Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

33-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Жакындарыңарга куткарылууга жардам бере аласыңар

Жакындарыңарга куткарылууга жардам бере аласыңар

«Өзүңө жана окутууңа дайыма көңүл бур. Ушуларды аткара бер, ошондо өзүңдү да, угуучуларыңды да куткарасың» (1 ТИМ. 4:16).

67-ЫР: Кудайдын сөзүн кабарла

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Баарыбыз жакындарыбыздын эмне кылышын каалайбыз?

«ЧЫНДЫКТЫ уккандан тартып эле үй-бүлөмдөгүлөрдүн баары мени менен бирге Бейиште болсо деп эңсечүмүн,— дейт Паулина * деген бир тууган.— Айрыкча, жолдошум менен кичинекей уулубуздун мага кошулуп Жахабага кызмат кылышын каалачумун». Силердин да Жахабаны таанып-биле элек жана ага карата сүйүү өрчүтө элек жакындарыңар барбы? Ошондой болсо, Паулинанын сезимдери силерге тааныш болсо керек.

2. Бул макалада кайсы суроолорду талкуулайбыз?

2 Албетте, биз жакындарыбызды жакшы кабарга кулак кагууга мажбурлай албайбыз. Бирок аларга Ыйык Китепте жазылгандар тууралуу ой жүгүртүүгө жана аларды кабыл алууга жардам бере алабыз (2 Тим. 3:14, 15). Жакындарыбызга эмне үчүн кабар айтышыбыз керек? Алардын сезимдерин түшүнө билгенибиз эмне үчүн маанилүү? Аларга Жахабага карата сүйүү өрчүтүүгө кантип жардам берсек болот? Жыйналыштагылар бул жагынан бизге кантип көмөк көрсөтө алышат? Бул макалада ушул суроолорду талкуулайбыз.

ЭМНЕ ҮЧҮН ЖАКЫНДАРЫБЫЗГА КАБАР АЙТЫШЫБЫЗ КЕРЕК?

3. 2 Петир 3:9га ылайык, эмне үчүн жакындарыбызга кабар айтышыбыз керек?

3 Жахаба жакында бул дүйнөнү жок кылат. Ошондо «түбөлүк өмүргө карата туура көз карашта болгондор» гана аман калат (Элч. 13:48). Биз башкаларга кабар айтыш үчүн көп күчүбүздү, убактыбызды жумшайбыз. Андыктан туугандарыбыздын биз менен чогуу Жахабага кызмат кылышын каалаарыбыз айтпаса да түшүнүктүү. Мээримдүү Атабыз Жахаба «эч кимдин өлүшүн каалабайт», «тескерисинче, баарынын өкүнүшүн каалайт». (Окугула: 2 Петир 3:9.)

4. Жакындарыбызга кабар айтканда кандай ката кетирип алышыбыз мүмкүн?

4 Куткарылуу жөнүндөгү кабарды айтуунун туура да, туура эмес да жолу бар экенин унутпашыбыз керек. Мисалы, тааныбаган кишиге кабар айтканда сылык-сыпаа болушубуз, ал эми жакындарыбызга катуураак сүйлөп алышыбыз мүмкүн.

5. Жакындарыбызга кабар айтарда эмнени эске алышыбыз кажет?

5 Туугандарыбызга алгачкы жолу кабар айтканыбызды эстегенде көбүбүз эле башкача айтсам болмок экен деп өкүнүп калабыз. Элчи Пабыл ишенимдештерине: «Сөзүңөр дайыма жагымдуу, туз менен татытылгандай болсун, ошондо ар бир адамга кантип жооп берүү керектигин билесиңер»,— деп кеңеш берген (Кол. 4:5, 6). Туугандарыбызга кабар айтып жатканда ушул кеңешти унутпаганыбыз маанилүү. Болбосо аларга жардам бербей эле, кайра иренжитип коюшубуз ыктымал.

ЖАКЫНДАРЫБЫЗГА КАНТИП ЖАРДАМ БЕРЕ АЛАБЫЗ?

Жакындарыбызга күбөлөндүрүүнүн жакшы жолу — алардын сезимдерин эске алуу жана жүрүм-турумубуз менен үлгү көрсөтүү (6—8-абзацтарды карагыла) *

6, 7. Жахабанын кызматчысынын ишенимдеш эмес жарынын сезимдерин эске алганы маанилүү экенин көрсөткөн мисал айтып бергиле.

