүн Кудайга арнаган, Исанын ынталуу жана жерде жашап жүргөндө ага ишенимдүүлүк менен кызмат кылган 144 000 жолдоочусунан турмак. Ал эми эбегейсиз көп адамдарга байланыштуу эмнеге ишенишкен?

6. Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр эбегейсиз көп адамдарга байланыштуу эмнеге ишенишкен?

6 Жакан эбегейсиз көп адамдардын «тактынын жана Козунун алдында» турганын көргөн (Аян 7:9). Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр ушул сөздөрдүн негизинде, 144 000ге окшоп, ал топ да асманда жашайт деген тыянакка келишкен. Эгер эки топ тең асманда жашай турган болсо, анда алар бири-биринен эмнеси менен айырмаланмак? Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр эбегейсиз көп адамдар, кыязы, жерде жашап жүргөн кезинде Кудайга толугу менен баш ийбеген, адеп-ахлак нормаларына карманганы менен, дагы деле христиан чиркөөлөрүнүн мүчөсү бойдон кала берген адамдардан болушкан деп эсептешкен. Алардын түшүнүгү боюнча, андайлар анча ынталуу болбогондуктан Иса менен бирге башкарышмак эмес. Кудайга болгон сүйүүсү күчтүү болбогондуктан, алар асманда тактыда отурбай эле, тактынын алдында турушмак.

7. Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн ишеними боюнча, Миң жылдык башкаруу учурунда жерде кимдер жашамак жана байыркы учурда жашаган ишенимдүү эркектер эмне болушмак?

7 Анда жер бетинде кимдер жашамак? Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр 144 000 жана эбегейсиз көп адамдар асманга чогултулгандан кийин, дагы башка миллиондогон адамдарга Машаяктын Миң жылдык башкаруусу төгө турган баталарга ээ болуш үчүн жер бетинде өмүр сүрүүгө жол ачылат деп эсептешкен. Алардын ишенгенине ылайык, алар Жахабага Машаяктын Миң жылдык башкаруусу башталганга чейин кызмат кылмак эмес. Тескерисинче, Жахаба тууралуу билимди Машаяктын Миң жылдык башкаруусу учурунда алышмак. Андан соң Жахабанын нормалары боюнча жашагандар жер бетинде түбөлүк өмүр сүрүшмөк, ал эми каршы чыккандар жок кылынмак. Андан тышкары, Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр жерде «төрөлөр» катары кызмат кыла тургандар, алардын ичинде Машаяк жерге келгенге чейин көз жумуп, бирок тирилтилген ишенимдүү эркектер Миң жылдык башкаруунун аягында асманда жашоо сыйлыгына ээ болушат деп ойлошкон (Заб. 45:16).

8. Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр кайсы үч топ бар деп ойлошкон?

8 Ошентип, Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр үч топ бар деп ойлошкон: 1) Иса менен асманда башкара турган 144 000; 2) анча ынталуу болбогон жана асманда Исанын тактысынын алдында тура турган эбегейсиз көп адамдар; 3) Миң жылдык башкаруу учурунда жер бетинде жашап, Жахабанын жолдоруна үйрөтүлө турган миллиондогон адамдар *. Бирок өз убагы келгенде Жахаба аларга муну айкыныраак кылып ачып берген (Накыл 4:18).

ЧЫНДЫКТЫН ЖАРКЫРАШЫ

1935-жылы болгон жыйында жер бетинде жашоого үмүттөнгөн көптөгөн адамдар чөмүлгөн (9-абзацты карагыла)

9. а) Эбегейсиз көп адамдар кандай мааниде «тактынын жана Козунун алдында... турмак»? б) Аян 7:9дун жаңыча түшүндүрүлүшү эмне үчүн акылга сыярлык деп айтууга болот?

