Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

41-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Чөмүлгөнгө жардам бергидей окуталы (1-бөлүк)

Чөмүлгөнгө жардам бергидей окуталы (1-бөлүк)

«Силер Машаяктын каты экениңерди көрсөтүп турасыңар. Ал кат биз — Кудайдын кызматчылары — тарабынан... жазылган» (2 КОР. 3:3).

78-ЫР: «Кудайдын сөзүн окутабыз»

БУЛ МАКАЛАДА *

Ыйык Китепти изилдеп жүргөн кишинин рухий жактан өсүп, чөмүлгөнү бүтүндөй жыйналышты кубандырат (1-абзацты карагыла)

1. 2 Корунттуктар 3:1—3-аяттардан көрүнүп тургандай, кимдир бирөөгө чөмүлгөнгө жардам берүү эмне үчүн чоң сыймык? (Мукабадагы сүрөттү карагыла.)

ЖЫЙНАЛЫШТАГЫ Ыйык Китепти изилдеген кимдир бирөөнүн чөмүлгөнүн көргөнүңөрдө кандай сезимде болосуңар? Албетте кубанасыңар! (Мт. 28:19). Эгер ал силер жардам берген киши болсо, анда андан бетер төбөңөр көккө жете сүйүнөсүңөр! (1 Тес. 2:19, 20). Анын рухий жактан өсүп, чөмүлгөнү силердин да, жыйналыштагы башкалардын да оор эмгектенгенинен кабар берет. Ошондуктан жаңы чөмүлгөндөрдү алар менен изилдегендердин эле эмес, бүтүндөй жыйналыштын «кепилдеме каты» деп айтса болот. (Окугула: 2 Корунттуктар 3:1—3.)

2. а) Кайсы маанилүү суроону карап чыгабыз жана эмне үчүн? б) Ыйык Китепти изилдөө деген эмнени билдирет? (Шилтемени карагыла.)

2 Акыркы төрт жылдын ичинде дүйнө жүзү боюнча Ыйык Китепти изилдегендердин * ай сайынкы саны 10 000 000дон кемиген жок. Муну көрүп сүйүнбөй койбойсуң. Ошол акыркы төрт жылдын ичинде жыл сайын 280 000ден ашык киши чөмүлүп, Жахабанын Күбөсү болду. Ыйык Китепти изилдеп жаткан миллиондогон адамдарга чөмүлгөнгө кантип жардам бере алабыз? Жахаба азыркы учурда көптөргө анын Күбөсү болгонго дагы деле мүмкүнчүлүк берип жатат. Биз да аларга мүмкүн болушунча тезирээк чөмүлгөнгө жардам бергибиз келет, анткени убакыт барган сайын тарып баратат (1 Кор. 7:29а; 1 Пет. 4:7).

3. Бул макаладан изилдөөгө байланыштуу эмнелерди биле алабыз?

3 Азыр шакирт даярдоо иши болуп көрбөгөндөй маанилүү болуп турат. Ошондуктан Жетектөөчү Кеңеш дагы да көптөргө чөмүлгөнгө кантип жардам берсе болорун дүйнө жүзүндөгү филиалдардан сураштырып чыккан. Ушул жана кийинки макалада дасыккан пионерлерден, миссионерлерден жана райондук көзөмөлчүлөрдөн эмнелерди үйрөнө аларыбызды карап чыгабыз * (Накыл 11:14; 15:22). Алар изилдөө натыйжалуу өтүшү үчүн окуткандар да, изилдеп жаткандар да эмне кылса болорун айтып беришкен. Бул макалада изилдеп жаткандар алдыны көздөй арыштап, чөмүлүшү үчүн кайсы беш нерсени кылышы керектигин талдап чыгабыз.

ЖУМА САЙЫН ИЗИЛДЕГИЛЕ

Жай отуруп алып изилдесе болор-болбосун сурап көргүлө (4—6-абзацтарды карагыла)

4. Кыска эле убакыт өткөрүлгөн изилдөөлөрдү натыйжалуу деп айтсак болобу? Түшүндүргүлө.

