Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

44-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Балаңар Жахаба Кудайдын жолун тандайбы?

Балаңар Жахаба Кудайдын жолун тандайбы?

«Иса өсүп-жетилип, барган сайын акылмандыгы артып, Кудайдын да, адамдардын да жактыруусуна ээ боло берди» (ЛК. 2:52)

134-ЫР: Балдар — Кудайдын белеги

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Адам чыгара ала турган эң туура чечим кайсы?

АТА-ЭНЕНИН чечими көп учурда баланын бүтүндөй жашоосуна таасир этет. Эгер ата-эне чечим чыгарганда жаңылса, балдары кыйналат. Ал эми туура, жакшы чечимдерди чыгарса, балдарынын бактысына жол ачат. Албетте, балдардын өзүнөн да көп нерсе көз каранды. Алар да туура чечим чыгара алышат. Бирок ким болбосун, ата-энеби, балабы, жашоосунда чыгарган эң туура чечими асмандагы мээримдүү Атабыз Жахабага кызмат кылуу болуп саналат (Заб. 73:28).

2. Иса да, ата-энеси да кандай туура чечимдерди чыгарышкан?

2 Исанын ата-энеси болгон Жусуп менен Мариям балдарынын Жахабага сыйынышын жана ага кызмат кылышын каалаган. Бул алар үчүн баарынан маанилүү болгону чыгарган чечимдеринен көрүнүп турган (Лк. 2:40, 41, 52). Аларга окшоп, Иса өзү да ошол максатты көздөп, туура чечимдерди чыгарган (Мт. 4:1—10). Ал боорукер, кайраттуу, Кудайга берилген адам болуп чоңойгон. Кудайдан корккон ата-энелердин кимиси болбосун баласы ушундай чыкса, аябай сыймыктанып, көөдөнү толо сүйүнмөк.

3. Бул макаладан кайсы суроолорго жооп алабыз?

3 Бул макаладан бул суроолорго жооп алабыз: Жахаба Исага байланыштуу кандай туура чечимдерди чыгарган? Кудай жолундагы ата-энелер чечим чыгарган жагынан Исанын ата-энесинен эмнени үйрөнө алышат? Балдар Исадан эмнеге үйрөнсө болот?

ЖАХАБАДАН ҮЙРӨНГҮЛӨ

4. Жахаба Уулуна байланыштуу кандай маанилүү чечим чыгарган?

4 Жахаба Исанын ата-энеси болгонго эң сонун адамдарды тандаган (Мт. 1:18—23; Лк. 1:26—38). Мариямдын Ыйык Китепте жазылган сөздөрүн окуп, Жахабаны жана анын Сөзүн аябай жакшы көргөнүн байкаса болот (Лк. 1:46—55). Ал эми Жусуптун Жахабанын көрсөтмөсүнө баш ийгенинен Кудайдан корккон, ага жаккандай иш кылгысы келген адам болгонун билсе болот (Мт. 1:24).

5, 6. Жахаба өз Уулунун башынан эмнелердин өтүшүнө жол берген?

5 Жахабанын Исага ата-энени бай адамдардан тандабаганы көңүлгө аларлык. Иса төрөлгөндөн кийин Жусуп менен Мариямдын чалган курмандыгынан алардын абдан эле жакыр тургандыгын билсе болот (Лк. 2:24). Атасы Жусуп жыгач уста болгондуктан Назареттеги үйүнүн жанында чакан устаканасы болсо керек. Алар карапайым эле үй-бүлө болгон көрүнөт. Анын үстүнө, бери дегенде, 7 баланы чоңойткондуктан көп нерсеси тартыш болгондур (Мт. 13:55, 56).

6 Жахаба Исаны кээ бир кооптуу нерселерден коргогон. Бирок кыйынчылыктарынын баарынан эле калкалай берген эмес (Мт. 2:13—15). Мисалы, Исанын бардык эле тууган-туушкандары ага ишене берген эмес. Өзүнүн кара чечекей бир туугандары башында аны Машаяк катары кабыл алышкан эмес. Ушунун өзү эле Иса үчүн канчалык кыйын болгонун элестетсеңер (Мр. 3:21; Жкн. 7:5). Ал жаш кезинде эле атасы Жусуптан да айрылып калган. Үйдүн улуусу катары ага атасынын ишин улантып, үй-бүлөсүн бакканга туура келген (Мр. 6:3). Ошондуктан керээли-кечке кара жанын карч уруп мээнет кылуу көнүмүш нерсе болгон.

