Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Үй-бүлө канткенде бактылуу болот?

Үй-бүлө канткенде бактылуу болот?

«Ар бириңер аялыңарды өзүңөрдү сүйгөндөй сүйгүлө, аял болсо күйөөсүн терең урматтасын» (ЭФ. 5:33).

ЫРЛАР: 87, 3

1. Үй-бүлө куруу кубаныч менен коштолсо да, жубайлар эмнени эстен чыгарбашы керек? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.)

ТОО ГҮЛҮНДӨЙ жасанган колукту менен зыңкыйган күйөөнүн бири-бирин көргөндөгү кубанычын сүрөттөп берүүгө сөз кубаты жетпестир. Сүйлөшүп жүргөндө бири-бирине болгон сүйүүсү ушунчалык күч алып отуруп, алар турмуш жолун бирге төшөп, түбөлүккө чогуу өмүр сүрүүгө даяр болуп калышат. Албетте, баш кошуп, чогуу түтүн булата баштаганда экөөнө тең айрым нерселерин өзгөртүүгө туура келет. Бирок никени негиздеген мээримдүү Кудай жубайлардын бакытка бөлөнүп, ынтымактуу жашашын каалагандыктан Ыйык Китепке үй-бүлө курууну чечкендер үчүн даанышман кеңештерди жаздырып койгон (Накыл 18:22). Ошол эле учурда жеткилеңсиз болгондуктан жубайлардын жашоосунда «жаңы кыйынчылыктар пайда болору» Ыйык Китепте ачык эле айтылат (1 Кор. 7:28). Андай кыйынчылыктар мүмкүн болушунча азыраак болушу үчүн эмне кылса болот? Үй-бүлөнү эмне бактылуу кылат?

2. Жубайлар сүйүүнүн кандай түрлөрүн чагылдырышы керек?

2 Ыйык Китепте сүйүү көрсөтүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленет. Алсак, никеде тургандар бири-бирине карата назик сезимдерди (грекче филиа) туюшу керек. Ошондой эле махабат сезимин (эрос) өчүрбөшү кажет. Ал эми ымыркай төрөлгөндө, үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосундагы сүйүүнү (сторге) чагылдыруу зарыл болот. Бирок үй-бүлө чындап бактылуу болушу үчүн, баарынан да принципке негизделген сүйүүнү (агапи) өрчүтүү абдан маанилүү. Сүйүүнүн ушул түрү жөнүндө элчи Пабыл: «Ар бириңер аялыңарды өзүңөрдү сүйгөндөй сүйгүлө, аял болсо күйөөсүн терең урматтасын»,— деп жазган (Эф. 5:33).

ЖУБАЙЛАРДЫН МИЛДЕТТЕРИ

3. Жубайлардын бири-бирине болгон сүйүүсү канчалык күчтүү болушу керек?

3 Элчи Пабыл: «Күйөөлөр, аялыңарга болгон сүйүүңөрдү муздатпагыла. Машаяк да жыйналышты сүйүп, ал үчүн өмүрүн берген»,— деген (Эф. 5:25). Мындан көрүнүп тургандай, Иса Машаяк жолдоочуларын кандай сүйсө, алар да бири-бирин ошондой сүйүшү керек. Ошондо андан үлгү алган болушат. (Оку: Жакан 13:34, 35; 15:12, 13.) Демек, чындык жолундагы жубайлардын сүйүүсү бири-бири үчүн жанын бергенчелик күчтүү болушу зарыл. Бирок олуттуу келишпестиктер пайда болгондо, алар мындай жан аябастык жөнүндө бат эле унутуп калышы мүмкүн. Анткен менен агапи сүйүүсү «баарын көтөрөт, баарына ишенет, баарына үмүттөнөт, баарына чыдайт». Ооба, «сүйүү эч качан жок болбойт» (1 Кор. 13:7, 8). Кудайдан корккон жубайлар өмүрү өткөнчө бири-бирин сүйүп, бири-бирине ишенимдүү болууга ант бергенин унутпаса, көйгөйлөрдүн баарын анын адил принциптеринин негизинде биргелешип чече алышат.

4, 5. а) Үй-бүлөдө күйөөнүн милдети кандай? б) Аял башчылык тартибине кандай карашы керек? в) Бир жубайларга эмнени өзгөртүүгө туура келген?

