11-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ
129-ЫР: Туруктуу бололу
Көңүл сууткан кыйынчылыктарга карабай туруктуу боло аласың
«Менин ысмым үчүн көп кыйынчылыктарга чыдадың» (АЯН 2:3).
МАКАЛАНЫН ӨЗӨГҮ
Биз көңүлүбүздү сууткан кыйынчылыктарга карабай Жахабага туруктуулук менен кызмат кыла алабыз.
1. Жахабанын элинин арасында болгондуктан кандай баталарды алып жатабыз?
АЗЫРКЫ акыркы оор күндөрдө Жахабанын элинин арасында болгонубузга кандай гана ыраазыбыз! Дүйнөдөгү абал барган сайын оордой берери турган иш. Бирок Жахаба бизди биримдүү, ынтымактуу боордоштукка кошкон (Заб. 133:1). Үй-бүлө түйүнүн бекем сактаганга да жардам берип келатат (Эф. 5:33—6:1). Ошондой эле дүрбөлөңгө түшпөй, жан дүйнөбүз тынч болуш үчүн акылмандык, түшүнүк берип жатат.
2. Эмне кылышыбыз керек жана эмне үчүн?
2 Ошентсе да Жахабага ишенимдүү кызмат кыла бериш үчүн бүт күчүбүздү жумшашыбыз керек. Эмне үчүн? Анткени кээде башкалар көңүлүбүздү оорутуп коюшу мүмкүн. Ката-кемчилигибиздин айынан, өзгөчө, аны кайра-кайра кайталап алганда өзүбүздү эч нерсеге жарабаган киши көрүп, көңүлүбүз чөккөн учурлар да болот. Биз 1) ишенимдешибиз таарынтканда, 2) жубайыбыздан көңүлүбүз калганда, 3) олуттуу күнөө кетирип алып, көңүлүбүз чөккөндө Жахабага туруктуулук менен кызмат кыла беришибиз керек. Бул макалада ушул жагдайлардын ар бирине токтолобуз. Ошондой эле Жахабанын байыркы учурдагы айрым кызматчыларынан эмнени үйрөнө аларыбызды билебиз.
ИШЕНИМДЕШИБИЗ ТААРЫНТКАНДА. . .
3. Кандай жагдайларга туш болушубуз мүмкүн?
3 Кыйынчылык. Айрым ишенимдештерибиздин кулк-мүнөзү кыжырыбызды келтириши мүмкүн. Башкалары болсо ойлонбой сүйлөп же ойлонбой иш кылып жүрөгүбүздү жаралашы ыктымал. Аксакалдар да ката кетириши этимал. Ушул сыяктуу нерселерден улам: «Бул Кудайдын уюмубу?» — деп шектене башташыбыз мүмкүн. Ишенимдештерибиз менен «ийиндеш туруп» кызмат кыла бергендин ордуна, бизди таарынткандардан оолакташыбыз же жыйналышка такыр эле барбай калышыбыз ыктымал (Сеп. 3:9). Ушинткенибиз туура болобу? Бул суроого жооп алыш үчүн ушундай көйгөйгө кабылган Ыйык Китептеги бир инсандын окуясына токтололу.
4. Элчи Пабыл кандай кыйынчылыктарга кабылган?
4 Ыйык Китептеги инсандын үлгүсү. Элчи Пабыл ишенимдештеринин жеткилең эмес экенин жакшы билген. Маселен, ал жыйналышка кошулгандан көп өтпөй кээ бир ишенимдештери анын ниетинен шектенишкен (Элч. 9:26). Айрымдары болсо анын кадырын түшүрүп, ал жөнүндө ар кандай жаман нерселерди айтышкан (2 Кор. 10:10). Ошондой эле ал бир аксакалдын башкаларды кедерги кылган ишине күбө болгон (Гал. 2:11, 12). Бир жолу болсо шериги Марк аны таштап кеткенде, аябай жаман болгон (Элч. 15:37, 38). Пабыл аны ушинтип капа кылгандардан обочолонуп калса деле болмок. Бирок анткен эмес. Ал ишенимдештеринин жакшы жактарына көңүл топтоп, Жахабага жигердүү кызмат кыла берген. Пабылга эмне жардам берген?
