Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

2-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Башкаларга «жөлөк боло» аласыңар

Башкаларга «жөлөк боло» аласыңар

«Ушулар... Кудайдын Падышалыгы үчүн мени менен кызматташып, мага жөлөк болушту» (КОЛ. 4:11).

90-ЫР: Бири-бирибизди бекемдейли

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Жахабанын көптөгөн ишенимдүү кызматчылары кандай кыйынчылыктарга кабылууда?

ЖАХАБАНЫН дүйнө жүзүндөгү көптөгөн кызматчылары жүрөгүн түпөйүл кылган, атүгүл жан дүйнөсүн сыздаткан кыйынчылыктарды башынан кечирүүдө. Силердин жыйналышыңарда да ошондой бир туугандар барбы? Кээ бир ишенимдештерибиз олуттуу оору менен күрөшүүдө же жакынынан айрылып, күйүт тартууда. Башкалары болсо, үй-бүлөсүнөн кимдир бирөө же жакын досу чындык жолун таштап кеткендиктен, кыйналууда. Дагы бирөөлөрү табигый кырсыктан жапа чегүүдө. Андай бир туугандардын баары сооротууга муктаж. Аларга кантип жардам берсек болот?

2. Пабыл эмне үчүн кээде сооротууга муктаж болгон?

2 Элчи Пабыл өмүрүнө коркунуч туудурган жагдайларга далай жолу кабылган (2 Кор. 11:23—28). Андан сырткары, денесиндеги «тикенден», сыягы, кайсы бир оорудан азап чеккен (2 Кор. 12:7). Анысы аз келгенсип, бир кездеги кызматташы «Димас бул дүйнө түзүлүшүн сүйүп», аны таштап кеткен. Буга Пабылдын жүрөгү оорубай койгон эмес (2 Тим. 4:10). Ооба, ал ыйык рух менен майланган, башкалардан жардамын аябаган кайраттуу бир тууган болсо да, көңүлү чөккөн учурлары болгон (Рим. 9:1, 2).

3. Жахаба Пабылды кантип сооротуп, колдогон?

3 Пабыл муктаж болуп турганда, Жахаба аны дайыма сооротуп, колдоо көрсөтчү. Кантип? Ал ага күч-кайрат бериш үчүн ыйык рухун колдончу (2 Кор. 4:7; Флп. 4:13). Ошондой эле аны кызматчылары аркылуу да сооротчу. Пабыл алардын айрымдарынын ага «жөлөк болушканын» айткан (Кол. 4:11). Ал атын атап өткөн ишенимдештеринин арасында Аристарх, Тихик, Марк да болгон. Ал үчөө Пабылга кыйынчылыкка багынбоого жардам беришкен. Алар кайсы сапаттарынан улам башкаларды жубата алышкан? Бири-бирибизди сооротуп-бекемдөөдө алардын үлгүсүн кантип туурасак болот?

АРИСТАРХТАЙ БОЛУП, БЕРИЛГЕНДИК КӨРСӨТКҮЛӨ

«Кыйын мезгилде» ишенимдештерибиздин жанында болсок, Аристархка окшоп, берилген дос экенибизди көрсөтөбүз (4, 5-абзацтарды карагыла) *

4. Аристарх Пабылдын берилген досу экенин кантип көрсөткөн?

4 Македониянын Тесалоника шаарынан болгон Аристарх Пабылдын берилген досу болгон. Аристарх жөнүндө Ыйык Китептен биринчи жолу Пабылдын Эфеске үчүнчү миссионердик сапары менен барганы жөнүндө жазылган билдирүүдөн окуйбуз. Эфесте Пабыл менен жүргөндө аны сүрмө топ кармап алган (Элч. 19:29). Бирок бошотулгандан кийин өз коопсуздугун ойлоп кетип калган эмес. Анын ордуна, Пабыл менен калып, ага берилгендик көрсөткөн. Бир нече айдан кийин Грецияга барышкан. Душмандар Пабылдын көзүн тазалоого дагы деле аракет кылып жатышса да, Аристарх коркпой, анын жанында болгон (Элч. 20:2—4). Болжол менен б.з. 58-жылы Пабыл камакка алынып, Римдеги түрмөгө жөнөтүлгөн. Ошол узак сапарында да аны Аристарх коштоп жүргөн. Жолдон кеме кыйроого учурап, чогуу азап тартышкан (Элч. 27:1, 2, 41). Римге баргандан кийин ал Пабыл менен бирге, кыязы, бир нече убакыт түрмөдө отурган (Кол. 4:10). Ошондой берилген досунун колдоп турганы Пабылды абдан бекемдеп, соороткону шексиз!