4 Көптөгөн жарчылар Ыйык Китепти үй ээси менен босогодо туруп алып эле изилдешет. Башында ошенткенибиз деле жакшы. Бирок адатта андай изилдөө кыскача эле болот жана жума сайын деле өткөрүлбөшү мүмкүн. Кишинин кызыгуусун андан ары да арттырыш үчүн айрымдар аны менен кантип байланышса болорун сурашат. Анан аны менен жүзмө-жүз көрүшкөнгө чейин телефон чалып же жазып, Ыйык Китептеги маалымат менен бөлүшүп турушат. Ошентип жүрүп бир топ убакыт өтүп кетиши мүмкүн. Бирок муну натыйжалуу изилдөө деп айтканга болбойт. Эгер ал киши Кудайдын Сөзүн изилдегенге ушунча эле убакыт, ушунча эле күч жумшай турган болсо, анда ал өзүнүн өмүрүн Кудайга арнап, чөмүлө алабы? Албетте жок.

5. Лука 14:27—33-аяттарда Иса эмнени баса белгилеген жана муну Ыйык Китепти изилдеп жаткандарга жардам бериш үчүн кантип колдонсок болот?

5 Бир жолу Иса шакирт болуу жоопкерчилиги жөнүндө мисал айткан. Ал мунара курганы жаткан бир кишини жана согушка аттанганы жаткан падышаны мисал кылган. Мунара кура турган киши аны бүтүрүш үчүн «адегенде отуруп алып, канча чыгым кетерин эсептеп чыгышы» керек болчу. Падыша болсо анын аскери душманына туруштук бере алар-албасын билиш үчүн «адегенде отуруп алып, башкалар менен кеңешиши» керек болчу. (Окугула: Лука 14:27—33.) Ошол сыңары, Исанын жолун жолдойм деген киши мунун эмнени билдирерин кылдат таразалашы керек. Иса так ушуну айткысы келген. Изилдеп жаткандар муну түшүнүшү үчүн, аларды жума сайын изилдегенге үндөшүбүз керек. Аларды кантип үндөсөк болот?

6. Изилдеп жаткандарда жылыш болушу үчүн эмне кылсак болот?

6 Адегенде бир аз узагыраак изилдегенге аракет кылып көргүлө. Балким, барган сайын аны менен бир эле эмес, эки-үч аят талкуулап көрөттүрсүңөр. Ал эми узагыраак изилдеп көнгөн соң, бир жерге отуруп алып изилдесе болор-болбосун сурап көргүлө. Ошондо Ыйык Китепти изилдегенге канчалык олуттуу карай турганы билинет. Анан батыраак билим алышы үчүн жумасына эки ирет изилдөөнү сунуштап көрсөңөр болот. Бирок аны менен жумасына бир же эки жолу изилдеп коюу эле жетиштүүбү?

АР БИР ИЗИЛДӨӨГӨ ДАЯРДАНГЫЛА

Изилдөөгө өзүңөр жакшы даярдангыла жана даярданганды көрсөтүп бергиле (7—9-абзацтарды карагыла)

7. Ар бир изилдөөгө кантип жакшы даярдана аласыңар?

7 Окутуучу катары ар бир изилдөөгө дыкат даярданышыңар керек. Адегенде бүт материалды жана аяттарды окуп чыккыла. Негизги ойлорду так түшүнгөнгө аракет кылгыла. Бөлүм менен бөлүмчөлөрдүн аталыштары, абзацтардын суроолору, «окугула» деген аяттар, сүрөттөр жөнүндө ойлонуп көргүлө. Теманы түшүнгөнгө кайсы видеолор жардам берери тууралуу да ой жүгүртүп көрсөңөр болот. Андан соң изилдеп жаткан кишини элестетип алып, маалыматты кантип оңой түшүнгүдөй жана колдоно алгыдай кылып жеткире аларыңарды ойлонгула (Нек. 8:8; Накыл 15:28а).

8. Элчи Пабылдын Колосалыктар 1:9, 10до айткан сөздөрүнүн изилдөө өткөргөнгө кандай тиешеси бар?

8 Даярданып жатканда ал киши жөнүндө ойлонуп, Жахабадан жардам сурагыла. Андан жүрөктү козгогудай кылып окутканга жардам беришин сурасаңар болот. (Окугула: Колосалыктар 1:9, 10.) Изилдеп жаткан кишиге эмнени түшүнүү, эмнени кабыл алуу кыйын болушу мүмкүн экени тууралуу да ойлонгула. Максатыңар ага чөмүлгөнгө жардам берүү экендигин эсиңерден чыгарбагыла.

