Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

7-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Жыйналыштагы башчылык тартиби

Жыйналыштагы башчылык тартиби

«Машаяк жыйналыштын, дененин, куткаруучусу жана башчысы» (ЭФ. 5:23).

137-ЫР: Жахабаны даңктаган аялзаты

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Жахабанын үй-бүлөсүнүн бирдиктүү болгонунун бир себеби эмнеде?

ЖАХАБАНЫН үй-бүлөсүнө таандык болгонубуз үчүн кандай гана бактылуубуз! Биздин үй-бүлөдө эмне үчүн тынчтык жана биримдик өкүм сүрөт? Мунун бир себеби — баарыбыз Жахаба бекиткен башчылык тартибине карманганга аракет кылабыз. Чын эле, башчылык тартибин канчалык жакшы түшүнсөк, ошончолук ынтымактуу болобуз.

2. Бул макалада кайсы суроолорго жооп алабыз?

2 Бул макалада жыйналыштагы башчылык тартибин карап чыгабыз. Ошондой эле төмөнкү суроолорго жооп алабыз: Жыйналыштагы аялзатынын ролу кандай? Ар бир эркек аялдардын баарына эле башчы боло береби? Жыйналышта аксакалдар кандай бийликке ээ? Алар ишенимдештерин үй-бүлө башчысы аялы менен балдарын башкаргандай эле башкара алабы? Алгач, келгиле, жыйналыштагы аялзатына кандай карашыбыз керектигине токтололу.

ЖЫЙНАЛЫШТАГЫ АЯЛЗАТЫНА КАНДАЙ КАРАШЫБЫЗ КЕРЕК?

3. Эже-карындаштарыбыздын эмгегин көбүрөөк баалаганга эмне жардам берет?

3 Биз тыным албай үй-бүлөсүнө кам көргөн, жакшы кабарды тараткан жана жыйналышты колдогон эже-карындаштарыбызды жогору баалайбыз. Аларга Жахаба менен Иса карагандай карасак, көбүрөөк баалап-барктайбыз. Ошондой эле элчи Пабылдын аялдарга кылган мамилесинен да көп нерсеге үйрөнө алабыз.

4. Ыйык Китеп Жахабанын аялдарды эркектердей эле баалай турганын кандайча көрсөтүп турат?

4 Ыйык Китептен Жахабанын аялдарды эркектердей эле баалай турганын биле алабыз. Мисалы, Ыйык Китепке ылайык, 1-кылымда Жахаба ыйык рухун эркектер менен бирге аялдарга да берген. Ошонун аркасында алар адаттан тыш нерселерди кыла алган. Алсак, башка тилдерде сүйлөй алган (Элч. 2:1—4, 15—18). Аялдар да, эркектердей болуп, ыйык рух менен майланып, Машаяк менен бирге башкарышат (Гал. 3:26—29). Кудай аялдарга да сыйлык катары жер бетиндеги түбөлүк өмүрдү тартуулайт (Аян 7:9, 10, 13—15). Жакшы кабар таратуу жана окутуу иши эркектерге да, аялдарга да тапшырылган (Мт. 28:19, 20). Элчилер китебинде атүгүл Прискила деген аялдын жолдошу Акила менен бирге билими күчтүү Аполоско чындыкты тагыраак түшүнгөнгө жардам бергени жазылган (Элч. 18:24—26).

5. Лука 10:38, 39, 42де Исанын аялдарга кандай караганын биле алабыз?

5 Иса аялдарды урматтап-сыйлаган. Фарисейлер болсо аялдарды теңине алчу эмес. Алар менен Ыйык Жазмаларды талкууламак турсун, элдин көзүнчө сүйлөшүшчү да эмес. Алардан айырмаланып, Иса маанилүү рухий нерселерди эркектер менен катар аялдар менен да талкуулаган *. (Окугула: Лука 10:38, 39, 42.) Ошондой эле жакшы кабар таратып жүргөндө аны аялдар да коштоп жүргөн (Лк. 8:1—3). Андан тышкары, өзүнүн тирилгендигин элчилерге кабарлоону аялдарга тапшырган. Бул алар үчүн чоң сыймык болгон (Жкн. 20:16—18).

6. Элчи Пабыл аялдарды сыйлаарын кантип көрсөткөн?

