Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ийгилик кылууга умтулуп жатасыңбы?

Ийгилик кылууга умтулуп жатасыңбы?

«Эл алдында окуганыңды, насаат айтканыңды, үйрөткөнүңдү уланта бер» (1 ТИМ. 4:13).

ЫРЛАР: 45, 70

1, 2. а) Ышая 60:22деги сөздөр биздин күндөрдө кандайча аткарылып жатат? б) Жахабанын уюмунун жердеги бөлүгүндө кандай муктаждык бар?

«АЗДАН миң, кичинеден күчтүү эл чыгат» (Ыш. 60:22). Кылымдар мурун айтылган бул сөздөр азыркы акыркы күндөрдө аткарылып жатат. Алсак, 2015-кызмат жылында дүйнө жүзү боюнча Падышалыктын 8 220 105 жарчысы жигердүү кызмат кылды. Жахаба Кудайдын жогорудагы пайгамбарлыктагы: «Мен, Жахаба, муну өз убагында тездетем»,— деген сөздөрүнүн ар бирибизге тиешеси бар. Ылдамдыгы улам жогорулап, зуулдап бараткан унаадагы жүргүнчүлөргө окшоп, биз шакирт даярдоо ишинин барган сайын күч алып баратканын сезип жатабыз. Бул ар бирибизге кандай таасир этиши керек? Ынталуу кызмат кылыш үчүн колубуздан келгендин баарын кылып жатабызбы? Көптөгөн ишенимдештерибиз үзгүлтүксүз же көмөкчү пионер болуп кызмат кылууда. Жарчылар аз жерге көчүп барган же кызматтын дагы башка түрлөрүнө катышып жаткан бир туугандарыбыз да абдан арбын.

2 Жыл сайын 2 000дей жыйналыш уюшулууда. Андыктан «жумушчуларга» болгон муктаждык да барган сайын өсүп жатат. Эгер ар бир жыйналыш үчүн 5 аксакал керек деп эсептей турган болсок, жыл сайын талаптарга жооп берген 10 000 кызмат жардамчысы аксакалдык милдетти аркалоого дайындалышы керек. Бул болсо дагы миңдеген ага-инилердин кызмат жардамчыларына коюлган талаптарга жооп берүүгө умтулушу керектигин билдирет. Мындан тышкары, аял-эркек дебей, баарыбыз «Теңирдин ишин аткаруу үчүн дайыма көп эмгектенишибиз» зарыл (1 Кор. 15:58).

РУХИЙ ЖАКТАН ИЙГИЛИК КЫЛУУ ДЕГЕН ЭМНЕ?

3, 4. Рухий жактан ийгилик кылуу үчүн кандай максаттарды койсоң болот?

3 Оку: 1 Тиметей 3:1. «Умтулуу» деп которулган грек сөзү алысыраак турган бир нерсеге жетүү үчүн чоюлууну билдирет. Ал сөздү колдонуп, элчи Пабыл рухий жактан ийгилик кылуу үчүн көп күч-аракет талап кылынарын баса белгилеген. Жыйналышта көбүрөөк жоопкерчиликтерге ээ болуу жөнүндө ойлонуп жаткан бир тууганды элестетип көрсөң. Ал азырынча кызмат жардамчысы боло элек деп коёлу. Максатына жетиш үчүн ал зарыл сапаттарды өрчүтүшү керектигин жакшы түшүнөт. Убакыттын өтүшү менен талаптарга жооп берип, кызмат жардамчысы болот. Андан кийин аксакалдарга коюлган талаптарга жооп берүүгө умтула баштайт. Эки учурда тең ал өзүнө артыла турган жоопкерчиликти аркалай алышы үчүн талыкпай аракет кылышы керек болот.

4 Ошол сыяктуу эле, пионер болгусу, Бейтелде кызмат кылгысы же Падышалык залдарын курууга катышкысы келген бир туугандар максатына жетиш үчүн, мындайча айтканда, чоюлушу керек. Эмесе, Кудайдын Сөзү бизге рухий жактан ийгилик кыла берүүгө кандайча жардам берерин карап көрөлү.