9. Кишиге изилдөөгө даярданганга кантип жардам берсе болот?

9 Ыйык Китепти үзбөй изилдегенинин аркасында киши Жахаба менен Исанын кылган жакшылыктарына ыраазы болуп, көбүрөөк билгиси келиши мүмкүн (Мт. 5:3, 6). Изилдегенинин толук пайдасы тийиши үчүн изилдеген киши окуган нерсесине бүт көңүлүн топтоп, маани бериши керек. Ан үчүн ага ар бир изилдөөгө даярданганы канчалык маанилүү экенин түшүндүргүлө. Ал кантип даярданса болот? Өтүлө турган маалыматты алдын ала окуп, жашоосунда кантип колдонсо болору жөнүндө ойлонуп көрүшү керек. Бул жагынан ага кантип жардам берсе болот? Аны менен чогуу даярданып көрсөтүп бергиле *. Суроого кантип жооп тапса болорун үйрөткүлө. Эгер негизги сөздөрдү же сөз айкаштарын чийип белгилеп алса, жооп табуу оңой болорун түшүндүргүлө. Анан өз сөзү менен жооп беришин сурангыла. Ошондо маалыматты канчалык жакшы түшүнгөнү билинет. Булардан тышкары, изилдеп жаткан кишини дагы бир нерсе кылганга үндөшүңөр керек.

ЖАХАБА МЕНЕН КҮН САЙЫН СҮЙЛӨШКӨНГӨ ҮНДӨГҮЛӨ

Жахабага кайрылып тиленгенди үйрөткүлө (10, 11-абзацтарды карагыла)

10. Ыйык Китепти күнүгө окуу эмне үчүн маанилүү жана аны окуганыбыздын пайдасы тийиши үчүн эмне кылышыбыз керек?

10 Изилдеген киши биз менен жума сайын изилдегенден тышкары, өз алдынча күн сайын бир нерсе кылышы керек болот. Ал Жахаба менен сүйлөшүп, мамиле түзүшү зарыл. Кантип? Аны угушу керек жана ага кайрылып, тиленип турушу керек. Кудайды угуш үчүн Ыйык Китепти күнүгө окушу керек (Жаш. 1:8; Заб. 1:1—3). Ага jw.org сайтындагы «Ыйык Китепти окуу графигин» көрсөтүп берсеңер болот *. Ыйык Китепти окуганынын толук пайдасы тийиши үчүн, аны ой жүгүрткөнгө да үндөгүлө. Мисалы, ал Ыйык Китептен Жахаба тууралуу эмнелерди билгени жөнүндө, окуп-билгендерин жашоосунда кантип колдонсо болору жөнүндө ой жүгүртсө болот (Элч. 17:11; Жкп. 1:25).

11. Изилдеп жаткан адамды туура тиленгенге кантип үйрөтсөк болот? Анын Жахабага тез-тез кайрылып турганы эмне үчүн маанилүү?

11 Изилдеп жаткан кишиге Жахабага кайрылып күнүгө тиленгенге түрткү бергиле. Изилдөөнүн башында жана аягында аны менен чогуу жалындуу тиленгиле. Анын өзү жөнүндө да айтып тиленгиле. Силерди угуп ал да Иса аркылуу Жахабага кайрылып чын жүрөктөн тиленгенди үйрөнөт (Мт. 6:9; Жкн. 15:16). Эгер ал күнүгө Ыйык Китепти окуса, мындайча айтканда, Жахабаны укса, анан күнүгө тиленсе, мындайча айтканда, Жахаба менен сүйлөшсө, ага канчалык жакындай турганын элестетсеңер (Жкп. 4:8). Эгер ал ушул нерселерди адатка айлантып алса, өзүн Кудайга арнаганга жана чөмүлгөнгө кадам таштаган болот. Ал дагы эмне кылышы керек?

ЖАХАБА МЕНЕН ЫНАК МАМИЛЕ ӨРЧҮТКӨНГӨ ЖАРДАМ БЕРГИЛЕ

12. Изилдеп жаткан кишиге Жахаба менен ынак мамиле өрчүткөнгө кантип жардам бере алабыз?