5. Накыл сөздөр 17:17ге ылайык, берилген дос экенибизди кантип көрсөтө алабыз?

5 Аристархка окшоп, жакшы убакта эле эмес, «кыйын мезгилде» да ишенимдештерибиздин жанында болуп, берилген дос экенибизди көрсөтө алабыз. (Окугула: Накыл сөздөр 17:17.) Айрымдар жамандык артта калгандан кийин деле сооротууга муктаж болушу мүмкүн. Үч айдын ичинде атасынан да, апасынан да айрылган Франсес * мындай дейт: «Башынан оор сыноону кечирген адам көпкө чейин кыйналат деп ойлойм. Ата-энем каза болгондон бир нече убакыт өткөндөн кийин да жан дүйнөмдүн жарааты айыга электигин эске алган берилген досторума аябай ыраазымын».

6. Досторубузга болгон берилгендигибиз бизге эмне кылууга түрткү берет?

6 Берилген достор ишенимдештерине колдоо көрсөтүш үчүн курмандыктарга барышат. Мисалы, Питер деген бир тууганга доктур абдан бат өрчүп, өмүрүнө коркунуч туудура турган ооруга чалдыкканын айткан. Аялы Кэтрин мындай деп бөлүшөт: «Питер текшерилген жерге бизди жыйналышыбыздагы бир жубайлар жеткирген болчу. Алар ошол жерден эле бизге кыйынчылык учурунда таштабай, жаныбызда болорун айтышкан. Ошондон бери дайыма муктаж болгонубузда жаныбызда болуп келишет». Турмуштун бороон-чапкынына туруштук берүүгө көмөк кылган чыныгы досторубуздун болгону бизди кандай гана бекемдейт!

ТИХИКТЕЙ ИШЕНИЧТҮҮ БОЛГУЛА

Кыйынчылыкка кабылгандарга Тихиктей ишеничтүү дос боло алабыз (7—9-абзацтарды карагыла) *

7, 8. Колосалыктар 4:7—9-аяттарда жазылгандай, Тихиктин ишеничтүү экени эмнелерден көрүнгөн?

7 Рим империясына караган Азия аймагынан болгон Тихик да Пабылдын берилген досу болгон (Элч. 20:4). Б.з. 55-жылдары Пабыл Жүйүт жериндеги ишенимдештерине жардам катары тартуу чогултууну уюштурган. Ал ошол маанилүү ишти аткарууда жардамчысы кылып Тихикти тандап алган көрүнөт (2 Кор. 8:18—20). Кийинчерээк Пабыл Римде биринчи жолу түрмөдө отурганда, Тихик анын кабарчысы болуп кызмат кылган. Башкача айтканда, Пабылдын бекемдөө үчүн жазган каттары менен айткан сөздөрүн Азиядагы жыйналыштарга жеткирип турган (Кол. 4:7—9).

8 Тихик андан ары да Пабылдын ишеничтүү досу болгон (Тит 3:12). Өкүнүчтүүсү, ошол убактагы шакирттердин баары эле ага окшоп ишеничтүү боло берген эмес. Маселен, б.з. 65-жылдары Пабыл экинчи жолу түрмөдө отурганда Азия аймагындагы көп ишенимдештеринин аны менен мамилелешүүдөн качканын жазган. Буга алардын каршылаштардан корккону себеп болгон көрүнөт (2 Тим. 1:15). Ал эми Тихик алардан айырмалангандыктан, Пабыл ага ишенип, дагы бир ишти тапшырган (2 Тим. 4:12). Анын Тихиктей жакшы досун абдан баалаганы күмөнсүз.