ДАГЫ КӨБҮРӨӨК ИЙГИЛИК КЫЛУУГА УМТУЛ

5. Жахабага көбүрөөк кызмат кылыш үчүн жаштар күчүн кантип колдонуп жатышат?

5 Иш десе ишке, аш десе ашка тойбогон жаштар Жахабанын ишинде көптү кыла алышат. (Оку: Накыл сөздөр 20:29.) Айрым жаш бир туугандарыбыз Бейтелде Ыйык Китепти жана ага негизделген адабияттарды басып чыгарууга, мукабалоого жардам берүүдө. Көптөрү Падышалык залдарын курууга жана аларды жакшы абалда күтүүгө чоң салым кошуп жатышат. Табигый кырсык болгондо, айрымдары тажрыйбалуу бир туугандарга кошулуп, жабыр тарткандарга жардам беришет. Канчалаган жаш пионерлерибиз жакшы кабарды таратуу үчүн чет тилин үйрөнүүдө же алыскы аймактарга барып кызмат кылууда.

6—8. а) Бир ишенимдешибиз кызматка болгон көз карашын кантип өзгөрткөн жана анын натыйжасы кандай болгон? б) «Жахабанын канчалык жакшы экенин» кантип татып көрө алабыз?

6 Сенин Жахабага жан-дилден кызмат кылуунун маанилүүлүгүн түшүнөрүң күмөнсүз. Ошентсе да Арон бир туугандай сезимде болушуң мүмкүн. Ал кичинекейинен бери эле чындык жолунда жүрсө да, жыйналыштан жана кызматтан кубаныч алчу эмес. Арон Кудайга кубаныч менен кызмат кылууну каалачу, бирок эмне үчүн анте албай жатканын түшүнчү эмес. Ал эмне кылган?

7 Арон Ыйык Китепти күн сайын окуу, жыйналыш жолугушууларына даярдануу, жооп берүү сыяктуу рухий иштердин күн тартибин түзүп, ага кармана баштаган. Ал, өзгөчө, дайыма тиленип турууга аракет кыла баштаган. Ушунун баары Жахабага болгон сүйүүсүн арттырып, рухий жактан өсүүгө жардам берген. Ошондон бери Арон пионер болуп кызмат кылды, кырсыктан жабыр тарткандарга жардам берүү ишине катышты, чет өлкөдө да кызмат кылды. Учурда Бейтелде кызмат кылып, аксакалдык милдетти да аркалап жатат. Тандаган жолу тууралуу ал кандай ойдо? «Татып көрүп, „Жахабанын канчалык жакшы экенин билдим“,— дейт Арон.— Жахаба батасын мол төккөндүктөн, өзүмдү ага карыздар деп эсептейм. Бул мага көбүрөөк кызмат кылууга түрткү берип келет. Ал эми мунун аркасында дагы көптөгөн баталарды алып жатам».

8 Забурчу: «Жахабаны издегендер жакшылыктан кем болбойт»,— деп жазган. (Оку: Забур 34:8—10.) Ооба, Жахаба ынталуу кызматчыларын батасыз калтырбайт. Эгер кызматка бүт күчүбүздү жумшасак, «Жахабанын канчалык жакшы экенин» татып көрөбүз. Анын ишине жан-дилибизден катышкандын аркасында эч нерсеге салыштыргыс кубанычты сезебиз.

БАГЫНБАЙ АРАКЕТ КЫЛА БЕР

9, 10. Күтө билгениң эмне үчүн маанилүү?