5. Пабыл эмне үчүн ишенимдештеринен түңүлүп калган эмес? (Колосалыктар 3:13, 14). (Сүрөттү да карагыла.)
5 Пабыл ишенимдештерин жакшы көргөн. Бул ага алардын жаман жактарына, ката-кемчиликтерине эмес, жакшы сапаттарына көңүл топтогонго жардам берген. Ошондой эле ишенимдештерин жакшы көргөндүктөн Колосалыктар 3:13, 14тө өзү жазган кеңешине ылайык иш кылган. (Аяттарды окугула.) Мисалы, биринчи миссионердик сапарында Марк аны таштап кеткенде, Пабыл ага кандай мамиле кылган? Ал андан түңүлүп калган эмес. Керек болсо кийин Колосадагы жыйналышка кат жазганда Маркты мактап, ага «жөлөк болгонун» айткан (Кол. 4:10, 11). Ал эми Римде түрмөдө отурган кезде Марктын келип, ага жардам беришин өтүнгөн (2 Тим. 4:11). Ооба, Пабыл эч качан ишенимдештерине кол шилтеп койгон эмес. Биз андан эмнени үйрөнө алабыз?
6, 7. Ката-кемчиликтерине карабай ишенимдештерибизди жакшы көрөрүбүздү кантип көрсөтө алабыз? (1 Жакан 4:7).
6 Эмнени үйрөнсөк болот? Жахаба ишенимдештерибизди эч нерсеге карабай сүйө беришибизди каалайт. (Окугула: 1 Жакан .) Кимдир бирөө көңүлүбүздү оорутуп койсо: «Ал антейин деген деле эмес, болгону ойлонбой кылып алды. Бирок Жахабаны, анын принциптерин жакшы көрөт» — деп, актаганга аракет кылышыбыз керек ( 4:7Накыл 12:18). Жахаба ишенимдүү кызматчыларын кемчилик-каталарына карабай жакшы көрөт. Жаза басып алганыбызда, бизге кол шилтеп салбайт. Улам эстеп алып да кыжыры келе бербейт (Заб. 103:9). Асмандагы кечиримдүү Атабыздан үлгү алганыбыз кандай гана маанилүү! (Эф. 4:32—5:1).
7 Бир нерсени эстен чыгарбайлы: дүйнөнүн акыры канчалык жакындаган сайын, ишенимдештерибиз менен ошончолук ынак боло беришибиз керек. Куугунтук дагы күч алышы мүмкүн. Атүгүл Кудайга ишенгенибиз үчүн түрмөгө отуруп калышыбыз ыктымал. Андайда боордошторубуздун колдоосуна мурункудан да көбүрөөк муктаж болобуз (Накыл 17:17). Испанияда жашаган Жозеп a деген аксакалдын окуясына көңүл бурсаңар. Ал аскерден баш тартканы үчүн бир нече ишенимдеши менен чогуу түрмөгө камалган. Жозеп мындай деп бөлүшөт: «Кенедей камерада отургандыктан бири-бирибиз менен чарт-чурт болуп кетиш бат эле болчу. Ошон үчүн көтөрүмдүү, кечиримдүү болгонго аракет кылчубуз. Анын аркасында ынтымактуу болуп, бири-бирибизди башкалардан коргой да алчубуз. Бир жолу колум сынып, гипс койдургандыктан эч нерсе кыла албай калгам. Ошондо бир ишенимдешим кирлеримди жууп берип, дагы башка жактардан кол кабыш кылган. Өзгөчө зар болуп турганда анын ушинтип чын жүрөктөн жакшылык кылганына абдан ыраазы болгом». Мындан көрүнүп тургандай, ортобуздагы келишпестиктерди азыр чечип алганыбыз абдан маанилүү.
ЖУБАЙЫҢАР КӨҢҮЛҮҢӨРДҮ КАЛТЫРГАНДА. . .
8. Жубайлар кандай кыйынчылыктарга кабылышат?
