Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

1-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

«Баргыла да,.. шакирт даярдагыла»

«Баргыла да,.. шакирт даярдагыла»

2020-ЖЫЛДЫН АЯТЫ: «Ошондуктан баргыла да,.. шакирт даярдагыла... Аларды... чөмүлдүргүлө» (МТ. 28:19).

79-ЫР: Аларды бекем турууга үйрөт

БУЛ МАКАЛАДА *

1, 2. Периште мүрзөгө келген аялдарга эмне деген жана Иса аларга эмне деп айткан?

Б.З. 33-жылы. 16-нисан. Жүрөгү кайгыга толгон бир нече аял таң сөгүлөрү менен мүрзөнү көздөй жөнөшөт. Эки күндөй мурун ал жакка Мырзасы Иса Машаяктын сөөгү коюлган эле. Кудайдан корккон ал аялдар Мырзасынын денесине сыйпоо үчүн жыпар жыттуу майларды, чөптөрдү даярдап алышкан. Бирок көздөгөн жерине барганда, мүрзө бош болуп чыгат! Анан периште аларга Исанын тирилгенин айтат да, анын шакирттерине: «Ал Галилеяга силерден мурун барат, аны ошол жерден көрөсүңөр»,— деп айтып барууну буйруйт (Мт. 28:1—7; Лк. 23:56; 24:10).

2 Аялдар мүрзөдөн кеткенден кийин, жолдон аларга Иса жолугат. Анан: «Барып, бир туугандарыма кабарлагыла: алар Галилеяга барышсын. Мени ошол жерден көрүшөт»,— деп айтат (Мт. 28:10). Исанын тирилгенден кийин биринчи кезекте жолдоочулары менен жолугушуу уюштурганы анын аларга айта турган абдан маанилүү көрсөтмөлөрү болгонунан кабар берген.

ИСА ШАКИРТ ДАЯРДООНУ КИМДЕРГЕ ТАПШЫРГАН?

Тирилгенден кийин Иса Галилеяда элчилерине жана башкаларга жолугуп: «Баргыла да,.. шакирт даярдагыла»,— деп айткан (3, 4-абзацтарды карагыла)

3, 4. Матай 28:19, 20да жазылган буйрук элчилерге эле берилген эмес деп эмне үчүн айта алабыз? (Мукабадагы сүрөттү карагыла.)

3 Окугула: Матай 28:16—20. Иса өзү уюштурган жолугушууда шакирттери 1-кылымда аткара турган маанилүү иш тууралуу айткан. Ал ишти бүгүнкү күндө биз да аткаруудабыз. Иса аларга: «Ошондуктан баргыла да, бардык элдерден шакирт даярдагыла... Аларга силерге буйруганымдын баарын аткарууну үйрөткүлө»,— деген.

4 Ал өзүнүн бардык жолдоочуларынын кабар айтышын каалайт. Анын буйругу ишенимдүү 11 элчисине эле берилген эмес. Эмне үчүн минтип айта алабыз? Галилеядагы тоодо шакирт даярдоого байланыштуу буйрукту берип жатканда анын жанында элчилери эле болгонбу? Периштенин аялдар аркылуу шакирттерге: «Аны [Галилеядан] көрөсүңөр»,— деп айтканын эстесеңер. Ошондуктан ал ишенимдүү аялдар Исанын кайсы жерде болорун билишкен жана сыягы, ошол жерге барышкан. Бирок жолугушууга келгендердин саны ушуну менен эле чектелген эмес. Элчи Пабыл Исанын «бир эле учурда 500дөн ашык» шакиртине көрүнгөнүн жазган (1 Кор. 15:6). Ал окуя кайсы жерде болгон?

5. 1 Корунттуктар 15:6да жазылгандардан эмнени билүүгө болот?

5 1 Корунттуктар 15:6да элчи Пабыл Матай 28-бөлүмдө жазылган Галилеядагы жолугушуу тууралуу сөз кылган деп айтууга болот. Буга кандай негиз бар? Биринчиден, Исанын шакирттеринин көбү галилеялыктар болгон. Андыктан калың элди Иерусалимдеги кайсы бир үйгө чогулткандан көрө, Галилеядагы тоого чогултуу ылайыктуу болмок. Экинчиден, тирилгенден кийин Иса 11 ишенимдүү элчиси менен ал жолугушууга чейин эле Иерусалимдеги бир үйдө жолуккан. Эгер кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишине элчилеринин гана катышышын кааласа, ал буйрукту аларга Иерусалимден эле берип коймок; алар менен бирге башкаларды, анын ичинде аялдарды Галилеяга чогултмак эмес (Лк. 24:33, 36).