6 Сезимдерин эске алуу. Жогоруда айтылган Паулина: «Башында жолдошум менен жалаң гана рухий нерселер тууралуу сүйлөшкүм келе берчү. Ал эми күнүмдүк нерселер жөнүндө такыр сүйлөшпөй калганбыз»,— деп эскерет. Күйөөсү Вейн Ыйык Китепти жакшы билбегендиктен Паулинанын айткандарын түшүнчү эмес. Ага аялы өзүнүн дининен башка эч нерсени ойлобой калгандай сезилчү. Ошондуктан аны коркунучтуу сектага кирип кетип, башы айланып калды деп тынчсызданчу.

7 Паулина бир нече убакыт бою кечкисин жана дем алыш күндөрү көбүнчө ишенимдештери менен чогуу убакыт өткөрүп жүргөнүн айтат. Ал алар менен бирге жыйналыштарга барып, кабарга чыгып, достук кечелерине барып турчу. «Жолдошум үйгө келгенде, кээде эч ким жок болуп калып, ошондон улам жалгызсырачу экен»,— дейт Паулина. Вейн үй-бүлөсү менен чогуу болгусу келчү. Ал жубайы менен уулунун кандай адамдар менен жүргөнүн билчү эмес жана жубайы ага караганда жаңы досторун көбүрөөк жакшы көргөндөй сезиле берчү. Акыры, Вейн аны менен ажырашам деп коркута баштаган. Силердин оюңарча, Паулина кандай кылса, күйөөсүнүн сезимдерин көбүрөөк эске алган болмок?

8. 1 Петир 3:1, 2ге ылайык, жакындарыбызга эмне көбүрөөк таасир этет?

8 Жакшы үлгү көрсөтүү. Туугандарыбызга сүйлөгөн сөзүбүзгө караганда кылган ишибиз көбүрөөк таасир этет. (Окугула: 1 Петир 3:1, 2.) Паулина убакыттын өтүшү менен ушуну түшүнгөн. «Вейндин бизди жакшы көрөрүн жана чынында ажырашкысы келбей турганын билчүмүн. Бирок ал ажырашам дегенден кийин, Жахабанын никеге байланыштуу кеңештерин колдонушум керектигин түшүндүм. Кабар айта бергенден көрө, жүрүм-турумум менен үлгү болоюн дедим»,— дейт ал. Ошентип, Паулина жолдошун Ыйык Китеп тууралуу сүйлөшкөнгө мажбурлабай, аны менен күнүмдүк нерселер жөнүндө сүйлөшө баштаган. Вейн аялынын мурункуга караганда жумшак болуп калганын, ал эми баласынын сылык-сыпаа, тил алчаак болуп калганын байкаган (Накыл 31:18, 27, 28). Үй-бүлөсүнө Ыйык Китептин жакшы таасир этип жатканын көргөндө анда жазылгандар жөнүндө ой жүгүрүп, аларды туура кабыл ала баштаган (1 Кор. 7:12—14, 16).

9. Туугандарыбызга жардам берүүгө аракет кыла бергенибиз эмне себептен маанилүү?

9 Жардам берүүгө аракет кыла берүү. Жахаба бизге бул жагынан мыкты үлгү көрсөтүп келет. Ал адамдарга жакшы кабарды кабыл алып, өмүргө ээ болууга «кайра-кайра» мүмкүнчүлүк берүүдө (2 Жылн. 36:15). Элчи Пабыл Тиметейди башкаларга жардам бере берүүгө чакырган. Эмне үчүн? Эгер ошентсе, ал өзүн да, угуучуларын да куткарып калмак (1 Тим. 4:16). Биз туугандарыбызды жакшы көргөндүктөн алардын Кудайдын Сөзүндөгү чындыктарды билишин каалайбыз. Убакыттын өтүшү менен Паулинанын сөздөрү менен иштери үй-бүлөсүнө жакшы таасир эте баштаган. Азыр ал жолдошу экөө тең пионер болуп Жахабага кубанычтуу кызмат кылууда. Андан сырткары, Вейн аксакалдык милдетти аркалоодо.

10. Эмне үчүн чыдамдуу болушубуз керек?

10 Чыдамдуу болуу. Жахабанын талаптарына жооп бериш үчүн жашообузду жана ишенген нерселерибизди өзгөрткөнбүз. Жакындарыбыз муну түшүнө албай бушайман болушу мүмкүн. Алар дароо эле диний майрамдарга, каада-салттарга, саясатка аралашпай калганыбызды байкашат. Ошон үчүн айрымдары башында ачууланышы ыктымал (Мт. 10:35, 36). Бирок багынбашыбыз керек. Эгерде аларга ишенген нерселерибизди түшүнүүгө жардам бергенибизди токтотуп койсок, аларды түбөлүк өмүр сүрүүгө татыксыз деп эсептегендей болуп калмакпыз. Жахаба аларды соттоону бизге эмес, Исага тапшырган (Жкн. 5:22). Эгер чыдамдуу болсок, туугандарыбыз бара-бара айткан кабарыбызга кулак кага башташы мүмкүн. (« Веб-сайтыбызды колдонгула» деген кутучаны карагыла.)