8 Кыйынчылык. «Казан-аяк кагышпай» койбойт. Ыйык Китепте да үй-бүлө кургандардын «жаңы кыйынчылыктарга» кабылары ачык эле айтылат (1 Кор. 7:28). Эмне үчүн? Анткени нике кулк-мүнөзү, жактырган-жактырбаган нерселери ар башка болгон жеткилең эмес эки адамдан курулат. Жубайлардын маданияты, алган тарбиясы да эки бөлөк болушу мүмкүн. Андан сырткары, турмуш кургандан кийин мурда байкалбаган терс кыялдары чыгышы ыктымал. Ушул нерселер көйгөй жаратат. Ошол көйгөйдүн пайда болушуна өзү да себепкер экенин мойнуна алгандын жана аны чечкенге аракет кылгандын ордуна, айрымдар өмүрлөшүн күнөөлөшү мүмкүн. Атүгүл кээ бирлерге бөлөк жашаса же ажырашса эле көйгөйлөрү чечилчүдөй сезилет. Бирок чынында эле ошондойбу? b Келгиле, күйөөсү күн көрсөтпөгөн байыркы учурдагы бир аялдын окуясына токтололу.
9. Абигейилдин жашоосу кандай болгон?
9 Ыйык Китептеги инсандын үлгүсү. Абигейил Набал деген кишиге турмушка чыккан. Ыйык Китепте Набалдын каардуу, орой киши болгону айтылган (1 Шем. 25:3). Абигейилге андай адам менен жашаш азап эле болсо керек. Ал андан кутула алат беле? Ооба. Мисалы, Ысрайылдын болочок падышасы Дөөтү аны да, анын кишилерин да кордогону үчүн Набалды өлтүрөйүн деп келгенде, Абигейил күйөөсүн салып берип коё алмак (1 Шем. 25:9—13). Өзү болсо жанын сактап качып кете алмак. Ал эми Дөөтү Набалдын көзүн тазаламак. Бирок Абигейил жагдайга кийлигишип, Дөөтүдөн Набалдын ордуна жан соога сураган (1 Шем. 25:23—27). Ал эмне үчүн ошенткен?
10. Үй-бүлөлүк турмушу оор болсо да, Абигейилге чыдаганга, сыягы, эмне жардам берген?
10 Абигейил Жахабаны сүйгөн жана анын никеге байланыштуу бекиткен тартибин баалаган. Ал Кудайдын биринчи никени, Адам ата менен Обо эненин никесин, негиздегенден кийин аларга эмне дегенин билгени шексиз (Башт. 2:24). Андан тышкары, Абигейил Жахабанын никени ыйык деп эсептээрин түшүнгөн. Ал Жахабага жаккысы келген. Мына ушул нерсе ага үйүндөгүлөрүн, анын ичинде күйөөсүн, кандай жол менен болбосун, сактап калганга түрткү берген. Ал тезинен иш-аракет кылып, Дөөтүнү кан төккөндөн да токтотуп калган. Жадагалса өзү кылбаган нерсе үчүн кечирим сураган. Өз кызыкчылыгын көздөбөгөн, кайраттуу ал аялды Жахабанын жакшы көргөнү айдан ачык. Зайыптар да, күйөөлөр да андан кандай үлгү алса болот?
11. а) Жахаба жубайлардын эмне кылышын каалайт? (Эфестиктер 5:33). б) Карменден эмнени үйрөндүңөр? (Сүрөттү да карагыла.)
11 Эмнени үйрөнсөк болот? Жахаба жубайлардын, өмүрлүк жары менен жашаш канчалык оор болбосун, никени баалашын каалайт. Ал түгөйлөрдүн көйгөйлөрдү чечкенге, бири-бирин жан-дили менен сүйүп, урматтаганга бүт күчүн жумшап жатканын көргөндө аябай сүйүнөт. (Окугула: Эфестиктер 5:33.) Кармендин үлгүсүнө токтололу. Турмушка чыкканына 6 жыл болгондон кийин ал Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеп, кийинчерээк чөмүлгөн. Кармен мындай дейт: «Күйөөм чечимимди жактырган жок. Ага убактымдын баарын Жахабага арнап жаткандай сезилчү. Ошого ачууланып, мага ар кандай жаман сөздөрдү айтып, таштап кетем деп коркутчу». Ошентсе да Кармен баарына чыдап, күйөөсү менен жашай берген. 50 жыл бою ал күйөөсүн сүйгөнгө, урматтаганга аракет кыла берген. «Жылдар өткөн сайын, күйөөмдүн сезимдерин көбүрөөк эске алганды, жүрөгүн оорутпай сүйлөгөндү үйрөндүм. Никенин Жахабанын алдында ыйык экенин билгендиктен аны сактап калганга болгон күчүмдү жумшадым. Жахабаны сүйгөндүктөн күйөөм менен ажырашуу эч качан оюма келген эмес»,— дейт ал c. Эгер жубайыңар менен келише албай жүрсөңөр, Жахаба силерди колдооруна жана баарына чыдаганга жардам берерине бекем ишенсеңер болот.
