Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Эмне үчүн Иса пайгамбардын каршылаштары колун жуубагандарды айыпташкан?

Душмандар Иса пайгамбар менен анын шакирттеринен кынтык табыш үчүн ар кандай себептерди таап, айыптай беришчү. Алардын бири кол жууганга байланыштуу болгон. Ысрайыл элине берилген Мыйзамда адам денесинен кан акканда же жыныстык мүчөсүнөн илээшме зат акканда, пес оорусуна чалдыкканда, кишинин же жаныбардын өлүгүнө тийгенде таза эмес болуп калары айтылган. Андайда кантип тазалануу керектигине байланыштуу көрсөтмөлөр да бар болчу. Алсак, курмандык чалуу, жуунуу, суу чачыратуу талап кылынган (Леб. 11—15-бөл.; Сан. 19-бөл.).

Жүйүттөрдүн диний устаттары буларга кошумча майда-чүйдө эрежелерди чыгарып алышкан. Бир эмгекте айтылгандай, алар адамдын кайсы жагдайларда таза эмес болоруна, анын айынан башкалардын кантип жана канчалык деңгээлде таза эмес болоруна байланыштуу толгон-токой эрежелерди ойлоп табышкан. Ошондой эле кандай идиштер же буюм-тайымдар таза эмес болуп, кайсылары таза бойдон каларына, тазаланыш үчүн кандай каадалар аткарылышы керектигине байланыштуу талаптарды да коюшкан.

Каршылаштары Исадан: «Эмнеге шакирттериң ата-бабаларыбыздын салтын бузуп, колдорун жуубай тамак жешет?» — деп сурашкан (Мр. 7:5). Алар кир кол менен тамак ичүү ден соолукка зыян экенин айткысы келген эмес. Алардын талабы боюнча, тамак алдында колго суу куюу каадасы аткарылышы керек болчу. Жогоруда кеп кылынган эмгекте: «Кайсы идиш колдонулушу, кандай суу куюлушу, аны ким куюшу, кол кайсы жерге чейин жуулушу же сууга малынышы керектигине байланыштуу да талаптар бар болчу»,— делет.

Иса андай эрежелерге кандай караган? Ал дин кызматчыларга мындай деген: «Эки жүздүүлөр, Ышая силер жөнүндө: „Бул эл мени оозу менен урматтайт, жүрөктөрү болсо менден алыс. Алар мага куру бекер сыйынып жатышат, анткени адамдардын осуяттарын Кудайдын окууларындай кылып үйрөтүшөт“,— деп туура пайгамбарлык кылган. Силер Кудайдын осуятын четке кагып, адамдар чыгарган салттарга бекем карманасыңар» (Мр. 7:6—8).