ӨМҮР БАЯН
Жахаба «жолдорумду түздөп» келет
БИР ЖОЛУ бир жигит: «Сиздин эң жакшы көргөн аятыңыз кайсы?» — деп сурап калды. Шак эле: «Накыл сөздөр 3-бөлүм, 5, 6-аяттар. „Бүт жүрөгүң менен Жахабага таян, өз түшүнүгүңө ишеним артпа. Бардык жолдоруңда Кудайды эстеп жүр, ошондо ал сенин жолдоруңду түздөйт“,— деген сөздөр жагат»,— дедим. Ооба, Жахаба чынында эле жолдорумду түздөп келген. Кандайча экенин айтып берейин.
АТА-ЭНЕМ МЕНИ ТУУРА ЖОЛГО САЛГАН
Ата-энем чындык жолуна үйлөнгөнгө чейин, 1920-жылдары, түшкөн экен. Мен 1939-жылы Англияда туулгам. Жыйналышка ата-энем менен бала кезимен тартып эле бара баштагам. Кийинчерээк Теократиялык кызмат мектебине жазылдым. Биринчи тапшырмамды аткарганым күнү бүгүнкүдөй эсимде. Пюпитрден, жок дегенде, башым көрүнүп турушу үчүн, жашикке чыкканга туура келген. Алты жашта болчумун. Мени карап турган чоң кишилердин сүрүнөн калтырап-титиреп, аябай коркком.
Кабар айтып жүргөндө колдонушум үчүн атам мага кагазга жөнөкөй сунуштоо жазып берип койчу. Биринчи жолу үйдөн-үйгө жалгыз кабар айтканымда сегиз жашта болчумун. Бир киши колумдагы кагазды окуп, «Кудай чынчыл» деген китепти дароо алганда аябай сүйүнгөм. Кубанычымды койнума батыра албай шак эле көчөнүн башында жүргөн атама чуркап жөнөгөм. Кабар айткан, жыйналышка барган аябай жаккандыктан Жахабага толук убакыт кызмат кылгым келе баштаган.
Атам мени да «Күзөт мунарасына» өзүнчө жаздыртып койгондуктан, чындык барган сайын жүрөгүмдөн терең тамыр ала берди. Почтобузга келген ар бир санын баса калып окучумун. Жахабага болгон ишенимим уламдан-улам өрчүп, ага өмүрүмдү арноону чечтим.
1950-жылы үй-бүлөбүз менен Нью-Йоркто өткөрүлгөн «Теократиянын өсүшү» деген жыйынга бардык. 3-август бейшемби күнкү тема «Миссионерлер күнү» болчу. Ошол күнү кийинчерээк Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү болуп кызмат кылган Кэри Барбер чөмүлө тургандарга арналган баяндама айтты. Сөзүнүн аягында чөмүлө тургандарга эки суроо бергенде, ордунан туруп «ооба» деп жооп бергендердин
арасында мен да бар болчумун. Ошондо 11 эле жашта болсом да маанилүү чечим чыгарганымды түшүнгөм. Бирок сүзгөндү билбегендиктен сууга киргенден коркком. Атамдын иниси коркпо деп, бассейнге чейин ээрчитип барды. Көз ачып-жумгуча эле чөмүлүп чыктым. Себеби бир байке мени көтөрүп чөмүлтө турган байкеге берди. Ал чөмүлтүп, кайра тигиге берди. Бутум бассейндин түбүнө тийген да жок. Ошол маанилүү күндөн тартып азыркыга дейре Жахаба жолдорумду түздөп келет.ЖАХАБАГА ТАЯНЫШЫМ
Мектепти бүткөндөн кийин пионер болгум келип жаткан. Бирок мугалимдерим жогорку билим алганга үндөшкөн. Алардын таасирине алдырып университетке тапшырдым. Бирок көп өтпөй эле бир эле учурда ишенимимди бек сактап да, сабактарга да көңүл топтой албасымды түшүндүм. Ошон үчүн окубай эле коёюн дедим. Бул жөнүндө Жахабага айтып тилендим. Анан себебин жылуу-жумшак түшүндүрүп мугалимдериме кат жазып, жылдын аягында окуудан чыгып кеттим. Жахабага толук таянып, дароо пионердик кызматты баштадым.