Ата-энелер, балдарыңарды турмуштун оош-кыйышында Кудайдын Сөзүнөн акыл издегенге үйрөткүлө (7-абзацты карагыла) *

7. а) Балалуу болгусу келгендер эмнелер тууралуу ойлонуп көрүшү керек? б) Накыл сөздөр 2:1—6-аяттарга ылайык, ата-энелер балдарына эмнени үйрөтүшү керек?

7 Балалуу болгусу келгендердин: «Кандай ата-эне болобуз? Жахабаны, анын Сөзүн жакшы көргөн момун адамбызбы? Жахаба ымыркайдын баа жеткис өмүрүн ишенип тапшыра тургандайбызбы?» — деп ойлонуп көргөнү оң (Заб. 127:3, 4). Ал эми балалуу болсоңор: «Балдарымды эмгекке үйрөтүп жатамбы? Аларды Шайтандын дүйнөсүндөгү ден соолугуна, аң-сезимине зыян келтире турган нерселерден коргогонго бүт күчүмдү жумшап жатамбы?» — деп ойлонуп көргүлө (Нас. 3:12, 13; Накыл 22:3). Албетте, канча аракет кылсаңар да, балдарыңарга турмуштун бардык кайгы-касиреттеринен коргогон калканыч боло албайсыңар дечи. Ошентсе да аларды Кудайдын Сөзүнө кайрылып жардам издегенге жылуу-жумшак үйрөтө берсеңер, турмуштун оош-кыйышына акырындап даярдай бересиңер. (Окугула: Накыл сөздөр 2:1—6.) Маселен, туугандарыңардан кимдир бирөө Жахабага кызмат кылбай калышы мүмкүн. Андайда Ыйык Китепти колдонуп, балдарыңарга Жахабага берилген бойдон калуу канчалык маанилүү экенин түшүнгөнгө жардам бергиле (Заб. 31:23). Ал эми жакын кишиңерден айрылып калсаңар, балдарыңарга Ыйык Китептен жан дүйнөсүн тынчтантып, жубата турган аяттарды окуп бергиле (2 Кор. 1:3, 4; 2 Тим. 3:16).

ЖУСУП МЕНЕН МАРИЯМДАН ҮЙРӨНГҮЛӨ

8. Мыйзам 6:6, 7ге ылайык, Жусуп менен Мариям эмне кылышы керек эле?

8 Исанын жердеги ата-энеси аны Кудайга жаккан адам кылып чоңойтушкан. Алар Жахабанын ата-энелерге берген осуяттарына карманышкан. (Окугула: Мыйзам 6:6, 7.) Жахабаны абдан жакшы көрүшкөн. Балдарынын да Жахабаны жакшы көргөнү алар үчүн баарынан маанилүү болгон.

9. Жусуп менен Мариям эмнени биринчи орунга коюшкан?

9 Жусуп менен Мариям Жахабага бүт үй-бүлөсү менен сыйынган. Алардын Назареттеги синагогага жума сайын барып турганы шексиз. Жыл сайын Иерусалимге Пасах майрамын белгилегенге да барышчу (Лк. 2:41; 4:16). Жолду карай балдарына Кудайдын элинин тарыхындагы окуяларды айтып беришкен көрүнөт. Ыйык Китепте жазылган жерлерди көрүш үчүн андай жерлерге атайын тийип өтүшкөн да чыгар. Бала-бакырасы көбөйгөн сайын Жусуп менен Мариямга үй-бүлөсүнүн Жахаба менен болгон мамилесине кам көрүш оңой болгон эмес. Бирок мээнети талаага кеткен эмес. Алар үй-бүлөсү менен Жахабага сыйынып, ага ынак болушкан.

10. Ата-энелер Жусуп менен Мариямдан эмнени үйрөнсө болот?

10 Ата-энелер Жусуп менен Мариямдан эмнени үйрөнсө болот? Ата-энелер, балдарыңар Жахабаны жакшы көрөрүңөрдү сөзүңөрдөн да, ишиңерден да көргүдөй болушсун. Бул баарынан маанилүү. Себеби балдарыңарга бере ала турган эң баалуу нерсеңер — Жахабаны жакшы көргөнгө жардам бергениңер. Ал эми эң мыкты таалим-тарбияңар — Ыйык Китепти окуп-изилдегенди, тиленгенди, жыйналышка барганды, кабар айтканды адат кылып алганды үйрөткөнүңөр (1 Тим. 6:6). Албетте, балдарыңарга керектүү нерселерди алып берип камын ойлошуңар керек (1 Тим. 5:8). Бирок бир нерсени эсиңерден чыгарбагыла: көөнөрүп эскилиги жеткен азыркы дүйнө кыйраганда балдарыңардын Кудайдын жаңы дүйнөсүнө аман өтүшү колундагы дүнүйө-мүлкүнөн эмес, Жахаба менен болгон мамилесинен көз каранды болот * (Жез. 7:19; 1 Тим. 4:8).

