Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

31-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

«Биз багынбайбыз»!

«Биз багынбайбыз»!

«Биз багынбайбыз» (2 КОР. 4:16).

128-ЫР: Акырына чейин чыдайлы

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Жарыштын соңуна чыгуу үчүн эмне кылышыбыз керек?

БИЗ өмүр үчүн жарышка түшкөнбүз. Жарышка түшкөнүбүзгө көп болдубу же азбы, ар бирибиз марага жеткиче чуркай беришибиз керек. Элчи Пабылдын Филипидеги ишенимдештерине жазган каты бизге жарышты соңуна чыгарууга дем-күч берери шексиз. Пабыл кат жазган убакта, алардын айрымдарынын Жахабага кызмат кылып жатканына бир топ жыл болуп калган болчу. Алар өмүр жарышында жакшы эле чуркап баратышкан. Анткен менен Пабыл жарыштын соңуна туруктуулук менен чыгуунун маанилүүлүгүн эскертүүнү туура көргөн. Ал алардын ошол максатка умтулуу жагынан андан үлгү ала беришин каалаган (Флп. 3:14).

2. Пабылдын Филипидеги жыйналышка жолдогон каты өз убагында жазылган деп эмне үчүн айтууга болот?

2 Пабылдын каты өз убагында жазылган. Анткени Филипидеги жыйналыш уюшулгандан тартып эле куугунтукка, каршылыкка дуушар болуп келаткан. Негизи, баары Пабыл менен Сылас болжол менен б.з. 50-жылы ошол жакка барганда башталган. Алар Кудайдын: «Македонияга кел»,— деген көрсөтмөсүнө баш ийип, ал жакка барышкан (Элч. 16:9). Алардын кабарын «угуп жаткандардын арасында» Лидия деген да аял бар эле. «Жахаба анын жүрөгүн ачкан» (Элч. 16:14). Көп өтпөй Лидия үйүндөгүлөрү менен чөмүлгөн. Бирок Ибилис жөн жаткан эмес. Шаардын тургундары Пабыл менен Сыласты бийлик башчыларына сүйрөп барып, элди дүрбөлөңгө түшүрүп жатат деп айыпташкан. Бийлик башчылары экөөнү сабатып, түрмөгө камашкан. Кийинчерээк шаардан чыгып кетүүнү суранышкан (Элч. 16:16—40). Пабыл менен Сылас багынып калганбы? Түк да! Ал эми жаңы жыйналыштагы бир туугандарчы? Алар да каршылыкка моюн сунбай, жакшы үлгү көрсөтүшкөн. Пабыл менен Сыластын туруктуулугу аларды абдан бекемдегени күмөнсүз.

3. Пабыл эмнени түшүнгөн жана бул макалада кайсы суроолорго жооп алабыз?

3 Пабыл багынбоого чечкиндүү болгон (2 Кор. 4:16). Ал өмүр жарышын соңуна чыгарыш үчүн максатына бүт көңүлүн топтошу керектигин жакшы түшүнгөн. Андан эмнени үйрөнө алабыз? Эч бир кыйынчылыкка карабай туруктуу боло аларыбызды биздин күндөрдөгү кайсы бир туугандардын үлгүсү көрсөтүп турат? Келечекке болгон үмүтүбүз эч качан багынбоого кандайча жардам берет? Бул макалада ушул суроолорго жооп алабыз.

ПАБЫЛДАН ЭМНЕНИ ҮЙРӨНӨ АЛАБЫЗ?

4. Пабыл жагдайынын оор болгонуна карабай кантип жигердүү кызмат кыла берген?

4 Филипиликтерге кат жолдогон маалда Пабылдын эмнелерди кылып жатканы жөнүндө ойлонуп көрсөңөр. Ал Римде үй камакта отургандыктан, кабар айтууга мүмкүнчүлүктөрү аябай чектелүү болчу. Ошого карабай келип-кеткендерге кабар айтып, алыскы жыйналыштарга кат жазып, тыным алган эмес. Бүгүнкү күндө да оорудан же карылыктан улам көптөгөн ишенимдештерибиз үйүнөн чыга алышпайт. Ошентсе да алар үйүнө келгендерге кабар айтыш үчүн ар бир мүмкүнчүлүктү колдонушат. Андан сырткары, үйүнөн жолуктуруу кыйын болгондорго кат аркылуу күбөлөндүрүшөт.

5. Филипиликтер 3:12—14-аяттарга ылайык, Пабылга максатына бүт көңүлүн топтоого эмне жардам берген?

