«КҮЗӨТ МУНАРАСЫНЫН» ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ Август, 2019

Бул санда 2019-жылдын 30-сентябрынан 27-октябрына чейин изилдене турган макалалар камтылат.

«Биз багынбайбыз»!

Келечекке болгон үмүтүбүз багынбаганга кандайча көмөк кылат?

Сүйүүңөрдү өстүрө бергиле

Филипиликтерге жазылган каттагы ойлор кыйынчылыктарга карабай сүйүүбүздү кантип өстүрсөк болорун билүүгө жардам берет.

Жакындарыңарга куткарылууга жардам бере аласыңар

Жакындарыбызга Жахабаны таанып-билүүгө кантип жардам берсек болот?

Дайындообуз өзгөргөндө, кантип ылайыкташсак болот?

Көптөгөн бир туугандарыбызга абдан жакшы көрүп калган дайындоосун таштоо оңойго турбайт. Аларга өзгөрүүгө ылайыкташып кетүүгө эмне жардам берет?

Ишеним — күчтүү болууга жардам берген сапат

Ишеним зор күчкө ээ. Ага ээ болсок, опол тоодой кыйынчылыктарды да жеңе алабыз.

Чөмүлдүрүүчү Жакан — кубанычты сактоо жагынан жакшы үлгү

Ойлогон оюбуз ишке ашпай жатканда, кантип Кудайга кубанычтуу кызмат кыла алабыз?