6. Шакирт даярдоого байланыштуу берилген буйруктун бүгүнкү күнгө да тиешелүү экени Матай 28:20дан кандайча көрүнүп турат жана ал буйрук канчалык деңгээлде аткарылууда?

6 Эске алыш керек болгон үчүнчү нерсеге көңүл бурсаңар. Исанын шакирт даярдоого байланыштуу берген буйругу анын 1-кылымда жашаган жолдоочуларына эле тиешелүү болгон эмес. Муну кайдан билебиз? Иса сөзүн: «Дүйнө түзүлүшү аяктаганга чейин, мен ар дайым силер менен болом»,— деп бүтүргөн (Мт. 28:20). Ал айткандай эле, азыркы тапта шакирт даярдоо иши болуп көрбөгөндөй кулач жаюуда. Бул тууралуу ойлонуп көрсөңөр, жыл сайын 300 000ге жакын киши Жахабанын Күбөсү катары чөмүлүп, Иса Машаяктын шакирти болууда!

7. Азыр эмнени талкуулайбыз жана эмне үчүн?

7 Ыйык Китепти изилдегендердин көбү ийгилик кылып, чөмүлөт. Бирок айрымдар Исанын шакирти болуудан коркушат. Алар изилдегенди жакшы көрсө да, чөмүлгөнгө умтулушпайт. Эгер кимдир бирөө менен Ыйык Китепти изилдеп жатсаңар, ага билгендерин жашоосунда колдонууга жана Машаяктын шакирти болууга жардам бергиңер келери күмөнсүз. Бул макалада Ыйык Китепти изилдеп жаткандардын жүрөгүн кантип козгой аларыбызды жана аларга рухий жактан өсүүгө кантип жардам берсек болорун талкуулайбыз. Бул эмне үчүн маанилүү? Анткени кээ бир учурларда изилдөөнү улантуу керекпи же жокпу, чечүүгө туура келет.

ЖҮРӨГҮН КОЗГОГОНГО АРАКЕТ КЫЛГЫЛА

8. Изилдеп жаткандардын жүрөгүн козгоо эмне үчүн кыйын болушу мүмкүн?

8 Жахаба адамдардын ага сүйүүсүнөн улам кызмат кылышын каалайт. Андыктан биздин максат — изилдеп жаткандарга Жахабанын аларга чындап кам көрөрүн, аларды абдан жакшы көрөрүн түшүнүүгө жардам берүү. Биз алардын Жахабанын «жетимдердин атасы, жесирлердин коргоочусу» экенине ынанышын каалайбыз (Заб. 68:5). Ыйык Китепти изилдеп жаткандар Кудайдын аларды канчалык жакшы көрөрүн түшүнсө, жүрөктөрү козголуп, ага болгон сүйүүсү өсөрү шексиз. Айрымдар ата мээримин көрбөгөндүктөн, аларга Жахабаны мээримдүү Атадай көрүү кыйын болушу мүмкүн (2 Тим. 3:1, 3). Ошондуктан изилдөө өткөрүп жатканда Жахабанын кереметтүү сапаттарын баса белгилегиле. Изилдеп жаткандарга мээримдүү Кудайыбыздын аларга түбөлүк өмүр бергиси келерин жана ага жеткенге жардам берүүгө даяр экенин түшүнүүгө көмөк кылгыла. Дагы эмне кылсаңар болот?

9, 10. Ыйык китептик изилдөө өткөрүүдө кайсы адабияттарды колдонушубуз керек жана эмне үчүн?

9 «Ыйык Китептен эмнелерди билебиз?» жана «Кудайдын сүйүүсүнөн канткенде айрылбайбыз?» китептерин колдонгула. Бул адабияттар бизге изилдеп жаткандардын жүрөгүн козгоого жардам берүү үчүн чыгарылган. Алсак, «Эмнелерди билебиз?» китебинин 1-бөлүмүндө: «Кыйынчылыктар Кудайдын сыноосубу? Кудай адамдардын кайгы-муңуна кайдыгер карайбы? Жахаба менен дос болуу мүмкүнбү?» — деген суроолордун жообу камтылат. Ал эми «Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбайбыз» китеби тууралуу эмне айтууга болот? Бул адабият изилдеп жаткан адамга Ыйык Китептеги принциптерди колдонуу жашоосун жакшы жакка өзгөртүүгө жана Жахабага жакындоого кандайча жардам берерин түшүнүүгө көмөк кылат. Эгер ушул адабияттарды колдонуп кимдир бирөө менен изилдөө өткөрүп жатсаңар, анын муктаждыгын эске алып, ар бир изилдөөгө жакшы даярдангыла.