12 Адамдын Ыйык Китептен билгендери билим бойдон эле калбашы керек. Алар анын дилине сиңип, жүрөгүн козгошу керек. Бул эмне үчүн маанилүү? Анткени каалоолорубуздун, сезимдерибиздин чордону болгон так ошол жүрөк бизди иш-аракет кылганга түртөт. Иса мыкты окуткан. Көптөр анын ошонусуна айран-таң калып, ага тартылган. Бирок адамдар анын жолун окутканы жүрөктөрүнө жеткендиктен жолдошкон (Лк. 24:15, 27, 32). Силер менен изилдеп жаткан адам Жахабаны жакын мамиле өрчүтө ала турган бирөөдөй көрүшү керек. Башкача айтканда, аны атасындай, досундай көрүшү зарыл (Заб. 25:4, 5). Ошондуктан изилдеп жатканда кишинин көңүлүн Кудайдын касиет-сапаттарына бурушубуз керек (Чыг. 34:5, 6; 1 Пет. 5:6, 7). Аны менен кайсы гана теманы талкуулабагыла Жахабанын кандай Кудай экендигин баса белгилеп тургула. Ага Жахабанын канчалык мээримдүү, канчалык кайрымдуу, боорукер экендигин түшүнгөнгө жардам бергиле. Иса осуяттардын эң маанилүүсү Жахаба Кудайыбызды сүйүү экенин айткан (Мт. 22:37, 38). Андыктан изилдеп жаткан кишиге Жахабаны бүт жүрөгү менен сүйгөнгө жардам бергиле.

13. Жахабанын кандай Кудай экендигин түшүнгөнгө кантип жардам берсе болот?

13 Изилдөө учурунда Жахабаны эмне үчүн жакшы көрөрүңөрдү айтып берип тургула. Ошондо адам жекече өзү да Жахаба менен ынак мамиле өрчүтүшү керектигин түшүнөт (Заб. 73:28). Мисалы, силер изилдеп жаткан адабиятта же аятта Жахабанын сүйүүсү, акылмандыгы, адилеттүүлүгү же күчү тууралуу силерге өзгөчө таасир эткен ойлор кездешеби? Эгер кездешсе, бул тууралуу айтпай койбогула. Ошондо ал асмандагы Атаңарды ушу себептен улам да жакшы көрөрүңөрдү түшүнөт. Бирок чөмүлгөнгө түрткү бере турган дагы бир нерсе бар.

ЖЫЙНАЛЫШКА БАРГАНГА ҮНДӨГҮЛӨ

Жыйналышка мүмкүн болушунча эртерээк бара баштаганга түрткү бергиле (14, 15-абзацтарды карагыла)

14. Еврейлер 10:24, 25те жазылгандар изилдеген кишиге ийгилик кылганга кандайча жардам берет?

14 Ыйык Китепти изилдеп жаткандардын чөмүлүшүн ар бирибиз эле каалайбыз. Аларга жардам берүүнүн маанилүү бир жолу — жыйналыштарга барганга үндөө. Тажрыйбалуу жарчылар жыйналыштарга дароо бара баштагандар тезирээк ийгилик кыла турганын айтышат (Заб. 111:1). Айрымдар изилдеп жаткандарга изилдөөдөн канчалык билим алса, жыйналыштардан да ошончолук билим ала аларын түшүндүрүшөт. Ага Еврейлер 10:24, 25ти окуп берип, эгер жыйналышка келсе, канчалык пайдалуу болорун айтып бергиле. (Аяттарды окугула.) «Падышалык залындагы жолугушуулар кантип өткөрүлөт?» * деген кыска тасманы көрсөткүлө. Ага жыйналыштардын бирин да калтырбай барганды адат кылып алганга жардам бергиле.

15. Изилдеп жаткандарды жыйналыштарды калтырбай барганга кантип үндөсөк болот?