6 Элчи Пабыл Тиметейге аялдарды урматташы керектигин бөтөнчө эскерткен. Ал: «Улуураак аялдарды энеңдей, кыз-келиндерди эже-карындаштарыңдай көр»,— деп айткан (1 Тим. 5:1, 2). Пабыл Тиметейге Исанын жетилген жолдоочусу болгонго өзү жардам берсе да, Ыйык Жазмаларды ага алгач энеси менен тай энеси үйрөткөнүн моюнга алган (2 Тим. 1:5; 3:14, 15). Андан тышкары, Римдеги жыйналышка кат жазганда ал жактагы эже-карындаштарына атын атап салам жолдогон. Ал жыйналыштагы аялзатынын эмгегин билип эле тим болбой, аларга ыраазычылык билдирген (Рим. 16:1—4, 6, 12; Флп. 4:3).

7. Кайсы суроолорду карап чыгабыз?

7 Буга чейинки абзацтардан билгенибиздей, жыйналышта аялдар эркектерден төмөн турат деп эсептегенге Ыйык Китепте эч кандай негиз жок. Арабызда мээримин төгүп турган, берешен кыз-келиндердин, эжелердин, апалардын жыйналышка көрсөткөн жардамы чоң. Аксакалдар алардын жыйналыштын тынчтыгына, биримдигине кошкон салымы зор экенин билишет. Бирок төмөнкүдөй суроолор туулушу ыктымал: Эмне үчүн айрым учурларда Жахаба аялдардан баш кийим кийишин же бир нерсе салынып алышын талап кылат? Аксакал жана кызмат жардамчысы болуп эркектер гана дайындалгандыктан, бул ар бир эле эркек жыйналыштагы аялдардын баарына башчы боло берет дегенди билдиреби?

АР БИР ЭЛЕ ЭРКЕК ЖЫЙНАЛЫШТАГЫ АЯЛДАРГА БАШЧЫБЫ?

8. Эфестиктер 5:23кө ылайык, ар бир эле эркек жыйналыштагы аял кишиге башчыбы? Түшүндүргүлө.

8 Кыскасын айтканда, жок! Жыйналыштагы бардык аялдардын башчысы эркек эмес, Машаяк. (Окугула: Эфестиктер 5:23.) Мисалы, үй-бүлөдө аялынын башчысы — күйөөсү. Чөмүлгөн эркек бала энесине башчылык кылбайт (Эф. 6:1, 2). Жыйналышта да аксакалдар ишенимдештеринин үстүнөн, аял болобу, эркек болобу, чектелүү гана бийликке ээ (1 Тес. 5:12; Евр. 13:17). Ал эми ата-энеси менен чогуу жашабай калган жалгыз бой аял кишилер жөнүндө эмне дешке болот? Алар ата-энесин мурункудай эле урматтап сыйласа да, атасы башчысы болуп эсептелбейт. Жыйналышта болсо аксакалдарды урматтап-сыйлашса да, эркектердикиндей эле, алардын бир эле башчысы бар. Ал — Иса.

Бойдоктордун уядан учкандан кийин башчысы Иса болуп калат (8-абзацты карагыла)

9. Эмне үчүн кээде жыйналыштагы аял кишиден баш кийим кийүү талап кылынат?

9 Ооба, Жахаба жыйналышта окутууну жана сыйынууну жетектөөнү эркектерге тапшырганы чын. Аялдарга мындай бийлик берилген эмес (1 Тим. 2:12). Эмне үчүн? Жахаба Исаны эркектин башчысы кылып эмне үчүн дайындаган? Үй-бүлөсүндө — жыйналышта — тартип болушу үчүн дайындаган. Так эле ошол себептен аялдарга да жыйналышта эркектер ээ болгон бийлик берилген эмес. Жагдай-шарттан улам жыйналыштагы аял кишиге адатта эркек аткарган ишти аткарганга туура келип калса, Жахаба андан баш кийим кийишин же бир нерсе салынып алышын талап кылат * (1 Кор. 11:4—7). Жахаба муну менен аялдарды басынткысы келбейт. Тек гана ал бекиткен башчылык тартибин сыйлаарын ошентип көрсөтүшүн каалайт. Эмесе, ушунун баарын эске алып, үй-бүлө башчылары жана аксакалдар кандай бийликке ээ экенин карап чыгалы.

