Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Башкаларды үйрөтүү маанилүү экенин түшүнөсүңбү?

Башкаларды үйрөтүү маанилүү экенин түшүнөсүңбү?

«Силерге жакшы таалим берем» (НАКЫЛ 4:2).

ЫРЛАР: 93, 96

1, 2. Эмне үчүн жаңыларды рухий иштерди аткарууга үйрөтүшүбүз керек?

ИСА МАШАЯКТЫН негизги иши Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялоо болгон. Ошентсе да ал убакыт бөлүп, шакирттерине башкаларды окутуп, койчу катары кам көрүүнү үйрөткөн (Мт. 10:5—7). Филип жакшы кабарды таратууга ынталуу катышса да, төрт кызына Ыйык Жазмадагы чындыкты натыйжалуу жарыялоону үйрөткөн (Элч. 21:8, 9). Бүгүнкү күндө башкаларды үйрөткөнүбүз канчалык маанилүү?

2 Дүйнө жүзү боюнча жакшы кабарга кулак каккандардын саны күн санап өсүүдө. Айрымдары чөмүлө элек болсо да, Ыйык Китепти өз алдынча изилдөөнүн маанилүүлүгүн түшүнүшү зарыл. Алар кабар айтканды, окутканды да үйрөнүшү керек. Андан сырткары, ага-инилерибизге кызмат жардамчылары менен аксакалдарга коюлган талаптарга жооп берүү үчүн бүт күчүн жумшоого түрткү берүү зарыл. Ооба, жетилген бир туугандарыбыз жаңыларга «жакшы таалим» берип, рухий жактан ийгилик кылууга жардам бере алышат (Накыл 4:2).

ЖАҢЫЛАРГА ЫЙЫК КИТЕПТИ ӨЗ АЛДЫНЧА ИЗИЛДЕГЕНДИ ҮЙРӨТ

3, 4. а) Ыйык Китепти изилдөөнүн жемиштүү кызмат кылуу менен байланышы бар экенин Пабыл кантип көрсөткөн? б) Башкаларды Ыйык Китепти өз алдынча изилдөөгө үндөөрдөн мурун эмне кылышыбыз керек?

3 Ыйык Жазманы өз алдынча изилдөө канчалык маанилүү? Бул суроонун жообун элчи Пабылдын Колосадагы ишенимдештерине жазган сөздөрүнөн таба алабыз. Ал мындай деген: «Силер үчүн үзгүлтүксүз тиленип, толук акылмандык жана рухий түшүнүк менен анын [Кудайдын] эркин так таанып-билишиңерди суранып жатабыз. Ошол так билимдин аркасында Жахабанын ысмына татыктуу жашап, ага бардык жагынан жагышыңар үчүн, ошондой эле ар бир жакшы иште жемиш берип, Кудайды так таанып-биле беришиңер үчүн тиленип жатабыз» (Кол. 1:9, 10). Колосадагы ишенимдештерибиз «так билимдин аркасында Жахабанын ысмына татыктуу жашап, ага бардык жагынан жага» алышмак. Натыйжада алар «ар бир жакшы иште», өзгөчө, кабар айтуу ишинде «жемиш беришмек». Жахабага жакшы кызмат кылыш үчүн ар бирибиз Ыйык Китепти дайыма окуп-изилдешибиз зарыл. Мунун маанилүүлүгүн жаңыларга да түшүнүүгө жардам беришибиз кажет.

4 Ан үчүн Ыйык Китепти изилдөө канчалык зарыл экенин адегенде өзүбүз жакшы түшүнүп, аны адат кылып алышыбыз керек. Андыктан мындай деп ой жүгүртүп көр: «Кызматта жүргөндө кимдир бирөө Ыйык Китептеги кайсы бир окууга каршы келген пикир айтса же татаал суроо берсе, Ыйык Китепти колдонуп жооп бере аламбы? Иса пайгамбардын, Пабылдын жана башкалардын туруктуулук менен кызмат кылганы тууралуу окуганда алардан эмнеге үйрөнсөм болору жөнүндө ой жүгүртөмбү?» Баарыбыз Кудайдын Сөзүндө камтылган билимге, акыл-насааттарга муктажбыз. Эгер Ыйык Китепти изилдөөдөн канчалык пайда алып жатканыбызды башкаларга айтып берсек, алар да аны кылдат изилдеп, пайда алууга түрткү алышат.

5. Жаңыларга Ыйык Китепти өз алдынча дайыма изилдегенди кантип үйрөтсө болот?