Толук убакыт кызматымды 1957-жылы июлда Уэллингборо шаарында баштадым. Лондондогу Бейтелдеги байкелерден кайсы тажрыйбалуу пионерге шерик болуп кошулсам болорун сурадым. Алар Берт Вейси деген байкени сунушташты. Ал мени ээрчитип жүрүп көп нерсеге үйрөттү. Ал кабар айтуу жагынан мыкты болгондуктан, кызматымды жакшы уюштурганды үйрөндүм. Жыйналышта алты апа жана Берт байке экөөбүз болчубуз. Жыйналыштын бардыгына жакшы даярданып, катышкандыктан барган сайын Жахабага көбүрөөк таянып, берген жоопторум менен ага ишенеримди көбүрөөк көрсөтө баштадым.
Аскердик кызматтан баш тартканым үчүн кыска мөөнөткө түрмөгө отуруп чыккандан кийин Барбара деген атайын пионер кыз менен таанышып калдым. Экөөбүз 1959-жылы баш коштук. Биз каякка дайындалсак да, барганга даяр болчубуз. Алгач Англиянын түндүк-батышындагы Ланкаширге дайындалдык. Ал эми 1961-жылы январь айында Лондондогу Бейтелде өткөрүлгөн бир айлык Падышалык кызмат мектебине чакырылдым. Окуу аяктаган соң күтпөгөн жерден кыдыруучулук кызматка дайындалдым. Эки жума бою Бирмингемдеги тажрыйбалуу райондук көзөмөлчү ээрчитип жүрүп окутуп-үйрөттү. Барбарага да бизди коштоп жүргөнгө уруксат беришти. Ошондон кийин мурун кызмат кылган Ланкашир жана Чешир аймагына райондук көзөмөлчү болуп дайындалдым.
ЖАХАБАГА ТАЯНСАҢ, ЭЧ КАЧАН ЖАҢЫЛБАЙСЫҢ
1962-жылы август айында өргүүдө жүргөнүбүздө филиалдан кат алдык. Ачсак эле — Гилат мектебине арыз экен. Жахабага кайрылып тиленгенден кийин Барбара экөөбүз арызды толтуруп, талап кылынгандай, филиалга тезинен жөнөтүп жибердик. Ошентип, беш айдан кийин Нью-Йорктогу Бруклинге жөнөп кеттик. Ал жактан Гилат мектебинин 38-классы катары 10 ай билим алдык.
Гилат мектебинен Кудайдын Сөзү, уюму жөнүндө эле эмес, боордоштугубуз жөнүндө да көп нерсе билдик. Болгону, 25 жаштарда болсок да, тажрыйбага бай классташтарыбыздан көп нерсеге үйрөнгөнгө мүмкүнчүлүк болду. Андан тышкары, нускоочуларыбыздын бири Фред Раск менен күн сайын чогуу иштей алдым. Бул чоң сыймык болду. Ал киши ар дайым бир нерсени баса белгилечү. Кеңеш дайыма туура болушу керек, башкача айтканда, толугу менен Ыйык Жазмага негизделиши керек дээр эле. Бизге дарс айткандардын арасында Нейтан Норр, Фредерик Френц, Карл Клейн сыяктуу тажрыйбалуу байкелер болду. Баарыбыз тең аябай момун Александр Макмиллан бир тууганыбыздын үлгүсүнөн да көп нерсени үйрөндүк. Ал бизге 1914-жылдан 1919-жылдын баш жагына чейин созулган сыноо учурунда Жахаба өз элин кантип жетектегенин баяндамасында жакшы түшүндүрүп берген.
БАШКА ЖАККА ДАЙЫНДАЛЫШЫБЫЗ
Окуу мөөнөтү аяктап баратканда Нейтан Норр Барбара экөөбүздүн Африкадагы Бурундиге дайындалганыбызды айтты. Муну угар замат Бурундиде канча жарчы бар экенин «Жылдык китептен» билиш үчүн Бейтелдин китепканасына шаша-буша жөнөдүк. Таң калыштуусу, ал өлкөдө канча жарчы бар экенин эч жерден таппай койдук. Көрсө, биз дээрлик билбеген ал өлкөдө жакшы кабар таратыла элек экен. Ошондо канчалык тынчсызданганыбызды айтпагыла. Жалындуу тиленгенден кийин гана өзүбүзгө келип, тынч алып калдык.