10 Бирок изилдеп жаткан киши негизги окутуу куралдарына кирбеген адабияттагы кайсы бир темага кызыгып жатсачы? Андайда жогоруда сөз кылынган китептердин бири менен изилдөөнү уланта бериш үчүн, ага аны кызыктырган адабиятты өз алдынча окуп көрүүнү сунуштасаңар болот.

Изилдөөнү тиленүү менен баштагыла (11-абзацты карагыла)

11. Изилдөөнү кайсы учурдан тартып тиленүү менен баштап, тиленүү менен бүтүрүшүбүз керек жана анын маанилүү экенин кызыгуучуга кантип түшүндүрсөк болот?

11 Изилдөөнү тиленүү менен баштагыла. Негизи, изилдөөнү мүмкүн болушунча эртерээк, аны үзгүлтүксүз өткөрө баштагандан көп өтпөй эле тиленүү менен баштап, тиленүү менен бүтүргөн жакшы. Изилдеп жаткан кишиге Ыйык Китепти Кудайдын ыйык рухунун жардамы менен гана түшүнө аларыбызды түшүндүрүп беришибиз керек. Айрым бир туугандар тиленүүнүн маанилүүлүгүн көрсөтүш үчүн Жакып 1:5теги: «Эгер кимдир бирөөңөргө акылмандык жетишпей жатса,.. Кудайдан сурасын»,— деген сөздөрдү окуп беришет. Анан: «Кудайдан акылмандыкты кантип сурасак болот?» — деген суроо беришет. Изилдеп жаткан киши ан үчүн Кудайдан тиленишибиз керектигине кошулушу мүмкүн.

12. Забур 139:2—4-аяттарды колдонуп, изилдеп жаткан адамга Жахабага эркин кайрылууга кантип жардам берет элеңер?

12 Тиленгенди үйрөткүлө. Ыйык Китепти изилдеп жаткан кишини Жахаба анын чын жүрөктөн чыккан тиленүүлөрүн уккусу келерине ынандыргыла. Ага өз алдынча тиленгенибизде Жахабага жүрөгүбүздөгүнүн баарын төгүп, эч кимге айта албай турган сезимдерибизди да ачык айтсак болорун түшүндүргүлө. Анткени Жахаба жүрөгүбүздүн түпкүрүндөгү ойлорубузду биз айта электе эле билет. (Окугула: Забур 139:2—4.) Ошондой эле аны Жахабадан туура эмес ой жүгүртүүсүн оңдоого жана жаман адаттарын жеңүүгө күч сурап тиленүүгө үндөсөк болот. Алсак, бир нече убактан бери изилдеп келатса да, ага Кудайдын кызматчылары белгилебеши керек болгон кайсы бир майрам жагат деп коёлу. Ал анын туура эмес экенин билсе да, ага байланыштуу айрым нерселерди жакшы көрөт. Аны Жахабага сезимдерин так-айкын айтууга жана ал жакшы көргөн нерселерди гана жакшы көрүүгө жардам беришин сурап, жалындуу тиленүүгө үндөгүлө (Заб. 97:10).

Изилдеп жаткан кишини жыйналышка чакыргыла (13-абзацты карагыла)

13. а) Изилдеп жаткан кишини жыйналышка эмне үчүн мүмкүн болушунча эртерээк чакырышыбыз керек? б) Ал жыйналышка барганда өзүн чоочун сезбеши үчүн, эмне кылсак болот?

13 Жыйналышка мүмкүн болушунча эртерээк чакыргыла. Жыйналыштан уккан-көргөндөрү изилдеп жаткан адамдын жүрөгүн козгошу, рухий жактан ийгилик кылууга түрткү бериши мүмкүн. Ага «Падышалык залындагы жолугушуулар кантип өткөрүлөт?» деген видеотасманы көрсөтүп, жыйналышка чакыргыла. Мүмкүнчүлүгүңөр болсо, ага жыйналышка барууга жардам бергиле. Андан тышкары, изилдөөгө ар кайсы бир туугандарды чакырып тургула. Мунун аркасында ал алар менен жакыныраак таанышып, жыйналышка барганда өзүн чоочун сезбейт.

РУХИЙ ЖАКТАН ӨСКӨНГӨ ЖАРДАМ БЕРГИЛЕ

14. Изилдеп жаткандарга рухий жактан өсүүгө эмне түрткү бериши мүмкүн?

