Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

42-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Чөмүлгөнгө жардам бергидей окуталы (2-бөлүк)

Чөмүлгөнгө жардам бергидей окуталы (2-бөлүк)

«Өзүңө жана окутууңа дайыма көңүл бур» (1 ТИМ. 4:16).

77-ЫР: Караңгы дүйнөгө нур чачкан жарык

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Шакирт даярдоо адамдын өмүрүн сактай турган иш деп эмне үчүн айта алабыз?

БИРӨӨГӨ Исанын шакирти болгонго жардам берсек, өмүрүн сактап калганга жардам берген болобуз. Эмне үчүн минтип айта алабыз? Матай 28:19, 20да Исанын: «Баргыла да,.. шакирт даярдагыла. Аларды... чөмүлдүргүлө»,— деген буйругу жазылган. Чөмүлүү канчалык маанилүү? Эгер өмүрүбүздү сактап калгыбыз келсе, чөмүлүшүбүз керек. Чөмүлгүсү келген киши Иса биз үчүн өмүрүн берип, тирилгенинин аркасында гана куткарыларына ишениши зарыл. Ошон үчүн элчи Петир ишенимдештерине: «Чөмүлтүлүү да азыр силерди... Иса Машаяктын тирилүүсүнүн негизинде куткарып жатат»,— деген (1 Пет. 3:21). Андыктан жаңы шакирт чөмүлгөндө куткарылып түбөлүк жашайм деген үмүткө ээ болот.

2. 2 Тиметей 4:1, 2ге ылайык, кандай окутуучулардан болушубуз керек?

2 Шакирт даярдаш үчүн окутуу чеберчилигин өрчүтүшүбүз керек. (Окугула: 2 Тиметей 4:1, 2.) Эмне үчүн? Себеби Иса: «Баргыла да,.. шакирт даярдагыла. Аларды... үйрөткүлө»,— деп буйруган. Элчи Пабыл ошол ишти токтотпой «аткара бергенге» үндөгөн. Ал: «Ошондо өзүңдү да, угуучуларыңды да куткарасың»,— деген. Мына ушу себептен: «Окутууңа дайыма көңүл бур»,— деп жазган (1 Тим. 4:16). Демек, окутуу шакирт даярдоо иши менен тыгыз байланышта. Андыктан биз бул жагынан чебер болгубуз келет.

3. Бул макалада изилдөө өткөрүүгө байланыштуу эмнени билебиз?

3 Биз миллиондогон адамдарга Ыйык Китептеги чындыктарды окутуп-үйрөтөбүз. Бирок буга чейинки макалада айтылгандай, мүмкүн болушунча көптөргө Иса Машаяктын чөмүлгөн шакирти болгонго кантип жардам берсек болорун билгибиз келет. Бул макалада Ыйык Китепти изилдеген кишиге чөмүлгөнгө жардам бериш үчүн ар бир окутуучу кылышы керек болгон дагы беш нерсени карап чыгабыз.

ЫЙЫК КИТЕПКЕ ТАЯНЫП ОКУТКУЛА

Тажрыйбалуу жарчыдан изилдөө учурунда Ыйык Китепти жакшыраак колдонуу жагынан жардам сурагыла (4—6-абзацтарды карагыла) *

4. Окуткан киши эмне үчүн өзүн кармай билиши керек? (Шилтемени да карагыла.)

4 Биз Кудайдын Сөзүн абдан жакшы көрөбүз. Ошондуктан жакшы көргөн нерсебизди айта бергенден тажабайбыз. Бирок «Күзөт мунарасын» изилдөөнү алып барабызбы же жыйналыштын Ыйык Китеп изилдөөсүн өткөрөбүзбү, же кимдир бирөө менен Ыйык Китепти изилдейбизби, өтө көп сүйлөгөндөн этият болушубуз керек. Башкаларды биз эмес, Ыйык Китеп окутушу үчүн өзүбүздү кармай билип, Ыйык Китептеги аятка же өтүлүп жаткан темага байланыштуу билген нерсебиздин баарын айтып түшүндүрүп бергенге аракет кылбашыбыз керек * (Жкн. 16:12). Өзүңөр жөнүндө ойлонуп, жаңы чөмүлгөндө Ыйык Китептен билген нерселериңер менен азыр билгениңерди салыштырып көрсөңөр. Ал кезде Ыйык Китептин негизги эле окууларын билчүсүңөр (Евр. 6:1). Билимиңердин азыркы корун топтош үчүн канча деген жылдар кетти. Ошондуктан бир отурганда эле билгениңердин баарын айтып салбагыла.

