Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Нике кантип жана кандай максатта негизделген?

Нике кантип жана кандай максатта негизделген?

«Жахаба Кудай: „Адамдын жалгыз болгону жакшы эмес. Ага аны толуктап тура турган жардамчы жаратайын“,— деди» (БАШТ. 2:18).

ЫРЛАР: 36, 11

1, 2. а) Нике кантип негизделген? б) Алгачкы түгөйлөр никеге байланыштуу эмнени жакшы түшүнүшү керек эле? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.)

НИКЕ — жашоонун ажырагыс бөлүгү. Анын кантип жана кандай максатта негизделгенин карап чыгуу ага карата туура көз карашта болууга, андан көбүрөөк кубаныч алууга жардам берет. Кудай Адам атаны жараткандан кийин ага жан-жаныбарларды алып келе баштаган. Адам ата алардын баарына ат коюп чыккан. «Бирок ага өзүн толуктап тура турган жардамчы табылган» эмес. Ошондо Жахаба аны катуу уктатып, анын бир кабыргасынан аял жаратып, ага алып келген. (Оку: Башталыш 2:20—24.) Ошондуктан нике Кудай негиздеген түзүлүш болуп саналат.

2 Кийинчерээк Иса Машаяк Жахабанын: «Эркек ата-энесин калтырып, аялы менен биригет да, экөө бир дене болот»,— деген сөздөрдү айтканын ырастаган (Мт. 19:4, 5). Кудай аялды Адам атанын кабыргасынан жаратуу менен аларга өз ара абдан ынак болушу керектигин көрсөткөн. Ал түгөйлөрдүн ажырашышын же бир эле учурда бир нече адам менен баш кошушун такыр ниет кылган эмес.

НИКЕНИН КУДАЙДЫН ОЙ-НИЕТИ МЕНЕН КАНДАЙ БАЙЛАНЫШЫ БАР?

3. Кудай никени, негизинен, кандай максатта негиздеген?

3 Төгөрөгү төп келген аялын көргөндө Адам атанын жүрөгү кубанычтан толкуп чыккан. Кийинчерээк ал ага Обо деген ат койгон. Обо эне күйөөсүн «толуктап тура турган жардамчы» болмок жана экөө өз милдеттерин аткарып, күн сайын бири-бирине кубаныч тартуулашмак (Башт. 2:18). Кудай никени, негизинен, адамдар жерди толтурушу үчүн негиздеген (Башт. 1:28). Ошондуктан балдар ата-энесин канчалык жакшы көрбөсүн, убакыттын өтүшү менен аларды калтырып, өз алдынча түтүн булатышмак. Натыйжада адамдар жер бетин тийиштүү деңгээлге чейин толтуруп, аны бейишке айландырмак.

4. Алгачкы никеге кандайча доо кеткен?

4 Адам ата менен Обо эне чечим чыгаруу эркиндигин туура эмес колдонуп, Жахабанын буйругун бузгандыктан, никесине доо кеткен. «Байыркы жылан» — Шайтан Ибилис — Обо энени алдап, «жакшы менен жаманды таанытып билдире турган дарактын» жемишинен жесе, өзгөчө билимге ээ болуп, эмне жакшы, эмне жаман экенин өзү чече аларына ишендирген. Обо эне күйөөсү менен кеңешкен эмес. Ошентип, анын башчылыгын сыйлабай турганын көрсөткөн. Адам ата болсо Кудайга баш ийгендин ордуна, аялы берген жемишти жеген (Аян 12:9; Башт. 2:9, 16, 17; 3:1—6).

5. Адам ата менен Обо эненин Жахабага берген жообунан эмнени биле алабыз?

5 Кудай жоопко тартканда, Адам ата күнөөнү аялына оодара салып: «Сен берген аял мага дарактын жемишинен берди, анан мен жедим»,— деген. Ал эми Обо эне алданып калганын жыланга шылтаган (Башт. 3:12, 13). Бирок экөөнүн тең кылганын актоого болбойт болчу. Алар тил албай койгондуктан, Жахаба аларды козголоңчулар катары соттогон. Бул  биз үчүн олуттуу сабак болуп эсептелет. Никеде бактылуу болушу үчүн, түгөйлөрдүн ар бири өз жоопкерчилигин сезиши жана Жахабага баш ийиши керек.

