Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

3-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Жахаба Кудайың сени баалайт!

Жахаба Кудайың сени баалайт!

«Басынтылганыбызда [ал] бизди эстеген» (ЗАБ. 136:23).

33-ЫР: Жүгүңдү Жахабага арт

БУЛ МАКАЛАДА *

1, 2. Жахабанын кызматчыларынын көбү кандай кыйынчылыктарга туш болууда жана бул аларга кандай таасир этиши мүмкүн?

БУЛ үч жагдай тууралуу ойлонуп көрсөң: жаш ишенимдешибиз бара-бара алдан-күчтөн тайдыра турган олуттуу ооруга чалдыгат. Кара жанын карч уруп иштеген орто курактагы бир тууган жумушунан айрылып калат жана канча аракет кылбасын, башка жумуш таба албайт. Жашы өр тартып калган ишенимдүү бир тууган жыл өткөн сайын Жахабага мурункудай кызмат кыла албай калат.

2 Эгер сен да ушул сыяктуу жагдайлардын бирине туш болсоң, өзүңдү эч нерсеге жараксыз сезишиң мүмкүн. Бул кубанычыңдын жоголушуна алып келиши жана өзүңө болгон көз карашыңа, башкалар менен болгон мамилеңе терс таасир этиши ыктымал.

3. Шайтан жана анын таасирине алдыргандар адамдын өмүрүнө кандай карашат?

3 Бул дүйнө Шайтандын адам баласынын өмүрүнө болгон көз карашын чагылдырат. Шайтан адамдарды кенедей да баалабайт. Алсак, Кудайга каршы чыгуунун арты өлүм менен бүтөрүн жакшы билсе да, Обо энеге эркиндик сунуштап, таш боордук кылган. Шайтан азыркы дүйнөдөгү коммерциялык, саясий жана диний түзүлүштөрдү көзөмөлдөп келет. Андыктан көптөгөн соода ишкерлеринин, саясатчылардын, диний төбөлдөрдүн адамдардын өмүрүн баалабаганы жана кадыр-баркын сыйлабаганы таң калыштуу эмес.

4. Бул макалада эмнелерди карап чыгабыз?

4 Шайтандан айырмаланып, Жахаба биздин өзүбүзгө карата тең салмактуу көз карашта болушубузду, баалуу экенибизди билишибизди каалайт жана кыйынчылыктардан улам өзүбүздү пайдасы жоктой сезгенде колдоо көрсөтөт (Заб. 136:23; Рим. 12:3). Бул макалада олуттуу ооруга чалдыкканда, акчанын жетишсиздигинен кыйналганда жана карылыктан улам кызматыбызды мурункудай аткара албай калганда Жахабанын бизге кантип жардам берерин карап чыгабыз. Бирок, келгиле, адегенде Жахабанын ар бирибизди баалай турганына эмне үчүн шектенбесек болоруна токтололу.

ЖАХАБА БИЗДИ БААЛАЙТ

5. Адамдардын Жахабанын көз алдында баалуу экенине сени эмне ынандырат?

5 Топурактан жаралсак да, Жахаба бизди тек гана бир ууч топурактай көрбөйт (Башт. 2:7). Биз анын көз алдында абдан баалуубуз. Мунун бир нече эле далилин карап көрөлү. Маселен, ал адам баласын өзүнүн сапаттарын чагылдыра алгыдай кылып жараткан (Башт. 1:27). Муну менен ал адамдарды жердеги жаратуулардын баарынан жогору койгон жана аларга жерге, жаныбарларга кам көрүүнү тапшырган (Заб. 8:4—8).

6. Жахабанын жеткилеңсиз адамдарды баалай турганына дагы кандай далил бар?

6 Жахаба адамдарды атүгүл Адам ата күнөө кылгандан кийин да баалай берген. Бизди ушунчалык баалуу деп эсептегендиктен ал өзүнүн сүйүктүү Уулу Исаны биздин күнөөлөрүбүз үчүн кун катары берген (1 Жкн. 4:9, 10). Ал Адам атанын күнөөсүнүн айынан өлгөндөрдү: «адил адамдарды» да, «адил эмес адамдарды» да Исанын куткаруу курмандыгынын негизинде тирилтет (Элч. 24:15). Ыйык Китептен көрүнүп тургандай, ден соолугубуз, экономикалык абалыбыз, жаш курагыбыз кандай болбосун, Жахаба ар бирибизди жакшы көрөт (Элч. 10:34, 35).

7. Жахабанын өз кызматчыларын баалаарына дагы эмнелерден улам ишенсек болот?