5. а) 1 Тесалоникалыктар 2:13кө ылайык, изилдеп жаткан кишинин эмнени түшүнүшүн каалайбыз? б) Билгендерин айтып бергенге кантип үндөсөк болот?

5 Биз адамдын Кудайдын рухунун жетеги алдында жазылган Ыйык Китептин өзүнөн билим алып жатканын түшүнүшүн каалайбыз. (Окугула: 1 Тесалоникалыктар 2:13.) Ан үчүн эмне кылышыбыз керек? Ага окуп-билгендери жөнүндө айтып бергенге мүмкүнчүлүк бергиле. Аяттарды дайыма өзүңөр эле түшүндүрө бербей, өзү түшүндүрүп беришин сурангыла. Кудайдын Сөзүндө жазылгандардын жеке ага кандай тиешеси бар экенин түшүнгөнгө жардам бергиле. Туура жыйынтыкка келе тургандай же көз карашын айкын кыла тургандай суроолорду бергиле. Аяттарга карата кандай ойдо экенин сурагыла (Лк. 10:25—28). Мисалы, андан: «Бул аяттан Жахабанын кайсы сапаттарын байкай алдың? Ыйык Китептен билген бул нерсенин жашооңо кандай пайдасы бар? Билгендериңе карата кандай сезимде болуп жатасың?» — деп сурап көргүлө (Накыл 20:5). Изилдеп жаткан кишинин канчалык көп билгени эмес, билген нерселери канчалык жагып жатканы жана аларды жашоосунда канчалык колдонуп жатканы баарынан маанилүү.

6. Изилдөөгө тажрыйбалуу жарчыны ээрчитип барганыбыз эмне үчүн жакшы?

6 Изилдөөгө тажрыйбалуу жарчыларды ээрчитип барасыңарбы? Эгер ээрчитип барсаңар, андай жарчыдан изилдөөнү кантип өткөргөнүңөрдү, Ыйык Китепти жакшы колдонгон-колдонбогонуңарды сурап көргүлө. Ооба, окутуу чеберчилигин жакшыртыш үчүн момундук керек. (Салыштыргыла: Элчилер 18:24—26.) Андан тышкары, андан изилдеп жаткан киши жөнүндө: «Окуп жаткандарын жакшы эле түшүнөт бекен?» — деп сурап, оюн билип көргүлө. Ошондой эле бир же бир нече жумага бир жакка кетип жатсаңар, ошол эле жарчыдан изилдөөнү өткөрүп турууну сурансаңар болот. Ошондо изилдөө да үзүлбөйт, киши да изилдөөнүн канчалык маанилүү экенин түшүнөт. Изилдеп жаткан кишини «менчиктештирип» албагыла жана эч качан ал изилдөөнү менден башка эч ким өткөрө албайт деп ойлобогула. Себеби баарыбыз эле изилдеп жаткан кишинин кызыкчылыгын биринчи орунга коюп, изилдөөсүнүн үзгүлтүккө учурап калышын каалабайбыз.

ИШЕНИМДҮҮ ЖАНА ШЫКТАНА СҮЙЛӨГҮЛӨ

Ыйык Китептеги кеңештерди колдонгонду үйрөнүшү үчүн башкалардын мисалын айтып бергиле (7—9-абзацтарды карагыла) *

7. Силердин күйүп-жанганыңар изилдеп жаткан кишиге кандай таасир этет?