Бурундиде баары — климаты да, маданияты да, тили да — таптакыр башкача экен. Француз тилин үйрөнүшүбүз керек эле, жашаганга үй издешибиз да керек болчу. Ал жакка барганыбыздан эки күн өткөн соң классташыбыз Гари Арнот Замбияга кайтып баратып бизге тие кетти. Ал бизге батир тапканга жардам берди. Ошол батир эң алгачкы миссионерлер үйүбүз болуп калды. Көп өтпөй эле Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө эч нерсе билбеген жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кысым көрсөтө баштады. Жаңыдан кызматыбызга киришкенде, иштегенге уруксатыбыз жок болгондуктан ал жакта кала албай турганыбызды билдиришти. Кейиштүүсү, ал өлкөдөн чыгып, Угандага кеткенге туура келди.
Жахабага таянгандыктан гана Угандага визасы жок бара алдык. Уганданын жарчыларга муктаждык көп жеринде кызмат кылган канадалык
бир ишенимдешибиз иммиграциялык кызматтын кызматкерине жагдайыбызды түшүндүрүп берди. Ошентип, расмий катталыш үчүн бизге бир нече ай берилди. Ошондо бизди Жахаба өзү колдоп жатканын түшүндүк.Угандада, Бурундиден айырмаланып, жагдай таптакыр башкача болчу. Угандада буга чейин эле жакшы кабар айтыла баштаптыр. Бирок бүтүндөй өлкө боюнча 28 эле жарчы бар экен. Ал жактан англисче сүйлөгөндөрдү да көп жолуктурдук. Көп өтпөй кабарга кызыккандарга жардам бериш үчүн көптөгөн жергиликтүү тилдердин, жок дегенде, бирин үйрөнүшүбүз керек экенин түшүндүк. Биз алгач Кампала шаарында кабар айта баштадык. Ал жактагылардын көбү луганда тилинде сүйлөгөндүктөн, ошол тилди үйрөнөлү деп чечтик. Эркин сүйлөш үчүн бир нече жыл талап кылынды, бирок мунун кызматыбызга аябагандай пайдасы тийди. Ыйык Китепти изилдеп жаткандардын рухий муктаждыктарын жакшыраак түшүнө баштадык. Ошондо алар окуп-билгендери жөнүндө оюн, көз карашын айтып ачыла башташты.
КӨП ЖЕРДИ КЫДЫРЫШЫБЫЗ
Жөнөкөй, карапайым адамдардын Кудай жөнүндөгү чындыкты кабыл алганы бизге көп кубаныч тартуулачу. Бирок кубанычыбызга кубаныч кошулуп, кыдыруучулук кызматты аркалаганга дайындалып калдык. Кениядагы филиалдын көзөмөлү алдында кайсы жерде атайын пионерлер керек экенин аныкташ үчүн өлкөнү кыдырып чыкмай болдук. Ошондо Жахабанын Күбөлөрүн эзели көрбөгөн адамдар бизди жылуу тосуп алып, коноктогон учурлар болду.
Андан соң бөтөнчө бир сапарга чыктык. Кампаладан чыгып, эки күн поезд менен жол жүрүп Кениядагы Момбаса шаарынын портуна жеттик. Андан ары кемеге отуруп, Инди океанындагы Сейшель аралдарына бардык. Кийинчерээк, 1965-жылдан 1972-жылга чейин, Сейшель аралдарына барып жүргөндө Барбара мени коштоп жүрдү. Ошол жылдары ал жактагы эки жарчыдан адегенде топ, андан соң гүлдөп-өскөн жыйналыш уюшту. Дагы бир жолку сапарымда Эритреядагы, Эфиопиядагы жана Судандагы ишенимдештерибизге жолуга алдым.
Ал ортодо Угандада аскердик бир топтун төңкөрүшүнөн кийин саясий абал бир топ өзгөрүп кетти. Ошол жылдары «падышага тиешелүүнү падышага... бергиле» деген буйрукка баш ийүү канчалык туура экенин түшүндүм (Мр. 12:17). Бир учурда бардык чет өлкөлүктөрдөн үйүнө жакын жердеги полиция участогуна барып катталуу талап кылынган болчу. Ошондо дароо барып катталганбыз. Бир нече күн өткөндөн кийин эле бир миссионер экөөбүз Кампалада машине менен жүргөндө полиция кызматкерлери келип калышты. Жүрөгүбүз дүкүлдөп чыкты. Алар бизди тыңчыларсыңар деп айыптап, негизги полиция участогуна алып барышты. Биз аларга тынч эле жүргөн миссионерлер экенибизди айттык. Расмий түрдө катталганбыз десек да, эч укпай коюшту. Анан курал менен кайтарып үйүбүздүн жанындагы полиция участогуна алып барышты. Ал жактан биздин катталганыбызды билген полиция кызматкерин көргөндө сүйүнүп кеттик. Ал бизди таанып, тигилерге бошоткула деп айтты.