9. Канткенде Тихиктен үлгү алган болобуз?

9 Биз да ишеничтүү дос болуу менен Тихиктен үлгү алган болобуз. Айталы, ишенимдештерибизге зарыл учурда жардам берерибизди убада кылып эле койбостон, аларга иш жүзүндө көмөк көрсөтүшүбүз керек (Мт. 5:37; Лк. 16:10). Кыйынчылыкка кабылгандар биздин жардам берүүгө даяр экенибизге ынанса, бул аларды чындап эле сооротот. Эмне үчүн? Бир ишенимдешибиз: «Жардам берем деген кишинин зарыл учурда сөзүнө туруп, айтканын аткарарын билсең, өтө тынчсыздана бербейсиң»,— дейт.

10. Накыл сөздөр 18:24төн көрүнүп тургандай, кыйынчылыкка же көңүл кайттыкка кабылгандарды ким соорото алат?

10 Кыйынчылыкка же көңүл кайттыкка кабылгандар, адатта, ичиндегисин ишеничтүү досу менен бөлүшкөндө кадимкидей жеңилдеп калышат. (Окугула: Накыл сөздөр 18:24.) Бижай деген бир тууганыбыз, улуу баласы жыйналыштан чыгарылып калганда, аябай жаман болгон. Ал: «Кандай сезимде болуп жатканымды ишеничтүү бирөө менен бөлүшкүм келди»,— деген. Карлос болсо туура эмес иш кылып алып, жыйналыштагы сыймыктуу жоопкерчилигинен айрылып калган. Ал: «Айыптайт деп коркпой, сезимдеримди ээн-эркин айта ала турган бирөө менен сүйлөшкөнгө муктаж болдум»,— дейт. Карлос жүрөгүндөгү ой-сезимдерин аксакалдар менен бөлүшкөндө, алар ага багынбаганга жардам беришкен. Аксакалдардын кыраакы экенин жана анын айткандарын купуя сакташарын билгени да аны бир топ соороткон.

11. Ишеничтүү дос болуш үчүн эмне кылышыбыз керек?

11 Ишеничтүү дос болууну кааласак, чыдамкайлык сапатын өрчүтүшүбүз керек. Жолдошу таштап кеткенде, кайгыга батып кетпеш үчүн Жанна деген ишенимдешибиз сезимдерин жакын достору менен бөлүшкөн. Ал: «Аларга бир эле нерсени кайра-кайра айткан болушум керек. Ошого карабай алар мени чыдамдуулук менен угушкан»,— дейт. Силер да башкаларды кунт коюп угуу менен жакшы дос экениңерди далилдейсиңер.

МАРККА ОКШОП, ЖАРДАМ БЕРҮҮГӨ ДАЯР БОЛГУЛА

Марктын көрсөткөн жардамы Пабылга багынбаганга көмөк кылган. Биз да оор учурда ишенимдештерибизге жардам бере алабыз (12—14-абзацтарды карагыла) *

12. Марк ким болгон жана анын башкаларга кызмат кылууга дилгир болгонун кайдан билебиз?

12 Машаяктын жүйүт жолдоочуларынын бири Марк Иерусалимден болгон. Аны Жакан деп да коюшчу. Анын тууганы Барнаба көпчүлүккө таанымал миссионер болчу (Кол. 4:10). Сыягы, Марк бардар жашаган үй-бүлөдө чоңоюп-өскөн. Ошентсе да ал материалдык нерселерди биринчи орунга койгон эмес. Ал дайыма башкаларга кызмат кылууга дилгир болгон жана ошондон кубаныч алган. Алсак, анын элчи Пабыл менен да, элчи Петир менен да кызматташкан учурлары болгон. Алар өздөрүнө тапшырылган милдеттерди аткарып жүргөндө, калыбы, Марк аларда зарыл нерселердин болушуна кам көргөн (Элч. 13:2—5; 1 Пет. 5:13). Пабыл Марктын «Кудайдын Падышалыгы үчүн» аны менен кызматташып, ага «жөлөк болгондордун» бири болгонун жазган (Кол. 4:10, 11).