7 Изилдеп жаткан киши Ыйык Китептен билген нерселериңерди өзүңөр канчалык жакшы көрөрүңөрдү жана аларга канчалык ишенериңерди көргүдөй болушу керек (1 Тес. 1:5). Ошондо бул ага да таасир этет. Ыгы келгенде Ыйык Китептеги принциптер боюнча жашаганыңардын силерге канчалык пайдасы тийгенин айтып бергиле. Ошондо ал Ыйык Китептеги кеп-кеңештердин ага да пайдасы тиерин түшүнө алат.

8. Изилдөө өткөргөндө дагы эмне кылсаңар болот жана эмне үчүн?

8 Изилдөө учурунда аныкына окшогон кыйынчылыктарды жеңгендер жөнүндө айтып бергиле. Же изилдөөгө жыйналыштан ага жакшы жардам бере ала турган бирөөнү ээрчитип барсаңар болот. Же сайтыбыздан «Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат» * деген рубрикадагы жүрөк козгогон мисалдарды көрсөтүп берсеңер болот. Андай макалалардан же видеолордон Ыйык Китептеги принциптерге ылайык жашоо канчалык пайдалуу экенин түшүнө алат.

9. Изилдеп жаткан кишини билгендерин башкаларга айтканга кантип үндөсөк болот?

9 Силер окуткан кишинин жубайы да изилдейби? Эгер изилдебесе, чогуу отуруп катышып көрүүнү сунуштап көргүлө. Изилдеп жаткан кишини окуп-билгендерин үйүндөгүлөрүнө, досторуна айтканга үндөгүлө (Жкн. 1:40—45). Муну кантип кылсак болот? Мисалы, андан: «Ушул чындыкты үйдөгүлөргө кантип түшүндүрүп берет элең?» же болбосо «Муну далилдеш үчүн кайсы аятты колдонот элең?» — деп сурап көрсөңөр болот. Ошентип, аны башкаларды окутканга үйрөтө баштайсыңар. Ошондо ал кийинчерээк талаптарга жооп бергенден кийин чөмүлө элек жарчы болуп кызмат кыла алат. Андан Ыйык Китепти изилдегиси келген дагы бирөөлөр барбы-жокпу деп сурап көрсөңөр да болот. Эгер кимдир бирөө изилдегиси келсе, дароо аны менен байланышып, изилдөө сунуштагыла. Анан «Ыйык Китепти изилдөө кандайча өткөрүлөт?» * деген видеону көрсөткүлө.

ЖЫЙНАЛЫШТАГЫЛАР МЕНЕН ДОС БОЛГОНГО ҮНДӨГҮЛӨ

Жыйналыштагылар менен дос болгонго үндөгүлө (10, 11-абзацтарды карагыла) *

10. 1 Тесалоникалыктар 2:7, 8де айтылгандай, кимдир бирөөнү окуткандар элчи Пабылдан кандай үлгү алса болот?

10 Ыйык Китепти изилдеген адам үчүн күйүп-бышып, камын чындап ойлошубуз керек. Аны болочоктогу рухий бир тууганыңардай көргүлө. (Окугула: 1 Тесалоникалыктар 2:7, 8.) Жахабага кызмат кылгысы келген кишиге мурунку достору менен байланышын үзүп, жашоосунда көп нерселерди өзгөрткөнгө туура келет. Бул оңойго турбайт. Андыктан жыйналыштан чыныгы досторду күткөнгө жардам бергиле. Аны менен дос болгула. Изилдеш үчүн эле барып койбой, башка учурларда да убакыт бөлгүлө. Мисалы, телефон чалып же жазып, же үйүнө тие кетсеңер болот. Ошондо жакын санаарыңарды көрсөтөсүңөр.

11. Изилдеп жаткандардын жыйналыштан дос тапканы эмне үчүн маанилүү?