Ата-энелердин Жахабага балдары менен чогуу кызмат кылганы жүрөк жылытат (11-абзацты карагыла) *

11. а) 1 Тиметей 6:17—19-аяттарда жазылган кеңеш балдарды туура нукка салганга кантип жардам берет? б) Үй-бүлөңөр менен кандай максат койсоңор болот жана анын натыйжасы кандай болот? (« Кандай максаттарды көздөсөңөр болот?» деген кутучаны карагыла.)

11 Арабызда Жахабага берилген жана үй-бүлөсүнүн, бала-бакырасынын рухийлигине кам көрүп, жакшы, туура чечимдерди чыгарган жубайлар арбын. Аларды көргөндө ичиң жылыбай койбойт. Алар Жахабага дайыма чогуу кызмат кылышат. Жыйналыштарга, жыйындарга калтырбай барышат. Кабар айтуу кызматына катышышат. Айрымдары атүгүл сейрек иштетилген аймактарга барып кабар таратышат. Башкалары Бейтелди көргөнү чогуу барышат же уюмдун курулуш иштерин колдоп, аларга катышышат. Ушунун баарын кылганга каражат керек. Бул оңой эмес. Бирок ошонун аркасында алар рухий жактан байышат. (Окугула: 1 Тиметей 6:17—19.) Андай үй-бүлөдө чоңойгон балдар жакшы адаттарды өрчүтүп, жакшы калыптанышат. Ошонун пайдасын кийин да көргөндүктөн ата-энесинин берген тарбиясына өмүр бою ыраазы болушат * (Накыл 10:22).

ИСАДАН ҮЙРӨНГҮЛӨ

12. Иса чоңойгондо эмне кылышы керек болгон?

12 Исанын асмандагы Атасы ар дайым туура чечим чыгарат. Анын жердеги ата-энеси да убагында туура чечимдерди чыгарышкан. Бирок эс тартып калганда Иса өз алдынча чечим чыгарышы керек болгон (Гал. 6:5). Баарыбыздай эле, ал да өзү каалагандай чечим чыгарганга акылуу болгон. Ал өзүнүн кызыкчылыгын деле көздөй алмак. Бирок Жахабаныкын башкы орунга коюп, аны менен жакшы, жакын мамиледе болгусу келген (Жкн. 8:29). Азыркы жаштар андан кандай үлгү ала алышат?

Жаштар, ата-энеңердин акыл-насаатын четке какпагыла (13-абзацты карагыла) *

13. Бала кезинде Иса ата-энесине кандай мамиле кылган?

13 Бала чагында Иса ата-энесине дайыма баш ийген. Ал эч качан силерге караганда көптү билем деп сөзүнө кулак какпай койгон эмес. Ыйык Китепте анын ата-энесине «баш ийип, дайыма тил алчаак болгону» жазылган (Лк. 2:51). Балдардын улуусу болгондуктан анын мойнунда да үйдүн түйшүгү бар болчу. Ошондуктан үй-бүлөсүн бакканга жардам бериш үчүн атасынын өнөрүн өздөштүргөнгө бүт күчүн жумшаса керек.

14. Исанын Кудайдын Сөзүн дыкат изилдегенин кайдан билебиз?

14 Исанын ата-энеси ага керемет жолу менен төрөлгөнүн, Кудайдын периштелери ал тууралуу кабарлаганын дегеле айтып беришсе керек (Лк. 2:8—19, 25—38). Бирок Иса ошого ыраазы болуп эле жүрө берген эмес. Ал Ыйык Жазмаларды өз алдынча да изилдеген. Анын Кудайдын Сөзүн дыкат изилдегенин кайдан билебиз? Ыйык Китепте, бала болсо да, Иерусалимдеги окутуучулардын анын «акылына, берген жоопторуна абдан таң калышканы» жазылган (Лк. 2:46, 47). Ал Ыйык Китепти ушунчалык жакшы изилдегендиктен 12 жашында эле Атасы Жахаба экенине толук көзү жеткен (Лк. 2:42, 43, 49).

15. Иса Жахабанын эркин аткарууну чечкенин кантип көрсөткөн?

15 Иса Жахабанын ага карата кандай ой-ниети бар экенин билгенде ага артылган милдетти кабыл алууну чечкен (Жкн. 6:38). Ошондон улам көптөргө жек көрүндү болорун билгендиктен акыл токтотуп, терең ойлонсо керек. Анткен менен Жахабага баш ийүүнү чечип, б.з. 29-жылы чөмүлгөн. Ошондон тартып анын бүт көңүлү Жахабанын эркин аткарууда болгон (Евр. 10:5—7). Атүгүл жаза устунунда кадалып, өлүм алдында турганда да Атасынын эркин аткаргандан кайткан эмес (Жкн. 19:30).