9 Максаттарыңа жетиш үчүн чыдамдуулук менен күткөнүң маанилүү (Мик. 7:7). Кээде кайсы бир сыймыктуу жоопкерчиликке ээ болуш үчүн же жагдай-шартыбыз жакшы жакка өзгөрүш үчүн күтүүгө туура келет. Жахаба буга жол берсе да, ишенимдүү кызматчыларын дайыма колдоп турат. Мисалы, ал Ыбрайым пайгамбарга уулдуу болорун убадалаган. Бирок пайгамбар ишеним көрсөтүп, чыдамдуу болушу керек болчу (Евр. 6:12—15). Ал уулу Ыскактын жарык дүйнөгө келишин көп жылдар бою күтсө да, үмүтүн үзгөн эмес. Жахаба болсо өз убагы келгенде убадасын аткарган (Башт. 15:3, 4; 21:5).

10 Албетте, күтүү оңой эмес (Накыл 13:12). Эгер биз күткөндөй болбой жаткан нерселер жөнүндө эле ойлоно берсек, ындыныбыз сууп, көңүлүбүз чөгөт. Анын ордуна, убакытты туура пайдаланып, коюлган талаптарга жооп берүү үчүн күч жумшай бергенибиз акылдуулукка жатат. Кел, ан үчүн эмне кылса болоруна байланыштуу үч нерсеге токтололу.

11. Кайсы сапаттарды өрчүтүүгө аракет кылышыбыз керек жана аларды өрчүтүү эмне үчүн маанилүү?

11 Сапаттарды өрчүт. Кудайдын Сөзүн окуп, ой жүгүртүү акылмандыкка, түшүнүккө, билимге ээ болууга, ойлонуп иш кылууга, ой жүгүртүү жөндөмүн жакшыртууга, туура чечим чыгарууга жардам берет. Кудайдын уюмунда жетекчиликти колго алгандардын ушундай сапаттарды өрчүткөнү абдан маанилүү (Накыл 1:1—4; Тит 1:7—9). Ыйык Китепке негизделген адабияттарды окуунун аркасында болсо Кудайдын ар кайсы маселелерге карата көз карашын биле алабыз. Бизге көңүл ачууга, кийим менен сырткы көрүнүшкө, акчага жана башкалар менен мамилелешүүгө байланыштуу күн сайын чечим чыгарууга туура келет. Эгер Ыйык Китептен окугандарыбызды иш жүзүндө колдонсок, Жахабанын жүрөгүн кубанткан чечимдерди чыгарабыз.

12. Ишеничтүү экенибизди кантип көрсөтө алабыз?

12 Ишеничтүү бол. Ар бирибиз, Жахаба кандай иш тапшырбасын, аны мыкты аткаруу үчүн колубуздан келгендин баарын кылышыбыз керек. Байыркы убакта жүйүттөрдүн башкаруучусу Некемия Кудайдын элинин арасында жетекчиликти колго ала тургандарды дайындашы керек болгон. Ал кимдерди тандаган? Кудайдан корккон, жоопкерчиликтүү, ишенимдүү кишилерди дайындаган (Нек. 7:2; 13:12, 13). Бүгүнкү күндө да «үй башкаруучуларынан... ишенимдүүлүк талап кылынат» (1 Кор. 4:2). Ооба, жакшы иштерибиз эч качан көз жаздымында калбай турганын унутпай, өзүбүзгө тапшырылган ар бир ишти чын жүрөктөн кыла беришибиз керек. (Оку: 1 Тиметей 5:25.)

13. Адилетсиз мамилеге туш болгондо Жусуптан кандай үлгү алсаң болот?