ОЛУТТУУ КҮНӨӨ КЕТИРИП АЛЫП, КӨҢҮЛҮБҮЗ ЧӨККӨНДӨ. . .
12. Олуттуу күнөө кетирип алганда кандай ойлор кыйнашы мүмкүн?
12 Кыйынчылык. Олуттуу күнөө кетирип алганда өзүбүздү жеп, көңүлүбүз чөгүшү ыктымал. Ыйык Китепте да жаңылып-жазганда жүрөгүбүз «жараланып», «кыйналарыбыз» айтылган (Заб. 51:17). Хосени мисалга алалы. Ал кызмат жардамчысы болуш үчүн көп жыл бою аракет кылып келген. Бирок бир жолу олуттуу күнөө кетирип алып, өзүн Жахабага чыккынчылык кылгандай сезген. «Канчалык жаман иш кылганымды түшүнгөндө абийирим жемелеген. Өзүмдү ушунчалык жек көргөм. Жахабадан кечирим сурап, көз жашымды төгүп тиленгем. Ошондо: „Мен Жахабаны аябай капа кылдым, эми ал тилегимди эч качан укпайт болуш керек“,— деп ойлонгонум эсимде»,— дейт Хосе. Олуттуу күнөө кетирип алганда: «Бүттү, Жахаба мени таштап салды»,— деген ойго алдырып, андан ары кызмат кылбай эле коёюн дешибиз мүмкүн (Заб. 38:4). Силерди да ушундай ойлор санаага салып жатса, байыркы учурда жашаган бир инсан жөнүндө ойлонуп көрсөңөр болот. Ал олуттуу күнөө кетиргенине карабай Жахабага ишенимдүү кызмат кыла берген.
13. Петир кандай олуттуу күнөө кетирген жана буга эмнелер себеп болгон?
13 Ыйык Китептеги инсандын үлгүсү. Иса устунга кадалар түнү Петир бир нече жолу жаңылган. Акыры, өмүрүндө эң эле өкүнүчтүү иш кылган. Башында Петир өзүнө таянып алгандыктан башка элчилер Исаны таштап кетсе да, ал антпей турганын айтып мактанган (Мр. 14:27—29). Анан Гетсемани багында тиленгендин ордуна, уктап кала берген (Мр. 14:32, 37—41). Андан соң Исаны кармаганы келишкенде, аны таштап качып кеткен (Мр. 14:50). Акырында болсо Исаны тааныбай турганын 3 жолу айтып карганган (Мр. 14:66—71). Бирок канчалык оор күнөө кетиргенин түшүнгөндө ал эмне кылган? Өзүн жеп, өксөп ыйлаган (Мр. 14:72). Бир нече сааттан кийин Иса устунга кадалганда, Петирдин жүрөгү канчалык сыгылганын элестетсеңер. Ошондо өзүн эч нерсеге жарабаган бир шордуудай сезсе керек.
14. Петирге Жахабага кызмат кыла бергенге эмне жардам берген? ( сүрөттү карагыла.)
14 Анткен менен Петир Жахабага кызмат кыла берген. Ага төмөнкү нерселер жардам берген: ал башкалардан обочолонгон эмес; дароо эле ишенимдештерине барган. Алар болсо аны жубаткан (Лк. 24:33). Мындан тышкары, Иса тирилгенден кийин Петирге өзүнчө көрүнүп, сыягы, аны бекемдеген (Лк. 24:34; 1 Кор. 15:5). Кийинчерээк Петирге дагы көрүнгөндө катасын эскертип кирбей, ага чоң жоопкерчилик арткан (Жкн. 21:15—17). Албетте, Петир абдан чоң күнөө кетиргенин түшүнгөн. Бирок багынган эмес. Эмне үчүн? Анткени Мырзасы Исанын ага кол шилтеп койбогонуна, дагы деле жакшы көрөрүнө ынанган. Аны ишенимдештери да андан ары колдой берген. Петирден эмнени үйрөнсөк болот?