9 Жакандын аянындагы эбегейсиз көп адамдардын чынында кимдерди билдирери 1935-жылы ачылып берилген. Жахабанын Күбөлөрү эбегейсиз көп адамдардын асманга барып, «тактынын жана Козунун алдында» түзмө-түз эмес, каймана мааниде турарын түшүнүшкөн. Жерде жашаса да, ал топ Жахабанын бийлигин кабыл алуу менен жана анын эгедерлигине баш ийүү менен «тактынын» алдында турушмак (Ыш. 66:1). Ал эми алардын «Козунун алдында» турганы Исанын куткаруу курмандыгына ишенгенин билдирген. Ыйык Китептеги дагы бир аятта жазылгандар да Аян 7:9дагы сөздөрдүн каймана мааниде айтылганын тастыктап турат. Матай 25:31, 32де «бүт элдердин», анын ичинде ыймансыздардын Исанын даңктуу тактысынын «алдына... чогултулары» айтылган. Ал элдердин баары асманда эмес, жерде эле болору айдан ачык. 1935-жылы айкын болгон бул чындык акылга сыярлык болгон. Ыйык Китепте эбегейсиз көп адамдардын асманга алынбай турганы эмне үчүн айтылбаганынын себеби да ушунда. Асманда түбөлүк жашоо сыйлыгы бир эле топко, тагыраак айтканда, Иса менен «жер үстүнөн падышалык кыла» турган 144 000ге гана берилмек (Аян 5:10).

10. Эмне үчүн эбегейсиз көп адамдар Жахаба жөнүндө Миң жылдык башкаруу башталганга чейин билим алышы керек болгон?

10 Ошентип, 1935-жылдан тартып Жахабанын Күбөлөрү Жакандын аянындагы эбегейсиз көп адамдар жерде түбөлүк жашоого үмүттөнгөн Исанын ишенимдүү жолдоочуларынан турган топту билдирерин түшүнүшкөн. Улуу алааматтан аман өтүш үчүн эбегейсиз көп адамдардан Машаяктын Миң жылдык башкаруусу башталганга чейин эле Жахаба жөнүндө билим алып, ага сыйына башташы талап кылынган. Алар Миң жылдык башкаруунун алдында «боло тургандарга кабылбаш үчүн» бекем ишеним өрчүтүшү керек болгон (Лк. 21:34—36).

11. Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр Миң жылдык башкаруунун соңунда айрымдар асманга тирилтилет деп эмнеден улам ойлошкон?

11 Машаяктын Миң жылдык башкаруусунун соңунда жердеги айрым үлгүлүү кишилердин асманга тирилмектиги жөнүндөгү түшүнүк тууралуу эмне айтууга болот? Бул божомолдоо «Күзөт мунарасынын» 1913-жылдын 15-февралындагы санында айтылган. Ошондон улам айрымдарда: «Эмне үчүн Кудайдын байыркы ишенимдүү кызматчылары тек гана жерди мураска алышат да, ал эми анча деле ынталуу кызмат кылбагандар асманга кетишет?» — деген сыяктуу суроолор туулса керек. Мындай көз караш эбегейсиз көп адамдар асманда жашайт жана алар Исанын анча ынталуу болбогон жолдоочуларынан турат деген эки жаңылыш түшүнүктөн улам пайда болгон.

12, 13. Майлангандар да, эбегейсиз көп адамдар да ала турган сыйлыгына байланыштуу эмнени түшүнүшөт?

12 Анткен менен, буга чейин билгенибиздей, 1935-жылы Жахабанын Күбөлөрү Армагедондон тирүү кала тургандар менен Жакандын аянындагы эбегейсиз көп адамдар бир эле топту билдирерин айкын түшүнүшкөн. Алар «улуу алааматтан аман өтүп», ушул эле жер бетинде жашашат жана үнүн бийик чыгарып: «Бизди тактыда отурган Кудайыбыз менен Козу куткарды»,— дешет (Аян 7:10, 14). Андан тышкары, Ыйык Китепте асмандагы жашоого тириле тургандар байыркы заманда жашаган ишенимдүү кишилерге караганда «жакшыраак нерсеге» ээ болору айтылган. Ошондон улам Жахабанын Күбөлөрү Кудайдын байыркы ишенимдүү кызматчылары асманда эмес, жерде жашаарын түшүнүшкөн (Евр. 11:40). Жаңы түшүнүк аларга башкаларды Жахабага кызмат кылып, жер бетинде түбөлүк өмүр сүрүү үмүтүнө ээ болууга ынталуулук менен чакырууга түрткү берген.