4 Жубайлардын милдеттери тууралуу элчи Пабыл: «Аялдар күйөөлөрүнө Мырзабызга баш ийгендей баш ийишсин, анткени Машаяк жыйналыштын, дененин, куткаруучусу жана башчысы болгондой эле, күйөө — аялынын башчысы»,— деген (Эф. 5:22, 23). Бирок бул тартип аялдын күйөөсүнөн төмөн турарын билдирбейт. Тескерисинче, ага Кудай берген милдетин тийиштүү түрдө аткарууга жардам берет. Аялдын милдети жөнүндө Кудай өзү: «Адамдын жалгыз болгону жакшы эмес. Ага аны толуктап тура турган жардамчы жаратайын»,— деген (Башт. 2:18). Ал эми күйөө, жыйналыштын башчысы болгон Иса Машаякка окшоп, башчылык милдетин мээримдүүлүк менен аткарышы керек. Ошондо аялы өзүн коопсуз сезип, аны урматтагандан, колдогондон жана баш ийгенден ыракат алат.

5 Турмуш курганда бир нерселерди өзгөртүш керек болоруна байланыштуу Кэти [1] мындай дейт: «Бойдок кезимде каалаганымды кылып, өзүмө өзүм кам көрүп көнүп калгам. Ал эми турмушка чыккандан кийин күйөөмө таянууга үйрөнүшүм керек болду. Бул дайыма эле оңойго тура берчү эмес. Ошентсе да биз бардык нерсени Жахаба туура көргөндөй кылууга аракет кылгандыктан абдан ынак болуп калдык». Күйөөсү Фред болсо мындай деп ой бөлүшөт: «Мага дегеле чечим чыгарыш кыйын болчу. Үйлөнгөндөн кийин эки киши үчүн чечим чыгарыш андан бетер кыйын экенин түшүндүм. Бирок Жахабадан жетекчилик сурап тиленүүнүн жана жубайымды кунт коюп угуунун аркасында бул барган сайын оңоюраак болуп баратат. Мен жубайым экөөбүздү бир максатты көздөгөн шериктердей сезем».

6. Түшүнбөстүк болгондо, сүйүү кандайча «биримдиктин жеткилең түйүнү» болот?

6 Бекем никени бири-биринин кемчилик-каталарына көз жума билген эки адам түзөт. Алар «көтөрүмдүү болуп», бири-бирин «айкөлдүк менен кечирүүгө» даяр. Жубайлардын экөөнүн тең ката кетирери турган иш. Бирок андайда алар каталарынан сабак алууга, кечиримдүү болууга жана «биримдиктин жеткилең түйүнү» болгон сүйүүнү толук чагылдырууга умтулушат (Кол. 3:13, 14). «Сүйүү чыдамкай, боорукер,.. таарынычын эсептей бербейт» (1 Кор. 13:4, 5). Чындык жолундагы жубайлар түшүнбөстүктөрдү мүмкүн болушунча эртерээк, күн батканга чейин, чечип алышы зарыл (Эф. 4:26, 27). «Көңүлүңдү оорутуп алдым окшойт, кечирип койчу»,— деп чын жүрөктөн айтуу үчүн момундук, кайраттуулук талап кылынат. Бирок бул жубайларга кыйынчылыгын чечип, ого бетер ынак болууга жардам берет.

ӨЗГӨЧӨ НАЗИКТИКТИ ТАЛАП КЫЛГАН УЧУР

7, 8. а) Ыйык Китепте жубайлык милдетке байланыштуу кандай кеңештер бар? б) Эмне үчүн жубайлар бири-бирине назик сезимдерди көрсөтүшү керек?

7 Ыйык Китепте жубайлык милдетке тең салмактуу көз караш сактоого жардам берген жакшы кеңештер да бар. (Оку: 1 Корунттуктар 7:3—5.) Түгөйлөрдүн бири-биринин сезимин, муктаждыгын эске алганы маанилүү. Эгер күйөөсү назик мамиле кылбаса, аялы жыныстык мамиледен ыракат албашы мүмкүн. Андыктан күйөөлөр аялына «алган билимине» жараша, башкача айтканда, «түшүнүү менен» мамиле кылууга чакырылышат (1 Пет. 3:7, шилт.). Жубайлар бири-бирин жыныстык мамиледе болууга мажбурлабашы же талап кылбашы керек. Бул экөөнүн тең каалоосу менен болушу зарыл. Адатта, эркектин кумары тез эле ойгонот, ал эми аялзатынын табияты бир аз башкачараак. Андыктан экөө тең даяр болгон учурду тандай билүү маанилүү.

8 Ыйык Китепте жубайлардын жыныстык катнаштын алдында жана анын учурунда кумарды ойготуу үчүн кандай иш-аракеттерди кылганы туура болору жөнүндө так айтылбайт. Ошентсе да андан назик сезимдерди көрсөтүү орундуу экенин билүүгө болот (Ыр 1:2; 2:6). Ошондуктан жубайлардын бири-бирин эркелетип, назик мамиле кылганы маанилүү.

9. Жубайынан башка бирөөгө карата кумар отун тутандыруу эмне үчүн туура эмес?