11—13. Элистин ата-энесине кылган мамилесинен эмнеге үйрөндүңөр?

11 Бекем, ошол эле учурда сылык болуу (Накыл 15:2). Мисалга Элисти алалы. Ал Ыйык Китепти изилдей баштаганда ата-энесинен алыс жашачу. Ата-энеси Кудайга ишенбеген, саясатка баш-оту менен кирип кеткен адамдар болчу. Ал Ыйык Китептен окуп-билгендерин ата-энесине мүмкүн болушунча эртерээк айтышы керектигин түшүнгөн. «Ишенген жана карманган нерселериңдин өзгөргөнүн канчалык кеч айтсаң, үйүңдөгүлөр ошончолук жаман болушат»,— дейт Элис. Ал ата-энесине кызыктуу болот деп ойлогон теманы, мисалы, сүйүү сапаты сыяктуу теманы тандап, ал тууралуу Ыйык Китепте эмне делерин жазчу жана алардын оюн сурачу (1 Кор. 13:1—13). Ошондой эле аны чоңойтуп-өстүргөнү, кам көргөнү үчүн ыраазычылык билдирип, белек-бечкек салып жиберчү. Ата-энесиникине барганда болсо апасына үй иштерин кылууга колунан келишинче жардам берчү. Бирок ал ишенген нерселери жөнүндө айтканда, ата-энеси башында жактырчу эмес.

12 Элис ата-энесиникинде жүргөндө да Ыйык Китепти күн сайын окуй берген. Ал: «Ушундан улам апам Ыйык Китеп мен үчүн канчалык баалуу экенин түшүндү»,— дейт. Атасы болсо кызынын ой жүгүртүүсү эмне үчүн өзгөргөнүн түшүнүш үчүн жана Ыйык Китептен ката табыш үчүн аны окуп көрүүнү чечкен. «Ошондуктан атама Ыйык Китеп бердим. Анын ичине жүрөгүн козгой турган сөздөрдү жазып койдум»,— дейт Элис. Анын натыйжасы кандай болгон? Атасы Ыйык Китептен ката таппай эле, тескерисинче, окугандары ага терең таасир эткен.

13 Биз кыйынчылыкка кабылганда да бекем, ошол эле учурда сылык болушубуз керек (1 Кор. 4:12б). Мисалы, Элиске апасы каршылык көрсөткөн. Ал: «Мен чөмүлгөндө, апам мени „ээн башсың“ деп урушкан»,— дейт. Элис эмне кылган? Ал мындай деп эскерет: «Мен ишенимим жөнүндө айткандан качкан жокмун. Анын ордуна, апама Жахабанын Күбөсү болууну чечкенимди жана ал чечимимди эч качан өзгөртпөй турганымды сылыктык менен түшүндүрүп бердим. Ошондой эле апамды жакшы көрөрүмө ынандырдым. Экөөбүз тең ыйладык. Анан апама жакшы көргөн тамагын жасап бердим. Ошондон тартып апам Ыйык Китеп мага жакшы адам болгонго жардам берип жатканын түшүнө баштады».

14. Эмне үчүн үйдөгүлөрүбүздүн кысымына алдырбашыбыз керек?

14 Туугандарыбыз Жахабага кызмат кылуу биз үчүн канчалык маанилүү экенин толук түшүнүшү үчүн, убакыт керек болушу мүмкүн. Мисалы, Элис ата-энеси каалаган жогорку окуу жайынан окубай, пионер болууну чечкенде, апасы кайрадан ыйлаган. Бирок Элис чечимине бекем карманган. «Эгер үйүңдөгүлөргө бир эле жолу чечимиңди өзгөртүүгө жол берип койсоң, алар башка чечимдериңди да өзгөрткөнгө аракет кылышы ыктымал. Ал эми жумшак, ошол эле учурда бекем болсоң, айрымдары айткандарыңа кулак салышы мүмкүн»,— дейт Элис. Буга анын окуясы далил боло алат. Азыр анын ата-энеси пионердик кызматты аркалоодо. Ошондой эле атасы аксакал болуп кызмат кылууда.

ЖЫЙНАЛЫШТАГЫЛАР КАНТИП ЖАРДАМ БЕРЕ АЛЫШАТ?

Жахабага кызмат кылбаган жакындарыбызга жыйналыштагылар кантип жардам бере алышат? (15, 16-абзацтарды карагыла) *

15. Матай 5:14—16-аяттарга жана 1 Петир 2:12ге ылайык, башкалардын «жакшы иштери» жакындарыбызга кандайча жардам бериши мүмкүн?