16. Балдар Исадан эмнеге үйрөнсө болот?

16 Ата-энеңерге баш ийгиле. Балдар, силердин ата-энеңер деле Жусуп менен Мариямга окшоп жеткилең эмес. Ошентсе да Жахаба ата-энеңерге силерди коргоп, үйрөтүп, тарбиялоону тапшырган. Андыктан сөзүнө кулак салып, кадырлап-сыйласаңар, өзүңөргө эле жакшы болот (Эф. 6:1—4).

17. Жашыя 24:15ке ылайык, жаштар эмнени чечип алышы керек?

17 Кимге кызмат кыларыңарды чечип алгыла. Жахабанын ким экенин, ой-ниети кандай экенин, мунун жашооңорго кандай тиешеси бар экенин түшүнгөнгө аракет кылгыла (Рим. 12:2). Ушуну түшүнсөңөр, Жахабага кызмат кылууну тандап, жашооңордогу эң маанилүү чечим чыгарган болосуңар. (Окугула: Жашыя 24:15; Нас. 12:1.) Эгер Ыйык Китепти үзгүлтүккө учуратпай окуп-изилдей берсеңер, Жахабаны ого бетер жакшы көрө бересиңер. Ага болгон ишенимиңер да ого бетер чыңдала берет.

18. Жаштар эмнени чечиши керек жана натыйжасы кандай болот?

18 Жахабанын эркин аткарууну биринчи орунга койгула. Шайтан бийлеген бул дүйнө шык-жөндөмүңөрдү өз кызыкчылыгыңар үчүн колдонсоңор, бактылуу болосуңар деп үндөйт. Бирок, чын-чынына келгенде, ошенткендер «өздөрүн өздөрү жаралашат» (1 Тим. 6:9, 10). Ал эми Жахабанын айтканына кулак кагып, эркин аткарууну чечсеңер, бактылуу болосуңар жана «акылмандуулук менен иш кыласыңар» (Жаш. 1:8).

КАНДАЙ ЧЕЧИМ ЧЫГАРАСЫҢАР?

19. Ата-энелер эмнени унутпашы керек?

19 Ата-энелер, үй-бүлөңөргө Жахабага кызмат кылганга жардам бериш үчүн бүт күчүңөрдү жумшагыла. Ага таянсаңар, туура чечим чыгарганга акыл берет (Накыл 3:5, 6). Балдарыңарга айткан сөзүңөргө караганда кылган ишиңер күчтүүрөөк таасир этерин унутпагыла. Ошондуктан балдарыңарды Жахабага жакындата турган чечимдерди чыгаргыла.

20. Жаштар Жахабага кызмат кылууну чечсе, пайдасы кандай болот?

20 Жаштар, ата-энеңер силерге туура жолду тандаганга бир топ жардам бере алышат. Бирок Кудайга жаккан адам болосуңарбы же жокпу, ал өзүңөрдөн. Ошондуктан Исадан үлгү алып, асмандагы мээримдүү Атаңарга кызмат кылгыла. Ошондо азыртадан эле жашооңор маңыздуу болуп, бактылуу болосуңар (1 Тим. 4:16). Ал эми келечекте силерди мындан да жакшы, кереметтүү жашоо күтүп турат!

133-ЫР: Жаш кезде Жахабага кызмат кылабыз

^ 5-абз. Жахабага кызмат кылгандар балдарынын да ага кызмат кылышын каалашат. Ата-энелердин чыгарган чечимдери буга таасир этеби? Ал эми балдар өздөрү кандай чечим чыгарышы керек? Бул макалада ушул суроолор каралат.

^ 11-абз. Карагыла: «Ойгонгула!», 2011-ж., октябрь, 20-б., «Атам менен апамды аябай жакшы көрөм»; 1999-ж., 8-март, 25-б., «Ата-энебизге кат» (ор.).

^ 66-абз. СҮРӨТ. Мариям Исанын дилине бала кезинде эле Жахабага болгон күчтүү сүйүүнү сиңирген. Бүгүн деле энелер Мариямдан үлгү алса болот.

^ 68-абз. СҮРӨТ. Жусуп үй-бүлөсү менен чогуу синагогага барып турганды маанилүү деп эсептеген. Азыркы күндө деле аталар үй-бүлөсү менен чогуу жыйналышка барганды маанилүү деп эсептешет.

^ 70-абз. СҮРӨТ. Иса асырап алган атасынын өнөрүн өздөштүргөн. Азыркы жаштар да атасынан өнөр үйрөнсө болот.