14 Биздин максат — изилдеп жаткандарга рухий жактан өсүүгө жардам берүү (Эф. 4:13). Кимдир бирөө Ыйык Китепти изилдөөгө макул болгондо, башында ал өзүнүн кандай пайда аларын эле ойлошу мүмкүн. Ал эми Жахабага болгон сүйүүсү өсө баштаганда, башкаларга, анын ичинде жыйналыштагыларга кантип жардам бере аларын ойлоно башташы ыктымал (Мт. 22:37—39). Ыңгайы келгенде, ага ар бир адам Падышалыктын ишин материалдык жактан колдой аларын айткандан тартынбашыбыз керек.

Кыйынчылыктарды чечкенди үйрөткүлө (15-абзацты карагыла)

15. Изилдеп жаткан кишиге кыйынчылыктарын туура чечкенди кантип үйрөтсөк болот?

15 Кыйынчылыктарды чечкенди үйрөткүлө. Мисалы, силер менен изилдеп жаткан чөмүлө элек жарчы жыйналыштан кимдир бирөө аны таарынтканын айтты дейли. Андайда эч кимдин тарабын ээлебей, эмне кылышы керектигин Ыйык Китептин негизинде түшүндүрүп бергениңер оң. Ал көңүлүн ооруткан бир тууганды кечирип койсо болот. Эгер анте албаса, бир тууганын «кайтарып алуу» максатында аны менен жылуу-жумшак сүйлөшүп көрүшү керек. (Салыштыргыла: Матай 18:15.) Ага айтар сөзүн даярдап алууга көмөк кылгыла. Көйгөйүн чечүүгө жардам берген кеңештерди табыш үчүн JW Library® тиркемесин, «Жахабанын Күбөлөрүнүн изилдөө жүргүзүүгө арналган куралын» жана jw.org® сайтындагы маалыматтарды колдонуп, кантип изилдөө жүргүзсө болорун көрсөтүп бергиле. Чөмүлгөнгө чейин келишпестиктерди чечкенди үйрөнүп алса, чөмүлгөндөн кийин да ага жыйналыштагылар менен жакшы мамиледе болуу оңоюраак болот.

16. Изилдөөгө башкаларды чакыруунун кандай пайдасы бар?

16 Жыйналыштагы башка жарчыларды жана райондук көзөмөлчү жыйналышыңарга келгенде, аны изилдөөгө чакыргыла. Эмне үчүн? Мунун жогоруда айтылгандагыдан башка да пайдасы бар: алар изилдеп жаткан кишиге силер бере албаган жардамды бере алышы мүмкүн. Маселен, изилдеп жаткан киши тамекисин таштаганга канча аракет кылса да, эч майнап чыкпайт дейли. Андайда ошондой жаман адаты менен кайра-кайра күрөшкөн жана акыры жеңген жарчыны изилдөөгө чакыргыла. Ал ага иш жүзүндө колдонорлук кеңештерди бериши мүмкүн. Эгер тажрыйбалуу бир туугандын көзүнчө изилдөө өткөргөндөн ыңгайсыздансаңар, изилдөө өткөрүүнү андан сурансаңар болот. Кандай болбосун, изилдеп жаткан адам башкалардын тажрыйбасынан көп нерсени үйрөнүшү мүмкүн. Биздин максат ага рухий жактан өсүүгө жардам берүү экенин унутпагыла.

ИЗИЛДӨӨНҮ ТОКТОТУШУМ КЕРЕКПИ?

17, 18. Изилдөөнү токтотуш керекпи же жокпу, чечип жатканда эмнелерди эске алышыңар керек?

17 Ыйык Китепти изилдеп жаткан киши рухий жактан ийгилик кылбаса, анда: «Изилдөөнү токтотушум керекпи?» — деп ойлонуп көрсөк болот. Бирок чечим чыгарганга чейин анын ой жүгүртүү, кабыл алуу жөндөмү тууралуу ойлонуп көрүшүбүз керек. Айрымдарга рухий жактан ийгилик кылууга башкаларга караганда көбүрөөк убакыт талап кылынышы мүмкүн. Мындай деп ойлонуп көрсөңөр болот: «Ал өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша рухий жактан өсүп жатабы? Билген нерселерин колдоно баштадыбы?» (Мт. 28:20). Изилдеп жаткан адам жай ийгилик кылса да, зарыл өзгөрүүлөрдү кыла бериши керек.