ҮЙ-БҮЛӨ БАШЧЫЛАРЫНЫН ЖАНА АКСАКАЛДАРДЫН БИЙЛИГИ

10. Эмне үчүн кээде аксакал жыйналышта эреже чыгаргысы келиши мүмкүн?

10 Аксакалдар Машаякты жакшы көрүшөт. Жахаба менен Иса тапшырган «койлорду» да жакшы көрүшөт (Жкн. 21:15—17). Жакшы эле ой менен аксакал жыйналыштагыларга атадай баш-көз болгусу келиши мүмкүн. Ал, үй-бүлө башчысы үйүндөгүлөрүн коргош үчүн эреже чыгарганга укуктуу болгондой эле, мен да Кудайдын оторун коргош үчүн эреже чыгарсам болот деп ойлошу мүмкүн. Буга айрымдардын аксакалдарды рухий башчысы катары көрүп, алар үчүн чечим чыгарып беришин суранганы да себеп болушу ыктымал. Бирок жыйналыштагы аксакалдар менен үй-бүлө башчылары бирдей бийликке ээби?

Аксакалдар жыйналыштын рухий жана эмоциялык муктаждыгына кам көрөт. Жахаба аларга жыйналышты адеп-ахлактык жактан таза сактоону тапшырган (11, 12-абзацтарды карагыла)

11. Үй-бүлө башчылары менен аксакалдардын бийлиги кайсы жактардан окшош?

11 Элчи Пабыл үй-бүлө башчылары менен аксакалдардын бийлигинин айрым окшош жактары бар экенин айтып өткөн (1 Тим. 3:4, 5). Мисалы, Жахаба үй-бүлөнүн үй-бүлө башчысына баш ийишин каалайт (Кол. 3:20). Жыйналыштагылардын болсо аксакалдарга баш ийишин каалайт. Ал үй-бүлө башчыларынан да, аксакалдардан да көзөмөлү алдындагылардын рухий сак-саламаттыгына кам көрүшүн күтөт. Ошондой эле алардын эмоциялык муктаждыктарына кам көрүп, сүйүүдөн өксүтпөшүн каалайт. Жакшы үй-бүлө башчыларына окшоп аксакалдар да жыйналыштагылар жардамга муктаж болгондо жардам көрсөтүшөт (Жкп. 2:15—17). Мындан тышкары, Жахаба үй-бүлө башчыларынан да, аксакалдардан да башкаларга анын нормаларына карманганга жардам беришин жана Ыйык Китепте «жазылгандан четтебешин» талап кылат (1 Кор. 4:6).

Үй-бүлө башчыларына Жахаба үй-бүлөсүн башкарганга бийлик берген. Жакшы үй-бүлө башчысы чечим чыгарардан мурун кабыргасы менен кеңешет (13-абзацты карагыла)

12, 13. Римдиктер 7:2ге ылайык, үй-бүлө башчылары менен аксакалдардын бийлиги кандайча айырмаланат?

12 Бирок үй-бүлө башчылары менен аксакалдардын бийлигинин орчундуу айырмачылыктары да бар. Алсак, Жахаба аксакалдарды жыйналыштагы сот иштерин жүргүзгөнгө дайындаган. Аларга өкүнбөгөн күнөөкөрлөрдү жыйналыштан чыгаруу жоопкерчилиги тапшырылган. Үй-бүлө башчыларынын мындай бийлиги жок (1 Кор. 5:11—13).

13 Бирок ошол эле учурда Жахаба үй-бүлө башчыларына аксакалдарга бербеген бийликти берген. Мисалы, ал үй-бүлө башчыларына үйүндөгүлөрү үчүн эреже чыгарганга жана алардын аткарылышын талап кылганга бийлик берген. (Окугула: Римдиктер 7:2.) Алсак, үй-бүлө башчысы балдарынын кечинде канчада үйдө болуп калышы керектигин чечкенге укуктуу. Ошондой эле бекиткен эрежелерине баш ийбеген балдарын жазаласа да — өз эрки (Эф. 6:1). Албетте, балдарын жакшы көргөн үй-бүлө башчысы эреже чыгарардан мурун кабыргасы менен кеңешет. Анткени экөө «бир дене» * (Мт. 19:6).