13 Жахабанын калыпташына моюн сун. Башкалар адилетсиз мамиле кылса, эмне кылсаң болот? Балким, өзүңдү кармай албай, сезимдериңди дароо эле айтып салгың келеттир. Бирок айрым учурларда коргонууга аракет кылганың жагдайды ого бетер курчутушу мүмкүн. Мындай жагдайда Жусуптун үлгүсү жакшы жардам берет. Бир туугандары жаман мамиле кылганда, ал кек сактап калган эмес. Кийин ага жалган жалаа жабылып, түрмөгө да камалган. Ошентсе да кыйын кезеңде Жахабага таянып, анын жетекчилигине баш ийген. Мунун натыйжасы кандай болгон? «Аны Жахабанын сөзү тазарткан» (Заб. 105:19). Ошондой оор сыноолорго туруктуулук менен чыдаганынын аркасында Жусуп өзгөчө кызматты аткарууга жардам берген сапаттарды өрчүтө алган (Башт. 41:37—44; 45:4—8). Эгер сен да адилетсиз мамилеге туш болуп жатсаң, сылык, сабырдуу болуп, Жахабадан акылмандык жана күч сурап тилен. Ал сага сөзсүз жардам берет. (Оку: 1 Петир 5:10.)

КЫЗМАТТА ЧЕБЕРЧИЛИГИҢДИ АРТТЫРА БЕР

14, 15. а) Кабар айтуу ыкмаларыбызга эмне үчүн «дайыма көңүл бурушубуз» керек? б) Кызматта кантип башкаларга ылайыкташа аласың? (Макаланын башындагы сүрөттү жана  «Башка ыкманы колдонуп көрүүгө дилгирсиңби?» деген кутучаны кара.)

14 Пабыл Тиметейди: «Эл алдында окуганыңды, насаат айтканыңды, үйрөткөнүңдү уланта бер... Өзүңө жана окутууңа дайыма көңүл бур»,— деп үндөгөн (1 Тим. 4:13, 16). Ошол учурда Тиметей аябай эле тажрыйбалуу жарчы болчу. Бирок ал окутуусуна «дайыма көңүл бурганда» гана кызматы жемиштүү болмок. Эгер кечке эле бир ыкманы колдоно берсе, кызматта ийгиликке жетмек эмес. Угуучуларынын жүрөгүн козгош үчүн ал окутуу ыкмаларын алардын муктаждыктарына ылайыкташтырышы керек болчу. Падышалыктын жарчылары катары биз да ошентишибиз керек.

15 Үйдөн үйгө кабар айтып жүргөндө тургундарды үйүнөн таба албай калган учурлар көп эле болот. Айрым жерлерде имараттар кайтарылгандыктан, кирип кабар айта албайбыз. Сенин да аймагың ошондой болсо, жакшы кабарды жеткирүүнүн башка жолдорун издеп көрөттүрсүң.

16. Канткенде эл көп жерде кабар айтуу натыйжалуу болот?

16 Эл көп жерде күбөлөндүрүү — жакшы кабарды таратуунун эң мыкты ыкмаларынын бири. Кызматтын бул түрүнө катышкан бир туугандарыбыз мунун натыйжалуу экенине жана көптөгөн баталарга ээ кыларына ынанууда. Алар автобекеттерде, базарларда, сейил бактарда жана эл көп жүргөн дагы башка жерлерде кабар айтып жатышат. Андай жерлерде кимдир бирөө менен сүйлөшүү үчүн адегенде жаңылыктарды сөз кылсак, балдарын мактасак же жумушу жөнүндө сурасак болот. Анан маек башталгандан кийин Ыйык Китептен аят окуп берип, жообун укканыбыз дурус. Мунун аркасында Ыйык Китептин негизинде андан ары да маектешүүгө жол ачылышы мүмкүн.

17, 18. а) Эл көп жерде коркпой кабар айтууга сага эмне жардам бериши мүмкүн? б) Жахабаны даңктоодо Дөөтүнүкүндөй маанайда болуу эмне үчүн маанилүү деп ойлойсуң?

17 Эгер сага эл көп жерде кабар айтуу кыйын болсо, багынба. Нью-Йорк шаарында жашаган Эдди деген пионер ошондой жерлерде кабар айткандан тартына берчү. Бирок убакыттын өтүшү менен коркпой кабар айта баштаган. Ага эмне жардам берген? Ал: «Үй-бүлө менен сыйынуу кечинде жубайым экөөбүз ар кандай ойлор, кайчы пикирлер айтылганда кантип жооп берсе болорун изилдейбиз. Ошондой эле башка бир туугандардан да кеңеш сурайбыз»,— дейт. Азыр Эдди эл көп жерде күбөлөндүрүүнү аябай жакшы көрөт.