18 Кимдир бирөө бир канча убакыттан бери изилдеп келатса, бирок изилдөөнү анча баалабасы же такыр эле баалабай турганы көрүнсө, эмне кылсак болот? Мисалга мындай жагдайды алалы: силер менен изилдеген адам «Эмнелерди билебиз?» китебин бүтүрүп, атүгүл «Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбайбыз» китебин баштады. Бирок бир да жыйналыш жолугушуусуна, ал тургай, Эскерүү кечесине да катышкан эмес. Андан тышкары, анча маанилүү эмес себептерден улам изилдөөнү үзгүлтүккө учурата берет. Эгер ушундай болсо, аны менен ачык-айкын сүйлөшүп көргүлө *.

19. Ыйык китептик изилдөөнү анча баалабай жаткандай көрүнгөн киши менен кантип сүйлөшсөңөр болот жана анын айткандары силерге эмне кылганга жардам бериши мүмкүн?

19 Сөздү башташ үчүн андан: «Сага Жахабанын Күбөсү болууга негизинен эмне тоскоолдук кылып жатат?» — деп сурасаңар болот. Ал: «Мага Ыйык Китепти изилдеген жагат, бирок эч качан Жахабанын Күбөсү болбойм!» — деши мүмкүн. Эгер ал изилдеп жатканына бир канча убакыт болуп калгандан кийин ушинтип жооп берсе, изилдөөнү уланта берүүгө негиз барбы? Ал эми ал эмне үчүн ийгилик кылбай жатканын силерге биринчи жолу айтып жатсачы? Мисалы, ага үйдөн үйгө кабар айтуу эч качан колунан келбечүдөй сезилиши мүмкүн. Анын сезимдерин билгенден кийин ага кантип жардам берсе болорун жакшыраак түшүнө аласыңар.

Ийгилик кылбагандарга убактыңарды коротпогула (20-абзацты карагыла)

20. Элчилер 13:48де жазылгандар изилдөөнү улантар-улантпасыбызды чечүүгө кандайча жардам берет?

20 Өкүнүчтүүсү, Ыйык Китепти изилдеп жаткандардын айрымдары Жезекиел пайгамбардын убагындагы ысрайылдыктарга окшош. Жахаба алар тууралуу Жезекиелге: «Алар сени махабат ырын ырдаган ырчыдай, кыл аспапты жакшы черткен, мукам үндүү кишидей көрүшөт. Айткандарыңды угушканы менен, бири да аткарбайт»,— деген (Жез. 33:32). Андай адамга изилдөөнү токтотоюн деп жатканыбызды айтуу оңой болбошу мүмкүн. Бирок «убакыт аз калганын» унутпашыбыз керек (1 Кор. 7:29). Ошондуктан ийгилик кылбаган киши менен изилдөө өткөргөнгө убактыбызды короткондон көрө, «түбөлүк өмүргө карата туура көз карашта болгондорду» издегенибиз маанилүү. (Окугула: Элчилер 13:48.)

Аймагыңарда Кудайдан жардам сурап жаткан башка адамдар болушу мүмкүн (20-абзацты карагыла)

21. 2020-жылдын аяты кайсы жана ал бизге эмне кылууга көмөк кылат?

21 2020-жылдын аяты бизге шакирт даярдоо ишин мындан да жакшы аткарууга көңүл топтоого жардам берет. Ал аят Исанын Галилеядагы тоодо өткөргөн абдан маанилүү жолугушууда айткан сөздөрүн камтыйт. Иса: «Ошондуктан баргыла да,.. шакирт даярдагыла. Аларды... чөмүлдүргүлө»,— деп айткан (Мт. 28:19).

Шакирт даярдоо ишин мурдагыдан да сапаттуу аткарууга жана изилдеп жаткандарга чөмүлүүгө жардам берүүгө чечкиндүү бололу (21-абзацты карагыла)

70-ЫР: Татыктууларды издейли

^ 5-абз. 2020-жылдын аяты бизди «шакирт даярдаганга» үндөйт. Бул буйрук Жахабанын бардык кызматчыларына берилген. Биз менен Ыйык Китепти изилдегендер Машаяктын шакирти болушу үчүн, алардын жүрөгүн кантип козгой алабыз? Бул макалада Ыйык Китепти изилдеп жаткандарга Жахабага жакындаганга кантип жардам берсек болорун талкуулайбыз. Ошондой эле изилдөөнү уланта беришибиз керекпи же жокпу, кантип аныктасак болорун карап чыгабыз.

^ 18-абз. JW телеберүүсүндөгү «Ийгилик кылбагандар менен изилдөөнү токтотуу» деген видеотасманы көргүлө.