11 Африкалыктарда мындай макал бар: «Баланы бир айыл чоңойтот». Биз болсо: «Шакиртти бир жыйналыш даярдайт»,— деп айтсак болот. Ошондуктан мыкты окутуучулар алар менен изилдегендерди жыйналыштагы жакшы үлгү боло тургандар менен тааныштырат. Ошондо алар Кудайдын элине аралашып, рухий жактан өскөнгө жардам бере турган, кыйын кезеңде жөлөп-таяй турган досторго ээ болушат. Биз алардын ар бири жыйналыштагылар менен камыр-жумур болуп, өзүн рухий үй-бүлөбүздүн мүчөсү катары сезишин каалайбыз. Сүйүү, ынактык өкүм сүргөн боордоштугубузга тартылса экен дейбиз. Ошондо аларга чындык жолуна түшкөнгө бут тоскондор менен мамилесин үзүш оңоюраак болот (Накыл 13:20). Эгер мурунку достору алардан кол үзүп коюшса, Жахабанын элинин арасынан чыныгы дос күтө аларын билип, коркушпайт (Мр. 10:29, 30; 1 Пет. 4:4).

КУДАЙГА АРНАЛЫП, ЧӨМҮЛҮҮНҮ МАКСАТ КЫЛГАНГА ҮНДӨГҮЛӨ

Ыйык Китепти чын ыкластан изилдегендер бара-бара чөмүлүшөт (12, 13-абзацтарды карагыла)

12. Изилдегендер менен арналуу жана чөмүлүү жөнүндө эмне үчүн сүйлөшүшүбүз керек?

12 Изилдеп жаткандар менен чөмүлүү жөнүндө ачык сүйлөшкүлө. Себеби аны менен изилдегенибиздин максаты так ошол нерсе — аларга чөмүлүп, шакирт болгонго жардам берүү. Изилдеп жатканына бир нече ай болгон жана жыйналыштарга бара баштаган киши изилдөөнүн негизги максаты ага Жахабанын Күбөсү болгонго жардам берүү экенин түшүнгүдөй болушу керек.

13. Изилдеп жаткан адам чөмүлүш үчүн кандай кадамдарды жасашы керек?

13 Ыйык Китепти чын ыкластан изилдегендер чөмүлүш үчүн төмөнкү кадамдарды кылышат. Эң алды Жахабаны таанып-билип, жакшы көрүп, ишеним өрчүтүшөт (Жкн. 3:16; 17:3). Анан Жахаба менен ынак мамиле түзүп, жыйналыштагылар менен да аралаша башташат (Евр. 10:24, 25; Жкп. 4:8). Ошентип, жаман иштеринен арылып, мурунку кылгандары үчүн өкүнөт (Элч. 3:19). Ал ортодо ишеними өсүп, башкаларга кабар айтканга түрткү берет (2 Кор. 4:13). Андан соң өзүн Жахабага арнап, арнаганын сууга чөмүлүп көрсөтөт (1 Пет. 3:21; 4:2). Ал күн кандай гана кубанычтуу күн болот! Ушул кадамдардын ар бирин жасаган сайын чын дилден мактап, ошол басыгынан жазбаганга үндөп тургула.

МААЛ-МААЛЫ МЕНЕН ИЙГИЛИКТЕРИНЕ БАА БЕРИП ТУРГУЛА

14. Изилдеп жаткан кишинин ийгилигине кантип баа берсе болот?

14 Кимдир бирөөгө Жахабага арналып, чөмүлгөнгө жардам бериш үчүн чыдамкай болушубуз керек. Бирок андан тышкары, Жахабага кызмат кылгысы келер-келбесин аныкташ керек болот. Ал Исанын буйруктарына баш ийгенге аракет кылып жатабы же тек гана Ыйык Китептен кызыктуу бир нерселерди билгиси келип жатабы?

15. Окутуп жаткан киши эмнелерге көңүл бурушу керек?

15 Изилдеп жаткан кишинин ийгилик кылып жаткан-жатпаганына көңүл буруп, дайыма байкап тургула. Мисалы, Жахабага болгон сезимдерин билдиреби? Ага кайрылып тиленеби? (Заб. 116:1, 2) Ыйык Китепти окуганды жакшы көрөбү? Жыйналыштарга үзбөй барабы? (Заб. 22:22) Билгендерин аткарып, оңолуп жатабы? (Заб. 119:112) Үйүндөгүлөргө, досторуна айтабы? (Заб. 9:1). Баарынан маанилүүсү, Жахабанын Күбөсү болгусу келеби? (Заб. 40:8). Эгер изилдеп жаткан адам ушулардын бирин да кылбаса, себебин аныктаганга аракет кылгыла. Аны менен бул тууралуу жылуу-жумшак, бирок ачык сүйлөшкүлө *.