9 Кудайга жана жакыныбызга болгон сүйүү күчтүү болсо, бирөөнүн же бир нерсенин айынан үй-бүлөнүн бузулушуна эч качан жол бербейбиз. Күйөөсү же аялы порнография көргөндүктөн, никесине доо кеткен, атүгүл таптакыр эле бузулуп калган учурлар болот. Жубайлар порнографияга азгырылуудан же башка бирөөгө карата кумар отун тутандыруудан алыс болушу керек. Ал тургай, кимдир бирөөгө тийишип жаткандай түр көрсөтүүнүн өзү эле жубайын сыйлабастыкка жатат. Мындан жаа бою качышыбыз керек. Кудайдын иштерибизди, жүрөгүбүздүн түпкүрүндөгү ойлорубузду көрүп турарын эстен чыгарбаганыбыз ага жагууга жана анын көз алдында таза болгонго түрткү бериши керек. (Оку: Матай 5:27, 28; Еврейлер 4:13.)

ОРТОГО ЖАРАКА ТҮШКӨНДӨ

10, 11. а) Ажырашуу канчалык күч алды? б) Бөлөк жашоо жөнүндө Ыйык Китепте эмне делет? в) Жубайларга бөлөк жашоого шашылбоого эмне жардам берет?

10 Олуттуу көйгөйлөрдү чечпегендин айынан жубайлардын бири же экөө тең бөлөк жашоону же ажырашууну чечиши мүмкүн. Айрым жерлерде баш кошкондордун жарымынан көбү ажырашып кетишет. Кудайдын элинин арасында мындай көрүнүш чанда эле болсо да, алардын никеге байланыштуу кыйынчылыктарга барган сайын көп туш болуп жатканы тынчсыздандырбай койбойт.

11 Ыйык Китепте: «Аял күйөөсүнөн кетпесин. Кете турган болсо, башкага турмушка чыкпасын же кайрадан күйөөсү менен жарашсын. Күйөөсү да аялын таштабасын»,— деген эскертүү берилет (1 Кор. 7:10, 11). Андыктан бөлөк жашоого жеңил ойлуу кароого болбойт. Чоң кыйынчылыктар пайда болгондо бөлөк жашоо көйгөйдү чече тургандай сезилгени менен, адатта, бул андан да көп кыйынчылыктарды жаратат. Кудайдын эркек ата-энесин калтырып, аялы менен биригери жөнүндө айтканын сөз кылгандан кийин Иса пайгамбар: «Кудай кошконду адам ажыратпасын»,— деген (Мт. 19:3—6; Башт. 2:24). Бул «Кудай кошконду» күйөөсү да, аялы да ажыратпашы керектигин да билдирет. Жахаба никенин түбөлүккө созулушун ниет кылган (1 Кор. 7:39). Ар бир адамдын Кудайдын алдында жооп берерин билүү жубайларга көйгөйлөрүн күчөп кете электе чечүү үчүн бүт күчүн жумшоого түрткү бериши керек.

12. Жубайлар эмнеден улам бөлөк жашоону чечиши мүмкүн?

12 Никедеги көйгөйлөрдүн тамыры жубайлардын бири-биринен күткөн нерселери орундалбай калганында болушу мүмкүн. Бакытка бөлөнүп жашайм деген кыялы аткарылбай калганда, алар үмүтү таш капкандай, алданып калгандай сезишет, атүгүл ачууланышат. Алардын кулк-мүнөзүнүн, тарбиясынын ар кандай болгону да көйгөй жаратат. Кээде акчанын, кайын-журттун, бала тарбиялоонун айынан келишпестиктер пайда болот. Ошентсе да чындык жолундагы көптөгөн жубайлардын Кудайдын жетекчилигине баш ийип, ушундай кыйынчылыктарды биргелешип чечип жатканы мактоого татырлык.

13. Бөлөк жашоого кайсы олуттуу себептерден улам жол берилет?

13 Бөлөк жашоого кээде орчундуу себептер болот. Алсак, жубайлардын бири үй-бүлөнү багуудан атайылап баш тартса, катуу кордук көрсөтсө же жарынын рухийлигине чоң коркунуч туудурса, бөлөк жашоого жол берилиши мүмкүн. Олуттуу көйгөйлөр пайда болгондо, чындык жолундагы түгөйлөр аксакалдардан жардам сурашы зарыл. Тажрыйбалуу аксакалдар аларга Кудайдын Сөзүндөгү кеп-кеңештерди колдонууга жардам бере алышат. Ошондой эле жубайлар никедеги кыйынчылыктарын чечүү үчүн Жахабадан ыйык руху менен жетектешин, принциптерди колдонууга жана рухтун жемишин чагылдырууга жардам беришин сурашы керек (Гал. 5:22, 23). [2]

14. Жубайы ишенимдеш болбогон бир туугандарга Ыйык Китепте кандай кеңеш берилет?