6. Башталыш 3:15ти кантип түшүндүрүп берет элеңер?

6 Шайтан Эйден багында түпкү ата-энебизди жаман ишке түртсө да, Жахаба жаркын келечекке үмүт берерлик алгачкы пайгамбарлыкты айткан. (Оку: Башталыш 3:15.) Ошол пайгамбарлыкка ылайык, «аялдын» «тукуму» Жахабага каршы чыккан рухий жаратуунун башын жанчымак. Кудай асмандагы түмөндөгөн адил рухий жаратууларды «аялга» салыштырып, алар менен өзгөчө мамиледе экенин көрсөткөн. Ыйык Жазмада айтылгандай, кийин Жахаба «аялга» салыштырылган ошол рухий жаратуулардын арасынан Ибилистин башын жанчый турган бирөөнү жибермек. Анын аркасында адамзат алгачкы түгөйлөр кол жууп калган нерсеге ээ болмок, тактап айтканда, Жахаба башында ниет кылгандай, жер бетинде түбөлүк өмүр сүрмөк (Жкн. 3:16).

7. а) Адам ата менен Обо эненин баш ийбестиги никеге кандай таасир эткен? б) Ыйык Китепке ылайык, күйөөлөр менен аялдардан эмне талап кылынат?

7 Адам ата менен Обо эненин баш ийбестиги алардын да, урпактарынын да никесине залакасын тийгизген. Мисалы, Обо эне сыяктуу эле, аялдар кош бойлуу кезинде да, төрөт учурунда да азап тартмак. Ошондой эле күйөөлөрүнө болгон кумары күчтүү болуп, күйөөлөрү аларга үстөмдүк кылмак, атүгүл катаал мамиле жасамак. Буга баарыбыз эле күбө болуп жатабыз (Башт. 3:16). Бирок Ыйык Китепте күйөөлөрдөн үй-бүлөсүн мээримдүүлүк менен башкаруу, ал эми аялдардан күйөөлөрүнө баш ийүү талап кылынат (Эф. 5:33). Кудайдан корккон жубайлардын экөө тең милдеттерин жакшы аткарышса, келишпестикке алпарган жагдайлар аябай эле аз болушу же такыр эле болбошу мүмкүн.

АДАМ АТАНЫН КҮНДӨРҮНӨН ТОПОН СУУГА ЧЕЙИН

8. Адам атанын күндөрүнөн Топон сууга чейинки никенин тарыхы жөнүндө Ыйык Китепте эмне делет?

8 Күнөө менен жеткилеңсиздиктин айынан өлүмгө дуушар болгонго чейин Адам ата менен Обо эне бир нече уул-кыздуу болушкан (Башт. 5:4). Алардын тун уулу Кабыл туугандарынын бирине үйлөнгөн. Анын урпактарынан болгон Лемек эки аял алган. Бул — Ыйык Китептеги бир нече аял алган кишилер жөнүндөгү билдирүүлөрдүн алгачкысы (Башт. 4:17, 19). Адам атанын күндөрүнөн Топон сууга чейин жашаган муундардын ичинен саналуу эле киши Жахабага кызмат кылган. Алардын арасында Абыл, Энох, Нух пайгамбар менен анын үй-бүлөсү болгон. Ыйык Китепте Нух пайгамбардын күндөрүндө «чыныгы Кудайдын уулдарынын» адам баласынын кыздарына, «алардын сулуу экенине көңүл буруп», «тандагандарын аялдыкка алышканы» баяндалат. Адам кейпин кийген ал периштелер менен аялдардын ортосундагы табияттан тыш байланыштын натыйжасында нефилимдер деп белгилүү болгон алптар төрөлгөн. Ошондой эле адамдардын «жүрөгүндөгү ойлору ар дайым жаман» болуп, бүт жер жүзү жамандыкка толуп кеткен (Башт. 6:1—5).

9. Нухтун күндөрүндө Жахаба ыймансыздарды эмне кылган жана мындан кандай сабак алсак болот?