Ошол кездерде аскер блокпостторунан заарканып жатып араң өтчүбүз. Өзгөчө, аябай ичип алган жоокерлер токтоткондо жүрөгүбүз титиреп чыкчу. Бирок дайыма Жахабадан жардам сурагандыктан жүрөгүбүз тынчып, аман-эсен өтүп кетчүбүз. Өкүнүчтүүсү, 1973-жылы бардык
миссионерлер Угандадан чыгып кетсин деген буйрук чыкты.Бул жолкусунда Африканын батышындагы Кот-д’Ивуарга дайындалдык. Ал жактын маданияты таптакыр башкача болчу. Кайрадан француз тилин үйрөнгөнгө туура келди. Тек жайы ар кандай миссионерлер менен да чогуу жашашыбыз керек болду. Бирок ал жактан да жөнөкөй, жүрөгүндө кири жок адамдардын жакшы кабарды тез эле кабыл алып жатканын көрүп, Жахабанын жетектеп жатканын дагы да сезе алдык. Барбара экөөбүз Жахабага таянганда жолдорубуз кандайча түздөлөрүн айкын көрө алдык.
Кийинчерээк күтпөгөн жерден Барбаранын рак менен ооруй турганы аныкталды. Башка өлкөлөргө барып канча дарылансак да, 1983-жылы андан ары Африкада кызмат кыла албай турганыбызды түшүндүк. Ошондо экөөбүз тең аябай жаман болгонбуз.
ЖАШООМДУН ӨЗГӨРҮШҮ
Лондондогу Бейтелде кызмат кылып жүргөнүбүздө Барбаранын оорусу өтүшүп, акыры каза болуп калды. Ошол учурда Бейтел үй-бүлөсү мага жөлөк-таяк болуп, кайрат берип турду. Бир жубайлар күйүтүмдү көтөрүп, Жахабага андан ары да таяна бергенге өзгөчө жардам беришти. Кийинчерээк Бейтелге ыктыярчы болуп келип жүргөн Энн менен таанышып калдым. Ал мурун атайын пионер болуп кызмат кылыптыр. Анын рухий адам экени Жахабага болгон сүйүүсүнөн көрүнүп турчу. Экөөбүз 1989-жылы баш кошуп, азыркыга дейре Британиядагы Бейтелде кызмат кылып келатабыз.
1995-жылдан 2018-жылга чейин башкы башкармалыктын өкүлү катары кызмат кылып 60ка жакын өлкөгө бардым. Бул мен үчүн аябагандай чоң сыймык болду. Ар бир өлкөгө барганымда кандай жагдайда болбосун Жахаба өз элине батасын мол берип жатканын көрүп жаттым.
2017-жылы ошондой сапар менен кайтадан Африкага барып калдым. Энн Бурундини көрө элек болчу. Ошондуктан аны алып барып келгениме аябай сүйүндүм. Ал жактагы өсүштү көрүп экөөбүз тең кубандык. 1964-жылы так мен үймө-үй кыдырып кабар айткан көчөдө жакшынакай Бейтел салыныптыр, 15 жарым миңден ашык жарчы бар экен.
Ал эми 2018-жылы кайсы өлкөлөргө барарымды билгенде бөтөнчө сүйүндүм. Анткени тизмеде Кот-д’Ивуар да бар экен. Эң чоң калаасы Абиджанга барганда өз үйүмө кайтып баргандай эле болдум. Бейтелден телефон номурлары жазылган тизмени карап жатып Сосо деген атты байкап калдым. Анын бөлмөсү биз жашап жаткан конок бөлмөсүнөн кийинки эле бөлмө экен. Мен Абиджанда жүргөндө Сосо шаар көзөмөлчүсү болуп кызмат кылчу. Мен ошол деп ойлогом. Көрсө, баласы экен.
Жахаба берген убадасын дайыма аткарат. Башыман өткөн көптөгөн кыйынчылыктардан улам Жахабага таянганыбызда чындап эле жолдорубузду түздөй турганын түшүндүм. Биз жаңы дүйнөдө азыркыдан да көбүрөөк жаркырай турган жана эч качан бүтпөй турган ушул жолдо дайыма жүрө бергибиз келет! (Накыл 4:18.)