16. Кайсы учурларда кимдир бирөө менен изилдегенибизди токтотушубуз керек болот?

16 Изилдөөнү улантыш керекпи-жокпу, маал-маалы менен ойлонуп тургула. Ал изилдөөгө даярданабы? Жыйналышка баргысы келеби? Жаман адаттарын таштадыбы? Жалган дин менен байланышын үздүбү? Эгер ушул нерселерди кылбаса да аны менен изилдегенибизди уланта берсек, суу болгусу келбеген кишиге сүзгөндү үйрөткөнгө аракет кылгандай болуп калабыз. Эгер билген нерселерин баалабаса жана өзгөргүсү келбесе, андай киши менен изилдей бергенибиздин зарылдыгы барбы?

17. 1 Тиметей 4:16га ылайык, окутуучулардын баары эмне кылышы керек?

17 Биз шакирт даярдоо милдетибизге олуттуу карап, Ыйык Китепти изилдеп жаткандарга чөмүлгөнгө жардам бергибиз келет. Мына ошондуктан аларды биз эмес, Ыйык Китеп окутушун каалайбыз. Окутканда ишенимдүү, шыктана сүйлөгөнгө аракет кылабыз. Ошондой эле аларга жыйналыштагылар менен дос болгонго түрткү беребиз. Мындан тышкары, Кудайга арналып, чөмүлүүнү максат кылганга үндөйбүз жана маал-маалы менен ийгиликтерине баа берип турабыз. (13-беттеги « Окуткандар эмне кылышы керек?» деген кутучаны карагыла.) Ооба, адамдардын өмүрүн сактап кала турган бул ишке катышуу не деген сыймык! Андыктан, келгиле, изилдеп жаткандарды чөмүлгөнгө жардам бергидей окуталы.

79-ЫР: Аларды бекем турууга үйрөт

^ 5-абз. Кимдир бирөө менен Ыйык Китепти изилдегенибизде ага Жахаба Кудай туура көргөндөй ой жүгүрткөнгө, көз караш калыптаганга жана иш-аракет кылганга үйрөнүүгө жардам берген болобуз. Бул — чоң сыймык. Бул макалада окутуу чеберчилигин дагы да кантип жакшыртса болору түшүндүрүлөт.

^ 4-абз. 2016-жылдын сентябрь айындагы «Ыйык кызматыбыз жана жашообуз окуу куралындагы» «Изилдөө өткөрүп жатканда эмнеден качыш керек?» деген макаланы карагыла.

^ 8-абз. Жолу: БИЗ ЖӨНҮНДӨ > ЖАХАБАНЫН КҮБӨЛӨРҮНҮН ОКУЯЛАРЫ

^ 9-абз. JW Library тиркемесиндеги жолу: МЕДИА > ЖОЛУГУШУУЛАРЫБЫЗ ЖАНА КЫЗМАТЫБЫЗ > КЫЗМАТТА КОЛДОНУЛЧУ ВИДЕОТАСМАЛАР.

^ 15-абз. 2020-жылдын март айындагы «Күзөт мунарасына» чыккан «Жахабаны сүйүү чөмүлүүгө түрткү берет» жана «Чөмүлүүгө даярсыңбы?» деген макалаларды да карагыла.

^ 77-абз. СҮРӨТ. Ыйык Китепти изилдөөдөн кийин изилдөө учурунда кантип сөзгө конок берсе болорун түшүндүрүп жаткан тажрыйбалуу жарчы.

^ 79-абз. СҮРӨТ. Изилдөө учурунда жакшы аял болгонго жардам берген кеңештерди окуп жаткан келин. Кийинчерээк билгендерин күйөөсүнө айтып берип жатат.

^ 81-абз. СҮРӨТ. Ал жолдошу экөө кийинчерээк жыйналышта таанышкан бир үй-бүлөнүн үйүндө конокто отурат.