9 Ыймансыздарды жок кылыш үчүн Жахаба Топон суу каптаткан. Ошол убакта эл күнүмдүк түйшүк, үйлөнүп-жайлануу сыяктуу иштерге баш-оту менен кирип кеткендиктен «адилдиктин кабарчысы болгон Нух» пайгамбардын жакындап келаткан алаамат жөнүндө айткан кабарын этибарга алган эмес (2 Пет. 2:5). Иса Машаяк ошол убакты биздин күндөргө салыштырган. (Оку: Матай 24:37—39.) Ыймансыз дүйнөнүн акырына аз калган азыркы убакта да Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабар бүт дүйнөгө жарыяланууда. Бирок көптөр кулак какпай жатышат. Топон суу жөнүндөгү билдирүүдөн кандай сабак алсак болот? Атүгүл үй-бүлө куруу, бала тарбиялоо сыяктуу маселелер да жашообузда биринчи орунда турбашы керек. Болбосо Жахабанын күнүнө аз калганын баамдабай калабыз.

ТОПОН СУУДАН ИСА ПАЙГАМБАРДЫН КҮНДӨРҮНӨ ЧЕЙИН

10. а) Көп элдер жыныстык адеп-ахлаксыздыкка кандай караган? б) Ыбрайым пайгамбар менен Саара кандай үлгү көрсөтүшкөн?

10 Нух пайгамбар менен анын уулдарынын бирден эле аялы болсо да, уруу башчыларынын күндөрүндө көп аял алуу өөн учурачу эмес. Көптөгөн элдерде жыныстык адеп-ахлаксыздык кадимки эле көрүнүшкө айланып, атүгүл диний каадалар менен чырмалышып калган. Ыбрам (Ыбрайым) менен Сара (Саара) Кудайдын айтканы боюнча Канаанга көчүп барышканда ал жердин никенин баркын кетирген ыпылас иштерге толгонун көрүшкөн. Ошондуктан Жахаба Содом менен Амордун тургундарын жийиркеничтүү иштери үчүн жок кылууну туура көргөн. Ошондой чөйрөдө жашаса да, Ыбрайым пайгамбар жакшы үй-бүлө башчысы болгон, ал эми Саара күйөөсүнө баш ийип, мыкты үлгү көрсөткөн. (Оку: 1 Петир 3:3—6.) Кийинчерээк Ыбрайым уулу Ыскакка Жахабага сыйынган кызды алып берген. Чыныгы сыйынууну ойлогондуктан Ыскактын уулу Жакып да ошондой кыз менен баш кошкон. Анын уулдарынан Ысрайылдын 12 уруусу тараган.

11. Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзам ысрайылдыктарды кандайча коргогон?

11 Кийинчерээк Жахаба Жакыптын (Ысрайылдын) урпактары менен келишим түзүп, Муса пайгамбар аркылуу Мыйзам жыйнагын берген. Ал Мыйзамда уруу башчыларынын күндөрүнөн бери келаткан үй-бүлө маселелерине, анын ичинде көп аял алгандарга байланыштуу жол-жоболор камтылган болчу. Ошондой эле бөтөн жерликтер менен кыз алышып-кыз беришүүгө тыюу салган мыйзамдар да бар эле. Бул ысрайылдыктарды жалган сыйынууга иришип кетүүдөн сактаган. (Оку: Мыйзам 7:3, 4.) Эгер үй-бүлөдө олуттуу көйгөйлөр пайда болсо, эл аксакалдары жардамга келишчү. Ишенимсиздиктен, кызганычтан, шек саноодон улам пайда болгон кыйынчылыктар да туура жол менен чечилчү. Ажырашууга жол берилсе да, эки тараптын тең укуктарын коргогон жоболор боло турган. Алсак, эркек аялы менен кандайдыр бир «жосунсуз жоругу» үчүн ажыраша алмак (Мыйз. 24:1). «Жосунсуз жорукка» эмнелер киргени так айтылбаса да, ал майда-чүйдө нерсе болгон эмес деп айтуу акылга сыярлык (Леб. 19:18б).