13 Эбегейсиз көп адамдар жерде жашоо үмүтүнө ээ болгонуна абдан кубанышат. Алар Исанын ишенимдүү жолдоочуларынын кимиси асманда, кимиси жерде кызмат кыларын Жахаба гана чечерин билишет. Майлангандар да, эбегейсиз көп адамдар да сыйлыкка Жахабанын куткаруу курмандыгы аркылуу көрсөтүлгөн улуу ырайымынын аркасында гана ээ боло аларын түшүнүшөт (Рим. 3:24).

ЖЕРДЕ ЖАШАЙ ТУРГАНДАРДЫН КӨПТҮГҮ

14. 1935-жылдан кийин эмне үчүн көптөр эбегейсиз көп адамдарга байланыштуу пайгамбарлык кантип аткарылат болду экен деп ойлонушкан?

14 1935-жылы Жахабанын элинин түшүнүгү айкын болгондон кийин көптөр жерде жашоого үмүттөнгөн бир ууч эле эл кантип калың топко айланат болду экен деп ойлонушкан. Мисалы, эбегейсиз көп адамдардын кимдер экени ачылып берилгенде, Рональд Паркин бир тууган 12 жашта болчу. Ал: «Ошол убакта дүйнө жүзү боюнча 56 000дей эле жарчы бар болчу, анан калса, алардын көбү майлангандар эле. Ошондуктан эбегейсиз көп адамдар анча деле көп болбочудай сезилген»,— деп эскерет.

15. Эбегейсиз көп адамдардын саны кантип өсүүдө?

15 Бирок ошондон кийинки жылдар аралыгында миссионерлер көп өлкөлөргө жөнөтүлгөндүктөн, Жахабанын Күбөлөрүнүн саны күн санап өсө баштаган. 1968-жылы ыйык китептик изилдөө өткөрүш үчүн «Түбөлүк өмүргө алпаруучу чындык» деген китеп колдонула баштаган. Анда Ыйык Китептеги чындыктар жөнөкөй түшүндүрүлгөндүктөн, Кудайдын жолуна көптөгөн момун адамдар тартылышкан. Төрт жылдын ичинде эле 500 000ден ашуун жаңы шакирт чөмүлгөн. Андан тышкары, Католик чиркөөсү Латын Америкасында жана башка өлкөлөрдө таасирин жогото баштаган, ошондой эле Чыгыш Европада, Африканын айрым өлкөлөрүндө ишибизге коюлган чектөөлөр алынган. Ошонун аркасында дагы миллиондогондор чындыкка келген (Ыш. 60:22). Ал эми акыркы жылдары Жахабанын уюму башкаларга Ыйык Китептин негизинде билим бериш үчүн көптөгөн натыйжалуу куралдарды чыгарып келет. Азыркы учурда чындап эле эбегейсиз көп адамдардын чогулганына шек жок. Анткени алардын саны сегиз миллиондон ашты.

ДҮЙНӨНҮН БУЛУҢ-БУРЧУНАН ЧОГУЛТУЛУШУ

16. Эбегейсиз көп адамдар каяктан чогултулмак?

16 Жакан өзү көргөн аян тууралуу жазганда эбегейсиз көп адамдардын «ар бир элден, уруудан, улуттан чыккан, ар кандай тилдерде сүйлөгөн» адамдардан болмоктугун белгилеген. Андан бир нече кылым мурун Закарыя да ушуга окшогон пайгамбарлык сөздөрдү айткан. Ал: «Ошол күндөрү ар кандай тилде сүйлөгөн элдерден, бардык элдерден он киши чыгып, бир жүйүттүн этегинен кармап, ага: „Биз силер менен барабыз, анткени Кудайдын силер менен экенин уктук“,— дешет»,— деп жазган (Зак. 8:23).

17. Бардык улуттардан чыккан, ар кандай тилде сүйлөгөн адамдарга жардам бериш үчүн кандай иштер кылынууда?

