Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Ыйык Китепте Жахабанын келечекти көрө билүү жөндөмү жөнүндө эмне делет?

Ыйык Китепте Жахабанын келечекти алдын ала айта алары так-даана жазылган (Ыш. 45:21). Бирок анда анын муну кантип, качан кылары же канчалык деңгээлде билүүнү туура көрөрү жөнүндө майда-чүйдөсүнө чейин айтылбайт. Андыктан Жахабанын келечекти көрө билүү жөндөмү тууралуу бардык нерсени биле албайбыз. Анткен менен буга байланыштуу бир нече ойду эске алсак болот.

Жахаба кааласа, баарын алдын ала көрө алат. Бирок ал өзүнө чек коёт. Акылы түгөнгүс болгондуктан ал эмнени кааласа, ошонун баарын алдын ала айта алат (Рим. 11:33). Бирок ал өзүн толугу менен кармай билгендиктен кээ бир окуялардын кандай өрчүй турганын алдын ала билбей эле коюну чечет. (Салыштыр: Ышая 42:14.)

Жахаба өзүнүн эркинин аткарылышына шарт түзүп коё алат. Мунун анын келечекти көрө алганына кандай тиешеси бар? Ышая 46:10до мындай деп түшүндүрүлөт: «Мен аягында эмне болорун башынан эле айтам, боло элек нерселерди байыртан бери айтып келем. „Ой-ниетим аткарылат, эмнени кааласам, ошону ишке ашырам“,— дейм».

Демек, Жахаба окуяларды көзөмөлдөгөнгө кудурети жеткендиктен келечекте эмне болорун так айта алат. Келечекти билиш үчүн ага, мындайча айтканда, окуяларды түрдүрүп көрүп, алардын кандай өрчүй турганын, аягы эмне болуп бүтөрүн көрүүнүн зарылдыгы жок. Ал кайсы бир окуя качан болорун алдын ала өзү белгилеп, анан ошол убакыт келгенде анын болушуна шарт түзөт (Чыг. 9:5, 6; Мт. 24:36; Элч. 17:31).

Ошол себептен Ыйык Китепте Жахабанын айрым окуяларды алдын ала айтканы жөнүндө сөз болгондо «чечип койгом», «ниет кылгам», «ойлогон оюм» деген сыяктуу сөздөр колдонулган (2 Пад. 19:25; Ыш. 46:11). Түп нускадан которгондо бул сөздөр «карапачы» деген сөзгө маанилеш (Жер. 18:2—4). Колунан көөрү төгүлгөн карапачы чопону калыптап, кооз кумура жасай алгандай эле, Жахаба өзүнүн ой-ниетин аткарыш үчүн окуялардын жүрүшүн өзү каалаган нукка салып, калыптап коё алат (Эф. 1:11).

Жахаба адамдардын өз алдынча чечим чыгаруу эркиндигин сыйлайт. Ал ар бир адамдын тагдырын маңдайына жазып койбойт. Ошондой эле ак ниет адамдарга жаман иш кылдыртып, жок болуп кетишине себепкер болбойт. Ал ар бир кишиге өз жолун өзү тандаганга жол берет. Ошол эле учурда туурасын тандоого үндөйт.

Эки мисалга көңүл буралы. Биринчиси, Нинебинин тургундарына байланыштуу. Жахаба Нинеби шаарынын жок болорун алдын ала айткан. Себеби анын тургундарынын ыймансыздыгы чектен ашып кеткен. Бирок нинебиликтер өкүнгөндө, Жахаба аларга «алаамат жиберем деген оюнан кайтып, алаамат жиберген» эмес (Жун. 3:1—10). Анткени нинебиликтер өз алдынча чечим чыгаруу эркиндигин туура колдонушкан. Тагыраак айтканда, Жахаба жиберген пайгамбарга кулак кагып, кылган иштери үчүн өкүнүшкөн. Ошондуктан Жахаба оюн өзгөрткөн.

Экинчи мисал Персияны башкарган Кореш падышага байланыштуу. Пайгамбарлыкка ылайык, ал жүйүттөрдү туткундан бошотуп, Жахабанын ибадатканасын кайра курууга буйрук бермек (Ыш. 44:26—45:4). Кореш ошол пайгамбарлыкты аткарган (Эзра 1:1—4). Бирок ал чыныгы Кудайга сыйынган киши болгон эмес. Жахаба айткандарын аткарыш үчүн Корешти колдонсо да, анын кимге сыйынышты чечерине кийлигишкен эмес (Накыл 21:1).

Албетте, бул макалада Жахабанын келечекти алдын ала көрө билүү жөндөмү жөнүндө баары айтылган жок. Чынында, бир да киши Жахабанын кантип ой жүгүртөрүн, кандай иш кыларын толук түшүнө албайт (Ыш. 55:8, 9). Ошентсе да Жахаба ачып берген маалыматтар анын дайыма, анын ичинде келечекти алдын ала айтканда да туура иш кыларына ишенгенге жардам берет.