14 Айрым ишенимдештерибиздин жубайы Жахабанын Күбөсү эмес. Алар өмүрлүк жарын таштабашы керек. Буга Ыйык Китепте жүйөлүү себептер бар. (Оку: 1 Корунттуктар 7:12—14.) Өзү билсе да, билбесе да, чындык жолунда жүрбөгөн адам өмүрлүк жары Кудайдын кызматчысы болгону үчүн «ыйыкталат». Балдары да «ыйык» деп эсептелет, ошондуктан алар Кудайдын коргоосуна ээ. Мунун себебин Пабыл: «Аял, кайдан билесиң, балким, күйөөңдү куткарып каларсың? Же сен, эркек, кайдан билесиң, балким, аялыңды куткарып каларсың?» — деп түшүндүргөн (1 Кор. 7:16). Дээрлик ар бир жыйналышта аялы же күйөөсү аркылуу чындык жолуна түшкөн жубайлар бар.

15, 16. а) Күйөөсү Жахабанын Күбөсү болбогон аялдар үчүн Ыйык Китепте кандай кеңеш бар? б) «Ишенимдеш эмес жубайы кеткиси келсе», чындык жолундагы жары эмне кылышы керек?

15 Элчи Петир чындык жолундагы аялдарга: «Күйөөңөргө баш ийгиле. Кудайдын Сөзүнө баш ийбегендери сөзүңөр аркылуу эмес, жүрүм-турумуңар аркылуу баш ийгидей болушсун. Алар силердин терең урмат көрсөтүп жатканыңарды, таза жүрүм-турумуңарды көрүп, Сөзгө баш ийишсин»,— деген кеңеш берген. Аялы Кудай жөнүндө кечке эле айта бергендин ордуна, «жүрөктүн түпкүрүндө катылган», «Кудайдын көз алдында абдан баалуу эсептелген токтоолук жана жумшактык» сапаттарын чагылдырса, күйөөсүнүн чындык жолуна түшүшүнө шарт түзөт (1 Пет. 3:1—4).

16 Эгер Жахабанын Күбөсү болбогон жубайы бөлөк жашоону чечсечи? Ыйык Китепте: «Ишенимдеш эмес жубайы кеткиси келсе, кете берсин. Андай учурда бир тууган жубайынын алдындагы милдеттеринен бошотулат. Кудай силерди тынчтыкка чакырган»,— делет (1 Кор. 7:15). Албетте, бөлөк жашаганда кандайдыр бир деңгээлде тынчтык болушу мүмкүн. Бирок андайда, Ыйык Китепке ылайык, ишенимдешибиздин башка бирөө менен баш кошууга укугу жок. Ошол эле учурда ал бөлөк жашоону талап кылган жубайынан кетпешин суранууга милдеттүү эмес. Убакыттын өтүшү менен жубайы кайтып келип, нике түйүнүн бекемдөөгө аракет кылышы жана Жахабанын Күбөсү болушу мүмкүн.

НИКЕДЕ ЭМНЕ БИРИНЧИ ОРУНДА ТУРУШУ КЕРЕК?

Жубайлар рухий иштерди биринчи орунга койсо, көбүрөөк бактылуу болушат (17-абзацты карагыла)

17. Жубайлар биринчи орунга эмнени коюшу керек?

17 Дүйнөнүн акырына аябай эле аз калгандыктан, жашоо «өзгөчө оор» болуп баратат (2 Тим. 3:1—5). Ошого карабай рухий жактан күчтүү болсок, дүйнөнүн терс таасирине туруштук бере алабыз. Элчи Пабыл: «Убакыт аз калды. Мындан ары аялы барлар аялы жоктордой болсун,.. дүйнөнү пайдалангандар аны толук пайдаланбагандардай болушсун»,— деген (1 Кор. 7:29—31). Албетте, ал жубайлардын өз милдетин аткарбашы керектигин айткысы келген эмес. Пабыл убакыттын аз калганын эске алып, рухий иштерди биринчи орунга коюшубуз керектигин баса белгилеген (Мт. 6:33).

18. Чындык жолундагы жубайлардын бактылуу болушу толук мүмкүн деп эмне үчүн айта алабыз?

18 Кыйын мезгилде жашап жатсак да жана көптөгөн үй-бүлөлөр бузулуп жатса да, жубайлардын бактылуу болушу толук мүмкүн. Жахабанын эли менен болгон, Ыйык Китептеги кеңештерди колдонгон жана ыйык рухтун жетекчилигине баш ийген жубайлардын кармашкан колу эч качан үзүлбөй, «Кудай кошконду адам ажыратпасын» деген сөздөргө ылайык жашай алышат (Мр. 10:9).

^ [1] (5-абзац) Ысымдар өзгөртүлдү.

^ [2] (13-абзац) «Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбагыла» китебинин 219—221-беттериндеги «Ажырашууга жана бөлөк жашоого Кудай кандай карайт?» деген тиркемени карагыла.