17 Жахабанын Күбөлөрү, ар кандай тилде сүйлөгөн адамдар чогулушу үчүн, жакшы кабардын алардын тилинде жарыяланышы керектигин түшүнүшкөн. Биз Ыйык Китепке негизделген, изилдөөгө арналган адабияттарды 130 жылдан ашуун убактан бери которуп келатабыз. Анткен менен азыркы тапта котормо иши тарыхта болуп көрбөгөндөй күч алып, материалдар жүздөгөн тилдерге чыгарылууда. Ооба, Жахаба бүгүнкү күндө бардык улуттардан эбегейсиз көп адамдарды чогултуп, укмуштуудай керемет кылууда. Рухий тамак барган сайын көп тилде жеткиликтүү болгондуктан, дүйнөнүн чар тарабында жашаганына карабай, миллиондогондор Жахабага биримдикте сыйынууда. Алар ынталуу кабар айтканы жана бир туугандык сүйүүсү менен да белгилүү. Мунун баары ишенимибизди кандай гана бекемдейт! (Мт. 24:14; Жкн. 13:35).

ЖАКАНДЫН АЯНЫ БИЗ ҮЧҮН КАНДАЙ МААНИГЕ ЭЭ?

18. а) Ышая 46:10, 11де айтылгандай, эбегейсиз көп адамдарга байланыштуу пайгамбарлыктын аткарылып жатканына эмне үчүн таң калбайбыз? б) Жерде жашоого үмүттөнгөндөр эмне үчүн өздөрүн бир нерседен куру калгандай сезишпейт?

18 Эбегейсиз көп адамдар жөнүндөгү пайгамбарлыктын маанисин билгенибизге кандай гана кубанабыз! Биз Жахабанын ал пайгамбарлыкты ушундай кереметтүү жол менен аткарып жатканына таң калбайбыз. (Окугула: Ышая 46:10, 11.) Эбегейсиз көп адамдар Жахабанын аларга берген үмүтү үчүн абдан ыраазы. Алар Иса менен асманда башкарыш үчүн Кудайдын ыйык руху менен майланбаса да, өздөрүн бир нерседен куру калгандай сезишпейт. Ыйык Китепте ыйык рух жетектеген көптөгөн ишенимдүү эркектер менен аялдар тууралуу айтылат. Анткен менен алар 144 000ге киришпейт. Алардын бири — Чөмүлдүрүүчү Жакан (Мт. 11:11). Дагы башкасы — Дөөтү падыша (Элч. 2:34). Алар жана башка сансыз адамдар жер бетиндеги бейишке тирилет. Эбегейсиз көп адамдар менен бирге аларга Жахабага жана анын эгедерлигине берилгендик көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берилет.

19. Жакандын эбегейсиз көп адамдар жөнүндөгү аянынын аткарылып жатканын түшүнгөнүбүз бизге эмне кылууга түрткү берет?

19 Кудай бардык улуттардан миллиондогон адамдарды ага биримдикте сыйыныш үчүн чогултуп жатат. Мындай нерсе адамзат тарыхында эч качан болгон эмес. Асманда жашоого үмүттөнөбүзбү же жердеби, мүмкүн болушунча көптөргө «башка койлорго» кирген эбегейсиз көп адамдарга кошулууга жардам беришибиз керек (Жкн. 10:16). Жакында, Жахаба алдын ала айткандай, улуу алаамат болот. Ошондо адамзатты эзип келген өкмөттөр менен диндер жок кылынат. Эбегейсиз көп адамдардын ар бири зор сыймыкка — Жахабага жер бетинде түбөлүктөн түбөлүккө кызмат кылуу сыймыгына — ээ болушат (Аян 7:14).

139-ЫР: Жаңы дүйнөдө сен да бол

^ 5-абз. Бул макалада Жакан көргөн «эбегейсиз көп адамдар» жөнүндөгү аянды талкуулайбыз. Ал аян ошол топко киргендердин баарынын ишенимин бекемдээри шексиз.

^ 4-абз. Жахабанын Күбөлөрү мурда ушинтип аталчу.

^ 8-абз. Карагыла: «Жахабанын Күбөлөрү — Кудайдын Падышалыгынын жарчылары», 159—163-б., ор.