5 Балким: «Ыйык Китепти изилдеп жаткан кишиге аны дайыма окуп-изилдегенди кантип үйрөтсөм болот?» — деп ойлонуп жаткандырсың. Адегенде ага изилдөөгө кантип даярданса болорун көрсөтүп бер. Мисалы, «Ыйык Китепте чынында эмне делет?» китебинин тиркемесинен изилдене турган темага тиешеси бар маалыматты окуп, берилген аяттарды карап чыгууну сунуш кылсаң болот. Ошондой эле жыйналыштан жооп бериш үчүн алдын ала даярданууга жардам бер. «Күзөт мунарасы» менен «Ойгонгула!» журналдарынын ар бир санын окууга да үндө. Эгер «Күзөт мунарасы коомунун электрондук китепканасы» же «Онлайн китепкана» эне тилинде бар болсо, Ыйык Китепти окуп жатканда пайда болгон суроолоруна жооп алыш үчүн кантип изилдөө жүргүзсө болорун көрсөтүп бер. Ушундай жардам көрсөткөнүңдүн аркасында анын Кудайдын Сөзүн өз алдынча изилдөөдөн ыракат ала баштаары шексиз.

6. а) Изилдеп жаткан кишиге Ыйык Китепке болгон сүйүүсүн арттырууга кантип көмөк кыла аласың? б) Ыйык Китепке болгон сүйүүсү артканда изилдеп жаткан киши кандай сезимде болот?

6 Албетте, биз эч кимди Ыйык Китепти окуп-изилдөөгө мажбурлабашыбыз керек. Анын ордуна, Жахабанын уюму берген куралдарды колдонуп, изилдеп жаткан кишиге Ыйык Китепке болгон сүйүүсүн арттырууга көмөк кылганыбыз дурус. Эгер жүрөгү таза болсо, ал убакыттын өтүшү менен: «Мага болсо Кудайга жакындаган жакшы... Эгедер Теңир Жахабаны баш маана кылам»,— деп ырдаган забурчунукундай сезимде болору күмөнсүз (Заб. 73:28). Жахабанын ыйык руху Ыйык Китепти баалаган, чын ыкластан аракет кылган кишиге сөзсүз таасир этет.

КАБАР АЙТКАНДЫ, ОКУТКАНДЫ ҮЙРӨТ

7. Иса Машаяк элчилерине кабар айтканды кантип үйрөткөн? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

7 Матай китебинин 10-бөлүмүндө Иса Машаяктын 12 элчисине берген кеп-кеңештери жазылган. Ал кантип натыйжалуу кабар айтуу керектигин жалпы жонунан эле айтып койбой, айкын-так көрсөтмөлөрдү берген. [1] Элчилер анын айткандарын кунт коюп уккандан кийин кызматка жөнөп кетишкен. Устатынын окутуу ыкмаларына байкоо салуу менен алар көп өтпөй эле элди Ыйык Жазманын негизинде мыкты окута башташкан (Мт. 11:1). Биз да изилдеп жаткан кишиге жакшы кабарды чебер айтканды үйрөтө алабыз. Анда эмесе, мунун эки жолун карап көрөлү.

8, 9. а) Иса пайгамбар кабар айтканда башкаларга кандай мамиле кылчу? б) Жаңы жарчыларды кабар айтууда Исадан үлгү алууга кантип үйрөтсөк болот?

8 Башкалар менен маектешүү. Иса пайгамбар Падышалык жөнүндө топ элге эле айтпастан, адамдар менен өзүнчө да сүйлөшчү. Алсак, ал Сихар шаарынын жанындагы Жакыптын кудугуна келген бир аял менен кызыктуу маек курган (Жкн. 4:5—30). Ошондой эле Леби деп да коюшкан Матай деген салык жыйноочу менен сүйлөшкөн. Инжилдерде бул тууралуу кыска эле баяндалса да, Матайдын анын жолдоочусу болууга дароо макул болгонун биле алабыз. Кийинчерээк Матай той өткөрүп, Иса пайгамбарды жана башкаларды үйүнө чакырган. Иса ал жакка келген көп кишиге кабар айткан (Мт. 9:9; Лк. 5:27—39).

9 Дагы бир жолу Иса назареттиктер жөнүндө терс ойдо болгон Натанаелге жылуу-жумшак сүйлөгөн. Анын натыйжасында Натанаел ой жүгүртүүсүн өзгөртүп, Иса назареттик болсо да, анын айткандары жөнүндө көбүрөөк билүүгө түрткү алган (Жкн. 1:46—51). Биз да жаңы жарчы болгондорду башкалар менен сылык-сыпаа, ээн-эркин сүйлөшүүгө үйрөтүшүбүз керек. [2] Ошентсек, алар чындап көңүл буруу, жылуу сөздөр жүрөгү таза кишилерге жакшы таасир этерин көрүп, кызматтан көбүрөөк кубаныч алышат.

10—12. а) Иса Машаяк жакшы кабарга кулак каккандардын кызыгуусун кантип арттырган? б) Жаңы жарчыларга Ыйык Китептеги чындыкты окутуу жагынан жакшырууга кантип жардам берсек болот?