5 Пабыл мурунку ийгиликтеринен же каталарынан улам Жахабага кылган кызматынан алаксып кеткен эмес. Ал «алдыдагыны көздөш» үчүн, тактап айтканда, жарыштын аягына чыгыш үчүн «арттагыны унутуу» зарыл экенин айткан. (Окугула: Филипиликтер 3:12—14.) Пабылды эмнелер алаксытышы мүмкүн эле? Биринчиден, Исанын жолдоочусу болгонго чейин ал жүйүттөрдүн арасында албан ийгиликтерге жетип, иудаизмди жакташ үчүн көп нерсе кылган. Анткен менен анын «баарын таштанды деп эсептеген» (Флп. 3:3—8). Экинчиден, мурун Исанын жолдоочуларын куугунтуктап келгендиктен өзүн күнөөлүү сезиши мүмкүн болчу. Бирок ошондой сезимден улам кызмат кылбай калган эмес. Үчүнчүдөн, Жахабага кызмат кылууда далай эмгектенген. Ошентсе да ошол жакшы иштерине корстон болуп отуруп калбай, күжүрмөн эмгектене берген. Ооба, Пабыл түрмөгө камалганына, сабалганына, таш бараңга алынганына, кеме кырсыгына учураганына, тамак-ашсыз, кийимсиз калганына карабай жемиштүү кызмат кылган (2 Кор. 11:23—27). Бирок ал, жакшы кабар айтууда канчалык ийгиликке жетпесин, канча азап тартпасын, андан ары да күч жумшай бериши керектигин түшүнгөн. Биз тууралуу да ушуну айтууга болот.

6. Унутушубуз керек болгон «арттагы» нерселердин айрымдары эмнелер?

6 Канткенде Пабылдай болуп «арттагыны унута» алабыз? Айрымдарыбыз мурун кылган жаман иштерибизден улам өзүбүздү күнөөлүү сезип жүргөндүрбүз. Анда кун тууралуу тереңирээк изилдеп, ой жүгүртүшүбүз жана Жахабадан күнөөлөрүбүздү кечиргенине ишенүүгө жардам беришин сурап тиленишибиз керек. Бул оор салмагын салган ошол терс сезимден арылып, жеңилдеп калууга жана Жахаба кечирген туура эмес иштерибиз үчүн өзүбүздү жей бербегенге көмөк кылат. Пабылдан дагы эмнени үйрөнсөк болот? Падышалыктын ишин алга жылдыруу үчүн, балким, кээ бирлерибиз баюуга шарт түзгөн жакшы жумушубуздан баш тарткандырбыз. Ошондой болсо, канчалык бай болмоктугубузду ойлой бербей, «арттагыны унутууга» умтулабызбы? (Сан. 11:4—6; Нас. 7:10). «Арттагы» нерселерге атүгүл мурун Жахаба үчүн кылган жакшы иштерибиз же туш болгон сыноолорубуз да кириши мүмкүн. Албетте, Жахабанын бизге көп жылдар бою берип келген баталары же көрсөткөн колдоосу тууралуу ой жүгүртүүнүн натыйжасында аны менен болгон мамилебиз бекемделери шексиз. Анткен менен Жахабага жетиштүү кызмат кылдым деп, өзүбүзгө ыраазы болуп отуруп калгыбыз келбейт (1 Кор. 15:58).

Өмүр жарышында эч алаксыбай, бүт көңүлүбүздү максатыбызга топтошубуз керек (7-абзацты карагыла)

7. 1 Корунттуктар 9:24—27-аяттардан көрүнүп тургандай, өмүр жарышында жеңишке жетүү үчүн эмне кылышыбыз зарыл? Мисал менен түшүндүргүлө.

7 Пабыл Исанын: «Бүт күчүңөрдү жумшагыла»,— деген сөздөрүн жакшы түшүнсө керек (Лк. 13:23, 24). Ал, Машаяктай болуп, акырына чейин күч жумшашы керектигин билген. Ошондуктан Исанын жолдоочуларынын жашоосун жарышка салыштырган. (Окугула: 1 Корунттуктар 9:24—27.) Жөө күлүктүн оюнун баары марага жетүү болот жана ал ар кайсы нерсеге алаксый бербейт. Мисалы, бүгүнкү күндө жөө күлүктөр кээде дүкөндөргө же дагы башка алаксыткан нерселерге жык толгон шаардын көчөлөрү аркылуу чуркап өтүшөт. Алардын дүкөндөрдүн көргөзмөсүндө турган нерселерге кызыгып токтоп калганын элестете аласыңарбы? Жеңишке жеткиси келген жөө күлүк эч качан антпейт. Өмүр үчүн жарышта биз да алаксып кеткенден сак болушубуз керек. Эгер, Пабылдай болуп, максатыбызды эсибизден чыгарбай, бүт күчүбүздү жумшасак, сөзсүз сыйлык алабыз!