13. Пабылдын Марктын кызматын баалаганы 2 Тиметей 4:11ден кандайча көрүнүп турат?

13 Пабыл анын ошол убактарда көрсөткөн бардык жардамын жогору баалаганы күмөнсүз. Натыйжада Марк анын жакын досторунан болуп калган. Маселен, Пабыл б.з. 65-жылдары акыркы жолу Римде түрмөдө отурганда Тиметейге экинчи катын жазган. Ал катында Тиметейден Римге келишин жана өзү менен кошо Маркты да ала келишин суранган (2 Тим. 4:11). Ошол убакта Пабыл өзүнүн жакында өлүм жазасына тартыларын билсе керек. Андыктан Марктын ошондой маанилүү учурда жанында болушун каалаганы шексиз. Кыязы, Марк аны тамак-аш менен же сыя, түрмөк сыяктуу нерселер менен камсыз кылып, ага иш жүзүндө жардам көрсөткөн. Анын колдоп, дем-күч берип турганы Пабылга өмүрүнүн акыркы күндөрүндө туруктуу болууга көмөк кылса керек.

14, 15. Башкаларга жардам көрсөтүүнүн жолун табууга Матай 7:12 кандайча жардам берет?

14 Окугула: Матай 7:12. Башыбызга мүшкүл түшкөндө кимдир бирөө жардам көрсөтсө, ага абдан ыраазы болобуз. Мисалы, Райэндин атасы күтүлбөгөн жерден кырсыкка кабылып, каза тапкан. Райэн мындай дейт: «Жүрөгүң сыздап турганда күн сайын кылып жүргөн көп иштериңди кыла албай каласың. Кимдир бирөө көмөк көрсөткөндө, ал атүгүл кичинекей эле нерсе болсо да, аябай бекемделесиң».

15 Эгер кыраакы, баамчыл болсок, башкаларга жардам берүүнүн жолдорун таба алабыз. Мисалга жогоруда сөз кылынган Питер менен Кэтринге жардам берген жубайларды алалы. Аялы алардын дарылануу үчүн бара турган жерлеринин баарына жете алышына кам көргөн. Питер да, Кэтрин да машине айдай албай калгандыктан, ал ишенимдешибиз, жыйналыштагы бир туугандар аларды кезектешип жеткирип турушу үчүн, тизме түзгөн. Мунун натыйжасы кандай болгон? «Үстүбүздөн оор жүк түшкөндөй эле болгонбуз»,— дейт Кэтрин. Кичинекей болсо да, иш жүзүндө жардам көрсөтүү менен башкаларды канчалык бекемдээриңерди унутпагыла.

16. Башкаларды сооротуу жагынан Марктан эмнеге үйрөнө алабыз?

16 Элчи Пабылдын кызматташы болгон Марктын көп иштерди аткарганы күмөнсүз. Ал Жахабага кызмат кылууда чоң жоопкерчиликтерди аркалаган, анын ичинде өзүнүн аты менен аталган Инжилди жазган. Анткен менен Марк элчи Пабылды бекемдөөгө убакыт тапкан. Ошондуктан Пабыл андан жардам сурагандан тартынган эмес. Таенеси киши колдуу болуп өлгөн Анжела да аны сооротууга чын дилден аракет кылгандарга аябай ыраазы болгон. Ал: «Досторуң жардам берүүнү чындап кааласа, аларга кайрылуу оңой болот. Алар олку-солку болбой, чын көңүлдөн жардам беришет»,— дейт. Андыктан ар бирибиз: «Башкалар мени ишенимдештериме иш жүзүндө жардам көрсөтүүгө дилгир адам катары билишеби?» — деп ойлонуп көрсөк болот.

БАШКАЛАРДЫ СООРОТУУГА УМТУЛА БЕРЕЛИ

17. 2 Корунттуктар 1:3, 4тө жазылгандар жөнүндө ой жүгүртүү башкаларды сооротууга кандайча түрткү берет?