10 Кызыгуусун арттыруу. Иса Машаяктын жерде кызмат кыла турган убактысы аябай аз болчу. Ошентсе да ал жакшы кабарга кулак каккандардын кызыгуусун арттырууга убакыт бөлгөн. Маселен, бир жолу Петирдин кайыгына отуруп, калың элди окуткан. Анан Петирди маанилүү нерсеге үйрөтүш үчүн ага керемет жолу менен көп балык кармоого жардам берип: «Мындан ары сен адам уулоочу болосуң»,— деген. Исанын ошондогу сөздөрү, иш-аракети кандай натыйжа берген? Петир менен анын шериктери «кайыктарын жээкке чыгарышкан» да, «баарын калтырып, Исанын артынан жөнөшкөн» (Лк. 5:1—11).

11 Жүйүттөрдүн жогорку сотунун мүчөсү Никедим да Иса пайгамбардын айткандарына кызыгып, көбүрөөк билгиси келген. Бирок ал элдин көзүнчө сүйлөшкөндөн коркуп, ага түн жамынып барган. Иса ага ылайыкташып, түн болгонуна карабай, кененирээк сүйлөшкөнгө убакыт бөлгөн (Жкн. 3:1, 2). Бул окуялардан эмнеге үйрөнсөк болот? Кудайдын Уулу башкалардын ишенимин бекемдөөдөн убактысын аяган эмес. Биз да жакшы кабарга кызыккандарга кайра барууга, алар менен изилдөө өткөрүүгө дилгир болушубуз керек.

12 Эгер жаңы жарчыларды кабарга алып чыксак, алар Ыйык Китептеги чындыкты окутуу жагынан чеберчилигин арттыра алышат. Аларга атүгүл бир аз эле кызыккандарга да кайра баруу маанилүү экенин түшүнүүгө жардам беришибиз кажет. Ан үчүн аларды кайра жолугууга, ыйык китептик изилдөөлөргө алып барсак болот. Үйрөтүп, бекемдегенибиздин аркасында тажрыйбасы аз жарчылар башкалардын кызыгуусун өстүрүүгө жана изилдөөлөрдү өткөрүүгө түрткү алышат. Ошондой эле багынбай, туруктуулук, чыдамкайлык менен кызмат кыла берүүгө үйрөнүшөт (Гал. 5:22;  «Багынган эмес» деген кутучаны да кара).

ИШЕНИМДЕШТЕРИНЕ КАМ КӨРҮҮНҮ ҮЙРӨТ

13, 14. а) Башкалардан эч нерсесин аябаган байыркы убактагы кызматчылардан эмнеге үйрөнсөк болот? б) Жаңы жарчылар менен жаштарды башкаларга сүйүү көрсөтүүгө кантип үйрөтө алабыз?

13 Ыйык Китепте «бир туугандык сүйүү» көрсөтүп, бири-бирибизге кызмат кылышыбыз керектиги баса белгиленет. (Оку: 1 Петир 1:22; Лука 22:24—27.) Иса Машаяк башкалардан эч нерсесин, атүгүл жанын да аяган эмес (Мт. 20:28). 1-кылымда жашаган Дорка да «көп жакшы иштерди жасаган, жакырларга көп жакшылык кылган» (Элч. 9:36, 39). Римдеги Мариям деген ишенимдешибиз жыйналыш үчүн «көп эмгектенген» (Рим. 16:6). Жаңыларга ишенимдештерибизге кам көрүү маанилүү экенин түшүнүүгө кантип жардам берсек болот?

Жаңыларды ишенимдештерине кам көрүүгө үйрөт (13, 14-абзацтарды кара)

14 Оорулуу же кары ишенимдештерин көргөнү барарда жетилген бир туугандардын жаңыларды ээрчитип алганы жакшы. Эгер ылайыктуу болсо, ата-энелер балдарын да кошо ала барса болот. Улгайган бир туугандардын тамак-ашы жетиштүүбү, үйү жакшы абалдабы, билиш үчүн аксакалдардын башкалар менен, анын ичинде жаштар жана жаңы жарчылар менен кызматташып турганы дурус. Ошондо алар жакшылык кылууга үйрөнүшөт. Айталы, бир аксакал алыскы аймакта кабар айтып жүргөндө ал жактагы ишенимдештеринин ал-жайын билиш үчүн алардыкына тие кетчү. Мунун аркасында аны көп коштоп жүргөн жаш бир тууган жыйналыштын бардык мүчөлөрүнө кам көрүүгө үйрөнгөн (Рим. 12:10).

15. Эмне үчүн аксакалдар ага-инилерге ийгилик кылууга жардам берүүгө кызыкдар болушу керек?