15 Жахаба адамдарды өзүнө жыйналыштагылардын «жакшы иштери» аркылуу жакындатат. (Окугула: Матай 5:14—16; 1 Петир 2:12.) Эгер жубайыңар Жахабанын Күбөсү болбосо, аны жыйналыштагылар менен тааныштыргансыңарбы? Жогоруда айтылган Паулина, күйөөсү бир туугандар менен тааныша алышы үчүн, аларды үйүнө чакырчу. Жолдошу Вейн бир ишенимдешибиздин ага Жахабанын Күбөлөрү жөнүндөгү туура эмес оюн өзгөрткөнгө кантип жардам бергенин мындайча эскерет: «Ал мени менен чогуу бир спорт оюнун көрүш үчүн жумушунан атайын өргүү алып келген. Ошондо бул деле кадимкидей эле киши турбайбы деп ойлоп калгам».

16. Жакындарыбызды эмне үчүн жыйналышка чакырышыбыз керек?

16 Жакындарыбызга жардам берүүнүн эң жакшы жолдорунун бири — аларды жыйналышка чакыруу (1 Кор. 14:24, 25). Маселен, Вейн биринчи жолу Эскерүү кечесине катышкан. Анткени ал жолугушуу жумушу бүткөндөн кийин болгон жана кыска эле убакытка созулган. Вейн мындай дейт: «Баяндамада айтылгандарды түшүнгөн деле эмесмин. Бирок ал жакка барган адамдар эстен кеткис таасир калтырган. Алар жаныма келип, колумду кыса кармап учурашып жатышты. Алардын жакшы адамдар экенин дароо эле байкадым». Бир ишенимдешибиз күйөөсү экөө Паулинага жыйналышта жана кызматта жүргөндө баласын каралашып, көп жардам беришчү. Ошондуктан Вейн Паулинанын ишенген нерселери жөнүндө көбүрөөк билип көрүүнү чечкенде анын күйөөсүнөн аны менен Ыйык Китепти изилдешин суранган.

17. Эмнеден улам өзүбүздү күнөөлүү сезбешибиз керек жана жакындарыбыздын чындык жолуна түшөрүнөн үмүт үзбөгөнүбүз эмне үчүн маанилүү?

17 Биз жакындарыбыздын баары бизге кошулуп Жахабага кызмат кылышын каалайбыз. Бирок Кудайдын кызматчысы болууга жардам бериш үчүн канчалык күч-аракет жумшабайлы, алар чындыкка келбеши мүмкүн. Эгер ушундай болсо, өзүбүздү күнөөлүү сезбешибиз керек. Анткени биз эч кимди чындык жолуна түшүүгө мажбурлай албайбыз. Ошентсе да Жахабага кубанычтуу кызмат кылып жатканыңар аларга зор таасир этиши мүмкүн экенин унутпагыла. Алар үчүн тиленгиле. Сылык болгула. Багынбай жардам бере бергиле! (Элч. 20:20). Жахаба аракетиңерге батасын береринен шектенбегиле. Эгер жакындарыңар айткан кабарыңарды угушса, куткарылышат!

57-ЫР: Бардык адамдарга кабар айталы

^ 5-абз. Баарыбыз эле жакындарыбыздын Жахабаны таанып-билишин каалайбыз. Бирок Жахабага кызмат кылар-кылбасын алар өздөрү чечиши керек. Бул макалада аларга жакшы кабарды кабыл алууга кантип жардам бере аларыбызды карап чыгабыз.

^ 1-абз. Айрым ысымдар өзгөртүлдү. Бул макалада айтылган ойлорду Жахабага кызмат кыла элек үй-бүлө мүчөлөрүнө карата да, туугандарыбызга карата да колдонсок болот.

^ 53-абз. СҮРӨТ. Жаш бир тууган ишенимдеш эмес атасына машинесин оңдогонго жардам берүүдө. Ыңгайы келгенде ага jw.org® сайтынан видео көрсөтүүдө.

^ 55-абз. СҮРӨТ. Күйөөсү күнү кандай өткөнүн айтып берип жатканда, ишенимдешибиз кунт коюп угууда. Кийинчерээк ал үй-бүлөсү менен чогуу көңүл ачып жатат.

^ 57-абз. СҮРӨТ. Ишенимдешибиз үйүнө конокко чакырган бир туугандар анын күйөөсүнө чын жүрөктөн көңүл бурууда. Кийинчерээк күйөөсү аялы менен чогуу Эскерүү кечесине катышып жатат.