ӨМҮРЛҮК ЖАРЫҢДЫ ЭЧ КАЧАН ТАШТАБА

12, 13. а) Малаки пайгамбардын күндөрүндө көптөгөн жүйүттөр аялдарына кандай мамиле кылышкан? б) Чөмүлгөн бир тууган башка бирөөгө кетип калса, кесепети кандай болот?

12 Малаки пайгамбардын күндөрүндө көптөгөн жүйүттөр ар кандай шылтоо таап, аялдары менен ажыраша берген. Алар берилгендигин сактабай, жашыраак же атүгүл бөтөн жерлик кыз-келиндерге үйлөнүш үчүн жаш кезинде алган жубайын кетирип жиберишчү. Жүйүттөр Иса пайгамбардын күндөрүндө да «аялы менен ар кандай себеп боюнча ажыраша» беришкен (Мт. 19:3). Бирок Жахаба Кудай ажырашууну жек көрөт. (Оку: Малаки 2:13—16.)

13 Бүгүнкү күндө Жахабанын кызматчыларынын өмүрлүк жарына чыккынчылык кылганы таптакыр туура эмес. Мисалы, чөмүлгөн бир тууган башка бирөөнүн жары менен ойноштук кылып, ага үйлөнүш үчүн өзүнүн түгөйү менен ажырашат дейли. Эгер ал өкүнбөсө, жыйналыштын тазалыгы сакталышы үчүн, жыйналыштан чыгарылат (1 Кор. 5:11—13). Кайра кабыл алынышы үчүн ал өкүнгөнүн «иш жүзүндө көрсөтүүгө» тийиш (Лк. 3:8; 2 Кор. 2:5—10). Бирок ал кайра жыйналыштын мүчөсү болушу үчүн канча убакыт өтүшү керектиги так айтылбайт. Ошентсе да Кудайдын элинин арасында сейрек кездешкен мындай иштерге эч качан көз жумуп койбош керек. Күнөөкөр чындап өкүнгөнүн далилдеши үчүн, бир топ убакыт, балким, бир же андан көп жыл талап кылынышы мүмкүн. Ал жыйналышка кабыл алынган күндө да, чындап өкүнгөн-өкүнбөгөнү «Кудайдын сот тактысынын алдына барганда» айкын болот (Рим. 14:10—12; кара: «Күзөт мунарасы», 2006-жыл, 15-сентябрь, 29, 30-б., ор.).

МАШАЯКТЫН ЖОЛДООЧУЛАРЫНЫН НИКЕГЕ БОЛГОН КӨЗ КАРАШЫ

14. Мыйзам кандай максатта берилген?

14 Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзам ысрайыл элине 1 500 жылдан ашык убакыт бою багыт берип келген. Ал аларга үй-бүлөдөгү маселелерди жана башка иштерди адил принциптердин негизинде чечүүгө жардам берген, ошондой эле аларды «Машаякка алып баруучу тарбиячы» болгон (Гал. 3:23, 24). Бирок Иса Машаяк өлгөндөн кийин, Мыйзам күчүн жоготуп, Кудай жаңы тартип бекиткен (Евр. 8:6). Ага ылайык, Мыйзамда жол берилген айрым нерселерге тыюу салынган.

15. а) Кудайдын эли никеге байланыштуу кайсы нормага карманышы керек? б) Кудайдын кызматчысы ажырашууну ойлонуп жүрсө, эмнени эске алышы керек?

15 Фарисейлердин суроосуна жооп берип жатканда Иса пайгамбар Мусанын убагында ажырашууга жол берилгенин, «бирок башында андай эмес болгонун» айткан (Мт. 19:6—8). Муну менен ал өзүнүн жолдоочуларынын никеге байланыштуу Эйден багында бекитилген нормага карманышы керектигин баса белгилеген (1 Тим. 3:2, 12). «Бир дене» болгондуктан жубайлар Кудайга жана бири-бирине болгон сүйүүсүн арттырып, абдан ынак болушу, никесин бекемдей бериши керек. Жыныстык адеп-ахлаксыздыктан бөлөк себеп менен ажырашкан кишиге башка бирөө менен үй-бүлө курууга жол берилбейт (Мт. 19:9). Албетте, күнөөсүз тарап, Ошуя пайгамбар ойноштук кылган аялы Гомерди кечиргендей, көзүнө чөп салганына өкүнгөн өмүрлүк жарын кечирүүнү туура көрүшү мүмкүн. Жахаба да рухий мааниде ишенимсиздик кылган, бирок күнөөсү үчүн өкүнгөн ысрайыл элине ырайым кылган (Ош. 3:1—5). Айта кетчү нерсе, эгер күнөөсүз тарап жубайынын ойноштук кылганын билип туруп аны менен жыныстык мамиледе болсо, бул аны кечиргенге тете болот. Андайда ажырашууга жол берген ыйык китептик негиз жоюлат.