7 Жахабанын бизди баалай турганын дагы башка нерселерден билсек болот. Мисалы, ал бизди өзүнө жакындаткан жана жакшы кабарды кандай кабыл алганыбызды байкаган (Жкн. 6:44). Ага жакындай баштаганыбызда, ал да бизге жакындаган (Жкп. 4:8). Ошондой эле бизди окутуп-үйрөтүүгө убактысын, күчүн жумшап, бизди канчалык баалай турганын көрсөтүүдө. Ал азыр кандай адам экенибизди жана кийин кандай адам болорубузду билет. Сүйүүсүнөн улам кээде бизди тартипке салат (Накыл 3:11, 12). Булардын баары — Жахабанын ар бир кызматчысын баалаарын көрсөткөн кандай гана күчтүү далилдер!

8. Забур 18:27—29-аяттар кыйынчылыктарыбызга карата болгон көз карашыбызга кандай таасир этет?

8 Айрымдар Дөөтү падышаны урмат-сыйга татыксыз адам катары көрүшкөн. Бирок Дөөтү Жахабанын аны жакшы көрөрүн, колдоорун билген. Бул ага жагдайына туура караганга көмөк кылган (2 Шем. 16:5—7). Көңүлүбүз чөккөндө же башыбызга кыйынчылык түшкөндө, Жахаба жагдайыбызга туура баа берүүгө жана тоскоолдуктардын баарынан ашып өтүүгө жардам бере алат. (Окугула: Забур 18:27—29.) Эгер Жахабанын колдоосуна ээ болсок, ага кубаныч менен кызмат кылышыбызга эч нерсе жолтоо боло албайт (Рим. 8:31). Эмесе, анын бизди жакшы көрөрүн, баалаарын өзгөчө кайсы үч жагдайда эсибизде сакташыбыз керектигине токтололу.

ООРУ МЕНЕН АЛПУРУШУУ

Жахабанын рухунун жетеги менен жазылган сөздөрдү окуу оорудан улам пайда болгон терс сезимдерди жеңүүгө жардам берет (9—12-абзацтарды карагыла)

9. Оорудан улам өзүбүздү кандай сезишибиз мүмкүн?

9 Олуттуу дартка чалдыкканда мүңкүрөп, эч кимге пайдам жок деген ойлор басышы ыктымал. Кимдир бирөө ооруп жүргөнүбүздү байкаса же башкаларга көз каранды болуп калсак, ыңгайсызданышыбыз мүмкүн. Атүгүл ооруп жатканыбызды башкалар билбесе да, мурда кылып жүргөн нерселерди кыла албай калгандыктан уялып, жаман болушубуз ыктымал. Ошондой оор учурларда Жахаба бизге күч берет. Кантип?

10. Накыл сөздөр 12:25ке ылайык, ооруган адамга эмне жардам берет?

10 Ооруп жатканда «жакшы сөз көңүл көтөрөт». (Окугула: Накыл сөздөр 12:25). Жахаба Ыйык Китепке бизди оорубузга карабай баалаарын эсибизге салган жакшы сөздөрдү жаздырып койгон (Заб. 31:19; 41:3). Ыйык рухтун жетеги менен жазылган ал сөздөрдү окусак, атүгүл кайра-кайра окуп турсак, Жахаба оорудан улам пайда болгон терс ойлорду жеңгенге көмөк кылат.

11. Бир ишенимдешибизге Жахаба кантип жардам берген?

11 Жорж деген ишенимдешибиздин мисалына токтололу. Ал жапжаш кезинде эле бат өрчүгөн, алдан-күчтөн тайдырган илдетке чалдыккан. Ошонун айынан өзүн эч нерсеге татыксыз сезчү. «Оорумдан улам өзүмдү ушунчалык жаман сезем деп же элдин баары көңүл бура бергендиктен аябай ыңгайсыз болом деп ойлогон эмес элем. Абалым начарлаган сайын, жашоом андан ары кандай болорун ойлоп тынчсызданчумун. Көңүлүм чөгүп, Жахабадан жардам сурап жалбарчумун»,— дейт ал. Жахаба ага кантип жардам берген? Жорж мындай деп бөлүшөт: «Оорумду ойлой бергендиктен, бир нерсеге көңүл топтоо кыйын болуп калган. Ошондуктан бир ишенимдешим мени Забур китебинен Жахабанын өз кызматчыларына кам көрөрү жазылган бир нече аят окуп турууга үндөгөн. Аларды күнүгө кайра-кайра окучумун. Ошондо көңүлүм жай алып, сооронуп калчумун. Бара-бара башкалар менин көбүрөөк жылмая баштаганымды байкашыптыр. Алар менин оң маанай сактап жатканымды көрүп, бекемделерин айтып жатышты. Ошондон улам Жахабанын тиленүүлөрүмө жооп берип жатканын түшүндүм. Ал мага өзүмө карата болгон көз карашымды оңдоого жардам берди. Анын аркасында Жахабанын оорума карабай мени баалай турганы жөнүндөгү аяттарга көңүл топтой баштадым».