ИШЕНИМИБИЗДИ СЫНАГАН КЫЙЫНЧЫЛЫКТАР МЕНЕН КҮРӨШҮҮ

8. Кайсы үч кыйынчылыкка токтолобуз?

8 Өмүр жарышында ылдамдыгыбызды жайлата турган үч кыйынчылыкка токтололу. Алар — үмүтүбүздүн биз күткөн учурда ишке ашпашы, күч-кубаттан таюу, узакка созулган сыноолор. Ушундай кыйынчылыктарды ийгиликтүү көтөрүп кеткен бир туугандардан эмнени үйрөнө алабыз? (Флп. 3:17).

9. Үмүтүбүздүн биз күткөн учурда ишке ашпай калышы бизге кандай таасир этиши мүмкүн?

9 Үмүтүбүздүн биз күткөн учурда ишке ашпашы. Ар бирибиз эле Жахаба убада кылган нерселердин аткарылышын чыдамсыздык менен күтөбүз. Хабакук пайгамбар да ошенткен. Ал Жахабага Жүйүт жериндеги ыймансыздыкты жок кылышын абдан каалаарын айткан. Бирок Жахаба ага: «Күт»,— деген (Хаб. 2:3). Эгер үмүтүбүз биз күткөн учурда ишке ашпай жаткандай сезилсе, ынтабыз сууп калышы, атүгүл көңүл чөгөттүккө алдырып коюшубуз мүмкүн (Накыл 13:12). 20-кылымдын башында айрым бир туугандарыбыз ушундай сыноого туш болушкан. Майлангандар ошол учурда 1914-жылы асмандагы сыйлыгын аларына үмүттөнүшчү. Ал үмүтү ишке ашпай калганда, ишенимдүү бир туугандарыбыз бул кыйынчылыкты кантип көтөрүп кетишкен?

Үмүтү 1914-жылы орундалбай калса да, Роел менен Пёрл көп жыл бою ишенимдүү кызмат кылышкан (10-абзацты карагыла)

10. Бир жубайлар, үмүтү алар күткөн учурда ишке ашпай калганда, эмне кылышкан?

10 Ушундай сыноону башынан өткөргөн эки ишенимдүү бир тууганыбыздын үлгүсүн карап көрөлү. Роел Спатз 1908-жылы 20 жашында чөмүлгөн. Ал асмандагы сыйлыгын аларына өтө эле аз калганына бекем ишенчү. Роел бир тууган 1911-жылы болочоктогу жубайы Пёрлга баш кошууну сунуштаганда: «1914-жылы эмне болорун өзүң жакшы билесиң. Эгер үйлөнө турган болсок, эртерээк үйлөнгөнүбүз жакшы!» — деген экен. 1914-жылы асмандагы сыйлыгын албай калышканда, алар багынып, өмүр жарышынан чыгып кетишкенби? Жок. Алар үчүн сыйлык алуу эмес, Кудайдын эркин ишенимдүүлүк менен аткара берүү маанилүү болгон. Роел менен Пёрл бир туугандар өмүр жарышын туруктуулук менен соңуна чыгарууга чечкиндүү болушкан. Анан алар чындап эле көп жылдар бою, жердеги жашоосун аяктаганга чейин, жигердүү, ишенимдүү кызмат кылышкан. Силердин да Жахабанын өз ысмын жалаадан тазалап, башкаруусунун эң мыкты экенин далилдеп, бардык убадаларын ишке ашырышын чыдамсыздык менен күтүп жатканыңар шексиз. Мунун баары Жахаба туура көргөн убакта орундаларынан эч шектенбегиле. Ал убак келгиче, үмүтүбүз биз күткөн учурда ишке ашпай жатса да, ындыныбызды өчүрбөй, ылдамдыгыбызды жайлатпай, Кудайга кызмат кылууга бүт күчүбүздү жумшай берели.

Улгайып калса да, Артур бир тууган рухий жактан ийгилик кыла берүүгө чечкиндүү болгон (11-абзацты карагыла)

11, 12. Күч-кубаттан тайсак да, эмне үчүн алдыга умтула беришибиз керек? Мисал менен бышыктагыла.

