Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Билесиңби?

Билесиңби?

Эмне үчүн Ыйык Китепте айрым сөздөр кайталана берет?

ЫЙЫК КИТЕПТИ жазгандар кээде айрым сөз айкаштарын кайталап жазышчу. Мунун үч себебин карап көрөлү.

Ыйык Китеп жазылган убакыт. Байыркы ысрайылдыктардын көбүндө Мыйзамдын көчүрмөсү жок болчу. Ошондуктан алар Мыйзамды угуш үчүн көбүнчө ыйык чатырдын алдына чогула турган (Мыйз. 31:10—12). Алар калың элдин арасында бир нече саат бою туруп алып уккандыктан алаксышы мүмкүн эле (Нек. 8:2, 3, 7). Ошондой учурларда негизги сөз айкаштарынын кайра-кайра кайталанышы элге эстеп калганга жана окулгандарды иш жүзүндө колдонгонго жардам бермек. Айрым сөздөрдүн кайталанышы, өзгөчө, маанилүү нерселерди, мисалы, Кудайдын көрсөтмөлөрү менен осуяттарын жаттап калганга жакшы шарт түзгөн (Леб. 18:4—22; Мыйз. 5:1).

Жазуу стили. Ыйык Китептин 10 пайыздайы, анын ичинде Забур, Сулаймандын ыры, Жеремиянын ыйы деген китептер ыр түрүндө жазылган. Айрым ырларда кайырмалар бар болчу. Алар ырдын негизги темасын баса белгилеп, сөздөрдү жаттап калганга жардам берчү. Забур 115:9—11-аяттарга көңүл бурсаңар. Ал жакта: «Оо, Ысрайыл, Жахабага таян, ал — сенин жардамчың, калканың. Арундун үйү, Жахабага таян, ал — сенин жардамчың, калканың. Жахабадан корккондор, Жахабага таянгыла, ал — силердин жардамчыңар, калканыңар»,— делген. Бул жердеги айрым сөздөрдүн кайталанганы ырчыларга баалуу ойлорду кан-жанына сиңиргенге жардам бергени шексиз.

Маанилүү осуяттардын баса белгилениши. Ыйык Китепти жазгандар мааниси терең айрым сөз айкаштарын кайра-кайра кайталашкан. Маселен, Жахаба ысрайылдыктарга кан жегенге тыюу салганда, Муса аны бир канча жолу кайталаган. Себеби Жахаба тирүү жандардын өмүрү канда экенин, тагыраак айтканда, кан өмүрдү билдирерин баса белгилегиси келген (Леб. 17:11, 14). Кийинчерээк Иерусалимдеги элчилер менен аксакалдар Кудайга жакпай калбаш үчүн эмнелерден качыш керек экенин айтканда кандан сак болуш керектигин дагы бир жолу эскертишкен (Элч. 15:20, 29).

Бирок Жахаба Ыйык Китептеги айрым сөз айкаштарын кайра-кайра кайталоону адатка айлантып алышыбызды каалаган эмес. Мисалы, Иса: «Тиленгенде. . . окшош эле нерселерди кайталай бербегиле»,— деген (Мт. 6:7). Ал Кудайдын эркине ылайык тилениш үчүн эмнелерди айтышыбыз керектигин сөз кылган (Мт. 6:9—13). Демек, биз бир эле сөздөрдү кайталап тиленбесек да, кайсы бир нерсени кайра-кайра сурап тилене алабыз (Мт. 7:7—11).

Ыйык рухтун жетеги менен жазылган Кудайдын Сөзүндө кээ бир сөздөрдүн жана сөз айкаштарынын кайталанышына жүйөлүү себеп бар. Бул — Улуу Насаатчыбыздын бизди окутуп-үйрөтүш үчүн колдонгон көптөгөн ыкмаларынын бири (Ыш. 48:17, 18).