ЖЫЙНАЛЫШТЫН БАШЧЫСЫ МАШАЯКТЫ УРМАТТАГЫЛА

Иса Жахабанын башчылыгы алдында жыйналышты жетектейт (14-абзацты карагыла)

14. а) Марк 10:45ке ылайык, Исанын жыйналыштын Башчысы болуп дайындалганы эмне үчүн орундуу? б) Жетектөөчү Кеңештин ролу кандай? (« Жетектөөчү Кеңештин ролу» деген кутучаны карагыла.)

14 Жахаба жыйналыштагылардын ар биринин, ошондой эле Исага ишене турган ар бир адамдын өмүрү үчүн кун төлөгөн. (Окугула: Марк 10:45; Элч. 20:28; 1 Кор. 15:21, 22.) Ошондуктан биздин кунубузга өз өмүрүн берген Исаны жыйналыштын Башчысы кылып дайындаганы абдан орундуу. Башчыбыз катары Иса ар бир инсандын, ар бир үй-бүлөнүн, атүгүл бүтүндөй жыйналыштын жүрүм-турумуна карата эрежелерди чыгарганга жана алардын аткарылышын талап кылганга акылуу (Гал. 6:2). Бирок ал эреже чыгарып эле койбой, ар бирибизди сүйүп, жакшы кам көрөт (Эф. 5:29).

15, 16. Мэрли менен Бенжеминдин айткандарынан эмнени билсе болот?

15 Жыйналыштагы аялзаты Машаякты урматтаарын кантип көрсөтөт? Аларга кам көрүш үчүн Машаяк дайындаган эркектерге баш ийип көрсөтүшөт. Кошмо Штаттарда жашаган Мэрлинин айткандары Жахабанын жолундагы көптөгөн аялдардын көз карашын чагылдырат. Ал: «Үй-бүлөдө да, жыйналышта да аял катары ээлеген ордумду жогору баалайм. Албетте, Жахаба бекиткен башчылык тартибине карата туура көз карашта болгонго дайыма аракет кыла беришим керек дечи. Бирок жолдошум жана жыйналыштагы ага-инилерим мени дайыма урматтап-сыйлап, эмгегимди баалаарын дайыма айтып тургандыктан бул анчалык деле кыйынга турбайт»,— деген.

16 Жыйналыштагы эркектер эже-карындаштарыбызды кадырлап-сыйлап, баалап башчылык тартибин жакшы түшүнөрүн көрсөтүшөт. Англияда жашаган Бенжемин мындай дейт: «Эже-карындаштарыбыздын жыйналыштан берген жоопторунан көп нерсени үйрөнөм. Алардан кантип жакшыраак изилдешти, кантип жакшыраак кабар айтышты да үйрөнсө болот. Алардын эмгеги чындап эле баа жеткис».

17. Башчылык тартибин эмне үчүн колдошубуз керек?

17 Жыйналыштагылардын баары — эркектер да, аялдар да, үй-бүлө башчылары да, аксакалдар да — башчылык тартибин жакшы түшүнүп, колдосо, жыйналышта тынчтык, ынтымак болот. Баарынан маанилүүсү, ошонун аркасында сүйүктүү Атабыз Жахаба даңкталат! (Заб. 150:6.)

123-ЫР: Теократияга берилгендикте баш иебиз

^ 5-абз. Жыйналышта аялзатынын ролу кандай? Жыйналышта ар бир эркек аялдардын баарына эле башчы боло береби? Аксакалдар менен үй-бүлө башчылары бирдей бийликке ээби? Бул макалада ушул суроолорго Ыйык Китептин негизинде жооп алабыз.

^ 5-абз. «Күзөт мунарасы» журналынын 2020-жылдын сентябрь айындагы санындагы «Жахабанын жолундагы аялзатына арка-тирек болгула» деген макаланын 6-абзацын карагыла.

^ 13-абз. Үй-бүлө кайсы жыйналышка барарын ким чечиши керектигине байланыштуу маалыматты бул макаладан карагыла: «Күзөт мунарасы», 2020-ж., август, «Жыйналыштагы ар бир кишинин ордун сыйлагыла», 17—19-абз.

^ 59-абз. Бул тууралуу кененирээк маалымат алыш үчүн «Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбагыла» китебинин 209—212-беттерин карагыла.

^ 64-абз. Жетектөөчү Кеңештин ролу жөнүндө кененирээк маалымат алыш үчүн «Күзөт мунарасы» журналынын 2013-жылдын 15-июлдагы санынын 20—25-беттерин карагыла.