11 Күч-кубаттан таюу. Кадимки жөө күлүктөн айырмаланып, өмүр жарышына түшкөндөрдөн рухий жактан улам күчкө толо бериш үчүн түзмө-түз күчтүү болуу талап кылынбайт. Чынында, каруусунан күч, белинен кубат кетсе да, рухий жактан ийгилик кыла берүүгө чечкиндүү ишенимдештерибиз арбын (2 Кор. 4:16). Маселен, Артур Секорд * бир тууган 88 жашка чыгып калганда Бейтелде кызмат кылып жатканына 55 жыл болуп калган. Ал алдан-күчтөн тайып, ден соолугу да начарлап калган эле. Бир жолу ага кам көргөн ишенимдешибиз: «Артур бир тууган, сиз Жахаба үчүн көп эмгектендиңиз»,— деп жакшы көрө айткан. Анткен менен Артур бир тууган мурда кылган жакшы иштерине көңүл топточу эмес. Ал аны тике карап, жылмайып: «Ооба, аның чын. Бирок мурун эмнелерди кылып келгенибиз эмес, мындан ары да ишенимдүү бойдон калганыбыз маанилүү»,— деген.

12 Балким, силер Жахабага бир топ жылдан бери кызмат кылып келатасыңар. Эми болсо ден соолугуңар начарлап, мурдагыдай кызмат кыла албай жаткандырсыңар. Эгер ошондой болсо, шаабайыңарды суутпагыла. Жахабанын ишенимдүүлүк менен кылып келген кызматыңарды жогору баалаарынан эч күмөн санабагыла (Евр. 6:10). Ал эми учурдагы жагдайыңар тууралуу айтсак, Жахабага болгон сүйүүңөр канчалык көп кызмат кылып жатканыңар менен өлчөнбөй турганын унутпагыла. Аны канчалык жакшы көрөрүбүздү кубанычыбызды жоготпой, үмүтүбүздү бекем сактоо менен, колубуздан келгендин баарын кылуу менен көрсөтө алабыз (Кол. 3:23). Жахаба күчүбүздүн эмнеге жетерин жакшы билгендиктен колубуздан келбегенди эч качан талап кылбайт (Мр. 12:43, 44).

Анатолий менен Лидия көп кыйынчылыктарга карабай ишенимдүү кызмат кылып келатышат (13-абзацты карагыла)

13. Анатолий менен Лидия бир туугандардын үлгүсү көп кыйынчылыктарга карабай мындан ары да алдыга умтула берүүгө кандайча жардам берет?

13 Узакка созулган сыноолор. Айрым бир туугандар ондогон жылдар бою азап тартып, куугунтукка алынып келишкен. Мисалга мурун Молдавияда жашаган Анатолий Мельник * бир тууганды алалы. Атасы түрмөгө камалып, андан соң 7000ден ашуун чакырым алыс жайгашкан Сибирге сүргүнгө айдалганда, ал 12 эле жашта болчу. Бир жылдан кийин өзү да апасы, таятасы, таенеси менен ошол жакка сүргөнгө айдалган. Убакыттын өтүшү менен башка айылда өткөрүлгөн жолугушууларга барууга шарт түзүлгөн. Ал айылга жетиш үчүн кыштын кыраан чилдесинде кар кечип, 30 чакырым жол жүрүүгө туура келчү. Кийинчерээк Анатолий бир тууган жубайы Лидиядан, бир жаштагы кызынан ажыратылып, үч жылга түрмөгө кесилген. Бир топ жыл бою оор кыйынчылыктарды тартып келишсе да, Анатолий бир тууган менен үй-бүлөсү бет алганынан кайтпай, ишенимдүү кызмат кылып келатышат. 82нин суусун ичип жаткан Анатолий бир тууган учурда Борбордук Азияда филиалдын комитетинин мүчөсү болуп кызмат кылууда. Келгиле, биз да, алардай болуп, мурда кандай ишенимдүүлүк менен кызмат кылып келсек, мындан ары да Жахабанын ишине бүт күчүбүздү арнап, багытыбыздан жазбайлы (Гал. 6:9).

ҮМҮТҮҢӨРДҮ БЕКЕМ САКТАГЫЛА

14. Пабыл эмнени түшүнгөн?