12. Оору менен алпурушуп жатсаң, Жахаба сага жардам бериши үчүн, эмне кылсаң болот?

12 Эгер сен да оору менен алпурушуп жатсаң, Жахабанын сенин канчалык кыйналып жатканыңды билеринен эч шектенбесең болот. Андан жагдайыңа карата туура көз карашта болууга жардам сурап тилен. Ошондой эле Ыйык Китептен анын сени сооротуш үчүн жаздырып койгон сөздөрүн табууга аракет кыл. Жахабанын өз кызматчыларын канчалык жогору баалаарын көрсөткөн аяттарга көңүл топто. Ушуларды кылсаң, анын ишенимдүү кызматчыларынан жакшылыгын аябай турганына ынанасың (Заб. 84:11).

АКЧАНЫН ЖЕТИШСИЗДИГИНЕН КЫЙНАЛУУ

Жахабанын бизди зарыл нерселер менен камсыз кыларын убада кылганын унутпоо жумуш таппай кыйналганда жардам берет (13—15-абзацтарды карагыла)

13. Жумушунан айрылып калган үй-бүлө башчысы өзүн кандай сезиши мүмкүн?

13 Ар бир үй-бүлө башчысы үй-бүлөсүн зарыл нерселер менен камсыз кылууну каалайт. Бирок кайсы бир ишенимдешибиз себепсиз эле жумушунан айрылып калышы мүмкүн. Ал көп күч-аракет жумшаса да, башка жумуш таба албашы жана ошондон улам өзүн эч кимге пайдасы жоктой сезиши ыктымал. Жахабанын убадаларына көңүл топтогону ага кандайча жардам берет?

14. Жахаба кайсы себептерден улам убадасына турат?

14 Жахаба дайыма убадасына турат (Жаш. 21:45; 23:14). Мунун бир нече себеби бар. Биринчиден, бул анын ысмы менен түздөн-түз байланышта. Жахаба берилген кызматчыларына кам көрөм деп сөз бергендиктен, өзүн убадасын аткарууга милдеттүү деп эсептейт (Заб. 31:1—3). Экинчиден, биз анын үй-бүлөсүнүн мүчөсү болгондуктан, эгер бизге кам көрбөсө, көңүлүбүз чөгүп, ындыныбыз сууп каларын билет. Ал бизди жашоого зарыл нерселер менен да, ага ишенимдүү кызмат кылууга өбөлгө түзгөн нерселер менен да камсыз кыларын убада кылууда жана убадасын аткарууга ага эч нерсе тоскоол боло албайт (Мт. 6:30—33; 24:45).

15. а) Исанын 1-кылымдагы жолдоочулары кандай кыйынчылыкка туш болгон? б) Забур 37:18, 19дагы сөздөр бизди эмнеге ынандырат?

15 Жахабанын өз убадаларын эмне себептен аткарарын эсибизге бек сактасак, акча жагынан кыйналганыбызда анын жардам береринен күмөн санабайбыз. Мисалга Исанын 1-кылымдагы жолдоочуларын алалы. Душмандар Иерусалимдеги жыйналышты катуу куугунтуктай баштаганда, «элчилерден башкасынын баары» ар кайсы жакка чачырап кеткен (Элч. 8:1). Ушундан улам алардын кандай кыйынчылыкка туш болгонун ойлоп көрсөң. Үйлөрүнөн, жумушунан же жүргүзгөн ишинен кол жуушкандыктан, акча-каражат жагынан кыйналганы шексиз. Бирок Жахаба аларды калтырган эмес жана алар кубаныч менен кызмат кыла беришкен (Элч. 8:4; Евр. 13:5, 6; Жкп. 1:2, 3). Жахаба аларга кам көргөндөй эле, бизге да кам көрөт. (Окугула: Забур 37:18, 19.)