15. Жахаба эмнеден шектенбешибизди каалайт? (Забур 86:5; Римдиктер 8:38, 39). (Сүрөттү да карагыла.)
15 Эмнени үйрөнсөк болот? Жахаба бизди жакшы көрөрүнөн жана кечиреринен шектенбешибизди каалайт. (Окугула: Забур 86:5; Римдиктер 8:38, 39.) Жаңылып алганда өзүбүздү күнөөлүү сезебиз. Бул, бир чети, туура жана табигый эле нерсе. Бирок Жахаба бизди жакшы көрбөй калды, мени эч качан кечирбейт деп ойлогонубуз туура эмес болуп калат. Ошондой ойлор каптап жатса, дароо жардам сурашыбыз керек. Жогоруда айтылган Хосе мындай дейт: «Мен азгырыкка туруштук бере алам деп өзүмө таянгандыктан күнөө кетирип алгам». Ал аксакалдарга кайрылышы керектигин түшүнгөн. «Аксакалдар менен сүйлөшкөндө, Жахаба алар аркылуу мени жакшы көрөрүнө ынандырды. Алар мага кол шилтеп коюшкан жок. Жахабанын мени таштабаганына ишенгенге да жардам беришти»,— дейт ал. Биз да Жахабанын бизди аябай жакшы көрөрүнө, өкүнсөк, кечирерине ишенишибиз керек. Ан үчүн жардам сурагыла жана каталарыңарды кайталап албаганга бүт күчүңөрдү жумшагыла (1 Жкн. 1:8, 9). Жахабанын жакшы көрөрүнө бекем ишенсеңер, жаңылып-жазганда өзүңөргө кол шилтеп койбойсуңар.
16. Жахабага кызмат кыла бергенге эмне үчүн чечкиндүүсүң?
16 Азыркы акыркы оор күндөрдө Жахабага кызмат кылыш үчүн бүт күчүбүздү жумшап жатканыбызды ал жогору баалайт. Жахабанын жардамы менен көңүлүбүздү чөгөргөн бир да кыйынчылыкка карабай ага кызмат кыла алабыз. Биз Жахабаны жакшы көргөндүктөн жана никеге ал карагандай карагандыктан, жубайыбыз менен кандай көйгөй болбосун, чечкенге аракет кылабыз. Эгер олуттуу күнөө кетирип алсак, Жахабадан жардам сурайбыз. Бизди жакшы көрөрүнөн жана кечиреринен күмөн санабайбыз. Ошондой эле ага мындан ары да кызмат кыла бергенге аракет кылабыз. «Жакшылык кылып жатып багынбасак», андан сөзсүз мол бата алабыз! (Гал. 6:9).
КАНТКЕНДЕ ТӨМӨНКҮ ЖАГДАЙЛАРГА КАРАБАЙ ЖАХАБАГА КЫЗМАТ КЫЛА БЕРЕБИЗ?
-
Ишенимдешибиз таарынтканда
-
Жубайыбыз көңүлүбүздү калтырганда
-
Олуттуу күнөө кетирип алып, көңүлүбүз чөккөндө
139-ЫР: Жаңы дүйнөдө сен да бол
a Айрым ысымдар өзгөртүлдү.
b Кудайдын Сөзүндө бөлөк жашоо туура деп айтылбайт жана бул кайрадан башка бирөө менен баш кошконго негиз бербейт. Бирок кээде олуттуу себептерден улам Кудайдын кызматчысы бөлөк жашоону туура көрүшү мүмкүн. Бул тууралуу көбүрөөк билиш үчүн «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» китебинин «Эки бөлөк жашоо» деген 4-тиркемесин карагыла.
c jw.org сайтынан «Жалган тынчтыкка алданып калбагыла! Даррел менен Дебора Фрейсингер» деген видеону да көргүлө.