14 Пабыл өмүр жарышын соңуна чыгарып, максатына жетерине бекем ишенген. Исанын майланган жолдоочусу катары ал «асманга чакырылуу сыйлыгына» ээ болууга үмүттөнгөн. Бирок ал максатка жетиш үчүн алдыны көздөй «умтула» бериши керектигин түшүнгөн (Флп. 3:14). Пабыл Филипидеги ишенимдештерине бүт көңүлүн максатына топтоого жардам бериш үчүн кызыктуу бир мисал айткан.

15. Пабыл жарандык жөнүндөгү мисалдын жардамы менен филипиликтерге максатына көңүл топтоого кантип жардам берген?

15 Пабыл филипиликтерге алардын асман Падышалыгынын жарандары экенин эскерткен (Флп. 3:20). Ал жарандык эмнеси менен баалуу болгон? Ошол кезде Римдин жараны болууну көптөр самачу, анткени анын көп пайдасы бар болчу *. Филипидеги бир туугандар Римдин жарандары болгондуктан өздөрүн ошого татыктуу алып жүрүшү керек болгон. Бирок алар көп артыкчылыктарга ээ кыла турган алда канча мыкты жарандыкка ээ болушкан. Анын жанында Римдин жарандыгы эч нерсеге деле арзыбай калган. Ошондуктан Пабыл филипиликтерди: «Машаяк жөнүндөгү жакшы кабарга татыктуу жашагыла»,— деп үндөгөн. Бул аяттагы «жашагыла» деген сөз «өзүңөрдү жарандардай алып жүргүлө» деген маанини туюнтат (Флп. 1:27). Бүгүнкү күндө майлангандар максатына, асмандагы түбөлүк жашоого, жетүүгө күч жумшап, бизге жакшы үлгү көрсөтүүдө.

16. Асманда түбөлүк жашоого үмүттөнөбүзбү же жер бетиндеги бейиштеби, Филипиликтер 4:6, 7-аяттарга ылайык, эмне кыла беришибиз керек?

16 Асманда түбөлүк жашоого үмүттөнөбүзбү же жердеги бейиштеби, максатыбызга жетүүгө умтула беришибиз керек. Жагдайыбыз кандай болбосун, «арттагыны унутуп», эч нерсеге карабай кызмат кыла беришибиз зарыл (Флп. 3:16). Үмүтүңөр силер күткөн учурда ишке ашпагандай сезилиши, күч-кубаттан тайышыңар же көп жылдан бери азап тартып, куугунтукка дуушар болуп келатышыңар мүмкүн. Кандай болбосун, «эч нерсени ойлоп тынчсызданбагыла». Бардык өтүнүчүңөрдү тиленүү, жалынуу аркылуу Кудайга ыраазычылык менен билдиргиле. Ошондо ал силер элестеткенден да мол тынчтык берет. (Окугула: Филипиликтер 4:6, 7.)

17. Эмки макалада эмнени талкуулайбыз?

17 Марага жетүүгө тырышып аракет кылган жөө күлүктөй болуп, биз да максатыбызга жетүүгө, өмүр жарышын соңуна чыгарууга, бүт күчүбүздү жумшайлы. Күчүбүзгө, жагдай-шартыбызга жараша аракет кылып, алдыдагы кереметтүү нерселерге умтула берели. Мындан ары да туура багыттан жазбаш үчүн эмне кылышыбыз керек? Эмки макала жашообузда эмнени биринчи орунга коюш керектигин билүүгө, «эмне маанилүүрөөк экенин баамдоого» жардам берет (Флп. 1:9, 10).

79-ЫР: Аларды бекем турууга үйрөт

^ 5-абз. Жахабага канча жылдан бери кызмат кылып келатпайлы, барган сайын рухий жактан жетилип, кызматыбыздын сапатын жогорулата бергибиз келет. Элчи Пабыл ишенимдештерин эч багынбоого үндөгөн. Анын филипиликтерге жазган катында бизге өмүр жарышында аягына чейин туруктуу болууга жардам бере турган ойлор камтылган. Бул макаладан Пабылдын ыйык рухтун жетеги менен жазган ошол сөздөрүн кантип колдонсок болорун билебиз.

^ 11-абз. Карагыла: «Күзөт мунарасы», 1965-жыл, 15-июнь, Артур Секорд бир туугандын өмүр баяны, англ.

^ 13-абз. Карагыла: «Ойгонгула!», 2005-жыл, январь—март, «Бала чагыман Кудайды сүйүүгө үйрөтүлгөм».

^ 15-абз. Филипи Римдин карамагында болгондуктан, ал шаардын тургундары Римдин жарандыгына ээ болушкан. Андыктан Пабылдын салыштыруусу абдан орундуу болгон.