18 Кабарды чебер айтууга, кайраттуу болууга үйрөнө берсең, ийгилигиң баарына айкын болот. (Оку: 1 Тиметей 4:15.) Андан тышкары, Дөөтү пайгамбардай болуп, асмандагы Атаңды даңктай аласың. Ал: «Жахабаны ар убак алкайм. Оозум аны ар дайым даңктайт. Жаным Жахаба менен мактанат, мүнөзү жумшактар угуп сүйүнүшөт»,— деп ырдаган (Заб. 34:1, 2). Баарынан кубанычтуусу, кызматыңдын аркасында мүнөзү жумшак адамдар сени менен бирге Кудайды даңктай башташы мүмкүн.

РУХИЙ ЖАКТАН ИЙГИЛИК КЫЛЫП, КУДАЙДЫ ДАҢКТАЙ БЕР

19. Жахабанын ишенимдүү кызматчысы, оор жагдайга карабай, эмне үчүн бактылуу боло алат?

19 Дөөтү пайгамбар мындай деп да ырдаган: «Оо, Жахаба, сени бардык иштериң даңазалайт, ишенимдүү кызматчыларың алкайт. Алар падышалыгыңдын даңкын жарыялашат, улуулугуң жөнүндө айтышат. Адам баласына кудуретиңди, падышалыгыңдын даңкын, көркүн билдиришет» (Заб. 145:10—12). Бул сөздөр Жахабага ишенимдүү кызмат кылгандардын баарынын сезимдерин таамай чагылдырып турат. Бирок сен оорунун же карылыктын айынан кызматка өзүң каалагандай көп чыга албай жатсаңчы? Анда бир нерсени эсиңден чыгарба: доктурларга жана башкаларга жакшы кабарды айтып жатканың сүйүктүү Кудайыбыздын даңкталышына шарт түзгөн ыйык кызмат болуп эсептелет. Эгер ишенимиңден улам түрмөдө отурсаң, мүмкүнчүлүгүңө жараша кабар айтып жатканың шексиз. Бул Жахабанын жүрөгүн кубантпай койбойт (Накыл 27:11). Балким, үйүңдөгүлөрүң башка динди тутаттыр. Ошого карабай рухий иштерди дайыма аткарып жатканың Жахабаны сүйүнтөт (1 Пет. 3:1—4). Ооба, кандай гана оор жагдай болбосун, Жахабаны даңктап, рухий жактан ийгилик кыла аласың.

20, 21. Жахабанын уюмунда көп эмгектенсең, кандайча башкалар үчүн бата болосуң?

20 Рухий жактан ийгилик кыла берсең, Жахаба сөзсүз батасын берет. Күн тартибиңди же жашоо мүнөзүңдү бир аз өзгөртүүнүн аркасында Кудай жөнүндөгү баа жеткис чындыкты үмүтү жок адамдарга жеткирүүгө чоң салым кошо алышың мүмкүн. Ошондой эле ийгилик кыла бергениң жана жаныңды аябаганың ишенимдештериңе да көп жактан пайда алып келет. Андан тышкары, жыйналышта момундук менен кызмат кыла берсең, Жахабаны жакшы көргөн бир туугандарың сени мээримине бөлөп, ыраазычылыгын билдирип, колдоп турушат.

21 Жахабага көп жылдан бери кызмат кылып жатабызбы же жакындан бериби, баарыбыз рухий жактан ийгилик кыла алабыз. Жетилген бир туугандар жаңыларга ийгилик кылууга кантип жардам бере алышат? Бул суроого кийинки макаладан жооп алабыз.