16. Иса Машаяк бойдоктук жөнүндө эмне деген?

16 Кудайдын элинин арасында жыныстык адеп-ахлаксыздыктан бөлөк себеп менен ажырашууга жол берилбей турганын айткандан кийин Иса Машаяк бойдоктук белеги жөнүндө сөз кылган. Анан: «Ким бойдок калгысы келсе, бойдок калсын»,— деп кошумчалаган (Мт. 19:10—12). Көптөгөн бир туугандар Жахабага эчтекеге алаксыбай кызмат кылыш үчүн бойдок калууну туура көрүшкөн. Бул үчүн алар мактоого татыктуу.

17. Бойдок калууну же үй-бүлө курууну адам кантип чече алат?

17 Бойдок калабы же үй-бүлө курабы, адам кантип чече алат? Ал бойдок калууга эрки жетер-жетпеси жөнүндө ойлонуп, жүрөгүндө чечип алышы керек. Элчи Пабыл бойдок калууну сунуштаган. Ошентсе да ал: «Бузуктук кеңири тарагандыктан, ар бир эркектин өз аялы, ар бир аялдын өз күйөөсү болсун»,— деген. Анан: «Кармана алышпаса, турмуш курушсун, анткени кумар отуна өрттөнгөндөн көрө, турмуш курганы оң»,— деп кошумчалаган. Үй-бүлө куруу сезимдерге алдырып, мастурбациялоо же бузуктук сыяктуу адеп-ахлаксыз иштерге баруудан сактайт. Бирок жаш куракка да олуттуу маани берилиши керек. Элчи Пабыл мунун себеби жөнүндө: «Эгер кимдир бирөө бойдок кезинде жыныстык каалоолорун башкара албаса жана өтө эле жаш болбосо, анда өзү каалагандай кылсын, бул күнөө эмес; андайлар турмуш курушсун»,— деген (1 Кор. 7:2, 9, 36; 1 Тим. 4:1—3). Ооба, жаш кездеги оргуштап турган сезимдер өтүп кеткиче турмуш курбай туруу акылдуулукка жатат. Себеби ал кезде адам жетиле элек болгондуктан үй-бүлөлүк милдеттерди аркалоого даяр болбошу мүмкүн.

18, 19. а) Исанын жолдоочусу кандай адам менен баш кошушу керек? б) Эмки макалада эмне жөнүндө талкууланат?

18 Исанын жолдоочусу Жахабага арналган, аны бүт жүрөгү менен жакшы көргөн адам менен баш кошушу керек. Ошондой эле экөө өмүр бою чогуу болууну чечиш үчүн бири-бирин чындап сүйүшү зарыл. Албетте, алар «Мырзабыздын жолдоочусу» менен гана баш кошууга байланыштуу берилген кеңешке ылайык иш кылганы үчүн Кудайдан сөзсүз бата алышат (1 Кор. 7:39). Үйлөнгөндөн кийин да алар Ыйык Китептеги даанышман кеңештерге ылайык иш кыла беришсе, бактылуу болушат.

19 Азыркы акыркы күндөрдө көптөр үй-бүлөнүн бактылуу болушуна тоскоолдук кылган жаман сапаттарды чагылдырып жатышат (2 Тим. 3:1—5). Кийинки макалада чындык жолундагы жубайларга ушундай оор убакта кыйынчылыктарга багынбоого жардам бере турган Ыйык Китептеги кеңештер талкууланат. Ал кеңештер жубайларга бактылуу болууга жана түбөлүк өмүргө алып бара турган жолдон чыкпоого көмөк кылат (Мт. 7:13, 14).