17 Сооротууга муктаж бир туугандарды табуу кыйын деле эмес. Аларды сооротууда башкалар бизди сооротуш үчүн айткан ойлор менен бөлүшсөк болот. Таенеси каза болгон Нино: «Эгер өзүбүз жол берсек, Жахаба бизди башкаларды сооротуу үчүн колдонот»,— дейт. (Окугула: 2 Корунттуктар 1:3, 4.) Жогорку абзацтардын биринде сөз кылынган Франсес: «2 Корунттуктар 1:4тө туптуура жазылган. Башкалар бизди кантип сооротсо, биз да кимдир бирөөнү ошентип соорото алабыз»,— деп бөлүшөт.

18. а) Айрымдар башкаларды сооротуудан эмне үчүн коркушу мүмкүн? б) Канткенде башкаларды соорото алабыз? Мисал келтиргиле.

18 Кээде башына мүшкүл түшкөн адамды сооротуш үчүн эмне дешти же эмне кылышты билбей, коркушубуз мүмкүн. Бирок ошондой учурда да демилгени колго алганыбыз маанилүү. Поль деген аксакал атасы каза болгондо айрымдардын аны сооротууга кантип аракет кылышканын мындай деп эскерет: «Мага көңүл айтуу алар үчүн оңой болгон жок деп айта алам. Эмне дээрин билбей, кыйналып жатышты. Бирок алардын мени сооротуп, бекемдегиси келгенине азыркыга чейин ыраазымын». Ал эми Таён деген ишенимдешибиз катуу жер титирөөдөн кийин башкалардын ага кантип кам көргөнү тууралуу мындай деген: «Жер титирөөдөн кийин мага көптөр жазып, чалып жатты. Чынын айтсам, ар бирин эстеп кала алган жокмун. Бирок алардын ал-жайымды билиш үчүн кылган аракетин эч качан унутпайм». Ооба, эгер чындап күйүмдүү болсок, муктаж болгондордун жүрөгүндөгү кайгысын жеңилдете алабыз.

19. Эмне үчүн башкаларга «жөлөк болууга» чечкиндүүсүңөр?

19 Бул дүйнөнүн аягы жакындаган сайын, дүйнөдөгү жагдай улам начарлап, жашоо оордогондон оордой берет (2 Тим. 3:13). Андан сырткары, тукум кууп өткөн күнөө менен жеткилеңсиздиктен улам да кыйынчылыктарга кабылабыз. Ошондуктан сооротууга муктаж боло берерибиз турган иш. Элчи Пабыл өмүрүнүн аягына чейин туруктуу болуп, ишенимин сактай алган. Буга ишенимдештеринин сооротуп, колдоп турганы да жардам берген. Андыктан, келгиле, Аристархтай берилген, Тихиктей ишеничтүү бололу жана Маркка окшоп, башкаларга кызмат кылууга дилгир бололу. Ошентсек, бир туугандарыбызга ишенимин аягына чейин бекем сактоого жардам бере алабыз (1 Тес. 3:2, 3).

^ 5-абз. Элчи Пабыл көптөгөн кыйынчылыктарга кабылган. Ошол оор учурларда айрым ишенимдештери ага жөлөк-таяк болушкан. Бул макалада ал ишенимдештерибиздин эмнеден улам башкаларды сооротуп-жубата алышканын талкуулайбыз. Ошондой эле башына кыйынчылык түшкөндөргө көмөк көрсөтүүдө алардын үлгүсүн кантип туурасак болорун карап чыгабыз.

^ 5-абз. Макаладагы айрым ысымдар өзгөртүлдү.

111-ЫР: Кубанууга себептер

^ 56-абз. СҮРӨТ. Аристарх менен Пабыл кеме кырсыгына кабылышкан.

^ 58-абз. СҮРӨТ. Пабыл Тихикке ишенип, өзүнүн каттарын жыйналыштарга жеткирүүнү тапшырган.

^ 60-абз. СҮРӨТ. Марк Пабылга иш жүзүндө жардам көрсөткөн.