15 Эгер изилдеп жаткан киши жыйналышка бара элек болсо же дайыма барбаса, эмне кылсаңар болот? Жакында эле болгон жыйналыштан билгендериңерди күйүп-жанып айтып бергиле. Бул жыйналышка жөн эле чакырып койгонго караганда таасирдүүрөөк болот. Ошол жумада изилдене турган «Күзөт мунарасын» же «Ыйык кызматыбыз жана жашообуз окуу куралын» бергиле. Эмкиде эмнелер талкууланарын көрсөтүп, аны эмне өзгөчө кызыктырарын сурап көргүлө. Анын биринчи жолу жыйналышка барып, ал жактан уккан-көргөндөрү башка динге барып уккан-көргөндөрүнөн алда канча ашып түшөт (1 Кор. 14:24, 25). Ошондой эле жыйналыштан ага жакшы үлгү боло ала тургандар менен, чөмүлгөнгө түрткү бере ала тургандар менен тааныша алат.

16. Канткенде кимдир бирөө менен ага чөмүлгөнгө жардам бере алгыдай болуп изилдей алабыз жана кийинки макалада эмнени карап чыгабыз?

16 Корутундулай турган болсок, канткенде изилдөөнү адамга чөмүлгөнгө жардам бергидей кылып өткөрө алабыз? Ал үчүн ага жума сайын изилдөө жана ар бир изилдөөгө даярдануу канчалык маанилүү экенин түшүндүрүшүбүз керек. Күнүгө Жахабага кайрылып тиленгенге жана аны менен ынак мамиле өрчүткөнгө үндөшүбүз да керек. Мындан тышкары, жыйналыштарга барып турганга түрткү беришибиз зарыл. (12-беттеги « Чөмүлүш үчүн изилдеп жаткандар эмне кылышы керек?» деген кутучаны карагыла.) Кийинки макалада изилдеп жаткан кишиге чөмүлгөнгө жардам бериш үчүн жарчылар дагы кайсы беш нерсени кылышы керектигин карап чыгабыз.

76-ЫР: Тең келбейт эч нерсе

^ 5-абз. Кимдир бирөөнү окутуп-үйрөтүү ага жаңыча ой жүгүрткөнгө, көз караш калыптаганга же иш-аракет кылганга жардам берүүнү билдирет. 2020-жылдын жылдык аятында, Матай 28:19да, бир маанилүү нерсе баса белгиленген: биз башкаларды Ыйык Китептин негизинде окутуп-үйрөтүп, аларга Иса Машаяктын шакирти болгонго жардам беришибиз керек. Ушул жана кийинки макалаларда баарынан маанилүү бул ишти аткаруу жагынан кантип жакшырсак болорун карап чыгабыз.

^ 2-абз. ТҮШҮНДҮРМӨ: Эгер кимдир бирөө менен Ыйык Китепте жазылгандарды кайсы бир адабияттарыбызды же Ыйык Китептин өзүн эле колдонуп үзгүлтүксүз талкуулап келатсаңар, бул Ыйык Китепти изилдөө деп эсептелет. Эгер ал киши менен биринчи жолу талкуулашкандан кийин дагы эки жолу талкуулап, изилдесеңер жана андан ары уланта турганына көзүңөр жетсе, изилдөө тууралуу отчёт тапшырсаңар болот.

^ 3-абз. Бул макалада «Падышалык кызматыбыздын» 2004-жылдын июлунан 2005-жылдын май айына чейинки сандарындагы «Ыйык китептик изилдөөлөрдү натыйжалуу өткөрүү» деген катар макалалардагы кеңештер да камтылды.

^ 9-абз. «Ыйык Китепти изилдегендерди даярданууга үйрөтүү» деген 4 мүнөттүк видеону көргүлө. JW Library тиркемесиндеги жолу: МЕДИА > ЖОЛУГУШУУЛАР ЖАНА КЫЗМАТЫБЫЗ > МЫКТЫ КЫЗМАТЧЫ БОЛГОНГО УМТУЛГУЛА.

^ 10-абз. Жолу: ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ОКУУЛАР > ЫЙЫК КИТЕПТИ ТЕРЕҢ ИЗИЛДӨӨ

^ 14-абз. JW Library® тиркемесиндеги жолу: МЕДИА > ЖОЛУГУШУУЛАРЫБЫЗ ЖАНА КЫЗМАТЫБЫЗ > КЫЗМАТТА КОЛДОНУЛЧУ ВИДЕОТАСМАЛАР.