КАРЫЛЫКТЫН АЗАБЫН ТАРТУУ

Жашыбыз өр тартып калса да, колубуздан келген нерсеге көңүл топтоо Жахабанын бизди жана ишенимдүүлүк менен аткарган кызматыбызды баалаарына ынандырат (16—18-абзацтарды карагыла)

16. Жахабанын кызматыбызды баалаарына эмнеден улам шектенишибиз ыктымал?

16 Жашыбыз өткөн сайын, Жахабага көп кызмат кыла албай калдым деп кейишибиз мүмкүн. Кыязы, Дөөтү падыша да карылыкка моюн сунуп баратканда ошондой сезимде болгон (Заб. 71:9). Андай учурда Жахаба бизге кантип жардам берет?

17. Жэри деген бир туугандын окуясынан эмнени билүүгө болот?

17 Жэри деген улгайган бир туугандын мисалын карап көрөлү. Ал Жахабага сыйынууга арналган жайларга кам көрүү боюнча Падышалык залында өткөрүлө турган жолугушууга чакырылган. Бирок анын баргысы келген эмес. Ал: «Өзүм кары киши болсом, жесир болсом, Жахаба колдоно алгыдай эч бир жөндөмүм жок болсо, менден эмне пайда чыкмак эле деп ойлодум»,— дейт. Ошол жолугушуу болордун алдындагы түнү Жери Жахабага жүрөгүндөгүсүн төгүп, жалындуу тиленген. Кийинки күнү Падышалык залына барганда өзүн дагы деле пайдасыз сезип жаткан. Жолугушуу учурунда бир баяндамачы эң эле маанилүү жөндөмүбүз бул Жахабадан үйрөнүүгө дилгир болгонубуз экенин баса белгилеген. Жери мындай дейт: «Ошондо: „Менде бул нерсе бар да“,— дедим. Жахабанын тиленүүмө жооп бергенин түшүнгөндө көзүмөн жаш куюла баштады. Жахаба мени ага бере ала турган баалуу нерсем бар экенине жана мени окутуп-үйрөткүсү келерине ынандырды». Ал: «Ошол жолугушууга аябай тынчсызданып, көңүлүм чөгүп, араң барган болчумун. Бирок ал жактан бекемделип, өзүмдүн баалуу экениме ынанып кайттым»,— деп эскерет.

18. Улгайсак да, Жахаба кызматыбызды баалай берери Ыйык Китептен кандайча көрүнүп турат?

18 Жашыбыз илгерилеп баратса да, Жахабанын керегине жарай аларыбызга такыр шектенбесек болот (Заб. 92:12—15). Иса, мүмкүнчүлүгүбүз канчалык чектелүү болбосун, жумшаган аракетибиз өзүбүзгө канчалык кенедей сезилбесин, Жахабанын ага колубуздан келишинче кызмат кылганыбызды жогору баалаарын айткан (Лк. 21:2—4). Андыктан кыла ала турган нерселерге көңүл топтогула. Маселен, силер башкаларга Жахаба тууралуу айта аласыңар, бир туугандар үчүн тилене аласыңар жана аларды ишенимдүү бойдон калууга үндөй аласыңар. Жахаба силерди кызматтагы жетишкендиктериңер үчүн эмес, ага тил алууга ынтызар болгонуңар үчүн өзүнүн кызматташы катары көрөт (1 Кор. 3:5—9).

19. Римдиктер 8:38, 39дагы сөздөр бизди эмнеге ынандырат?

19 Жахабага — кызматчыларын чындап баалаган Кудайга — сыйынганыбыз үчүн кандай гана ыраазыбыз! Ал бизди анын эркин аткарышыбыз үчүн жараткан. Ошондуктан ага сыйынуу жашообузду чындап маңыздуу кылат (Аян 4:11). Бул дүйнө бизди эч нерсеге татыксыз көрсө да, Жахаба биз менен сыймыктанат (Евр. 11:16, 38). Андыктан оорудан, акча-каражаттын жетишсиздигинен же карылыктан улам көңүлүбүз чөккөндө асмандагы Атабыздын сүйүүсүнөн бизди эч нерсе ажырата албай турганын эстен чыгарбайлы! (Окугула: Римдиктер 8:38, 39.)

^ 5-абз. Кайсы бир жагдайлардан улам өзүңдү эч нерсеге жараксыз сезген учуруң болду беле? Бул макала Жахабанын сени канчалык баалаарын эсиңе салары шексиз. Ошондой эле бул макалада, жашооңдо кандай өзгөрүүлөр болбосун, өзүн өзү сыйлоо сезимин жоготпогонго эмне жардам берери талкууланат.

30-ЫР: Куткаруучум, Атам, Досум