15 Жахаба жыйналыштагыларды окутуп-үйрөтүү милдетин эркектерге тапшыргандыктан, ага-инилердин сүйлөө жөндөмдүүлүгүн жакшыртканы абдан маанилүү. Эгер аксакал болсоң, кызмат жардамчысы сөз сүйлөөгө даярданып жатканда, аны угуп көрө аласыңбы? Сенин жардамың менен ал Кудайдын Сөзүн чебер окутканды үйрөнүшү мүмкүн (Нек. 8:8). [3]

16, 17. а) Элчи Пабыл Тиметейге ийгилик кылууга кантип жардам берген? б) Аксакалдар ага-инилерди оторду кайтарууга кантип үйрөтө алышат?

16 Оторду кайтара турган койчуларга муктаждык чоң болгондуктан, ага-инилерди ошол ишти аркалоого дайыма үйрөтө бериш керек. Муну кантип кылса болорун элчи Пабылдын Тиметейге жазган сөздөрүнөн биле алабыз. Ал мындай деген: «Уулум, мындан ары да Машаяк Иса менен биримдикте болгондорго көрсөтүлүүчү ырайым аркылуу күчкө толо бер. Менден көп күбөлөрдүн көзүнчө уккандарыңды башкаларды үйрөтө ала турган ишенимдүү адамдарга айт» (2 Тим. 2:1, 2). Тиметей өзүнөн улуу элчи менен кызматташуунун аркасында бир топ нерсеге үйрөнгөн. Анан үйрөнгөндөрүн кабар айтууда жана жыйналыштагыларга кам көрүүдө колдонгон (2 Тим. 3:10—12).

17 Элчи Пабыл Тиметейди өзү үйрөнүп алат деп таштап койбой, жанына ээрчитип жүргөн (Элч. 16:1—5). Аксакалдар да Пабылдан үлгү алып, оңтойлуу учурда ылайыктуу кызмат жардамчыларын кайтаруучулук жолугууга ала барса болот. Ошондо алар аксакалдарды көрүп, башкаларды окутканды, чыдамдуу, мээримдүү болгонду, оторго кам көрүүдө Жахабага таянганды үйрөнүшөт. Бул болсо аларды «Кудайдын... оторун кайтарууга» даярдай берет (1 Пет. 5:2).

БАШКАЛАРДЫ ҮЙРӨТҮҮ КАНЧАЛЫК МААНИЛҮҮ?

18. Башкаларды окутуп-үйрөтүүгө эмне үчүн олуттуу маани беришибиз керек?

18 Жогоруда айтылгандай, оторго кам көрө тургандар аба менен суудай керек болгондуктан жана Жахабага кызмат кылууга көптөгөн мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жаткандыктан, башкаларды үйрөткөнүбүз аябагандай маанилүү. Андыктан Иса Машаяк менен элчи Пабылга окшоп, бул жагынан талыкпай күч-аракет жумшашыбыз керек. Жахаба кызматчыларынын рухий иштерди аткарууга жакшы үйрөтүлүшүн каалайт. Ошол себептен бизге тажрыйбасы аздарды окутуп-үйрөтүү сыймыгын берген. Дүйнөдөгү абал улам начарлап бараткандыктан жана кабар айтууга эшик кенен ачылгандыктан, башкаларды үйрөтүү маанилүү да, шашылыш да болууда.

19. Башкаларды окутуп-үйрөтүүдө ийгиликке жетериңе эмне үчүн шектенбесең болот?

19 Албетте, башкаларды окутуп-үйрөтүү үчүн убакыт, күч-аракет талап кылынат. Бирок Жахаба менен Иса Машаяк бизди дайыма колдоп, акылмандык берип турат. Өзүбүз окутуп-үйрөткөн бир туугандардын күжүрмөн «эмгектенип, күч жумшап жатканын» көргөндө төбөбүз көккө жете кубанарыбызга шек жок (1 Тим. 4:10). Бирок ошол эле учурда Жахабага кызмат кылууда өзүбүз да рухий жактан ийгилик кыла берели!

^ [1] (7-абзац) Иса Машаяк айткан ойлордун айрымдары булар: 1) Падышалык жөнүндө кабар айтуу; 2) Кудайдын кам көрөрүнө бекем ишенүү; 3) үй ээси менен талашып-тартышпоо; 4) каршылыкка кабылганда Кудайга таянуу; 5) коркунучка алдырбоо.

^ [2] (9-абзац) «Теократиялык кызмат мектебинен пайда алалы» китебинин 62—64-беттеринде кызматта башкалар менен маектешүүгө байланыштуу эң сонун кеңештер бар.

^ [3] (15-абзац) «Теократиялык кызмат мектебинен пайда алалы» китебинин 5261-беттеринде мыкты баяндамачы болуу үчүн эмне кылса болору түшүндүрүлөт.